Гүлзура Жумакунова: Элмирине элинин эң акыркы зыйнаты

ЭСИЛ КАЙРАН ЭЛМИРБЕК…

Элмирбегин ээсине берди кыргыздар. Кезинде Чыңгыздай залкарын ээсине берип, эңшерилип турган элге даңктуу уулдун шаңына жарашкан кошокту шайма-шай кошуп берип, күйүтүн басып, көкшүнүн сууткан Ырчы Уулдун бүгүн минтип өзүнүн көзү жумулду. Түн жарымында келген бул суук кабардан өлүмгө түгүл суук сөзгө, суук көзгө ыраа көрбөгөн аруузатын жоготконго ыраа көрө албай, ишене да албай турду калың эли. Кантип кыйсын, кантип ыраа көрсүн!?

Жан эргиткен ырларын оозунан түшүрбөй ырдап, ар айтышынан чөккөн көңүлү көтөрүлүп, буккан чери жазылып, сыймыкка бөлөнгөн, эл мүдөөсүн көздөгөн ар термеси жетпеген жерге жеткирчү айкырык болуп дем берип турчу ак таңдай ырчысын шум ажалга тарттырып ийгенине кантип көнсүн да, кантип ишенсин!? Кайгысын ичине батыра албаган калк башына түшүп турган вирус балакетинен жаны кыйылып кетерине, кырылып кетерине да кайыл болуп, Элмирине эң акыркы зыйнатын жасап, бир ууч топурагына кошуп сый-урматын, арман-күйүтүн арнап калуу үчүн Ала-Арча көрүстөнүнө агылды. “Жанынан артык көрөт” деген сөздүн накта маанисин кыргыз дал ошол көрүстөндө көргөздү белем. Өлгөнүн өз көзү менен көрүп, “Эл ырчысы” деген наамын эми чындап өз колу менен, бир ууч топурагы менен бекемдеп бергиси келди көрүнөт.

Ыр жандуу, сөз жандуу кыргыз эли кылымдап сактаган каада-салтын, ой-санаасын, муунга таштачу акыл-насаатын карт тарыхтын өзөгүнө ыры менен өрүп, күүсү менен төгүп келген эмеспи. Ырчы-күүчүнү ошон үчүн артыкча туу тутуп, барктап, баалап келген эмеспи. Ырчылык – кыргызда бир муундун эле кызматын кылып, көңүлүн ачып, жарпын жазганга жараган катардагы кесип эмес, атам замандан берки кыргыздын атын да, затын да өчүрбөй акылына акыл, тилине тил кошуп жууруп, кылым элегинен сыдырып, сүзүп келген нечендеген өнөр ээсинен калган ыйык мурас. Ал тээтетиги эле Ырамандын Ырчы Уул, Токтогул Ырчы, Толубай Сынчы, Кет Бука, Жээренче Чечен, бери болгондо миң жылдык “Манасты” айтып аздектеп келген манасчылардын, Келдибек, Калыгул, Арстанбектей ойчулдардын, кечээки Токтогул, Тоголок Молдо, Жеңижок сыяктуу нечендеген акындар кербенинин учугун улап кут даарып, куюлушуп келген бир көч агымы.

Ошол аңыздары менен, аттары менен жеткен залкарлардан доорубузга туш келип, ырлары, күүлөрү жазылып, акыл-пикири таанылып-билинип калган Токтогул Сатылган уулу дал ошол улуу көчтүн таасын өкүлү, бир боюна бир канча өнөрдү сыйдырып, элинин тагдырына, санатына башын сайып койгон улуу инсан. Анын кыргыз классик музыкасынын өзөгүн түзүп турган күүлөрү, ырлары, комузчулугу, термелеринде коргошундай уюп жаткан ойлору, кыргыздын Анжиян, Аркасын түрө кыдырып, ырга-күүгө шыктуусун чогултуп алып, ээрчитип жүрүп телчиткен кеменгерлиги ошол уламалап уланып келген кыргыздын ырчылык өнөрүнүн таасын өрнөгү болгон.

Көзү менен көрүп, көкүрөгү менен сезген элинин оор абалын кандан-бектен кайра тартпай айтып, калкынын жайын жар салышты кара башынын кайгысынан артык көргөн. Акындык вазыйпасын ошондой деп билген. Ошол кашкөйлүгүнүн айынан барса келбес Шиберге айдалып, адам чыдагыс азаптарга кабылса да, жалгыз чүрпөсүнөн ажыраса да, баарына кайыл болуп, эңсеген элине эптеп жеткенине тоо булбулу минтип каниет кылган экен:

Караны миндим жел үчүн
Кайрылып келдим эл үчүн.
Калкымды көрдүм каниет
Колдон келер иш эмес,
Топчубай козголбос эми мен үчүн!

Элмирбек ошол айтылуу Токомун жердеши, ал түгүл Токтогулдун үзөнгүлөш жакын шакирти атактуу Эшмамбет акындын чөбөрөсү экен. Токтогулдук деген атты эле эмес, көсөм акын алып жүргөн акындык дареметтин баарын Элмирбек ошол жерден сиңирип, кенедей акындын келечек тагдыры ошол жерден түйүндөлгөн окшобойбу. Аккан арыктан суу агат дегендей, Элмирбектин тырмактайынан комузга дилин берип, кошуп ийме жөндөмүнүн эрте ойгонушу акындар дияры Кетмен-Төбөнүн эле эмес, Эшмамбеттин урпагы болгон тегинен да келет экен. Айрыкча анын бактысына, ушу тапта өсүп келаткан жаш акындын баары Тукам деп оозунан түшүрбөй пир туткан көрөгөч акын Тууганбайдын көзүнө илинип калышы, жаш баланын болочогун боолголоп Фрунзеге алып келиши да эбепке себеп болгон экен.

Бирок бул айтылгандын баары себеп, эбеп чынында, тубаса жөндөмү, дээри, өзүн талбай такшалткан мээнеткечтиги болбосо, Элмирбек элдин жүрөгүнөн мынчалык орун таап, бел байлар жөлөгүнө, азуулууга алдырбас тирегине айланар беле?! Кыргызды азыр боздотуп, арман-күйүткө батырып отурган нерсе, Элмирбектин накта баралына келип, 42 жылдык жыйып-терген, бергенинен бере элеги көп казынасын элине так кайтарар маалында суусу түгөнүп, үмүт-тилектин баарын өзү менен кошо ала кетишинде болуп отурбайбы.

Ал катышкан ар бир айтыштан, сөзү менен обону төп келип, түбүнө ыр эмес эле бир чоң поэма чөгөргөндөй ойго салган обондуу ырларынан көөдөнүндө уюп жаткан өтө бай көрөңгөнүн керемет даамы келип турар эле. Элмирбектин жылдызы жайнаган бойдон кирип-чыккан ар айтышынан, тамаша-күлкү аралаш куюлушкан сөз бермети арасына кыстара койчу термелеринен, сөз менен акылдын, тарых менен санжыранын ширесинен бүткөн укмуштай чоң дастандын бир үзүндүсү капысынан оозунан төгүлүп кетип аткандай сезилер эле.

Эгер ал изденип, түйшөлүп тапкан билим көрөңгөсүн органикалык бир бүтүндүккө жалгаштырган жетиктиги, эс тутум чапчаңдыгы болбосо, каршысындагынын ар кандай ниет менен капыстан качырып берген суроосуна укканды тамшанткан тамыры терең таамай жоопторду шак бере салар беле?! Азыркы азалуу күндөрдө Элмирбектин ынтызар күйөрмандары биз эле эмес, аны менен таймашка түшкөн кыргыз, казактын бардык акындары анын бул сапатын муңкануу менен эскерип отурушпайбы.

Алар эскерген дагы бир нерсе, Элмирбектин ички дүйнө байлыгынын адамкерчилик сапаты менен жуурулушуп ажарын ачып турушу экен. Ырас эле өзү жалын жүрөк жаш жигит боло туруп, кандай жагдайда болсун кызуулукка, кызганчтыкка алдырбай, өзүн кармай билген токтоолукту, кээде чычалап кетип улуттук намысына тийип ийген атаандашын талуусун таап “талкалаган” соң, кайра өзүнө келтире турган жоомарттыкты, меймандостукту да мыктап көргөзө билген азаматтык жайы бар эле. Айтыштын жүрүшүнө жараша эски залкарлардын улам биринин обонуна сала калып, жесть, мимикаларын өзгөртө калып, айтыштын маанайын көтөрө салышы да анын талантынын кайталангыс жактарынан бири болчу.

Менин Элмирбектин андай артыкча адамкерчилик сапаттарын байкай, баалай алышыма себеп болгон эки кездешүүм болду. Адепкиси, 2014-жылы Токтогулдун 150 жылдык юбилейинин ТҮРКСОЙ тарабынан Түрк Дүйнөсүндө Токтогул жылы деп жарыяланган жылында болду. 20 жылдан бери чет өлкөдө жашап, түрк университетинде сабак бергенден тышкары, колдон келишинче элими, өлкөмү таанытуу максатында китептер жазып, иш-чаралар өткөргөнгө далалаттанып келем. Токтогулдун 150 жылдыгынан эки жыл мурун эле ага арнап китеп жазып, аны алты эгемен түрк тилине которуп жарыялатуу, андан тышкары 2014-жылын “Токтогул жылы” деп жарыялоону ТҮРКСОЙго сунуш кылуу пикири ой-санаамы бийлеп алган болчу. “Токтогул жылы” сунушуму ТҮРКСОЙдун жооптуу катчысынын жардамчысы Фырат Пурташ менен кеңешкенимде, ал андай сунуштун жеке киши тарабынан эмес, Кыргызстан Маданият министрлиги тарабынан жасалышы керектигин айтты. Жолдошум Разак бул пикирден акын Султан Раевге сөз кылган экен, ал дароо ишке киришип, кудай жалгап, жыл жарыяланып калды.

“2014 Түрк Дүйнөсүндө Токтогул жылынын” салтанаттуу ачылышы үчүн келген жоон топ кыргыз делегациясынын ичинде Элмирбек да бар экен. Салтанат Элмирбектин саламдашуусу менен ачылды. Көркөмдүү ачылыштан кийин бир катар коноктор менен кошо Элмирди да үйүбүзгө чакырдык. Үйдөгү комуз менен ырларын ырдап берип, сүйкүмдүү жүзүнөн жылмаюусун түшүрбөй азыраак сүйлөп, көп тыңшап отурду. Атак-даңк оорусуна кабылбаган, орундуу, отурактуу кишилигине ошондо абдан баа бердим.

Мен ал кезде эки жылдан бери жазып жүргөн “Токтогул: ырларга өрүлгөн, күүлөргө төгүлгөн өмүр” аттуу китебимдин кыргызчасын бүтүрүп, компьютердик вариантын китепче кылып алып, түркчөгө которуп аткан кезим эле. Эртеси делегацияга мен да кошулуп, Эскишехир, андан ары Истанбулга карай жөнөп кеттик. Элмирбек жолдо менден Токтогул китебими сурады, жолдо ката окуп барды. Кайтарып берип жатып, акындын ашыктык ырлары, Тотуя, Алымкандан башталып, өзүнүн “Аруузаты” менен коштолгон маегибиз далайга узады, бирликте сүрөткө түштүк. Сахнада оозунан төгүлгөн ырдын күчү менен алп акын сүрүнө бүрүнө түшчү келбети жайчылыкта сыпайы, сылык, уяң мүнөз жаш уланга айланарына ичим жылыды. Менин уулум Жодарымдан бир жаш кичүү, бирок бир күндө төрөлгөнүн укканда ого бешбетер мээримим түштү. Жаш баладай байоо жүзүнүн артында сергек тунук акыл, терең билим жатканы сөздөрүнөн байкалып турду. Истанбулдан кийин делегация Бишкекке, мен Анкарага кайттым.

Кийин ошол Токтогул китеби Элмирбек экөөбүздү кайра дагы бир жолу, бул жолу Бакуда кезиктирди. Мен ал кезде жогоруда айткан китебимди көшөрүп жүрүп долбоорго айландырып, кыргыз, түрк, азербайжан, казак, өзбек, түркмөн тилдеринде ошол жылы Түрк дүйнөсүнүн маданият шаары атыккан Эскишехирден чыгарып алып, кубанып жүргөн кезим эле. ТҮРКСОЙ китептин ачылышын Бакуда жасамай болуптур. Азербайжан боордошторубуз ачылышты улуттук китепканасында Азербайжан Маданият министри – кадимки композитор Кара Караевдин бир тууганы Абульфас Гараев, Жазуучулар Бирлиги башчысы Анар баштаган маданият жамиясын катыштырып, чоң салтанат менен өткөрүштү. Жыйынга келген Кыргызстандын юбилейлик делегациясы ичинде Элмирбек да бар экен. Мени менен кошо китептин котормочулары профессор коллегаларым азербайжан Рамис Аскер, казак Темирхан Тебегенов, өзбек Зухриддин Исомуддиновдор да чакырылган эле. Түркмөн коллегам Берди Сарыев иши чыгып келе албай калган.

Мен ачылыштын негизги докладын жасап, Элмирбек Токтогул, түрк дүйнөсү, азербайжан достугун кошуп айтып, ыраазычылык билдирген саламдашуусун жасады. Токобузду Түрк дүйнөсүнүн маанилүү шаары Бакуда чоң даңаза менен таанытып алуунун сыймыгын жашадык. Үчүнчү жолу Элмирбекти өз өлкөбүздө, Кетмен-Төбөдө Токтогулдун торколуу тоюна арналып сахналаштырылган оюнда башкы ролдо көрдүм. Бирок чет элдиктердин катарында катуу көзөмөлдө болгонубуздан бет келишип көрүшө албадык. Кийинки эскерүүлөрдө ал ошол ролу менен Муратбек Рыскулов деңгээлиндеги актёрдук чеберчилик көргөзгөнү айтылып, ачылбай кеткен дагы бир таланты менен “аттиң” дедиртти.

Совет мезгилиндеги компартия, Ленин менен башталып, эмгек алдыңкыларын мактоо менен бүткөн басмакалып айтыштар эгемендик жылдарында андай курулай жарчылык оорусунан арылып, социалдык жашоонун ар тармагын айдыңдата ала турган, элди унутулган тарых, түпкүлүктүү каада-салт, нарктарында уюп жаткан насилине кайра кайтарып, улуттук идеологиянын курч куралы боло алчу эски кудуретине кайрадан ээ кылгансыды. Бул жерде, айтыштын ошондой өткүр күчүн баамдап, өлкөбүздүн эле эмес коңшу казактардын да айтыш өнөрүнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзүп, ат көтөргүс салымын кошкон киши – «Айтыш» коомунун түзүүчүсү, кыргыздын алп пейил, балбан жүрөк уулу Садык Шер-Нияз экенин өзгөчө белгилей кетүүбүз керек. Маданият жаатында болуп жаткан жаңылыктардын көбүнүн локомотиви болгон Садык Шер мырзага ичтеги, тыштагы кыргыздар атынан алкыш айтмакчымын.

Далайыбыз ошол себептүү кыргыз-казак айтышынын накта күйөрманы болуп чыга келдик. Бул арада Элмирбектин санаты жылдан жылга бийиктеп, саясий түшүнүгү курчуп, акындык кесипке өзгөчө милдет жүктөй баштаганы, айтышты дагы да олуттуу курал кылчу терең темалар үстүндө алектенип жүргөнү барган сайын белгилүү боло баштаган. Эл жарчысы болууга мыктап бел байлаганы айрыкча сезилип турар эле. Ал өзү да профессионал санатчы катары кыргыз санат өнөрүнүн тойканаларда фонограммалар менен, төлөнгөн акчанын көлөмү менен эмес, Маданият министрлигинин алдында мамлекеттик деңгээлде пландуу, ырааттуу жүргүзүлгөн программалар аркылуу учурдун талабына ылайык жүргүзүлүшү жана ошого жараша бааланышы керектигине көзү жеткен болуу керек. «Айтыш» коомунун алдында кудум Токтогул бабасы окшоп жаш жетенектерди таап, таалим берип, такшалдыра баштаганын көрүп кубанып, буюрса, уучубуз куру калбайт экен, акындык өнөрдүн тизгини ишеничтүү колдо экен деп камсанабай калганыбызда шум ажал чырактай уулду колдон жулуп кетти.

Өзгө жалган, өлүм ак дейт экен, калың кыргыз тоодой күйүтү менен томсоруп кала берди. Эмне дейли. Артында калган жарына, балдарына Жараткан өзү жар болсун, кубат, кайрат берсин. Током өлгөндө да мурасы шакирттеринен топтолгон экен. Элмирдин да жазып калтырган, айтылып кулакка жат болгон мурастарынын баары топтолсо, элдик казынага айландырылса, экинчи өмүрү баштатылса, күйүтүн тарткан элинин жүрөгүнө сеп болор. Кош боорум, түбөлүк жайың жаннатта болсун!

Анкара университетинин окутуучусу

Профессор Доктор Гүлзура Жумакунова

Анкара. 26.04.2020 19:08

Окшош материалдар

Комментарийлер (2)

  • - Базарбаева Жекшекан

    Гулзуура,Ден соолукта болуп Уй булон менен аман бол!

  • - Жакыпова Ишен.

    Элмирбек отуп кетти дегенде жер астым устун болгондой эле болду мен учун. Аябай кайгырып , ыйладым, коз жашым токтобой койду. Олумго кыйгым келген жок. Калп болуп калса экен деп. Кыргызга таандык нерсенин баары Элмирбек менен кеткендей болду. Жапжаш дагы 10 жыл жашаса эмне жок дегенде деп айла жоктон сыгылып чыгат . Ушу кунго чейин кайгырып , козумдон жаш тегеренет. Кайгырып жоктоп атып ооруп да калдым.Элмирбекте айтып тугото алгыс баалуулуктар коп эле да аттин десен. Бейишин берсин . Артында калган балдарына омур берсин! Элмирбектин экинчи омуру жандансын. Силерге окшогон достору Элмирбек жонундо эскеруулорду бат баттан чыгарып , элдин эсине салып турушсун эми. Элмирбекти эч ким унутта калтырбаш керек.Кыргыздын улуу , уулдарынын бири эле Элмирбек.

Комментарий калтырыңыз