Каныбек Иманалиев: «Ю»

(Пандемия күндөрү жазылган аңгеме)

Аны айылда өз аты “Алымбек” деп атабай, “Ю” деп коюшат. Себеби, мектепте окуучулар катарга тизилгенде эң акырында турар эле. Алфавиттин эң соңундагы тамга да “Ю” болгондуктан аны атынан атабай “Ю” деше турган. Андан бери мектепти бүтүп аскерге барып келди, бою бир кыйла өстү, бирок аты “Ю” бойдон калды. Аскерге кетерде да бою кыска болуп, эки сантиметр жетпей калып, “аскерге барбай каламбы” деп ыза болуп, бир жыл бою турникке күн сайын тартынып, машыгып, атасы согуш ардагери эле, ал военкоматка барып, сүйлөшүп атып, өзүнүн айтымында военкоматта боюн ченеп атканда бутунун баш бармагына таянып боюн созо коюп атып, анан араң дегенде 1 метр 51 сантиметр болуп, бир жыл кеч кетти.

Аскерден келген соң совхоздун ар кайсы жумуштарында жүрдү. Сугатта, ...чөп чабышта, ...малда, ...айтор чарбада ал иштебеген жумуш калбады. Совхоз таркаганы көбүнесе үйүндө. Деген менен жаны тынбайт. Өз үйүндө иш кылбаса да, кимдир-бирөөлөр жардам кылыш десе, жок дебейт. Өтө элпек. Бирөөнүн барып курулушун бүткөрөт, ...картөшкөсүн сугарышат, ...жүгүн көтөрүшөт, ...малын кайтарышат, ...трактор,  машинесин оңдошот, ...кой кыркышат, ...отун жарышат, ...кичине балдарга чүкөгө кыт куюп берет, айтор, ар кандай иштен колу бошобойт. Жаш балдар менен чүкө ойногонду жакшы көрөт. Кээде берилип ойноп атып, алар менен талашып-тартыша кетет. Кийингени да жупуну. Кышта жеңи кыска көйнөк кийип алат. Аскерден кийип келген бут кийимин жамап, такасын чаптап күнү бүгүнкүгө чейин бутунан түшүрбөйт. Беркинден да жүз грамм сеп этип коёт. Өзү мас болуп калса да башка бир масты көтөрүп үйүнө жеткизип коёт.

Кара жумуш кыла берип колу аттиштей тарамыш. Бою чакан, өзү арыкчырай болгон менен чарчадым, чаалыктым дебейт. Ооруп, сыркоолоп калдым деп арамзаланганды да билбейт. Өз чөбүн чапканы баратып, жолдон кимдир-бирөө, “Менин чөбүмдү чабыш” десе өзүнүкүн таштап кете берет. Өзүнүн картөшкөсүн сугарып атып, дагы бирөө “Жүрү, менин айдоомду сугарып бер” десе, ал жакка да жок дебейт. Аны парз катары эсептейт. Киши өлүп, жаназага эл чакырыш керек болсо да аны жөнөтүшөт. Кимдир-бирөө кыш куюп, же үй салып атып, жардамчы таппай калса “Юну” таап келбейсиңби  дейт. Айылда кимде-ким чөп жыйнаганга киши жетпей атса “Юну” чакыртпайсыңарбы дешет. Кой соёрго киши табылбаса “Юну” алдырышат.

Ал жашаган көчөдө кимдин үйүнө конок, же куда келсе ансыз өтпөйт. Майда жумуштарды бүт өзү бүтүрөт. Ага эмгек акы деле албайт. Антип деле ойлобойт. Болгону бирөөгө “жок” деп айтып, кимдир-бирөөнүн көңүлүн калтыргысы келбейт. Барган жеринде иштин майын чыгара жан дилинен берилип иштейт. Ишемби, жекшемби дегенди билбейт. Айылда көр казганга киши табылбай атса, сөссүз издеп таап, иштеп аткан жумушун бүтүртпөй “Юну” апкетишет. Көр казгандан да ичине кирип казанбагын чакан бойлуу киши казыш керек экен. Ал жагын “Ю” катырат. Өзү “сеп” этип алганда:

- Мен бейишке чыгат болушум керек, отузга жакын кишиге көр каздым, – деп мактанып калат.

Дагы бир жолу мындай окуя болду. Кыштын узун түндөрүндө теңтуштары менен арак ичип отуруп, ичимдиги түгөнүп калат. Арак тартыш убак. Дүкөн бек. “Ю” ат менен чаап барып, түнү менен оозу ачык, түбү топурак бөтөлкөнү апкелди дейт. Көрсө, күндүз көр казгандарга берилип, казылып бүтпөй калган көрдөгү ичилип бүтпөй калган арак экен дейт.

Телевизор, үйдө свет, кир жуугуч машине бузулса, колу да эптүү, күн түн дебей кете берет. Ошонусу менен элдин оозуна алынып, совхоздун минги атындай эле бүт ишке сала беришет. Айыл 3-4 урууга бөлүнүп, ич ара ынтымакташып оокат кылышат. Ар ким өз уруусуна ылымсанайт. “Ю” гана төрт урууга тең таандык. Төрт уруусу тең жумушчу керек болгондо “Юну” чакыртышат. Кыскасы, айылдын жыртыгы “Ю” менен бүтөлүп, бөксөсү толуп, иши жүрүп турат.  Өзү да шайдоот жүрөт, каткырыгы жаш баланыкындай. Каткырганда эле маңдайда үстүнкү калай тиши кашкайып, түшүп калган ортоңку тишинин орду арсайып даана көрүнөт.

Коңшу айылдагы таякелерине жардам бергени кетип калса, айылдыктар кадимкидей кызганышат, “эмнеге “Ю” Карал-Дөбөгө кетип калат” деп. Бир күнү ошол айылдагы атактуу бай кишинин токсондогу энеси кайтыш болуптур. Шаардан көп аттуу-баштуу кишилер келет экен. Алар келгенде өкүргөн киши көбүрөк болсун дешип өкүрткөнү биздин айылдан “Юну” апкетишти. Эзели көрбөгөн кемпирге көзүнөн жаш чыкканча өкүрүп, бул ишти дагы абийирдүүлүк менен аткарат. Ошол жактан бир жаңы калпак кийип келип, өзүнө сонун жарашат экен, үч-төрт күнү бакыйтып кийип жүрдү. Теңтуштары “жуубайсыңбы” деп тамашалайт. Анан Инаят деген классташыныкына барса, уулунун туулган күнү экен, ошого белекке берип салды.

Улуу кишилер, теңтуштар эмес, кийинчерек өзүнөн кичүүлөр да аны кээде жумшачу болду. Аларга да жок дебейт. Анысы аз келгенсип кээ бир тың келиндер үй сырдап, актаганда, дүкөндөн ун алганда, же суу көтөрүп келатып аны жардамга чакырышат. Башкасы бүтүп ошо калгансып коңшусу тыкылдаган күйөөсү Россияга иш издеп кеткен тың келин, дүкөнгө кетерде, “Юнун” бош экенин байкаса:

- Аке, дүкөнгө чуркап барып келейин, баланы карап турасызбы, – деп бешиктеги баласын таштап кетчү болду. “Ю” ага барарда кара шляпасына “Шипр” деген одеколондон сээп алат.

Аны байкаган аялы:

- Ии, башкасы бүтүп, бала бакчу болдуңбу, анча болду эмизип бербейсиңби, – деп кызганымыш этет.

“Ю” болсо:

- Койсоңчу, “Би-би-си”, – деп кутулат, келинчеги айылдагы жаңылыктарды көп айткандан улам аны “Би-би-си” деп коёт. Коңшусу Карыпбек да ошо келин менен соо эмессиң дей берет.

Жумуш кызыганда чөп чабыш, сугат, картөшкө терим убагында “Юну” бир жума мурун сүйлөшүп, ээлеп алгандар да бар. Аны талашып кызыл чеке мушташкандар да болгон. Келинчеги менен жалгыз уулу да буга көнүп калган. Өзү кеч үйлөнүп, уулу Эдике азыр беш-алтыда. Кадимки совхоздун ишинде жүргөнсүп эрте кетип, кеч келет. Кээде түшкү, кечки тамагын да ошояктан ичип келет. “Сеп” этип келсе чыры жок. Тынч жатып алат. Коңшу жалгыз жашаган кемпир бар, ара-чолодо ага жардам берип, аны менен кобурашып отуруп калат. Аны айылдыктар кичине кемпир дешет. Келинчеги аны көрүп калса:

- Сүйлөшөөргө башка теңтуш таппай койдуңбу, – деп жемелеген күндөр да болду.

Акыркы учурда көп ойлонткону уулу Эдикенин бою. Атасына окшоп классында катарга тизилгенде эң артында турат бою кичине. Өзүн бала кезде “Эй кодо”, “Эй кодопеш” деп кемсинткен күндөр эсинде. Ошондой күндөрдү уулуна каалабайт. Уулумдун бою тезирек өссө дейт, мектепке барганда уулумду эч ким “Кодо” деп кемсинтпесе экен дейт.

Коңшусу Карыпбек бир жолу үйдүн жанында кичине кемпир, уулу үчөө отурса:

- Ии, үч кодо отурасыңар, окшошуп, – десе болобу. Ошондо жаны кашайып, жини кайнаганын айтпа, төбүсүнө союл тийгендей болду.

Үйүнүн алдына эки бактын ортосуна баласына турник жасап берген, асынып ойноп, бою өссө деп. Кээде өзү да ойноп, уулун үйрөтүп, анан бактын жанына туруп боюн ченеп, бактын кабыгына чийип белгилеп коюп, кайра 2-3 жумадан соң кайра ченеп, уулунун бою өсүп калса экөө тең сүйүнүп калышат.

Азыр да “Кодо” деген сөздү укса безге сайгандай ачуусу келип, дайым ачык жүргөн кабагы тез бүркөлө калат. Ошондуктан, “Кодо” дегенден көрө “Ю” деген ага жагымдуу угулат.

Эми уулуна да бирөө “Кодо” деп ат койбосо экен деп тынчсызданат. Карыпбек анын уулун көрсө:

- Атаңды тартпай, энеңди тарт, ал оокатка тың, – дей турган.

“Ю” ойлоп тапканга да кыйын. Бир жолу коңшусу Мир ороо казып атса тереңдеп калганда килейген таш чыгат. Аны адам баласы көтөрүп чыга алчудай эмес. Кран менен алайын десе райондон бери келгиче кымбатка чыгып кетет экен. Кеңешейин деп “Юну” чакырды. Ал бери кетип, ары кетип ойлонуп атып, салмагы 140 кило теңтушу Жумадилди ээрчитип келип, экөө ишти 3 бөтөлкө аракка баалашты. Дагы беш баланы таап келишти. Үчөө ороого түшүп өйдө түртүп, арканды Жумадил байкенин белине байлап, үстүдө эки жигит арканды эки жагынан улам тартып, үй ээси кошо жардамдашып, бул иш чараны “Ю” башкарып, өзү астынан ташты сүйөп, бир кезде таш “күп” деп артка кулап, ичиндегилер сыртка атып чыкканга үлгүрүп, ал болсо ташка чалынып жыгылып аңда чаң басып калып, сыртта карап турган уулу атасы өлдү экен деп бакырып ыйлап, аны “Юну” чаңдан сүйрөп  тартып чыгарышып, ал болсо уулун “ыйлаба, мен өлбөйм, мен человек-паукмун” деп сооротуп (экөө ошол мультфильмин жакшы көрүшчү), анан кайра сүрөп, таяп, тартып атышты. Эки саатка жетпеген убакытта ороодогу килейген таш сыртка чыкты. Кошуналар келип көрүп таңгалышты. Кийин айылда мындай көйгөй жаралса райцентрден кран жалдабай эле Жумадил менен “Ю” бүтүрчү болду. Колу бошой калса эле суу жээктеп, уулу менен балык уулап кетет. Балыкты жакшы кармайт. Куру кол кайта элек. Айылдыктар “Юну” үйүндө жок болсо суу жээктен табышат.

Ал жылдары көмүр кымбаттап, айылдын көбү көң калап, же токойдон тал, карагай кыйып келип кыштан чыгып аткан.

Бир жолу кичине кемпирдин ал-жайын сурап үйүнө кирсе суу тал жагып, түтөп күйгүзө албай атыптыр. Бир жума мурун эле келинчеги ар бир кабын беш кап картөшкөгө алмашып үйүнө көмүр алышкан. Кемпирге боору ооруп кетти. Уулу экөө түнү менен эки кап көмүрдү жеткизип беришти. Бир кап көмүрдү болсо уулуна көргөзбөй баягы күйөөсү Россияга кеткен келинге жеткизип берди. Эртең менен туруп эле аялы Бактыгүл ызы-чуу салат:

- Тур эмне жатасың, түндө көмүрдү уурдап кетишиптир, изде, – деп “Ю” укмаксан болуп жата берет.

Уулу тура калып:

- Аны деген папам экөөбүз түндө чана менен кичи апама жеткизип бергенбиз, – деп айтып салат, бала неме.

- Тур кайра апкелгиле, көмүр кымбат болуп атса, өз үйүнөн көмүр уурдаган апендини ким көрүптүр, – деп чаң салат.

“Ю” уйпаланган чачы менен тура калып:

- Эй, “Би-би-си”, жалгыз кемпирден көмүр талашалыбы, – деп жулунуп, аялын урмакчы болуп, уулу ортого түшүп арачалап калат. Жулунуп, тап бергени эле болбосо, алиге колу тие элек, аялы бир кыйла олбурлуу, күрөшүп, көтөрө чапкандан кайра тартпайт.

2

Бир жолу күздө картөшкө дүңүнөн сатып алганы шаар жактан айылга чоң машина келип калды. Үймө-үй кыдырып жүрүп, “Абыкеев Алымбек дегендин үйү кайсы” деп сураштырат. Көбү “Юнун” өз аты Алымбек экенин да унутуп калышыптыр. Классташы Сапан гана эстеп:

- Аны эмне кылат элең, ал тоого кеткен, –  дейт.

- Мен анын служагымын, 20 жыл мурун Подмосковьеде бирге кызмат өтөгөнбүз, – деди, курсагын куру гана тиреп турган, улам-улам шымын кайра оңдоп, мойнуна акча салган тери баштыгы бар, бети майланышкан, тойдон жаңы эле чыккандай толмоч кара жигит.

Кайдан-жайдан кабар жеткенин ким билсин, эки саатка жетип жетпей “Ю” малчылардын бирөөнүн атын минип, чаап жетип келди. Экөө кучак жайып, бири-бирин так көтөрүп учурашып, кайра-кайра жүз көрүшүп, сагынычтарын жазышты.

Аскерден келгенден бери 20 жыл бою көрүшпөптүр. Теңтушу Сапандан карызга козу алып союп, арактан арбын алдырып айылдагы классташтарын да чакырып, грузовик машинанын шоопурун, коштоп жүргөн эки жигитин кошуп түнү бою куда тоскондой эле катуу коноктоду. Аскердеги жоруктарын эстешип, байма-бай чөйчөктөр кагышып, таңга дейре көңүлдүү отурушту. Эртеси эртең менен келинчеги мына жакында сатабыз деп тандап жыйып койгон отуз кап картөшкөсүн “Ю” кошо жүктөп берди. Шаардан келген служагы соодага көнгөн неме экен.

- Картөшкөнүн акчасын айылдын баасы менен берейин, – демиш болду, салаңдаган курсагын тиреп турган кайыш курун оңдоп атып, жүзү күнгө ого бетер майланышып.

“Ю” болсо намыстанып:

- Аскерде экөөбүз качан соодалаштык эле, бергенден кийин ала бер да, – деди чын көңүлүнөн, чала-була агыш тарткан чачын сылап, төбөсү жалпыйып майланышып калган кара шляпасын оңдоп кийип.

Бул кара шляпаны жайдыр-кыштыр башынан түшүрбөйт. Чачы абдан өскөндө төбөсүнө көтөрүлүп, чачын жалтырата алдырганда баса кийип, айтор, алыстан ушу шляпасынан таанышат. Акыркы эки жылдан бери кызыл жүн свитерди үстүнөн түшүрбөйт. Аялы базардан сатып келсе мойну узун экен, ысып кетип атам деп, мойнун кайчы менен кесип салган. Ошо бойдон кийип жүрөт. Шляпасы кара, свитери чылкый кызыл. Тээ алыстан таанылат.

Эки жигит ушуну эле күтүп аткансып картөшкөнү тез-тез жүктөп ийишти. Отуз кап картөшкөнү жүктөп бүтүп, коштошоордо шаардан келген служагы:

- Ии баса, сүйүнчү, жакында эле эркек неберелүү болдум, – деди жылмая күлүп, салмагын көтөрө албай майышкан бутуна араң таянып.

“Ю” болсо өзү неберелүү болгондой сүйүнүп:

- Болсун, болсун, – деп бетинен өөп, чөнтөгүндө акча жок экенин билип, не кыларын билбей шашкалактап:

- Кыргыздын ырымы эмеспи, – деп, – сүйүнчүгө бир торпок, – деп короосундагы кредитке аялы былтыр сатып алган күрөң торпокту жетелеп келип, тиги машинеге өзү жүктөп берди.

Колуна устукан салынган баштык көтөрүп, машинасына отуз кап картөшкөнү, бир торпокту жүктөп, жылмая коштошуп, служагы жакшы маанайда узай берди. Үйдүн чатырында каз катар тизилген көгүчкөндөр көзгө урунду. Беш-алты көгүчкөн сурайын деп батынбады.

Торпокту жүктөп ийгенин аялы Бактыгүл түш оой билди. Ыйлап, сыктап күйөөсүн ойготту.

- Аны кредитке алганбыз, картөшкөнү сатып, жарымынан кутулалы деп аткам, эми ушу торпок кийин кунаажын болуп тууп берсе, балабыз эл сыяктуу айран айран, сүт ичип, анан музоону сатып, кредиттен кутулуп, эл сыяктуу оокат кылалы дебедим беле, – дейт ызаасын ичине батыра албай.

“Ю” болсо түндө ичкен неме, башы ооруп калгандыктан, башын кайра жууркан менен чүмкөп:

- Баш ооруп атат, жарма берчи, ого бетер башты оорутпай, – дейт жактырбагандай.

Аялы жармасын куюп берип, эч нерсе болбогондой “кулкулдатып” жутуп атты. Келинчеги ызасын тыя албай:

- Мейли картөшкөнү бекер бер, жалгыз торпокту эмне бердиң, служагыңдын үйүнүн адресин тап, мен барып торпокту кайра алып келем, картөшкөнү сатсак уулуң велесипед алып бер деп ыйлап атат, – деди ыйламсырап.

“Ю” чачы уйпаланган башын төшөктөн чыгарып:

- Эй, Би-би-си, менин намысымды тебелебе, мени эл-журтка шерменде кылайын деп атасыңбы, антсең мен муунуп өлүп алам, бердимби, бүттү, – деп коркутту. Өзү момун көрүнгөнү менен аялына эле катуу, кекетип сүйлөйт.

Аялы бышактап ыйлап сыртка чыгып атып:

- Мени ойлобосоң да мобу балаңды ойлосоң боло, кышкыга бутуна кийер эч текеси жок, – деди да, бир аз негедир коркуп кетти, жети жыл илгери карындашы да муунуп өлүп алган, ошону эстеди.

Бул окуя тез эле унутулду. “Юнун” үй-бүлөсү кредиттин үстөк пайызы көбөйүп, бир жылдан бери төлөй албай, анан микрокредиттик уюм келип, “Юнун” эски көк дарбазасына, “Дом продается. Үй сатылат” деген бакыйган жазуусу бар табличканы илип кетишти. “Ю” жаман болду, акча сурап бирөөгө баргандан да намыстанды. Кичине чүнчүй түштү. Оңбогон жаш балдар келип “Үй” деген сөздү өчүрүп “Ю” тамгасын жазып кетишиптир. Ошондо “Ю” сатылат” болуп окулуп калат экен. Өзү ага теригип да койбоду.

Уулу экөөнүн жалгыз эрмеги үйүнүн чатырындагы көгүчкөндөргө жем чачат. Келинчеги тоокторго деп кошунасынан сурап келген жемди уулу экөө шаты менен чыгып, уурданышып көгүчкөндөргө чачат. Кайсы бир жылдары көгүчкөндөргө жем берем деп атып чатырдан жыгылып кетип, оң колу сынып, анысын шак-шак коюп, жип менен мойнуна асып алып, ошондо да сол колу менен тынбай ар кимдин ишин кылып жүрдү. Көгүчкөндөр да “Юнун” жоош экенин билет. Жем берип атканда уулу экөөнүн ийинине, колуна конуп алышат. Уулу абдан ушуга сүйүнөт. Өзү аны көрүп алып укмуштай каткырат. Ошондо сонун рахат алат. Жерге түшөөрү менен уулу:

- Папа, эми көгүчкөндөргө өзүнчө тордон уя жасап бересиз, ээ, – дейт.

- Ооба, – деп эле, кайра унтуп коёт.

Аялы болсо:

- Көгүчкөндөрүңдү жогот, же өзүнчө уя сал, чатырдын үстүнө көңдөй беришип, шып көтөрө албай калды. Кышкысын этти сактайлы десек ага чычат. Жайкысын кыгы додо болуп үйүлөт. Тоокко деген жемди көгүчкөндөргө ташып бересиң, – деп урушканын койбойт.

Муну уккан уулу чын эле мамасы бир күнү көгүчкөндөрдү кууп чыгат ко деп коркот.  Өткөндө тор зым, атайын  тактай таап уя жасап баштаган. Аны көргөн аялы:

- Өзүңдүн үйүң банкта залогдо жатса, ит-кушка үй салганды эмне кыласың, – деп атпайбы.

Анан кимдир-бирөөлөр ишке чакырып кетип уяны бүтпөй калган. Ал көгүчкөндөрүн аттырбайт дагы. Теңтуштары нечен ирет атып түшүрүп, ...закускө кылалы дешти эле, демейде ак көңүл “Ю” болсо көшөрүп болбойт.

Коңшусу Карыпбек болсо:

- Ушунча көгүчкөн баккандан көрө беш кой багып албайсың, чоң атаң Абыкей салган короо бош турат, – деп какшыктап сүйлөйт.

Ага да терикпейт. Болгон жообу каткырып коёт. Кээде уулу экөө көгүчкөндөрдү туурап “кулдукулук”, “кулдукулук” деп жарыша сайрашып, окшошуп, окшошпосо деп удаа каткырып калышат. Көгүчкөндөрү абдан көп. Миң түрлүү. Ала моюн, ...көгүш, ...ак, ...ак-көгүш, ...жашыл моюн, ...ак канат, ...кош канаты,  ...көгүш жашыл, ...ала канат. “Ю” баарын жазбай тааныйт. Бирөөсү келбей калса эле уулу экөө “баланча көгүчкөн” келбей калыптыр деп издей беришет. Көгүчкөндөр балапандарын жумурткадан чыгарып атканда уулу экөөнө чоң майрам. Аны шылтоолоп досу Жумадил келет:

- Төлгө береке, – деп анан экөөлөп “бешик той” кылышат.

Кээде, ара-чолодо көгүчкөндөрдүн бир укмуш үн чыгарганын тыңдап отурганды жакшы көрөт. Ошондо аялы көрө калып:

- Ушундан көрө көгүчкөн эле болуп калсаң эмне, үйгө бир тыйын пайдаң жок, – деп урушат.

Тоокторго жем чачканда көгүчкөндөр учуп келип, кошо терип жейт. Аялы болсо көгүчкөндөрдү кубалайт.

Күйөөсү көрүп калса:

- Мени кызгангансып, ушу айбанаттан жемди эмне кызганасың, – деп жемелейт. Кээде көгүчкөндүн айынан уруш чыгат.

Бир жолу чатырга мышык кирип кетип, төрт-беш көгүчкөнүн өлтүрүп, аны артынан кууп жүрүп жок кылды кийин.

3

...Кийинки күзгү бир таңда “Ю” мерт кетиптир деген суук кабар айылга тез таркады. Көк-Ойроктон Асакеникине карагай тартып келатышыптыр, үчөө кабинада, “Ю” болсо карагайдын үстүндө экен, эңкейиш жерден карагай ооп, аны менен кошо машина ооп, жыгылып “Юну” карагай басып калып, түнү менен араң чыгарышып, таңда сөөгүн апкелишиптир. Кабинадагы үчөө тең сопсоо, “Ю” гана карагайдын астында калыптыр. Уккандар абдан кейип-кепчиди. Баягы служак жигитке кабар бердирип, топурак салганга келет ко деп күтүштү. Бирок келбеди. Өлүктүн да сыйы болот эмеспи. Кошуналары, достору, тууган-тушкандары биргелешип, бир уй чыгарып союшту.

Маркум эртең көмүлөт деген күнү айыл башчысы Мурадил, төрт-беш көчө башчысын чогултуп, кеңеш курду:

- “Ю” байкебиз айылга жакшы эле эмгек кылды. Тагдыр экен, эрте көз жуумп кете берди. Колунда байлыгы, малы жок экенин билесиздер. Үйү да банкта залогдо экен. Мурда айылда жамандык-жакшылык 20 сомдон чыгарчу элек. Эми, “Ю” байкеге 25 сомдон чыгаралы, беш сому ошо кредиттен кутулганга жардам болсун, – деди.

Экөө унчукпай турду. Сөздү ошо көчөнүн башчысы, “Юнун” коңшусу Карыпбек баштады:

- Баарыбыз өлсөк 20 сом экен да, “Ю” өлсө 25 сом экен. Аны ким торпогун служагына подарить эт дептир. Кудай алдында да, өлүм алдында да баарыбыз бирдейбиз. Сомдун курсу төмөндөп, доллар өсүп, картөшкө баа болбой калгандай мунун эл колдобойт, – деди ачуусу менен.

Калгандары да макул болгондой унчукпай калышты.

Бир кезде коңшу кодо кемпир жалгыз семиз уюн жетелеп келатыптыр. “Юнун” сөөгү коюлган боз үйгө жете бергенде топтолушкан эркектерди карап, айыл башчысы Мурадилди таанып:

- Мобу жалгыз уюмду көзүм жумулуп кетсе, карашыма союлат деп байлап жүрдүм эле. Мен өлүп кетсем, эл-журт бар эмеспи, мага мал табылар. Үйүнүн карызынан кутулуп алсын, мобу уйду Алымбектин үй-бүлөсүнө берип койгула, арбагы ыраазы болсун, – деп уйдун жибин Мурадилге карматып, көзүнүн жашын колу менен сыгып, көпкө турбай кайра үйүн көздөй жерге силкип баса берди.

Азыр эле ыражанын баасын беш сомго көтөргөнгө каршы болуп аткан Карыпбек жана төрт көчө башчылары эмне болуп кетти деп, уйду бир карап, кемпирди бир карап туруп калышты. Чатырда кулдулдап үн чыгарган көгүчкөндөр бири учуп, бири конуп атышты.

Сөөктү үйдөн алып чыгып атканда үйүнүн үстүндө каз-катар тизилип көгүчкөндөр конуп алыптыр. Бир башкача буюккан үн чыгарышат. Жаназага келген эл бирде килем жабылган сөөктү караса, бирде коштошуп аткансып каз-катар тизилген көгүчкөндөрдү карашат.

Табытты көргө алып кирип атканда уулу кошо секирип түшүп, атасы салынган табытты коё бербей:

- Көмбөгүлө, атам көгүчкөнгө уя салып берем, велосипед сатып берем деген, менин атам “өлбөйм” деген, ал человек-паук, көмбөгүлө, – деп ыйлаганы көбүнүн муун жүнүн бошотту.

Молдо өзү кошо көргө секирип түшө калып:

- Көргө киргизип баратканда маркумдун сөөгүн токтотконго болбойт, – деп сөөктү казанбагына киргизип, баланы арачалап, сыртка алып чыгышты. Көзүнөн жаш албаган, муун-жүнү бошобогон киши калбады.

Бир ууч муздак топурак менен ага тамган көз жашты кошо көөмп атышты. Өзү жупуну жашап, өң-келбети деле жупуну, бою чакан “Юнун” жүрөгүндө адамга, жашоого, аялзатына, а тургай көгүчкөнгө болгон чексиз сүйүүсү бар экенин ошондо билдим. Ошол жүрөктү жерге берип, мен да бир ууч топурак салдым. Дайым шайыр жүргөн “Юнун” чындап өлгөнү эми көр оозунда даана байкалды. 43 жаш деген күлгүн курак эмеспи, жигит үчүн.

“Ю” айылда иш кайнап турган учурда көз жумду. А жылы кар эрте түшүп, колунда багар-көгөрү жок коңшу жалгыз кемпирдин картөшкөсү кар астында казылбай калды. Аны жыл сайын “Ю” казып, жыйнап берчү. Кемпир картөшкөсүн сатып оокат кылчу. Картөшкөсү, казылбай кар алдында калганына катуу кейип кепчиди. Ошо кышта ал кемпир да кете берди. Мен өлсөм “Ю” көмөт деп мурда керээзин айтчу экен.

Ошо кар эрте түшкөн 2005-жылды айылдагылар “Баягы “Ю” көз жумган жылы” деп эскеришет.

...Алфавиттин эң соңунда “Ю” тамгасы түшүп калса кандай чолок көрүнөт. “Ю” кайтыш болгону айылдагылар да ар кайсы ишке жумшаарга киши таппай, коңултактап көнө албай, аны жок экени даана байкалып, айылда жашоо жайыраак жүрүп калгандай сезилди.

7-май,2020-жыл

Окшош материалдар

comments (17)

  • - Талантбек

    Чындыгында эле жакшы чыгарма экен. Кыска чыгарма, өтөсүнө жеткен. Кээбир сүйлөмдөрү узарып кеткен. Анча-мынча каталары бар. Бирок ал корректордун иши. Каныбек Капашович ийгилик сизге.

  • - коллега

    ыйладым. ушул чыгарманыз абдан жакты агай.

  • - Багыт

    Жашоодон алынган оригиналь чыгарманы жаратыптырсыз. Юнун ото эле марттыгын, ак конулдугун, эч нерсени ойлобогон элдин адамы болгонун билдирилиптир. Ар бир айылда ошондой Юга окшогон адамдар болот экен аларды да эстеп кеттим. Каныбек мырзага чыгармачылык ийгилик каалаймын! Чыгарма мыкты болуптур!

  • - Бермет

    Алтындай болгон байкем еч качан унутулбайт ар дайым биздин журогубуздо

  • - Алымбеков Элдияр

    Чындыкка жакындаштырсаныз болмок экен!!!

  • - Калыс

    Орто деңгээлиндеги чыгарма дейт элем

  • - Чынаркан

    Саясатчы болбой жазуучу эле болсо сонун болмок. Ак үйдо булганбай.

  • - Айтпайм атымды

    Бул чыгарманы да адамды шылдыңдоо, келечелөө деп баалайм. Кыргыз жазуучулары Шайлообек Дүйшеев да ушуга окшогон банальный темадан бийик эч нерсе жаза алышпайт

  • - Люди

    Сизди сөзгө чечен филолог деп билчимин.Бирок мындай супсак, бул атабызды мыскылдоо катары жазганыңыздан улам ойлонуп калдым..

  • - Атуул

    Менимче адамдагы эң чоң баалуулукту чагылдырган. Байлык, мансап, бийлик эмес адамгерчилик башкы орунда экенин чагылдырган аңгеме.

  • - Сыдыкбеков Каныбек Ыдырыс уулу

    "Ю"нун образында тунгуч Президентибиздин карьерасы туюнтулгандай таасир калды.

  • - Бакыт

    Ар кандай пикирлердин айтылгандыгына карабастан бул аңгеме аталышы менен да, идеясы менен да кызык жазылыптыр. Автор "Ю" да ар бир окурманды ойго түрткөн, дегеле адамдын баа-баркын, жан-дүйнө асылдыгын, керек болсо ар-намысты,кең пейилдик менен тереңдикти, бийиктикти бою кыска деп теңсинбеген Ючалык биле албаган пенделикти айткысы келген. Бекеринен "Теректей бой бергенче, теменедей акыл берсин" деп айтылбагандыр... Бул чыгарма дагы чырайына чыгарыла иштелет деп ойлойм.

  • - Курманбек

    супер

  • - Биймамат кызы Каухар

    Жакшы чыгарма экен. Ак көңүл адам аябай ачык сүрөттөлүптүр.

  • - Инеятбек уулу Ырыскелди

    Каныбек ага айылдаш эмес бир тууган тайякенди тууралап жазсаныз болмок экен.таякесин мазактаган кыргыз элине кызмат отойм деп парламентте журосунго озундун аган Адилетти да кошуп жаззсан болмок экен ,аган КАА деле убагында айылда уйчу экенго же жалганбы?

  • - Бегайым

    Жакшы чыгарма болуптур.Бирок дагы коркомдош керек болчу.

  • - Ааа

    Бул чыгармадагы суроттолгон киши Карагай басып калбай эле мындай эле ооруп каза болгон

Комментарий калтырыңыз