Венера Акматова: Мыйзам революциясын жасоо керек!

«Эгер уурулар көчөдө кенен басып жүрсө, же бийликтин өзү ууру, же эл келесоо!»
Ли Ку Ян Ю

(Сулайман Кайыпов агайымдын «Макулуктардын бетине түкүргөн» макаласынан улам)

Сиз кайрылган адамдар кимдер! Кайсы аксакалдарды айтасыз, мурун-кийин бийликкке аралашып жүргөндөрбү? Так мына ушулар жеке адам тургай, мамлекеттин ырысын бөлүшүп жеп, келечегин уурдагандар? Сиздин айткандарыңызды окуп, ошолордун бирөөсүнүн бети «чым» деп койду дейсизби!? Бирөөсүнүн жүрөгү «солк» этти дейсизби!? Сиз күйүп айткандарды кыргыздар 30 жылдан бери айта берип тили тешилип, эч жыйынтык чыкпаганынан жер муштап кала беришкен.  

30 жылдан бери жүк-200дүн канчасы келди, канчалаган тагдырлар талкаланды, үй бүлөлөр бузулду, азыр социалдык жетимдер абдан көп. Канчасы ден соолугунан, келечекке болгон үмүтүнөн, жакшылыкка болгон үмүтүнөн ажырашты. Укпай кулагы керең, көзү көр болуп калганда таяк ала чуркап, кыргыздын кендирин кесип, генофондуна айыккыс доо кетирип, келечегине балта чапкан жемкор-жексурларга бөгөт коюу максатында эл эки ирет кызыл кыргын, кара сүргүн революция жасады, натыйжа чыккан жок. Анткени кайра эле «ошолор» революция максатын сатып,  анын жыйынтыгын элдин, мамлекеттин кызыкчылыктары үчүн эмес, жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланып кетишти. Акаевдин кланы ээлеген байлыкты, Бакиевдин кланы ээлесе, Бакиевдикин Атамбаевдин кланы ээлеп, кайра бөлүштүрүп алышты. Сиздин көкүрөгүңүз зилдеп, кан какшап айткан арманды, бул бетпактар укпайт. Анткени алар уурдап жеп, эл эсебинен жашап көнүп калган, «Мен уурумун, эл ырыскысын жеп алгамын» демек беле, тескерисинче, акылдуулугунан улам ушул «даражага» жеттим, ырыстуу адам экенмин, тагдырым таалайлуу деп эле жүрүшпөйбү.

Өмүр бою кара мээнети, таза эмгеги менен күн көргөн кыргызды көрсө, «А, бечара, мээси да, жөндөмү жок, жашаганды билбейт» деп күнөөлөп, «Мен ушу шордуу кыргыздын келечегин уурдап алып, канча бирин темселетип тентитип ийгендердин биримин, канча биринин тагдырынын талкаланышына себепкермин, канча биринин жакшылыктан үмүтүн үздүм эле» деп кантип ойлонсун. Эч убакта антип бири да ойлонбойт! Жүрүшпөйбү көрүнгөн тойдун төрүн, чоң-кичине жыйындарда кадырлуу орундарды талашып, беттерин табактай кылып, акыл үйрөтүп сүйлөп, бири биринин юбилейлери болуп калса газета,  бетин бербеген жалаяктай макалаларын чыгарышып, теле-радиодон түшпөй ооздору кургаганча жерге-сууга тийгизбей мактап атышпайбы, анткени дагы деле баягы арам акчанын күчү, ооздорун чогуу кандашкан!

Бул катмарга (А.Акаев, К.Бакиев, А.Атамабаевдын тушундагы) жакшы сөз жарашпайт. Уят, абийир, адамдык нарк деген  түшүнүк булар үчүн байкуштун ойлоп тапканы сыяктуу сезилет. Анткени алар 30 жылдан бери жегенин аш кылдым деп тынч уктай башташкан, себеби «суудан кургак чыгып» кетишкен. Биринчи, экинчи  революция жыйынтыгы менен кана кимдин мыйзамсыз тапкан байлыгы мамлекетке кайрып алынды? Ким жазаланды? Дагы жакшы С.Жээнбековдун саясий эрки менен тээ Акаевден бери келе жаткан кузгундардын айрымдары кармалып, бир топ коррупциялык афералардын бети ачылды.

Эми эмне кылуу керек? Эми Мыйзам революциясын жасоо керек! Дагы тактап айтканда, Мыйзам аркылуу революция жасоо керек:

1. 90-жылдардан бери мамлекетке келип түшкөн чет элдик инвестицияларга инвентаризация жүргүзүш керек. Мамлекеттик сектор, медицина тармагы, билим берүү, айыл чарбасына ж.б. келген каражаттар кайда? Мамлекеттин мүлкүн максатсыз колдонгондорду, күнөөкөрлөрдү, өзүнө менчиктеп алгандарды таап, мүлкүн конфискациялап, жазалаш керек. А.Акаев учурунда жооптуу кызматтарда жүргөндөрдүн бири Б.Жанузаков бир маегинде өлкөгө келген чет элдик инвестициялар тууралуу суроого: «Ал инвестициялар, далай кыргыз жигиттерин байытпадыбы, канчалары заңгыраган үй салды» деп айтканын окугамын. Билген үчүн айтып атат да.

2. А.Акаев учурундагы приватизациялоо жараянын кайра карап, мамлекеттик мүлктөргө инвентаризация жүргүзүш керек. Канча бир завод, фабрикалар: Фрунзе заводу, Ленин заводу, Октябрдын 40 жылдыгы атындагы фабрика, бут кийим чыгаруучу «Чолпон» фабрикасы, Байпак чыгаруучу фабрика, Кыргызавтомаш, Кыргыз мебель, Камволдук-сукно комбинаты ж.б. аябагандай чоң  мамлекеттик имараттар  азыр кимдердин колунда!? Ошолорду ит бекер  менчиктештирип алгандар жок дегенде имаратты максатка ылайык пайдаланып атабы, мамлекетке салык төлөп атабы? (Ичин го кытайга темир кылып бөлүп-бөлүп сатып ийип акчасын өөнөп алышкан) деген мыйзамдуу суроону коюш керек.  Анткени ал имараттарды ээлеп алгандар ал жердин ишин максаттуу улантуу тургай, кандайдыр бир жумуш ордун түзө турган ишкана ж.б. ачпастан, канча жылдан бери тек гана ижарага берип киреше таап келишет.

3. Мамлекеттик кызматты ээлеп тургандардын ар биринин мүлк декларациясын текшерсе алардын мыйзамсыз баюусунун бети ачылат. Алардын ар биринин Кыргызстандагы гектарлаган жерлери, катар-катар үйлөрү бар, мындан тышкары чет өлкөдөн алып койгон үйлөрү чыгат. Албетте, алардын бардыгы Кыргызстанга берилген чет өлкөлүк инвестицияны жеп алуудан, кызмат сатуулардан улам байыган. Дагы тактап айтканда коррупциялык жолдор менен мыйзамсыз байышкандыгын таап чыгуу бат эле, жеке  бизнес менен эч убакта алектенбеген, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген адамдын тапкан байлыгынын арам-тазалыгын тактоо кыйынга турбайт.

4. Биринчи жана экинчи төңкөрүш учурундагы банк ячейкаларынан табылган акчалардын түбү каякта!? Аларды ким чөнтөгүнө салып алганын эл билет, морадерлор мыйзам алдында жооп берген жок.

5. А.Акаев, К.Бакиевдин байлыктарын кимдер ээлеген? Аларды мамлекет карамагына алдык деп элдин көзүн будамайлап, өзүнө арзан сатып алгандар кимдер? Биринчи жана экинчи революциянын «бульдезору» А.Бекназаровдун качкын президенттердин мыйзамсыз байыгандыктары тууралуу  берген маалыматтарынын жыйынтыгы кана?

6. А.Атамбаевдин чет өлкөдөгү бизнестери, мыйзамсыз акча жүгүртүүлөрү, Гоадагы пансионаты ж.б. толгон маалыматтар бар. Президент болуп турган учурунда мыйзам боюнча бизнесин чет өлкөдө жүргүзүүгө болбойт. Дегеле «долларовый богачмын» деп мактанган адам мурда-кийин мамлекетке салык төлөгөнбү? Тентиген, жакыр элдин  башына, канча бир азаматтын каны аркылуу келген адамдын гектарлаган жерге  заңгыраган сарай салдырууга акысы барбы? Мындай суроолорду уланта берсек тизме аябагандай узара турганы бышык. Анан калса айыпкерлердин бардыгынын аты-жөнүн эл бүт билет. Кыргызстан кичинекей өлкө, кимдин кантип, кайдан уурдап алганын жашыра албайсың.

Убакыт өтүп кетти деп элди алдашат? Тазалоого 30 жыл көп убакыт эмес. Чоң, кичине уурулардын бардыгынын көзү тирүү. Түрмө батпай кетет дешет. Уурунун орду түрмөдө гана болуш керек. В.Путин жаңыдан бийликке келген учурда Россияны талап-бутап аткан олигархтардын бардыгын чогултуп, жашыруун жыйналыш өткөрүп: «Уурдаганыңардын бардыгын өз ордуна койгула, чет өлкөгө ташып чыгып кеткен миллиондорду кайра ташып киргиле, болбосо ошол акчаңардын чаңын жутуп каласыңар» деген. Жыйынтыгы өлкө үчүн жаман болгон жок. «Сен айткан мамлекеттик байлыктын бардыгы менчикке өтүп кеткен, жеке адамдын менчиги кол тийгис» деп айтуулары мүмкүн. Ар бир мамлекет өзү чечим чыгарат, атактуу Ротшилддердин Франциядагы банкын 90-жылдары эле мамлекет айрым мыйзам бузуулары үчүн улутташтырып койгон. Мындай мисалдар дүйнөдө толтура.

Кылган кылмышы үчүн мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу мыйзам алдында жооп бербей турган беренелерди киргизгендер да ушулар. Баш мыйзамды «жыл сайын» өзгөртүп атканда, берене эмне болуп калыптыр, саясий кадам жасаш керек. Көрдүңүздөрбү, мамлекеттин ичинен гана канча жумуш ордун түзө турган каражаттарды таап чыксак болот.

30 жылдан бери биринчи ирет С.Жээнбековдун батыл кадамы менен канча бир чоң коррупциялык схемалардын бети ачылып, күнөөкөрлөр түрмөдө отурат. Мына ушул процессти токтотпостон андан ары улантуу зарыл. Башка айла да, жол да жок. Антпесе кургуйга түшүп баратабыз!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз