Карантинден кийин кантебиз?

Ушул собол баарыбыздын, катардагы жарандан тартып, Өкмөт башчысынын, Президенттин да башын катырып турат. Дүйнөлүк пандемиянын – тааажы тумоосунун кесепети бизге сабак боло алабы? Кептин баары ошондо. Кыргыз коомчулугу кадыресе үч-төрт жикке: байлар, орто жана жардылар катмары болуп бөлүнүп калганын моюнга алышыбыз керек.

Байларга эч нерсе болбойт, кыймылсыз мүлкү, андан түшкөн ижара акы, ар түрдүү кызматтарды жасаган фирмасы, акционердик коомдорунун дивиденди, сый акысы, кыскасы, булардын каржы булактары толтура, кабак-кашына чаң жукпайт. Декларация булар үчүн мамлекеттин көзүн боёгон эле кагаз, ырымына эки-үч мүлкүн көрсөтүп, калганына эсеби жетпейт. Алар саналуу кишилер болгонуна карабай, а өндүрүштүк ишканалары, завод-фабрикасы жок (болсо да ижара акы алышат же башкалар иштетет) столдо отуруп алып, калем сабы, чөнтөк телефону менен акча тапкандардын категориясы кимдер экени коомчулукка белгилүү. Мамлекетке ар кайсы фонддон, ар кайсы донор уюмдардан келген акча каражаттары булардын көзөмөлүндө, булардын кийлигишүүсүз бөлүнбөйт, өөнөлүп-кертилип, бөлүнүп калган тыйындын кайсы бир бөлүгү чыныгы ээсин табат. Отчётко керек эмеспи.

Пандемия учурунда, орозо айында, шайлоодо булар кол куушуруп отурбайт. Берчүсүн көз көрүнөө, көмүскө берип, коомчулуктун алкоосун, жетим-жесир, бей-бечаранын, кыскасы, жакырчылыкта жашагандардын батасын алат. Эмне себептен дайыма ушундай оор, кыйчалыш мезгилде кайрымдуулук, соопчулук иштер жасалат да (мажбур түрдө, эл көрсүн үчүн), башка жөн-жайда арызданып барган кишини адамдай кабыл алып койгонго убакыт табышпайт? Кыргыз “сен мага, мен сага” деген эсептешүүдөн, ооз басырык мамиледен, “биздин бала же кыз” деген жердешчиликтен, ишенчээк, карапайым адамдардын укугун талаша албаган мажүрөө, сабатсыздыгынан пайдаланган куулукту, айлакерликти азайтса, мыйзам баарына тегиз иштесе, аз да болсо жашоо жакшы жагына өзгөрөбү дейсиң...

Булардын жеке жашоосу, турмуш образы дароо эле жүз градуска бурула калат деген жомок. Пандемия кан сарайда жашап, болбоду дегенде кара-кызыл икра, казы-карта жебесе башы айлангандардын эсептелүү тобун, өздөрү айткандай “элитанын” кылын да кыйшайтпайт.

Орто катмардагылар көбүнесе өз бешене тери менен бизнес жасаган ишкерлер, орто жана чакан бизнес ээлери, казынадан айлык акы алгандар, бул категорияга киргени-кирбегендери да бар, айрымдары тыйын санап жашагандай көрүнөт, алардын арасында өзүн байлардын катарынан көргүсү келгендери көп. Өкмөттүн ишинде иштегени менен менчиктештирүү мезгилинде эки-үч объектини ээлеп коюп, ошонун ижара акысын  канттай шимип, чээндеги май таманын соргон аюдай камырабагандар.

Ишкердүүлүктү жүргүзгөн, товар өндүргөн же кайра иштетүүдөн продукция жасагандарды ойлондурган нерсе – кредит маселеси. Банктардан насыя алып, этап-этап менен бизнесинин кем-карчын бүтөп, өз убагында эсептешип, ишин илгерилеткендер да бар, очойтуп алган (ач көздүк, куру кыял жана эсеп-кысаптын реалдуу эместигинен) каражатын төлөй албай, бийликтен, банктардан ырайым сурагандар да жок эмес. Кыскасы, карантин көп маселелерге шылтоо болору анык, ал гана дареметсиздикке (банкрот) объективдүү фактор катары каралары турган иш. Дүйнөлүк кризис болорун бакубат мамлекеттер алдын-ала болжошкону жөндүү, бирок, экспорту өп-чап, импорт менен жан баккан (башка өнүккөн өлкөлөргө салыштырганда) масштабдуу өндүрүшү жок, биздеги чаканыраак, филиал өңдүү ишканалардын арабөк абалдарына карап каатчылыктын капшабына кабылды деп эсептөөгө болобу? Шылтоо айтканга, шылтоо издегенге көнгөн калк элек, кудай берди деп, “ ат дарбыса, эшек кошо дарбыйт” болбосок эле болгону.

Өкмөттө атайын экономиканы семичкедей чагып, эртеңки күндүн болжолун так, туура, көрөгөчтүк менен айтсын деген эксперттер (олчойгон эмгек акы алган) бөлүмдөр, комитеттер, институттар бар, алардын кризиске каршы же каатчылыкты алдын-алуу боюнча долбоорлору даяр болуш керек. Кандай дейсиз?

Үчүнчү катмардагылар социалдык жактан коргоолуга, кам көрүүгө муктаж болгондордун (тубаса оорулуу, оорусу боюнча майыптар, багар-көрөөрүн жоготкондор, пенсиядагылар ж.б. у. с.) оорусу, абалы мурункудан да оорлоп, мурункудан да мүңкүрөп-мукурап калбасын, дагы үстөккө-босток кошулуп, жакырчылык тереңдебеш үчүн атайын программа иштеп чыгуунун зарылдыгы турат. Эң жөнөкөй мисал, оорукчал адамдардын социалдык абалы курчуп, дары-дармеги, жөлөк  пулу, күнүмдүк керектөөсү кыскасы, тамак-ашына чейин көз карандылыгы тиешелүү мекеме-уюмдардын, жоопкерчилиги мойнуна жүктөлгөн соцфонд, соцкоргоо кызматындагылардын  азыртан баш катырган маселеси болсо кана....

 Таажы тумоосунун пандемиясы бир улуу чындыкты ачыкка чыгарып койду. Кызматынан пайдаланып уруулук кылып, коомдун мүлкүнө кол салып, тез эле байып кетүүнү көздөп, анысы ашкереленсе, чет жактарга качып чыгып кетүүгө болбой турганын тастыктады.

 Тажы тумоосу кайсы улуттун, кайсы өлкөнүн жараны болсоң да, башка иш түшкөндө, ошол туулуп-өскөн Ата Мекени гана күйөөрүн, жердин жети түбүнөн болсо да жаранын алып келээрин, тумоо жуктубу-жукпадыбы деп арттан сая түшүп, кам көрөрүн билдик. Ата Мекенден айлансак болот.

Таажы тумоонун кудай жалгап бай-кедей, депутат же каратаман, олигарх же тентимиш деп бөлбөгөнү жакшы экен. Мейманкана тандагансып, мамлекеттин ооруканасына мурдун чүйрүгөндөргө “люкста, апартаментте жатат элем...” деп тандаганга жол бербей, таанышың эмес, жакын тууганың да жаныңа жолой албаган абалга көпчүлүктүн бири катары сенин кимдигиңди тээп ойнобогон илдет күчтүүлүгүн көрсөттү. Демек, руханий тазалануунун кези келгенин эскертти.

 Тажы тумоосу дарыгер менен мугалимдин статусун өзгөртүүгө, коомчулуктун көз карашын, мамилесин жакшыртууга, мамлекет колун болоор-болбос тыйын-тыпыр менен майлагандын арык аттап, суу кечпей калганын айкындады. Мугалимдер балага билимди билимдей терең жуктурган, дарыгерлер бейтапка күйүп-жанып караган абалды түзбөсө, кандайдыр бир апааттын (дагы кандайлар алдыбызда турарын кудай билет) алдында алсыз, жараксыз, айласы куруган шордууга айланаарыбызды кулак кагыш кылды.

 Таажы тумоосу адамдын адам сындуу эле жашашын таамай жаңсады. Табиятты сүйүп, жан-жаныбарларга жан тартып, эртең менен аман-соо тургандын өзү, эки бутуң менен басканың, бирөөгө пайдаң тийбесе да, зыян келтирбесең, мээрим менен боорукерликти, адамгерчилик менен ыйманды кучагыңа батырып жүрүүнүн өзү бакыт экенин таанытты. А-а, биз пенделер өмүр бою бакыт издеп, бакыт күтүп, чачылып-чарпылып жүрөбүз...

 Биз, кыргыздар куру намыс үчүн баарына даярбыз, ошол оолукма мүнөзүбүздү жоготуунун мезгили келди. Аш-тойго, мааракеге, куру-шаани-шөкөткө азгырылып, чөнтөгүбүз куруп калганына карабай карыз, кредит алып, “эл көрсүндү” токтотушубуз керекпи дейм... Сиз кандай дейсиз? Аял аттуулар ар жерге барса, түрлөнүп кийинип, түсүн сулуулап, табият берген өңдүн кадырын тебелегенди токтотсо, үйгө карамдуу, сарамжал, салтыбыздын санжырасын улаган, эркектерибиз улутка мүнөздүү үй-бүлөнүн тирөөчү, коломтонун отун өчүрбөй, бүлөсүн баккан, боз үйдүн түндүгүндөй кебелбей, жаратмандыкты, түзүүчүлүктү колго алса, коомубуз оң жолго барары шексиз. Ишениңиз!

 Ал эми байлар, олигархтар, бизнесмендер, молдокелер эң башкысы эл башкарган бийлик төбөлдөрү элдин маңдай теринен жаралган оокатка, эл байлыгына кол салганды токтотсо, кымбат нарктагы отеллдерге, мейманканага, чет жактагы бейиштей болгон жерлерге эс алууга, саякатка бараарда, ажылыкты ниетине салаарда өзү жашаган коомчулукка шаардагы, айылдагы, көчөсүндөгү же кварталындагы бей-бечара, аксап-тексеп жүргөн майыптарга, бир сындырым нан үчүн керели кечке кайыр сураган байкуштарга бир карап, ойлонуп, өзүнө салыштырып, чын дилинен жардам колун сунуп, адамгерчиликтин эң бир бийик үлгүсүн көрсөтүп турушса, таажы тумоосунун апаатынан, сабактарынан жыйынтык чыгарганыбыз кыргыз коомчулугу, өзүбүз үчүн болоору айдан ачык. Бир муштумдай түйүлүп, чогуу аракеттенсек, күрөшсөк, баары жакшы болот. Ишениңиз!

Ризван ИСМАИЛОВА, жазуучу, журналист

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз