Айдана Өмүрбаева: Карантинде өзүн-өзү өнүктүрүүнүн 15 сыры

  • 04.05.2020
  • 9014

Жолдошум экөөбүз тең IT тармагында иштегендиктен карантин учурунда жумушубуз үзгүлтүккө учураган жок. Аралыктан (удалённо) иштеп жана балдарыбызды карап, маанай чөктүргөнгө убакыт жок. Баса, биз карантинди эрте эле баштап алганбыз, бүгүн 40 күн болду. Чынында үйдөн чыкпай отуруу оңой эмес жана кырдаалга карабай өзүн-өзү өнүктүрүү анданда чоң челлендж.

Сиз пандемиядан кийинки жашоого кантип даярданып жатасыз?

Дүйнө элин үйгө камап, тыныгууга мажбур кылган бул пандемия артта каларына толук ишенебиз. Мындай учурда ар ким өзүнүн психологиялык саламаттыгына кам көрүүсү зарыл. Көптөн бери көздөп жүргөн максаттарды ишке ашырып, жаңы өнөр, жаңы кесип үйрөнүүгө жакшы убакыт келди. Карантин учурунда биз колдонгон эрежелер жана кеп-кеңештер менен бөлүшүүнү туура көрдүк.

Эң башкысы эрк жана дисциплина керек

Алдыга койгон ой-максаттарды ишке ашырууда эрк жана дисциплина чоң роль ойнойт. Илим-билим, спорт, бизнес же карьера болобу – ийгиликке жетүү үчүн күчтүү мотивация керек деп ойлойм.

Күн тартиби менен жашаганга аракет кылыңыз

Күнүмдүк, жумалык жана айлык пландарды алдын ала түзүп, ошол күн тартибинде жазылган иштерди тыкыр аткаруу бул чоң ийгиликтерге жеткирет. Убакытты токтото албайбыз, бирок аны туура колдонуп максималдуу ийгиликтерге жетишүүгө болот. Күн тартиби менен жашаган адам жалкоолукка оңой баш бербейт.

Бардык мүмкүн болгон жумуштарды онлайн/аралыктан жасаңыз

Көптөгөн көйгөйлөрдү технология жардамы менен чечүүгө аракет кылыңыз. Жумуш, окуу, интервью, сатып алуулар, банкинг жана ар кандай сервис төлөмдөрүн онлайн/аралыктан ишке ашырууга болот. Баса, жандуу инструктордун виртуалдуу фитнес лайв стримине кошулуп башкалар менен чогуу спорт кылууга да болот. Ушул сыяктуу бардык мүмкүн болгон жумуштарды аралыктан жасаганды адатка айлантуу убакыт, акча үнөмдөйт жана экологияны тазалайт.

Жумуш, окуу үчүн атайын бөлмө/бурч даярдап алыңыз

Карантин учурунда бала-бакча жана мектептер жабык болгондуктан бала-бакыра үйдө болгон учур. Мындай учурда жумушка фокус кыла албай стресс болуп же жалкоо болуп кетүү мүмкүнчүлүгү чоң. Ошондуктан үйүңүздөн иштөө, окуу үчүн атайын бөлмө же стол, стул коюлган бурч даярдап алыңыз. Сиз ошол жерге отурганда балдарыңыз сизге жолтоо болбош үчүн эрежелерди киргизип жана компьютерде эмне иш кылганыңызды түшүндүрүп бериңиз. Мисалы, жумуш учурунда менин 3 жашар кызым бөлмөгө кирип калса экранымды карап "апам код жазып жатат" деп кайра чыгып кетет. Компьютерде сүрөт же видео жок болсо алар үчүн кызыксыз.

Эрте туруп, офиске баргандай маанай менен иш баштаңыз

Күнүңүздүн жемиштүү болушун кааласаңыз анда эрте туруп, жуунуп, таранып, кофе/чай ичип күндү жакшы маанай менен баштаңыз. Үйдөн/аралыктан иштегениңизге карабастан, жумушка даярданып, мээге кадимки офиске барчудай сигнал жөнөтүңүз. Бети-колду жуубай эле жатып алып иштей берем деген ойдон алыс болуңуз. Эртең мененки ачык маанай адамдын психологиялык саламаттыгын чыңдайт жана энергия берет. 

Блог ачып, өз билгениңизди эл менен бөлүшүңүз

Үйдө отуруп деградацияга жол бербөө үчүн, өзүңүздүн билимиңизди башкалар менен бөлүшүңүз. Билген билимиңизди онлайн порталдардан, соцтармактардан же видео блогдордон бөлүшүп сооп иш кылыңыз. Балким ачылбай жаткан таланттарыңыз ачылып, сизден келечекте атактуу трейнер/блоггер чыгар.

Онлайн курстардан сертификат алып, жаңы кесип үйрөнүңүз

Учурда онлайн сабак/трейнингдердин басымдуу бөлүгү жандуу жана интерактивдүү экенин эске салып кетким келет. Өзүңүз кызыккан онлайн класс/трейнингдерди алып тажырыйбаңызды кеңейтүүгө ашыгыңыз. Мисалы, кыска мөөнөттүү программалоо курстарынан баштасаңыз болот. Эмнеси болсо да карантинди уктап өткөрүп андан кийин жумушсуз калбоо үчүн азыр аракет жасаңыз.

Психология, өзүн-өзү өнүктүрүү жана бизнес китептерди окуңуз

Карантин учурунда үйдө отуруп, көп ойлонуп адам өзүн-өзү чөктүрүп салуу коркунучу бар. Ошондуктан мээни көп ойлонууга убакыт бербегенге аракет жасаңыз. Мурда окуп көрбөгөн башка жанрдагы кызыктуу китептерди окуп көрүңүз. Адамдын психологиялык саламаттыгы үчүн өзүн-өзү өнүктүрүү, психология жана бизнес китептердин пайдасы чоң.

Балдар менен көп ойноп, бактылуу көз ирмемдерди бөлүшүңүз

Жаш балдар позитивдүү энергиянын булагы. Биз жолдошум экөөбүз иштеп жатып эле бат-бат тыңыгуу алып, балдарыбызды өөп-жыттап эркелетип алабыз. Алардын күлкүсүнөн биз энергия алгандай эле алар да бизден энергия алышат. Карантин учурунда балдарга ата-эненин колдоосу өтө маанилүү экенин унутпаңыз. Баланын бактылуулугу үчүн ата-эненин көңүл бөлүүсү, колдоосу жана сүйүүсү керек.

Кызыктуу проектерге аралашып тажырыйба кеңейтиңиз

Жумушта, окууда же фрилансер платформаларда болобу, айтор өзүңүзгө жаккан долбоорлорго аралашканга аркет жасаңыз. Мындай долбоорлордун оң таасири көп жана тажырыйбага бай. Долбоор алкагында кызыктуу, креативдүү адамдар менен баарлашып, аралыктан болсо да коомго аралашууга мүмкүнчүлүк түзөт. Тажырыйбасы мол адам эч убакта жумушсуз калбайт деп ишенем.

Денеңизди химикалык косметикадан эс алдырыңыз

Аралыктан иштеп жаткан учурдан пайдаланып денеңизди химикалык косметикалардан тыныгуу алдырыңыз. Пандемияга чейинки офис жашоосу күндө makeup талап кылган болсо эми карантин учурунда өзүңүздүн натуралдуу сулуулугуңузга басым жасоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Сулуулукка кам көрүүнүн пайдалуу, натуралдуу жолдорун колдонуп көрүңүз. 

16/8[1] саат өзөк карартып үйрөнүңүз

Бул, күнүнө бир нече саат же жумасына бир нече күн ачка болуу/орозо кармоо дегенди түшүндүрөт. Айрым бир маалыматтарга караганда: мындай ыкма организмди шлактардан жана ашыкча майлардан арылтып, мээнин иштөө жөндөмүн жогорулатат деп жазылат. 16/8 эреже бул бир суткада 16 саат суу гана ичип ачка жүрүп, 8 саат аралыгында жеңил тамактанууга болот. Учурда биз кечки 8ден түшкү 12ге чейин 16 сааттык орозодон сааты көбүрөк программасына өтүүнү көздөп жатабыз. Организиминде жакшы өзгөрүү болгондон улам 24 саат, 48 саат жана 72 саат кармаган адамдарда бар экен.

Күнүмдүк жеңил көнүгүү, йога, медитация жасаңыз

Тирүү жанга күнүмдүк кыймыл өтө маанилүү. Ден-соолукка кам көрүп күнүмдүк көнүгүү, кардио, йога жана башка спорт түрлөрүн жасоо зарыл. Карантинге байланыштуу үй шартында жеңил көнүгүүлөрдү же йога жасаганды сөзсүз адатка айлантыңыз. Спорт кылган адам көп стресс болбойт жана түнкүсүн жакшы уктайт. Группа менен фитнес кылгыңыз келсе, фитнес инструкторлордун жандуу онлайн коучингдерине кошулуп эл менен чогуу спорт кылсаңыз болот. Мисалы, биз күнүбүздү 15 мүнөттүк жеңил көнүгүү менен баштайбыз. Ал эми жумуштан кийин үй-бүлөбүз менен 40 мүнөттүк йога жана 15 мүнөттүк дискотека кылабыз. Балдарыбыз "Кара жорго" бийине бийлегенди жакшы көрөт.

Түнкүсүн сапаттуу уйкуга чоң маани бериңиз

Адамдын иммунитетине уйкунун түздөн-түз таасири бар экени тастыкталган. Сапаттуу уйкуга чоң маани берген адамдын ден-соолугу чың, дени сак жана иммунитети жогору болот. Себеби уйку адамдын психологиялык жана физикалык саламаттыгын камсыздайт. Уктаганда адам организми жана мээси эс алып, анын иштөөсү жакшырат. Суткасына 7-9 саат түндө уктоо керек. Түндө уктабай күндүз уктасаңыз организмдин мелотонин/уйку гармондорун бөлүп чыгаруу процесси бузулат.

Суу көп ичип, туура тамактаныңыз

Ар бир адам күнүнө 2 литрден кем эмес суу ичүүсү керек. Жетиштүү суу ичүү жана организмге пайдалуу тамактар менен азыктануу көптөгөн оруулардын алдын алат жана иммунитетти көтөрөт. Ал эми иммунитети күчтүү адам орууларды тоготпойт.

Карантинде:

Эшикке чыкпа!

Түшкө чейин уктаба!

Төшөктө гаджет колдонбо!

Көп ойлонбо, пайдалуу иш кыл!

Стресс болбо, ашыкча тамак жебе!

Жалкоо жана алсыз адам болуп калба!

Айдана Өмүрбаева, АКШ (Instagram @kg_usa).

Sr. DevOps Engineer – Relativity eDiscovery Software.


[1] Интервальное голодание

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз