Жээренче Исмаилов: Акын менен коштошуу

УҢГУЛУУ САЛТТЫ УЛАГАН ДҮЙНӨ

Айла жок, Арман дүйнө, Аттиң деген сөздөрдү ак таңдай акынга айтып калабыз деп, он уктасам да оюма келбептир... “Алтындан турган дүнүйө тонолгонун көргөмүн, \ Акылдан курган дүнүйө тонолгонун көрбөдүм” деп өксүк аралаштырып, кыргыздын деми менен күйүп, өзөктөгүсүн айтып жүрчү эмес беле атаганат. Эми ордунду ким толтурат, оюнду ким улантат, төмөн түшкөн өнөрдү жаштыгына карабай, билермандарга  жакшы-жаман айтышып, өнөрдү аздек туткандардын сап башында эмес белең, аттиң дүйнө...

Акын дүйнө салганда көрүнүктүү ишмерлер баш болуп жакшы сөз көңүл айтканы көңүл жубатканы, бир чети ичиндеги бугу болсо бир чети сабырдуулукка чакырып, кайрат айтып атканы улуу өнөрдү аздектегени акынды баалаганы болуп эсептелинет. Убагында Ысмайыл Борончиев “Кош Алымкул” деген коломдүү чыгармасын жараткан, аны окусаң көзүңө жаш көкүрөгүңө муң келет. Себеби төкмө акын Ысмайыл Борончиев өнөр адамы болгон Алымкул Үсөнбаев дүйнөдөн кайтканында ырдап, анда жалпы кыргыз элинин өнөрлүү адамдарын, көрүнүктүү акындарын, эл шайырларын, манасчыларын, жомокчу-жамакчыларын, комузчу күүчүлөрүн, деги эле өнөрү менен элге таанылган чыгармачыл адамдарды кошуп ырдаган эскерүү, жоктоосу бул салттык жанрды бийик деңгээлге көтөрүп кеткен, тарыхый мүнөзгө ээ, эл арасында өмүрүн улантып жашай берүүчү үлгүлүү эскерүү-жоктоо болуп калган. Ага мисал катары:

Санап, санап олтурсак,
Замандар өткөн экен да.
Залкар-залкар нечен бир,
Адамдар өткөн экен да.
Көрбөй калдык далайын,
Көп акындар өтүптүр,
Көңүлүңөргө салайын.[1] - дейт.

Ыр мисалында келтирилгендей акындын элдин тарыхын, оозеки чыгармачылыгын жакшы билгендиги “замандар өткөн экен да, залкар-залкар нечен бир адамдар өткөн экен да” деп өзүнөн мурунку заманда жашап өткөн өнөрпоздорду айтып жатканы, акындын өнөрдү сыйлагандыгынан, баалай билгендигинен кабар берип жатат. Мында чоң жомокчу Чоюке, Тыныбек, Келдике, Таабалды, Шапак, Дыйканбай, Сагынбай баштаган манасчыларды, “Өнөрүн элге чача албай, \ Өрттөнүп ичи шакардай, \ Өнөрүн бүтүн өлгүчө, \ Өзөгүнө сактаган” деп Арстанбек, Молдо Кылыч, Музоокени, “Омоктуу ырчы абыдан, \ Соолуган гүлдөй шалкайып, \ Сонундун баары куруган” деп Солтобайды, “Ак сакалы жаркылдап, \ Аргендей үнү шаңкылдап” деп Нурмолдону, “Торгою экен адамдын, \ Тоо булбулу деп Токтогулду, “Эркинин көрбөй замандын, \ Эртерээк кетти деп Эшмамбетти, “Карыялар көп мактайт, \ Казак менен кыргызга кадамы жеткен деп” мактайт деп Эсенаман, Чоңдуну. Кара Курман, Коргол, Калык өңдүү акындарды, Карамолдо, Атай өлгөндө, “Кордугуң кыйын шум ажал, \ Кол барбай турду көмгөнгө”[2] деп күүчү, комузчулар сыяктуу жана башка көптөгөн кыргыз элинин өнөрлүү инсандарын санап, алардын ар биринин талантына мүнөздөмө берип, өкүнүч, күйүт менен эскерип, жоктоп өткөн. 

Бул аталган чыгарма жоктоо, эскерүү салттык ырларынын ичинен көлөм жагынан да, мазмун жагынан да эң ирдүү чыгармалардын бири болуп эсептелинет. Бул чыгарманы мисал келтирүү менен ушу заманда таланты менен таш жарган, элдин кулуну, арабыздан өтүп кеткен Элмирбек акындын жакындарына көңүл айтуу менен акындын ысымы дагы жогорудагы кыргызга аттын кашкасындай  таанымал улуу өнөрпоздордун катарынан орун алаары шексиз. Эл арасында уңгулуу салтты улаган, “өнөрүң болсо өргө чап”, “өнөрлүү өлбөйт” – деген накыл кептер кеңири тараган.

Бул накыл кептер эки мааниде чечмеленет. Биринчиси, өнөрлүү адам кандай кыйынчылык кырдаал болуп, башына караан түн түшсө да жолун таап, жанын багып кетет. Ал эми экинчиси – өнөрү бар адамдын көзү өтүп кетсе да, экинчи өмүрүн өнөрү улантып, өзү жараткан ишинин натыйжасы артында калып, узакка жашай берет. Мына ушул өлбөй турган өнөрлөрдүн ичинен узакка жашай турган көркөм сөз өнөрүнүн  “өнөр алды кызыл тил” деп тил өнөрүнүн ээси, кызыл тилин бүлөп, чыгарган чыгармалары аркылуу элге атагы жайылып, абийир тапканы, талантын талант бере алгыс, өнөрүн өнөр жеңе алгыс булбул тилдүү, жез таңдай акыныбыздын кайталангыс чыгармачылыгын көөнөрбөс рухий байлык катары кароого болот.

Анысы кандай: Элмирбек Иманалиев чыгаан акын, төкмө акын, манасчы, аткаруучу жана жөн гана адамкерчилиги бийик инсан эмес беле. Элмир акындын акыркы ырларын угуп эле көзүмө жаш келе берди, көрсө мага акындын таланты сиңген экен, бир-эки чыгармасын илимде жүргөндө талдаган экенмин. Кол ойнотуп комуз черткени, коңур жагымдуу үнү, жылдыздуу жылмайып күлгөнү өнөр адамына тийешелүү баардык сапаттын ээси эмес беле! Аттиң! Көрсө, ажал баарынан улук, баарынан күчтүү экен! Убагында Арстанбек акын
Уккан адам ыйлаган.
Чеченди алган бул өлүм.
Кары-жашка карабай,
Энеңди алган бул өлүм.
Жамы журтту кыдырган,
Эшенди алган бул өлүм.

Гүлкайырдын  гүлүндөй,
Кызыл жибек түрүндөй.
Тоту куштун жүнүндөй,
Кыздарды алган бул өлүм,
Байчечекей гүлүндөй,
Башайынын түрүндөй,
Балдарды алган бул өлүм.
Кээжим тордой созултуп,
Келинди алган бул өлүм.
Жоо келгенде жоолашкан,
Доочу келсе доолашкан.
Журт башчысы кадырман,
Баатырды алган бул өлүм, – десе, Барпы акын:

 Мандалактын гүлүндөй,
Башайынын түрүндөй,
Көрөр көздүн чырагы,
Көлдүн тунук булагы.
Азиз жандын сөөлөтү.
Ата-эненин дөөлөтү,
Балдарда жүрөт бул ажал.

Кызгалдактын гүлүндөй,
Кызыл килем түрүндөй,
Өрүлгөн өлөң чачы бар,
Көмүрдөй кара кашы бар,
Жайнаган гүлдүн булагы,
Ата-эненин ынагы,
Кыздарда жүрөт бул ажал, -деп эки залкар акын кейип өткөн экен, эки акындын тең сөздөрү так, ойлору ачык. Шурудай тизилген уйкаштык өзүнүн реалдуулугу менен угармандын көңүл төрүнөн орун алат. Чындыгында кара жер канча адамды батырып, тобо-топук кылбай келе жаткандыгы кимге жашыруун. “Адамды алган, кызды алган, акмакты алган узду алган, кары  жашка карабай, бай кедейди ылгабай алган”,  Кыскасы ай ааламдагы бир да тирүү жанды эч жерге качып кутултпаган дагы ажал экен. Мына ушул ажалдын торуна Акындын эрте түшкөнү элдин, жакындарынын  кабыргасын кайыштырып кетти.

Элмирбектин аткаруусундагы “... Күн чыгат кайра кайра, \ Мен чыкпайм кайра жанып” деген ырын угуп, акындын көңүлү ооруп, ичинде кусасы бар экени сезилип, туюлуп турат.  Ырда кадыресе жөнөкөй учурда байкалбаган нерсе, кубулуш бар. Ушул өңдүү чыгармаларды укканда жашоонун бейоопасыздыгы эч бир төгүнү жок образдуу түрдө көз алдыңа тартылат. Акын бир нече айтыштарда кыргыздын намысын коргоп, тектүү эл экенибизди ыры менен угармандарга тартуулап турду. Атат-бабадан бери келе жаткан салттуу өнөрдү аздек тутуп, элге тартуулап жана жашоосун улантсын деп шакирттерди тарбиялады, элге эбегейсиз кызмат кылды. Кандай өнөрдө, кайсы кесипте болбосун каранаар тоосу, карманаар туткасы, акылын айтып, нуска кеби менен туура багыт берип, жол көрсөтүп, бел болгон адамы оо дүйнө салса, үйрөнчүк үчүн жер аңтарылгандай, астын-үстүн болуп, жан дүйнөсү дүрбөлөңгө түшүп, кабыргасы кайышып, ичи толбой, караңгыда көз тапкан, капилеттен сөз таап берген эң жакын адамынан айрылуу шакирт үчүн ааламда, жеке рухий дүйнөсүндө орду толгус жоготуу, ат көтөргүс оор үшкүрүк болсо керек.

Бул үчүн шакирттерине көңүл айтам. Чыгармачылыкта болобу же жашоодогу, ар кандай тиричиликте болобу ата-баладай, ага-инидей болгон жакындык, бир туугандык сезим, чын дилинен таза жүрөктөн, ак ниеттик менен кылган мамиле устат менен шакирттин ортосундагы айтылбаган сөз, ачылбаган сыр бойдон калат окшобойбу. Себеби: устаттын да бир учурда устаты жана да шакирт болгону, а шакирт да бир мезгилде устат болуп, тагдыр менен туз буйруп, шакирттери болору нечен миң түрлүү болгон жашоо табиятынын сыры тура. Мына ушундан улам устат менен шакирттин ортосунда кудуреттүү күч (тазалык, чындык, ишеним) аркылуу өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон эриш-аркактык кылымдар бою муундан муунга өтүп, өз жашоосун үзгүлтүксүз улантып келе жатат. Демек, ушундан улам өнөр адамдарынын жашоосунда дагы бири-бирине болгон ызаат, рухий улуулук чыгармачылык башатта теңдешсиз, зор күч экени талашсыз.

Жеңижок акын дагы “Ким айтат менин ырымды”, “Ак куржун толо ыр калды” деп арманын төгүп өткөн. Ошол ак куржун толо ырды эми Элмир акындын шакирттери жерге калтырбай аздек тутуп, салтты улантаары талашсыз.

Убагында Токтогул акындын жалгыз туягынан айрылган оор жоготуусу терең эмоцияналдык күчтө айтылганын мисал келтирейин. “Кайнап, күйүп чок болдум, \ Кайгылуу күнгө токтолдум” деп өксүк менен келип, жалгыз баласынын өмүрүнүн кыскалыгын “Тамырына суу тийбеген талга” окшотуп, өзүнүн азапка түшкөнүн “Жабырга мени салгыдай, Кудайдын өчү бар беле” деп муңайым, өксүк менен Коргоол акынга жооп кайтарган. Ал эми Коргоол акын амандашып келип:

Буурулду минип тердеткен,
Буулумду кийип кирдеткен,
Калың элин дегдеткен,
Кайгырба калың эл турса, - деп көңүлүн жубатып, кайратын айтып, калың элди эш тутушкан. Бүгүнкү күндө да өнөрдү аздек туткан калың элиң турат. Өзүң түзгөн акылыңды айтып өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон шакирттериң турат. Жаткан жерин жайлуу болсун! Кош, Элмирбек акын!

[1] Ысмайыл. Ырлар, эскерүүлөр -Ф., 1990. 257-б.

[2]Ысмайыл. Ырлар, эскерүүлөр -Ф., 1990. 265-б.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз