О`Шакир: Кыргызстандын апаатка такаат кылуу аргасы

Дүйнөлүк пандемия жарыя болгон күндөн бери Кыргызстанга сырттан канчалаган донорлордон кандай жардамдар келүүдө? О.э. өзүбүздүн жергиликтүү ишкерлер чөйрөсү кол куушуруп отурган жери жок. Алар да ар кыл деңгээлдеги көмөктөрүн аянбастан көрсөтүүдө. Тилекке каршы, Кыргыз Өкмөтү сырттан келген жана ичтен көрсөтүлгөн жардамдарды коомчулукка ачык-айкын маалымдоо саясатын уюштура албай отурганы – коомчулук арасында күндөн-күнгө ишенбөөчүлүктү жаратууда!

Мындайда эл менен бийликтин ортосунда ачыктык керек эле. Эң кейиштүүсү – массалык маалымат каражаттарынын ишмердигин чектеп койгондугу да буга кошул-ташыл кыжырдануу жараткан Кыргыз бийлигинин амалы болуп калды десек болот. Эч болбосо мамлекетке көзкарандысыз маалымат каражаттары аркылуу да сырттан келген жана өзүбүздүн ишкерлер чөйрөсүнөн көрсөтүлгөн жардамдар жамы журтка жар салынып турган болсо, мунун өзү жалпы коомдун жапатырмак биримдигине, аң-сезимине оң таасирин гана тийгизмек. Моралдык шык, моралдык эргүүсүн жаратмак. Жапа жабыр сыноодо эл бул кыйынчылыкты ынтымак менен гана жеңээрин көрсөткөн жараянга айланмак.

Ал тургай мамлекетке жардам көрсөтүү демилгесине шыктанган колунда барлардан мындан да көлөмдүү жардамдар көрсөтүлүп, керек болсо өзүмчүл көпөстөр, сараңбайлар эл камын ойлоно баштамак.

Арийне, Кыргыз бийлигинин бүгүнкү дүйнөлүк апаат менен минтип жабык абалда күрөш жүргүзүүсү – эл ишениминен ажыроодон башка кандай жыйынтык бериши ыктымал?!

Четтен келген жардамдарды биздин чоңдор өз дареги менен пайдаланып атабы, жокпу? Ансыз да буга чейин коррупциялык шек жаратуулар менен жаманаттыдан кутула албай келген Кыргыз бийлиги эл ишениминен биротоло кол жууп калбайбы?! Күнүмдүк маалыматтарга талдоо жүргүзө турган болсок, бийликтегилердин эл менен кызматташуу жөндөмү көзгө көрүнөрлүк, көңүл жылытаарлык болбой жатат.

Белгилүү ишкер, мурдагы экономика министри Эмил Үмөталиев “Азаттыкка” курган маегинде бийликтегилердин кулагына күмүш сырга болор жаркын бир идея айтты. Белгилүү ишкердин айтымында, муктаждыкка зар болуп отурган жарандарга пакет тараткандан көрө жардамды акчалай түрүндө тараткан оң болмок. Себеби жардам акча түрүндө таратылса, аны ким болбосун өз муктаждыгына карап пайдалана алат. Ал эми дүңүнөн пакет таратуу жолу менен жардам уюштурган бийликтин аракети – коррупция тамыр жайып кеткен коомдо түрдүүчө шек жаратат, күмөнсүтөт. Тек гана өкмөт элге жардам көрсөтүүдө деген гана аты болбосо, маалыматтык ачыктыкты камсыздай албаган өкмөттүн мындай саясатына элдин ичи чыкпайт.  

Бирок ошондой болсо да адилеттик үчүн белгилей кетчү жагдай: коңшу мамлекеттерге караганда Кыргыз бийлиги карантин режимин кабыл алуу чечимине эртерек көңүл буруп озунганы мактоого татырлык аракет болду. Жамы журт күнү-түнү блокпостордо көз ирмебей күзөттө турган ИИМ кызматкерлерине алкыш айтаар жердебиз! Алар ар ким менен жаман-жакшы айтышып, айрым өктөм мүнөз, түркөй чалыш жарандардын каарына кабылса да, таажы тумоосунун жайылып кетүүсүнө жол бербөө аракетин көрүп, туруштук берүүдө. Болбосо ооруканалар вирус ташынгандарга толуп, ак халатчандарга мындан да оор түйшүк үйүлүп калуу коркунучу бар эле...

Мындайда эл-журт Кудай-таалага жалынып, курман чалып бата тилегенден ылаажы жок! Эл ак халатчандар менен милийсаларга жалынар жердебиз!

Учурда колубуздагы маалымат боюнча: “Ата-Журт кыйын күнгө кабылганда, айлансын ар бир ишкер чагылганга” деген жалындуу дем менен JIA Бизнес-ассоциациясынын ишкерлери жана “Элим, Барсыңбы” ККФ тарабынан уюштурулган “Апаатка Такаат” долбоору коомчулуктун көзүнө көрүнөрлүк чоң жардамга айланды. Айтсак, күнү-түнү коронавирус менен тынымсыз күрөшүп жаткан дарыгерлерди колдоодо 1000 комплект атайын вирустан коргоочу формаларды тапшырышты. Ал формалар атайы сертификаты бар, Кытайда өндүрүлгөн жогорку сапаттуу, эл аралык стандарттарга жооп берген: медициналык бет кап, атайын көз айнек, костюм, бахила жана кол каптар. Бул формаларга жергиликтүү ишкерлер тарабынан жалпысынан 2 млн. сомго жакын каражат чогултулуп, аталган формалар Кыргызстандын аймактарына таркатылууда.  

Коронавирус илдети бүтүндөй дүйнө жүзүнүн колу-бутун тушап турганда, биздей экономикалык кубаты куруган мамлекетибизге эми ишкерлер чөйрөсү гана арка-бел болор чоң күч. Апаатка такаат көрсөтүүдө Кыргыз Өкмөтү ишкерлер, өндүрүшчүлөр менен эриш-аркак кызматташар жерде.

Арийне, дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун жумуш орун тартыш болору айкын болуп калды. Америка, Европа, Россия жана бүтүндөй Азия өлкөлөрү экономикалык кыйынчылыкка тушугуп, ал жакта эмгектенген мигранттарыбыз иш орунсуз калып, көбү Кыргызстанга кайтып келери реалдуу чындыкка айланар кези. Андыктан кооптуу коңгуроо үнү али алдыда.

Сырттан агылып келер мекендештерибизди жумуш орун менен камсыздоодо өкмөттүн чарк-чамасы жетпейт, бул көйгөйдү Кыргызстандын ишкерлери, өндүрүшчүлөрү менен гана биргеликте чечүүдөн башка арга жок. Анүчүн бюрократиялык мамлекеттик түзүмдү башкаргандар мурдагыдай көндүм стандарттар менен иш жүргүзгөндү коюп, ишкерлер чөйрөсүнө жагымдуу климат, жеңил шарттарды түзүп бере алабы?!

Сырттан контрабандалык жол менен келген товарларды кыл жип менен буугандай токтото алышабы?! Же мурдагыдай эле атамекендик өндүрүшчүлөргө чоң атаандаштык жараткан контрабандалык товарлар агылып кирип, коррупционерлер туйтунуп оокатын кыла беришеби?!

Ыраматылык Салижан Жигитов: “Биздин жогорку билимдүү экономисттер базардагы дунгандын 6-класс баласына алданып калчу жерде!” дегениндей эле, Кыргыз Өкмөтүндө экономикалык прогнозу так аткаминерлер отурган жери жок. Мурдунан алысты көрбөгөн андай аткаминерлерге караганда дүйнөлүк апаатка такаат берчүлөр идиректүү ишкерлер чөйрөсүндө арбын. Тилекке каршы, иштин көзүн билген андай кадрлар менен кызматташтык жүргүзүүдө Кыргыз Өкмөтү дайыма бюрократиялык тоң моюндук кылып келген. Азыр да ошол тоң моюндары жибип кеткен жери жок. Болбосо, учурдагы кырдаалдан тезинен чыгуунун жолун издеген өкмөт болгондо; жалпы ишкерлер чөйрөсү менен кереге кеңеш куруп, алдын ала апаатка такаатты чогуу издегени ийги болор эле!

 

Окшош материалдар

Комментарийлер (2)

  • - Саламат

    Өкмөткө жарыбадык эч

  • -

Комментарий калтырыңыз