Зайырбек Ажыматов атындагы сыйлык талашка түштү

Акын Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлык «Роза Отунбаеванын демилгелер фонду» жана «РухЭш» сайты тарабынан уюшулганга чейин бул сыйлык кантип демилгеленип, «Казына» эксперттер тобунун онлайн талкуусу кандай мүнөздө улангандыгы боюнча талкуунун тексттин коомчулукка ачык жарыялоону эп көрдүк. Арийне, аталган сыйлыкты уюштурууда коомдук пикирлерди да эске алгыбыз бар. О.э. бул демилгени колдоого алууга ниеттенген башка тилектештер менен да кызматташтыкка даяр экендигибизди билдиребиз...

Олжобай Шакир: Йе, туугандар! Мен бир идеяны Зайырбектин үй-бүлөсү менен кеңештим, эми силер – адабий эксперттер болуп талкуулайлы! Жаш акындар үчүн З.Ажыматов атындагы жаңы бир адабий сыйлыкты ушул казыначылар уюштуралы. Критерийин талкуулашалы, талкуу коомго да жарыяланат. Андыктан темадан сырткары сөздөрдүн кереги жок. Ар кимиңиздер оюңуздарды ортого салып, талаш-талкуу менен аталган сыйлыкты канткенде адилеттүү жолго коёр болобуз – кеп ушул... Ээрге көчүктү башынан түз коёлу! Учур адабиятынын жаштарына чыгармачылык дем-шык берер долбоорду канткенде бышырабыз? Канткенде улуттук адабиятыбыздын ажарын ачаар долбоордү түптөй алабыз – акылыңыздар, идеяңыздарды төгө бериңиздер. Мамлекеттик жана коомдук фонддор уюштурган көп эле сыйлыктар артынан ар кандай айың кептерди жараткан учурларды көрүп эле жүрөбүз, андыктан камырдан кыл сууругандай акыл кошуңуздарчы бир...

Тайир Аширбей: Элдин көктөн тилегени жерден табылды. Зайырбек Ажыматов атындагы адабий сыйлыкты уюштуруу – жаштар адабиятына болгон аталык камкордук. Эмесе айрым сунуштарды ортого салайын: 1). Сыйлыкка көрсөтүлгөн талапкерлердин жаш курагы 35 (отуз беш) жашка чейин болсо. 2). Аталган сыйлык жыл сайын З. Ажыматовдун туулган күнүндө тапшырылса. 3). Талапкерлердин чыгармалары конкурстук негизде тандалып алынса. а). Китеби жарык көргөн авторлор китебин сунуш кылышсын. б). Ал эми китеби чыга элек авторлор 10 (он) даана ырын тийиштүү комиссияга жөнөтүшсүн. 4). Жыл сайын эки жаш акын лауреат болушсун. 5). Лауреаттарга төш белги, диплом жана акчалай сыйлык берилсин.

Айсулуу Көкөева: 35 беш эмес, 43 жашка чейинкилер болсо жакшы го. Зайырбектин жашын белгилей?

Абдысамат Сарала: Анда жаш акындар арасында болбой калат ко?

Айсулуу Көкөева: Жаш акындардын канча сыйлыгы бар? Ошого да караш керек ко.

Абдысамат Сарала: Эң башкысы, башка адабий сыйлыктардан айырмасы болсо, бир эн белгиси, өзгөчөлүгү болсо мыкты болот. Азыр билишимче көп адамдын атындагы адабий сыйлыктар бар.

Олжобай Шакир: Чыгармачылык критерийге муну кошуш керек: байлык-мансаптууларга, бийликке жагынбаган позициясы бар акындар гана талапкер боло алат! Ушул критерий далай Арзыматты тизгиндейт!

Абдысамат Сарала: Мага жашташ эле бир жигиттин атындагы адабий сыйлык бар экенин билем. Балким окуучулардын же студенттердин арасында жүргүзүлсө жакшы салтка айланып кетер?

Тайир Аширбай: Эң оболу сыйлыкты негиздеген, түптөгөн тарапты белгилеп алганыбыз оң. "РухЭш" өзүбү? Же башка демөөрчү тараптар чыгабы?

Олжобай Шакир: Критерийди иштеп чыгып, баары акыйкат өтө тургандай механизмге салынгандан кийин бул сыйлыкты салттуу түрдө уланта турган милдетти "РухЭш" сайтынын алдындагы "Казына" адабий эксперттер тобунун функциясына киргизебиз. А демөөрчүлүктү "РухЭш" сайты уюштурат.

Азамат Омош: Негизи ушул жаш акын, аялдар поэзиясы деген терминдерди, түшүнүктөрдү ким киргизген? Жазчу адам 20сында жазып салат. Мага окшогону 40та деле жүрө берет)). Талкуудан тыш болуп кетти окшойт, ошентсе да сөзүмдү аягына чыгарып коёюн. Аялдар поэзиясы деген окең менен бизде эле болсо керек. Же дүйнөдө кенен жайылган практикабы? Менимче, өзүнөн мыкты жазган бир аялды алдына чыгара койбой, жолун тосуу максатында эле бир эгоист эркектин чыгарганыбы дей берем)).

Тайир Аширбай: Темирди кызуусунда сокконго эмне жетсин. Сыйлыктын өлчөмү (акчасы) канча сом болушу керек?

Олжобай Шакир: Азырынча союла элек төөнүн терисин быча албайбыз – сыйлык өлчөмү канча болот. Бирок 50 миң сомдон 100 миң сом эки жаш акынга уюштура алам, тилектеш демөөрчүлөр менен сүйлөшүп. А мүмкүн демөөрчүлөр мындан да көп сумма сунуш кылып калса, аны да көрөбүз...

Мен ушул жерден Амирбек байкеден (А.Азам уулу) суранар элем: байкебиз чейрек кылымдан бери Европада жашап, ал жактагы маданий жаңылыктар менен өрнөктөргө эң жакындан аралашып жүргөн киши эмеспи, мүмкүн ошол жактын адабий тажрыйбаларынан сунуш кылар. Азамат менен Нарсулуу деле Россияда жүрөт, бул экөө да ушул маселенин тегерегинде орустардын адабий чөйрөсүнүн тажырыйбасын сунуштасын. Айтор, дүйнөлүк практиканы киргизишибиз керек.

Тайир Аширбай: Демөөрчүлөрдүн катарына Аксы райондук мамлекеттик администрациясын кошсок болобу? Минткенимдин себеби: Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлыктын ээси – Лейлек районунун акимчилиги.

Олжобай Шакир: Ушундай илдеттен кыргыз качан кутулабыз?! Зайыр Аксынын эле акыны бекен?! Жамы журттун энчиси! Андыктан жердештерине басым койгондун өзү туура эмес. Биз жаңы аң-сезим, жаңы маданият, жаңы салт калыптай албайбыз мындай ой жорум менен!!!

Жолдош Турдубаев: Идея абдан жакшы. Жаштар арасында десек, 35 жашка чейинкилерди эле катыштырыш керек. Жарандык туруктуу позициясы бар, утурумдук саясый өнөктүктөргө көп аралаша бербеген, мазмундук да, көркөмдүк да жактан мыкты чыгармаларды жазган авторлорго ыйгарып туруш керек ко.

Олжобай Шакир: Негизи бизде чыгармачыл интеллигенция өз долбоорлорубузга инвестор табуу жолдорун үйрөнүшүбүз керек! Кыргыз маданиятын, адабиятын өстүрөр мекенчил ишкерлер, бизнесмендер табылбай койбойт. Бирок биз аларга алакан жайып барбай, креативдүү идея, сунуштар менен барып, эки тараптын кызыкчылыгын камтыган долбоор иштеп чыгуубуз керек. Арийне, биздин принципте Зайырбектин жердештеринен демөөрчү издөө аракетинин кереги жок. Анда бул сыйлыктын келечеги күмөн болуп калат. "РухЭш" сайты менен өнөктөш «JIA Бизнес-ассоциация» тарабынан бул долбоорду колго алып кетер азаматтардын бирөөнү табарыма ишенем! Андыктан сиздер менен бирге сыйлыктын критерийин жана принциптерин, механизмдерин талкуулап бышыралы.

Жолдош Турдубаев: Дагы бир сунуш: байгенин бир бөлүгүн жеӊүүчүнүн (-лөрдүн) жыйнагын (-ктарын) чыгарууга жумшаса да болор? Ошондо китеп чыгарууга сүрөөнчүлүк кылгандар да көрсөтүлөт аннотация берилген бетине эле. ЖИАнын акчасын эле сурабастан, ишкер идеяларын да жеткиликтүү тил менен, жакшы формада элге жайылтуу жагын ойлонуш керек. Мисалы, улуттук экономиканы, ишкер чөйрөнү өнүктүрүү стратегиясын сунуш кылышса, сонун болбойбу?

Олжобай Шакир: Агер туура көрсөңөр эки эмес, жылына бир акынга жүз миң сом менен берилип турганы эле оң болуп жүрбөсүн. Себеби сыйлыктын да баркын кетирбей, майдалабай, көзгө жарк этип көрүнөр акынга гана тапшыралы. Себеби чыныгы акындар ансыз да саналуу эле чыгат өзү. Анан капкайдагы жамакчыларга берилип баштабасын!

Жолдош Турдубаев: Бирок ЖИАны жарнамалоо милдетин жаш авторлорго эмес, "РухЭш" сайты аркалашы керек.

Айсулуу Көкөева: Горький атындагы институт мурдагы күчүндө болгондо бир жеңүүчүнүн 2 жылдык окуусун каржылоо – деген пункт болсо ээ... Же чыгармаларын которуу, ага агент издөөбү... же тил үйрөтүүгө мүмкүнчүлүк берүүбү...

Жолдош Турдубаев: Жакшы сунуш. Дагы бир сунуш: кыска тизмеге илингендерди бир жумалык же бир айлык адабий курстан өткөрсө болот, мисалы, Үмүт Култаева, Айнура Кадырманбетова, Абдыкерим Муратов, Лайли Үкүбаева, бул жердеги Ризван сыяктуу адабиятчылардын колунда.

Айсулуу Көкөева: Ал Айтматов уюштургандай кылса сонун болмок да, мен ага илингем. Ч.Айтматов Ысык-Көлдө 15 күн мастер-класс өткөргөн. 4 секция кылып бөлүп окуткан. Жаштардын чыгармачылыгындагы негизги кемчиликтерди бөлүп алып, ошого жараша лекторлорду алып келген. Наркотик, экстремизм жөнүндө жазганда кандай өзгөчөлүктөрү бар? – ошону эске алган. Чыгармачылыктагы психология боюнча – Арон Брудный, тилчи – М.Рудов, кино сценарий боюнча режиссёр – З. Эралиев, драматургиядан - Мар Байжиев.

Олжобай Шакир: Бул да мыкты сунуш! Чынында улуттук адабияттын өсүшүн каалаган ишкерлер чыгып калса, Айсулуунун ушул сунушун деле жеңүүчү акынга сыйлык менен кошо ыйгарсак кана.

Айсулуу Көкөева: Бир жаманы – Ошондо да кыргыздар тобундагы лекциялар орустар тобундагы сабактарга караганда сыйымдуулугу жагынан аз болгон деп эсептейм... Бул менин жеке пикирим... Орус тилчи – синонимдердин түрүн жаздырып, каерде колдонот деп, ар кимдин ырын окуп берип, "Ушуга улай сап жазгыла" десе, биз жалдырап, жазып келгенбиз да. Көрсө ал Н.Заболотскийдин,  И.Бродскийлердин ыры экен))). Окубаганыбызды ушинтип билип алды да ал)))).

Окуй турган киши Москванын атмосферасынан эле канчаны алат... Жол тарбиялайт да... Бир акын менен сүйлөштүм кечээ. Эрте үйлөнүп калдым. Литинститутка барам дегенде эки көзүм тө-ө-өрт дейт.

Тил окуткан курстарга курс сатып берсе, анда ал котормо менен да алек болуп, чет өлкөдөгү курстарга да барганга да жолу ачылмакпы.

Же байгени коюп, акчалай бербей, ушундай жолдомосу бар деп койсо, чыныгы максат койгон, адабият менен нан табам дегендер эленмекпи...

Кийин жазбай калса да мыкты адабиятчы, пропагандист болуп нан таба бермек дегеним. Бул жакшы да. Жакшы сынчы чыкмак. Ошондо байгенин адабиятка калып калуу шансы көп болмок эээ))). Сүйлөшүү жүргүзүш керек. Жатаканасы бар да. Ошол жактагы кыргыздын байларына чыгыш керек.

Литинституттун кароолчусу кыргыз эле))).

Жолдош Турдубаев: Ооба. Жакшы идея.

Азамат Омош: Адабият институнун бир жылдык контракты канча экен?

Айсулуу Көкөева: Сайттан караш керек. Ошол жактагы кыргыздын байларына чыгыш керек.

Азамат Омош: Бул жактагы байлар эптеп КРга жетип, депутат болмоктон башканы ойлонбойт, эже.

Айсулуу Көкөева: Тирүүдөн түңүлбө дейт. Чыгат ал жерден деле. "Бул жакка келээриңди ойло" – деш керек да...))).

Риза Савай: Абдан жакшы пикирлер айтылыптыр. З.Ажыматов атында болгондон кийин жобосуна чыгармалардагы жаңы табылга, жаңы стиль, жаңы манерада жазылган жаратмандарга десе, акындар ойлонушабы, изденишеби деген тилек.

Олжобай Шакир: Өйдөдө кечээтен сунуштар айтылды, ошолорго кайчы көз караш туудурганга да аракет кылгыла. Анткени талаш жандуу болсо, тирик идеялар сорок деп чыга калат өзү. Бир идеяны башкасы жыга чаап отуруп, күчтүүсү ишке ашсын!

Жолдош Турдубаев: Ким айтканына карабай, кайсы идеяны ким туура эмес деп эсептесе, таш талканын чыгара талкалай берсин. Эгер логикалык сынга туруштук бере албаса, анда ошол идеянын өз убалы өзүнө.

Олжобай Шакир: Биз чымыркана ойлонгон жаратмандыкка ошондо гана үйрөнөбүз! Болбосо көпчүлүгү тил учуна келгенди эле бүркүп салган коом болбодукпу. Ойдун түпкүрүнө түшө ойлонгон катмарды түзсөк – улуттук адабиятты удургутуп сүйрөп жөнөйбүз! Кеп идея жаратууда. Жарк эткен идеяга демөөрчүлөр жамырап чыга берет. Мен болсо Зайырбектин сыйлыгы боюнча ишкерлер менен сүйлөшүү жүргүзүп атам... Жыйынтык сонун болчудай.

Максат Жаңгазиев: Зайырбек агабыздын атындагы адабий сыйлыктын түзүлгөнүнүн өзү өтө жакшы иш. Анан жаш боюнча айтсак, Зайырбек агабыздын жашын ырым кылып 44 жашка чейин деп койсок жаштар сыйлыгынан бир аз алыстап кетчүдөй. А эгер жаштарды колдоо максатында түзүлүп жаткан болсо, менимче жаш чек 35 болгону дурустур. Анан Айсулуу эженин да пикири өзгөчө экен. Адабий институтка жолдомо дегени. А аны кошумча дагы кылып койсо эмне болот? Себеби кээ бир бара турган шарты жок жеңүүчүлөргө бир аз каражат жагы китебин чыгарып алганга ж.б. маселелерин чечип алганга жарамакпы дейм да. Сыйлыктын акча жагы да ордунда калса. Олжобай байкебиздин эки адамга 50дөн, же бир адамга эле 100 миң дегени боюнча, менин жеке оюмча эки адамга 50дөн кылган туурабы дейм. Себеби атаандаштык күчтүү болмок. "Быйыл бирөө эле алат, баары бир баланча эле алат" дебей ат салышмакпы дейм эки орунга... Анан биздеги конкурстарда көбүнчө катышуучулар катышканда калыстарга аты-жөнү белгилүү болгону өтө туура эмес. Номер менен гана жашырылып, ырлар гана аныкталгандан кийин аты-жөнү белгилүү аталганды салт кылыш керек. Азырынча ушул эле. Буюрса ниеттер ишке ашсын.

Олжобай Шакир: Зайырбектин сыйлыгын жыл сайын "Р.Отунбаеванын демилгелер фонду" менен "РухЭш" сайты уюштурмак болдук! Бир гана акынга. Сыйлыгы 100 миң сом. (Болду эми, башкаңар өлбөй тургула!))))

Сыйлыкты уюштуруучулар аныкталды, иштин эмики этабын талкуулай берели. Сыйлыктын Жобосун иштеп чыгуу "Казына" адабий эксперттер тобуна жүктөлөт. Дагы кошумча-алымчаларыбызды талаша берели, анан талкуунун жүрүшү коомчулукка да жарыяланат. Бул иш-чара улуттук адабиятыбыздын сапаттык өсүшү үчүн абдан маанилүү жараян экенин унутпаңыздар!

Абдыкерим Муратов: Жакшы болуп атыптыр. Жеңүүчү бир кишиге акча жана диплом. Менимче, бул сыйлыктын символикасы эч жерде жок эксклюзив статуэтка да зарыл. "Замандаштын" сыйлыгын бергенде биз ошондойду кошо берчүбүз. Анда Кытайдан алдырган элек. Азыр кудайга шүгүр өз балдарыбыз жасайт. Сыйлыкка жетпей калган 2-3 талапкерге ошол статуэткадан берсе болобу деймин да. Балким анда акындын сүрөтү, же айкели болор...

Айсулуу Көкөева: Кыска тизмеге илингендергеби? Кыска тизмеге илингендерге мастер-класс уюштуруш керек ко.

Абдыкерим Муратов: Бул сыйлыкка китептер көрсөтүлөт да, эгер андай болсо он-он беш жыйнактан мыктысы алынса, алар аябай эле бышкан акындар болот, демек, мастер-класска дале муктаж эмес. Анан Адабият институтуна биз жолдонмо бере албайбыз, ага укуктук негизибиз жок, анан калса ал окуу жайынын өзгөчө талаптары бар. Дагы бир нерсе – лауреат М.Горькийде окууну каалайбы?

Айсулуу Көкөева: Акындар ар кайсы облустан катышат. Бир аянтча болсо, жаштар бириксе, пикирлешсе дегеним. Атаандаштык дагы да күчөйт. Жүздөшүү, ким кайсы чыгарманы окуду – талкуулоо жакшы да.

Азамат Омош: Дагы бир нерсени унутпайлы, азыр 21-кылымдабыз. Китеп деп эле туруп албай, жазгандарынын ворд, же ПДФ вариантын деле катыштыралы.

Риза Савай: Жок, китепке басым жасаш керек. Ансыз деле китеп окутуу чоң көйгөй болуп калды.

Айсулуу Көкөева Абдыкерим Муратовдун пикирине: Бул башкача талап койгон сынак болмок ко... Акча берип коюу баарында эле бар да. Ал жерде талабы – чыгарма которулса, анан акчасы төлөнсө болду.

Олжобай Шакир: Сунушуңарды төгө бергиле, анткени талантты колдой турган демөөрчүлөр ушул талкуунун өзөгүн түшүнсө, алар өздөрү кол сунат бизге!

З.Ажыматов атындагы адабий сыйлыктын Жобосуна жана критерийине мындай шарт киргизсек дейм, кандай карайсыңар? Комиссияга заявка (билдирме – ушинтип которушуптур) берген талапкерлер ырларын псевдоним менен тапшырат десек кантет? Анткени бизде тааныш-билиштикке салгандар көп. Жердешчилик, анака-манака деген кесел оорубуз бар эле. Сыйлыктын чыныгы ээсин аныктоо боюнча кандай кылуу керек, акыл кошуңуздар!

Сыйлык ээсин аныктоо "Казына" тобундагыларга жүктөлөт. Андыктан Жобону ийлейли, иштейли. Дүйнөлүк практикаларга таяналы.

Дүйнөлүк практика менен катар өзүбүздүн менталдык кулк-мүнөздөр, шартыбыз эске алынсын: тааныш-билиштик дегендей “өзгөчөлүгүбүз”.

Айсулуу, сага бир милдет жүктөйлү, и деп туруң!

Ушул иштин координатору болосуң! Жобону иштеп чыгууда баарынын кеңешин сен топтоштурасың. Иштеп чыгасың! Иштеп чыккан вариантты бизге кайра көрсөтүп, айтор ийле Жобону.

Айсулуу Көкөева: Эми карап тур, Олжо. Мен өзүм бир да тыңгылыктуу сыйлык ала элек болсом, анан сыйлык маселесин чечкенге катышкан уят да... Же тажрыйбам болсочу...

Олжобай Шакир: Ушундай барьерди качан аттап өтөбүз?! Сен башка адабий эксперттерибиздей активдүү жазбай атканыңдан улам, сага ушул милдетти жүктөйм. Бу жерде башка эксперттер деле бекер отурган жок, айрымдарына милдеттер жүктөлгөн эбак, алар жазып атышат, башка балээни кылып атышат. А сен бул жактан акыл айткандан башка иш кылбай отурсуң))).

Айсулуу Көкөева: Дүңгүрөтө китебим чығып, уялбай турган эмгегим болсо ғо, жакшы эле дегеним.

Рахат Аманова: Бир жеңүүчү эле болуп, ага кулкуйтуп 100 миң берип койгон туура эмес. Дүйнөлүк практикада кандай конкурс болбосун – үч орун белгиленет. Бул конкурс эми Нобель сыйлыгын берчүдөй эле болуп атат. Эгерде бир эле адамга бериле турган болсо ар кандай кырдаал болуп калышы ыктымал. 1. Катыша турган конкурсанттардын көбү катышкандан чочулайт. Бир адамга берсе демек өтө укмушуна берет экен деп. Психологиялык басмырлануу үстөмдүк кылат. 2. Эгерде күчтүү эки чыгарма чыгып калса, кандай критерий менен бирөөсүнө гана байге берилип калат? Ушул жери күмөндүү жана опурталдуу. 3. Бир ыр менен жеңүүчүнү аныктоого болобу? Акындын дараметин, потенциалын, жүзүн бир ыр ачып бере алабы? Бул жерде кокустан оң келүү жана тайып, күйүп кетүү деген турат.

Олжобай Шакир: 100 миң сомду көп санап атасыңбы, Рахат. Бул аз өтө. Адабий сыйлыкты майдалабайлы, ошон үчүн критерийдин механизмдерин иштеп чыгалы деп атам! Жүз миң сом бир жаш акындын бир жыйнагын чыгарууга кеткен эле чыгым.

Абдысамат Сарала: Сыйлыктын ээсин "Казына" аныктайт деп турабы?

Айсулуу Көкөева: Алғач бир деп турса кийин каралаар. Жашоо өзү көрсөтөт да. Бир жыл бар. Чыдаганы сыйлыкка аттанганга бел байлайт.

Олжобай Шакир: Буга чейин айттым эле го, адабий сыйлыктар миллионго чыгыш керек, төкмө ырчылардыкындай эле. Биз бийикти көздөйлүчү, бүжүрөбөй, мажүрөө болбой! Татыктуу таланттар жылына 2 адам болгондо кадыры жок. Анда капкайдагы жамакчыларга деле ыйгарып калабызбы?!

Талап канчалык катаал болсо, таш тарып чыккан гүлдөй... таланттар да бекеринен чыкпайт. Жок балээни издейт. Өз жолун эрте табат.

Рахат Аманова: Мен жүз миңди бөлүп бер деген жокмун. Байге фондуна дагы акча таап; 2-3 орунга татыктууларды сыйлап коюш керек деп атам. Майдаланып, бир адамды тандап бир байге берип. Аны дагы бир жыл күттүрүп. Төөнүн туутундай кылып 12 ай күттүрүп, бир жеңүүчүнү аныктайбызбы? Эмине элдин энелери бир таланттууну тууп, калган энелер таланттуу бала туубай кысыр калыптырбы?

Ошончолук бел байлап, бир жыл бою өткөрө турган абройлуу конкурс болгонго жараша ичти кенен таштап, үч байге берсе эминеге болбосун?

Айсулуу Көкөева: Акча сурай коюш оор ғо... Бир жыл бар, чығып калаар... Анан да бүтүн Кырғызстанға бир ушул эле сыйлык эмес. Бүт сыйлыктарды таап, параллель кылып салыштырып чығыш керек.

Рахат Аманова: Элди дарбытканга жараша байгесин да байгедей коюш керек. Жеңүүчүлөр да ар тараптуу критерий менен аныкталган атат. Демек, үч-төрт стилде жазган, бирдей деңгээлде жазган күчтүү акындар чыгып калсачы?

Айсулуу Көкөева: Кайсы сыйлык болбосун – Нобель сыйлығы деле субъективдүү да...

Рахат Аманова: Бир жыл деп жаш чыгармачыл топко мөөнөт бергенден кийин, бир жеңүүчүнү аныктоо – пастык.

Риза Савай: Кооз сөздөр дебесеңиздер экен. Ушул сыйлык баш-аягына чейин мурункуларга окшобош керек. Сыйлыкты ыйгарууда да башка усулдар өтө катуу тартип менен кармалса, сыйлыктын аброю көтөрүлөт. Баш байге 100 миң болуп кала берсин, 2-3-сыйлык жана адабий айдыңдагы мекенчил, ыйман, ж.б. түбөлүктүү тематика сыяктуу номинацияларды кошуу керек. Жобосунда жазылганы туура.

Рахат Аманова: Экинчи, үчүнчү орунга байге сайып койсо эле жамакчыларга ыйгарылган болуп калабы? Байгенин кадыры кетип калабы?..

Риза Савай: Калыстар караганда конкурсанттарга аты-жөнү турмак, жытын да билдирбей кашкөйлүк менен анализдешсе....

Мээрим Көлбаева: Жакшы пикирлер айтылып жатат. Бир жылда бир болуп жаткандыктан эң биринчи орунду абдан мыкты акча коюп, 2-3 андан төмөнүрөөк кылып 3 сыйлык кылалы. Анан анонимдүү кылып, шифрлап туруп калыстарга берилсин. Бул жагын Олжобай байке катырат.

Риза Савай Рахат Амановага жооп кылып: Рахат, бир кишиге эле болсо, катышуучулар сен айткандай көксөөсү тез сууйт.

Рахат Аманова: Биринчи орунга 100 миңди бер, экинчи орунга жок дегенде оозу-мурдун куу чөп менен аарчыганда 50 миң таап, үчүнчү орунга 30 миң болсо да ыйгарып койгон жакшы. Бул жерде психологиялык, моралдык да жагы. Жаш калемгерлерди колдоо жакшы болмок.

Риза Савай: Жамак ырлар кабыл алынбайт деп ачык жазыш керек.

Айсулуу Көкөева: Эми бул калыстардын дүйнөтаанымынын, билиминин, табитинин деңгээлине жараша да. Плагиатты тааныйбы? Аны үчүн окумал болушу лазым. Потенциалын боолголой алабы автордун...

Мээрим Көлбаева: Калыстар тобун да калбааттуу, өтө объективдүү караган (бул топ да ананимдүү болсо) курамда түзсө дейм.

Рахат Аманова: Конкурска келген материалдарды түз, кыйырын аныктоо абдан оор.

Олжобай Рахат Амановага жооп кылып: 3 адамга жылыга берилсе, сыйлыктын баркы калабы?.. Оңду-солду таралган мамсыйлыктар сыктуу ашмалтайы чыгат. Бир адамдын зоболосу көкөлөп, бир акын мурдун асманга көтөрүп алса деле оңойбу, бир жыл аралыгында))).

Мээрим Көлбаева: Ушул сунуштардын бардыгын жыйынтыктап, мыкты Жобо иштеп чыгуу керек. Мынча чамынып жаткан соң сыйлыктын жылда берилип турушун да камсыздоо өтө жоопкерчиликтүү иш. Себеби, 3-5 жылдан соң жоюлуп кетип шылдың болгондон көрө, уюштурбай коюу жакшыраак.

Риза Савай: Эгерде калыстардын эмгеги адилет бааланса, аны жасайт, көп убактысын кетирип, талдайт, ынандырат, кара кылды жарат дегендей... Олжобай кармаган жерден кан чыгарган жигит, көзү жетип, ачыкка чыгарды.

Олжобай Шакир: Ошол себептен бул демилге пайда болгондо эле баарыңа эскерттим: бул талкуу коомчулукка жарыяланат деп.

Мээрим Көлбаеванын Олжобайга жообу: Сиздин ой бир четинен туура, бирок, мисалы 100дөн ашуун чыгарма келсе бирөөнө карматып коюу менен жаштардын демин суутуп салбайбызбы? Моралдык колдоо болот беле дейм да. Мүмкүн азыраак кызыкчыруучу байге өңдүү мотивация берген бир нерсе болбосо болбойт.

Олжобай Шакир: Баардык процесс коомчулук алдында канчалык ачык-айкын болсо, бул долбоорду колдогон демөөрчү-тилектештер өздөрү чыгат!

Рахат Аманова: Бирөөнө берсең... Жаш калемгерди моралдык жактан колдобой эле жыга чапкан менен барабар. Бирөөнө берип, орден тапшыргандай мардайтып алдың дейли. Деги ошо 100 миңге ылайык жаратман келеби?

Дың жерди бузган жаратмандын шедеври келеби? Ай, таң ааайй!

Олжобай Шакир: Ансыз да халтурщиктер канча, биз адабияттын саман-топонун ажыратканыбыз маанилүүбү же ыр ышкыбооздорунун шыгын өстүрөбүз деп эле графомандарга сыйлык тапшырган топ болуп калабызбы? Бир кылымда деле бир мыкты акын чыкса кандай сонун. А силер ар жыл сайын үчтөн акынды аныктагыңар барбы?! Адабият деген тоок эмес эй, чубуртуп тууй берген!

Риза Савай: Сыйлыктын өзү эле чакырып келет.

Рахат Аманова: Бир акындан башкасы саман-топон жазса анда эмне үчүн жана ким үчүн бул конкурс?

Насыпбек Асанбаев: Олжобай байке, бул сыйлыкты жыл сайын бир эле киши ала бериши да мүмкүн – туурабы?

Демек, жылыга 3 акын чыкпайт. Балким 3 эле акын 3 жыл катары менен сыйланаттыр?

Олжобай Рахат Амановага жооп кылып: Татыктуу талапкер чыкпайбы, бербей да коюш керек! Комиссия ошондой талап коюуну да үйрөнгөнү туура. Адабиятты биз жеңил-желпи баалаган үчүн бир жылда 3 акынга сыйлык берели дегениңерге жол болсун! Талантты баалоо критерийин ошон үчүн иштеп чыгалы деп атам.

Насыпбек Асанбаев: Күчтүү болсо жылыга ала беришсин да.

Рахат Аманова: Өзүңдүкүн эле коё бербей жылда бирден Байрон, наркы жылы Пушкинди алып чыкчудай болуп атасың? А балким келечектин Байрону, Пушкини дал ошол байгеге жетпей калганы болуп жүрбөсүн?

Эмне үчүн эле бар мүмкүнчүлүктү чектей бересиң, Олжобай? Анда эмнеге кеңешели дейсиң?

Олжобай Насыпбекке жооп кылып: Жобонун тартибинде көрсөтүлөт, бул сыйлык бир акынга кайталанып берилбейт! Ушул сыяктуу суроолорду ийлейли, жообун ташка тамга баскандай бекемдейли, сыйлыктын механизми ошентип иштелет!

Айсулуу Көкөева: Кыска баракка чыккан акындар сыйланат, ошол жетет да. Аға жетүү да кадыр алып келгидей болсун.

Рахат Аманова: Бир адамга бир эле жолу берилет. Аны баары эле билет. Болгону сен өзүңүн гана каалооңу жана билгениңи ушул жердегилерге таңуулап жатасың.

Насыпбек Асанбаев: Баары билет деген сөз анда баягыдай эле болот деген сөзгө окшош.

Рахат Аманова: Бир байгени бир кишиге кайталап бербейт да.

Олжобай Рахатка жооп кылып: Мен өз сунушумду коргогондой, ар кимиң өз сунушуңду корго. Бул жерде меники эле бекемделиш керек деген принцип жок менде! Ишти ийлеп атабыз биз азыр. Иш процесси дейт муну... Салкын кандуу болсоң, Рахат. Сен Алайдан, мен Атбашыдан тоодон түшүп келген адыраң мүнөздү тизгиндейли бу жерде. Кызыл чеке талкуу менен ишти бышыралы...

Насыпбек Асанбаев: Бир жолу алабы, беш жолу алабы күчтүү болсо, алдыга акын чыгарбай жылдан жылга такшалып баратса бере бериш керек да.

Рахат Аманова: Зайырбек Ажыматов атындагы сыйлыктын ээси бир эле жолу болот. Мунун эмнеси түшүнүксүз? Ленин ордениндей кайталап бергидей СССР уюштуруп аткан жок.

Айсулуу Көкөева: Ошо да. Анда ал акын Алыкул, Токтогул сыйлығына белсене берсин.

Насыпбек Асанбаев: Анда быйыл уткан күчтүү үч акын эмки жылы катышпайт. Анда бир эле акынга бериш керек. Олжобай байке айткандай жыл сайын күчтүү үч акынды кайдан табасыңар?

Рахат Аманова: Талкууңа анан эмине оозго талкан салып катышайынбы? Кызыл чеке деп, ушундай кеп менен кеп, ой менен ой сүзүшкөндү айтат. Кандай дебе бир жеңүүчүнү бир жылда аныктоо опурталдуу. Экөө татыктуу болуп калса кантет жюрилер?

Бул жерде жюрилерге кыйын болот. Ушул жагын да эске ал.

Олжобай Шакир: Ар кимибиз өзүбүздүн пикирибизди коргойлу. Мен бир талапкерге сыйлык берүүнү туура көрдүм. Адабият тоок эмес, тыпыратып жумуртка тууй бергендей. Бир жылда бирөөнө берсек болот дегеним ошо. Рахат, 3 акынга деп жатасың. Ошону аргументтештирип бер, идеяңа ынандыр. Анан макул дейли. Насыпбек да жакшы эскертти. Коомчулукта ошондой суроо болот. Кайталанып берилип калса кандай болот деген. Мындай баёо суроолорго да жооп издешибиз керек. Элде кийин суроо жаралбасын.

Бул ойлордун баары ийленет.

Рахат Аманова: 100 миңге татыктуу шедевр келиши да күмөн. Себеби, ыр жазгандын баары ФБда отурат. Баары бири-бирин билет. Анан... Кептин баары ушу жерде жатат. Ошон үчүн кыздын сыры төркүнгө маалым дегендей...

Айсулуу Көкөева: Мен айтып жатпайымбы, ошол экинчи, үчүнчү деген орундарды кылбай эле, шорт-листке салып салыш керек аларды. Шорт листтин өзү 2 орун дегенди билдирсин, анан тең акча, статуэтка менен жапты болот бул маселе. 3-орун дедирбей.

Жолдош Турдубаев: "Казыначылар", арыбагыла! Кызыл чеке болуп талашкан жакшы, албетте. Ар кандай сунуштар ортого салына берсин, кечээ Айсулуу айткандай, "акыл чабуулунун" да эрежеси ушул эмеспи. Бирок соңку жыйынтыкты чыгарышка шашпай, ошол эле учурда реалдуу шарт-жагдайды да унутпайлы. Менимче, бир эле байге ыйгарылып, калгандары кыска тизмеге илингенине, эгер мүмкүнчүлүк болсо, адабий курска катышканына эле ыраазы болушу керек.

Олжобай Шакир: Бул утурумдук нерсе эмес, улут адабиятын калыптайлы, коомдук катмар калыптайлы дебедик беле. Өткөндө сын жанрында Кеңешбек Асаналиевдин маселесин алып чыкканбыз. Поэзияда жок дегенде Зайырбекти сүйлөп туралы. Эгемендик жылдарындагы көзгө көрүнгөн, оозго алынган ошол болду. Башкаларыбыздын колубуздан пок келген жок. Анан проза, драматургия боюнча дагы ошондой бир сыйлыктарды уюштурууну “Казына” тобу иштеп чыгышы керек да. Могу Жобо бир гана Зайырбекке -  поэзия жанрына эмес, мындан кийинки адабияттын башка да салаалары боюнча иштерди кыла беришибиз керек. Кыргыз коомунда биз адабият институту катары калыптаналы. Ушуну менен эле чектелбей, иштен иш улайбыз. Адабият рыногун пайда кылабыз.  

Айсулуу Көкөева: Кыска тизменин өзүнүн эле кадырын көтөрүш керек деп сунуш кылам. Үчүнчү орун алган чыгармачылык болбойт дегендей)).

Рахат Аманова: Билбейм, мен өз пикиримди айттым. Бир кишиге бир жылда эзилип атып берген сыйлыктын канчалык гумандуулугу бар? Азыркы ыр жазып жүргөн жаш кыз-жигиттердин дээрлик деңгээли бирдей эле. Балким байкалбай жатканы бардыр, билбейм. Анан ушу ыр жазып, аракет кылып жүргөн жаштарды моралдык жактан да, биртике материалдык жактан да колдоп койсо болмок. Конкурс жарыяланып кетиптир, албетте, эми ошо боюнча кете турган болуп калыптыр.

Жолдош Турдубаев: Рахат, Нобель сыйлыгынын биринчиден башка орундагылары барбы?

Рахат Аманова: Экинчи, үчүнчү байгени кошуп койсо халтурщиктер кошулат дегени да кызык болуп атат.

Айсулуу Көкөева: Акча болсо Айтматов мектебиндей кылып этабы менен өткөргөн да жакшы болмок. Ошондо билимин да берип калмакпыз(((.

Рахат Аманова: Агай, Нобель сыйлыгына ат салышууга бүт дүйнөнүн акыл-эс ээлери, аалымдары катышат. А биздеги Конкурска катышуучулардын контингенти жана потенциалы дээрлик белгилүү го дейм. Бир ооз сөз улап коёюн дагы токтотоюн.

Жолдош Турдубаев: Бирок Зайырбек Ажыматов атындагы сыйлык дал ошол Нобелге жол ачкан тепкич болуп калышы да ыктымал. Димаш Кудайбердиевдин тушоосу биздеги бир конкурста кесилген дешет. Атай Омурзаков да "Баракелде" аркылуу чыкпадыбы.

Олжобай Шакир: Талапкерлердин мыктыларынан макул үч татыктуу чыгып, талаш чыга турган болсо (комиссия ичинде) ошол үч талапкердин бирин тандап алууда жашы 34кө келип калганын тандасак да болот, кийин берки талапкерлер (мүмкүн бири отузга чыга элек болсо) кийинки жылда сыйлангандай шарттарды кароону сунуштайм.

Анан татыктуу талапкерге сыйлык тапшырылгандан кийин ушул "Казына" тобунун сынчы-адабиятчылары сыйлык ээсинин чыгармачылыгын ынанымдуу түрдө изилдеген макалалар жазсын.

Рахат Аманова: Жаш акын-жазуучулар атайы адабий сабаттулук боюнча орус калемгерлери окуган Горькийден билим ала алдыбы? Жок. Конкурска катыша тургандар дээрлик өз шыгына таянган гана болуп атат. Демек, азырынча адабий сабаттуулук анчейин гана. Эгерде талапкерлердин контингенти жалаң адабий сабаттуулардан турса, анда унчукпайт элем.

Олжобай, андан көрө өзүңдүн мектебиңди ач! Адабий сабаттуулукка жаштар эмес, баары эле суусап турат. Адабий сабаттуулугу жогунан шык-дээрин ачалбай атат канчалары.

Акча тапса ушу жердеги адабиятчы агай-эжейлерге акча төлөп берип, жаштарды окутуу керек. Жылына үч жолу болсо да.

Айсулуу Көкөева: Сыйлык алгандын гана бейнесин эмес, сыйлык алууга аракет кылып, чыгармаларын жибергендердин да чыгармаларын аныктап берген туура да. "Редакция кайра жооп бербейт, байланышка чыкпайт" - дегендей болбой... Советтер Союзунда кээ бир редакцияда катка жооп берүү бөлүмү бар эле, азыркы гезит, журналдар андай эмес. Кээ бир фонддор да себебин түшүндүрбөй эле долбоор тапшырсаң себебин айтпай баш тартып коюшат. Долбоордон идея уурдап туруп.

Риза Савай: Биз 100 миң сомдун тегерегиндеги акчага чаташып жатабыз. Бир китептен каралат да. Ошол китептен мыкты ырлары тандалып, ошол  акынга 100 миң сом ыйгарылса, бул жакшы нерсе. Эгерде ошол акынга 100 миң сомду берип коюп, калгандар калып калса, ошонун деңгээлине жетпеген же ал деңгээлден төмөнүрөөк тургандарга өтө оор болуп калат.

Жолдош Турдубаев: Быйыл уюштурулган коммерциялык конкурстагыдай кылып, талапкерлердин ырларын фейсбукка илип, талаш-тартыштарды кызытыш керек.

Олжобай Шакир: Мен дагы эскерте кетейин. Текст эмне үчүн коомчулукка чыгыш керек деген себебим: "Казыначылардын" ачык-айкын талкуусу башка мамлекеттик сыйлыкты ыйгарган комиссия өкүлдөрүнө өрнөк. Анткени коомчулукка ачык чыккан иш-чараларга коомчулукта ишеним өсөт. Шыбыр-күбүр кепке жол берилбейт. "Казыначылар" ушул жаңы форматты коомчулукка ишенимдүү, ынанымдуу талкуу-талаш менен алып чыкса гана адабий чөйрөдө бизге болгон ишенимдер артат!

Риза Савай: Макул, менин айтайын дегеним: биз талапкерлердин контингентин, аудиториясын сөзсүз эске алышыбыз керек. 100 миң сомду жеңип алган лауреат чыныгы жеңүүчү, ал эми башкалары тематикадагы артыкчылыгы менен суурулуп чыгышса, 2-3-орунду ыйгаруу керек. Алар лауреат болуп таанылбайт. Муну Жободо так, кескин, жымсалдабай, түшүнүктүү жазуу керек.

Рахат Аманова: Агай, чынымды айтсам мен эми эле бир жеңүүчү болот десе көңүлүм сууп атат. Бир жеңүүчү болот дегенде жаштардын көбүнүн деми сууйт ко дейм. Билбейм, кыскасы мен бир жеңүүчү гана аныкталат дегенге караманча каршымын. Бир эле мисал, азыркы конкурска алты айда келген чыгармалардын байге үчүн ат салыша турган дадилдери келди го? А бир жылдачы?

Бир жеңүүчүнү гана аныктап, акчага маарытып, калган идиректүү, чыйрактарынын "шарт" этип кендирин кесип койгондой болсо кантет –  билбейм. Иши кылса бир жылда бир жеңүүчү болот деген тыянакка мен каршымын.

Айсулуу Көкөева: Андай деми сууй калган акын акынбы? Анда башка конкурстарга бара берээр. Бул токоч эмес да "тигинин курсагы ач калат" - дегендей. Сыйлыгысыз эле жазылат жазылчу ырлар. А прозанын, драманын шарты оорураак.

Рахат Аманова: Көпчүлүктүн жолун тороп, демин сууткан изги деп, жүйөөлүү деп табылса табылсын. Кыйраткан башка конкурстар деле көрүнбөйт.

Айсулуу Көкөевага жооп: Ачка калганынан ыр жазат бекен акын? Жүрөгүндөгүсүн жазат. Балапан кезинде башын сылап, биртке көңүлүн көтөрүп койсо деген гана тилек. Бирөөнүн эмес үчөөнүн.

Жолдош Турдубаев: Алыкул жана башка акындардын атындагы сыйлыктар илгери бирден кишиге берилчү беле же үчөөнөбү?

Рахат Аманова: Ошо, кыскасы, ар ким өзүнүн оюн айтып, акыры бирөөнө бере турган болсо бериле берсин.

Айсулуу Көкөева: Оригиналдулугун чыгара албай калбасак болду сыйлыктын... Анан да акындык энергияны алып жүргөн адам өжөр, көкбет болот да. Шартын билип туруп катышкан адамдын шагы деле сынбайт. Сюрприз бир нерсе даяраш керек – болду.

Азыр ушу ыр жазгандардын 4-5өө бар. Көпкөлөң тартып жүргөн. Кергиштеп тамашалашат. Капитализмдин, болгондо да жапайы капитализмдин шартында өскөн жаштар. Баарын балекеттей эле түшүнөт. Кемде-кеми гана болбосо...

Тайир Аширбайдын Жолдош Турдубаевге жообу: Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын алгачкы лауреаттары Байдылда Сарногоев менен Рамис Рыскуловдор болушкан. Менимче, эки адамга ыйгаруу салты уланып келе жаткансыйт...

Тайир Аширбай: Зайырбек Ажыматов атындагы сыйлыктын жобосун кечээ эли-журтка жарыяладык. Эми бир жеңүүчүнүн багын ачсак, кыргыз адабияты үчүн чоң жаңылык болчудай .

Олжобай Шакир: Кечээ жаңылык гана кетти! Жобону эми иштеп ийине жеткирүү керек. Жобонун иштелип чыккан вариантын 27-май күнү жарыялайбыз, Зайырбек Ажыматовдун туулган күнүнө! Биз өз ишибизди коомдук институт катары жүргүзгөндү үйрөнөлү, туугандар!

Амирбек Усманов: Мен Чехиянын гана мисалын айтайын. Өлкөдө жалпы улуттук беш адабий сыйлык бар. Ар бири 200 миң крондон 500 миңге чейин, азыркы курс боюнча 8 миң ÷ 29 миң доллар. Аны Маданият министрлиги берет÷ бир авторго гана. А региондук ж.б. сыйлыктар 30 чакты. Эки же бир адамга берилет. Сөзсүз акчасы бар, диплому же кичинекей оригинал статуэткасы менен. Акчалай кошумчасы кеми 1 миң доллардан 8 миң долларга чейин барат. Сыйлык тапшыруу жөнөкөй да, оригиналдуу да /уюштурулушуна жараша/ өткөрүлүп, массалык медиада кеңири чагылдырат. Салтанаттан соң тамак-аш жок, ичкилик берилбейт. Китеп сөзсүз сатылат. Автографты каалагандар алат, кээде автордун кол тамгасы болот. Мен уккандан, билгенден, окугандан эки авторго бир сыйлык берилген учур жокко эсе.

Ырас, Китеп палатасы, басмаканалар мыкты, өтүмдүү китеп үчүн берчү сыйлык: авторго, китептин художнигине же иллюстраторуна бөлүп берилет. АКШда деле ушуга окшош. Зайырбек атындагы сыйлык менин оюмча жалгыз авторго берилгени жөндүү. Мыкты делген экинчи талапкер келерки жылы алышы мүмкүн. Бул сыйлыкты жармач кылбайт. Анан сыйлык тапшыруу салтанатында акындын поэзиясынын өзгөчөлүгү тууралуу максимум 10 мүнөттөн ашпаган кыска доклад окулуп, эскерүү болгону оң. Ленинградда окуп жүргөндө мындай адабий кечелерди көп көргөм.

Айсулуу Көкөева: Жакшы экен. Негизги жоопкерчилик – калыстар тобунда да.

Амирбек Усманов: Баса, кээ бир фонддор ж.б. жеңүүчүгө диплом же төшбелги тапшырып, китебин баланча нускада чыгарып сатат. Лауреаттын жол киресин төлөйт. Калыстардын ишин уюштуруу жагынан Олжокеде тажрыйба чоң эмеспи. АКШда Китепканалардын улуттук бирикмеси мыкты тапкан китептер алардын эн белгиси÷символу менен чыгат. Бул деген эң окумдуу китеп ирети китепканачылар сунуш кылды деген.

Олжобай Шакир: Во, мына! А биздикилер болгону 100 миң сомду эки адамга бөлгүңөр бар. Адабий сыйлыктардын финансылык көлөмү негизи чоң сумманы чапчыса кана бизде! Бирок биздин бизнес булагыбыз болбогондон улам, азырынча ушундай аз сумма болсо да чегерип туралы...

Амирбек Усманов: Сыйлыкты пропагандалоого Өкмөт, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, КР Жазуучулар союзу, ТВ каналдар, агенттиктер, басмаканалар, китепканалар кызыкдар болуп, көмөктөшүүсү абзел. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Жазуучулар союзунан жюриде өкүл болушу зарыл эмес, жакшы саамалыкты колдоо алардын парзы, милдети.

Айсулуу Көкөева: Мен ошондой гриф берүүнү КР Жазуучулар Союзуна 2 жыл мурда сунуш кылган элем. Ошо жакшы болот.

Олжобай Шакир: Адабий, маданий тажрыйбаларды дүйнөлүк практикадан ала беришибиз керек, өзүбүздүкү менен жуурулуштуруп. Мамлекеттик сыйлыкка караганда коомдук уюмдар, коомдук институттар уюштурганы оң деп ойлойм. Анткени мамлекеттик саясат бизде канчаларды кошоматчылар коомуна айлантып тынды, канчалар Арзыматка айланды! Андыктан эгемендик жылдарынан берки кыргыз адабиятынын жолу деле оңой болгон жок, ошол татаал жолдо Зайырбектен озгон кимибиз болдук, билбейм! Ал адабият десе жалындап күйгөн, качан болсо адабият оозунан түшпөгөн замандашыбыз эле. Канткенде өзгөрүү жасай алабыз деп күйүнгөн учурлары болду. Ошол себептен Зайырбектин атындагы адабий сыйлыкты уюштурганыбыз – эгемендик жылдарынан кийинки улуттук адабиятыбыздын жаңы тарыхы, жаңы этаптык жолу болуп калыптанса дейм. З.Ажыматов атындагы сыйлык адабий эркиндиктин символу болуп калууга тийиш. Себеби коммунисттик идеологияга кызмат кылуу качан токтоду? Дал ушул Зайырбек баштаган адабий муун колуна калем алып, адабият астанасын аттаган заманда...

Амирбек Усманов: Эркиндиктин, бийликтен эрктүү дегениң абдан туура, Олжоке!

Олжобай Шакир: Баса, татыктуу талапкерди тандоо критерийине могуну кыстарсак дейм: авторлор мурда эч жерде жарыяланбаган ырлар топтому менен катышсын. Мунун себеби, талапкерлер заявкаларын псевдоним менен бергенде да калыстар курамы анын ким экенин тааныбайт. Агер мурда жарыяланган ырларын берсе, калыстар арасынан бирөө-жарым талапкердин ким экенин билип коюшу мүмкүн.

Амирбек Усманов: Айтмакчы, сыйлык тапшыруу салтанатын ЖОЖдор менен сүйлөшүп, КМУнун, же Арабаев, же Политехтин жыйындар залында өткөрсөчү? Алар тарбиялык иш деп бекер берсе, сырттан келген коноктор менен катар каалаган студенттер да келсе, пайдасы көп болмок. Баарында деле филология, журналистика бөлүмдөрү бар. Ошого жардамдашкан өздөрүнө да плюс эмеспи.

Олжоке, андай болгондо конкурс мөөнөтү кыска болуп калбайбы? Же сыйлык биринчи жолу эмки жылы ыйгарылабы? Мурда жарыялангандар болсо да, сунуш кылган ырлардын санын чектеп койсочу [акыркы үч же беш жыл менен]. Ошол туура го. А жарыяланбаган дегениңди минтип түзөтмөкмүн: келерки жолкуда “РухЭште” жарыяланган деген тактоо киргизүү керек.

Олжобай Шакир: Кийинки жылга ыйгарылат сыйлык.

Амирбек Усманов: Авантюра дечи акыркы айтканым.

Залкарбек Назарматов: Сыйлык жөнүндө эмес, конкурска катышуу шарттары жана мыктыларды кантип аныктоо боюнча өз оюмду айткым келип турат. Негизи конкурс дегенге дайым эле мыктылар катыша бербейт. Конкурс аттуунун баркы кеткенинин бир себеби ошол деп ойлойм. Белгиленген убакытта айласыздан – кабыл алынган "халтуралардын" каймагын калпууга туура келет ж.б. Менин сунушум: лауреаттарды атайын эксперттер өздөрү таап, өз ара талашып, каалаганына добуш берип... ж.б. жолдор менен лауреат болчу кишинин үстүнөн эле тон бычып, тагыраак айтканда, мыктыларды уюштуруучу өзү эле аныктап алса болбойбу? Конкурс кылбастан.

Азамат Омош: Негизи эле же биздин канга сиңген жаман сапатпы, же балким элден өзгөчөлөнгөн мыкты касиетибизби, айтор, өңдү көрсө жүз таят принцибибиз бар. А мен тескерисинче, мурда жарыяланбаган чыгармалар дегенге каршымын. Мурда жарыкка чыккан китеп үчүн деле, андагы новатордук ж.б. өзгөчөлүктөрү үчүн берилгени туура го дейм. Мейли, ал жыйнак он жыл мурда чыкса да.

Анан да, кандайдыр бир маселе үстүндөгү талкуу жарыяланса мейли, бирок бул сыйлыкты ыйгаруу боюнча талкууну элге жарыялоонун кажети жок ко дейм.

Олжобай Шакир: Керек, себеби ачык коомдо гана баары айкын курулат. Буга чейин жең ичинен берилип келген мамлекеттик ж.б. сыйлыктар толо, көбүндө бармак басты, көз кысты мамиле. Андыктан биз мурунку терс көрүнүштөргө каршы альтернативдүү жолдорду издөөнүн ыкмасы бул.

Биз ошондо гана адабий агартуу багытында өз өнөктөштөрүбүздү табабыз, коомчулукта "Казына" институтуна ишенимдер артат!

Айсулуу Көкөева: Так ушул талкууну чыгаруу зарыл деп эсептейм. Башка да сыйлыктар уюштурулат да. Бул сыйлыкты уюштурган соң мында аталып кеткен башка пикирлерди алып кетишер. Биз даабаган идеяларды ишке ашыра тургандар болор. Кимибиз эмне дегенибизди, позициябызды эл билгени оң го. Адабий сыйлыкты уюштуруунун түйшүгү, адабият процесси толук кандуу көрсөтүлгөнү туура да.

Олжобай Шакир: Биз баарын жашырып-жапкан диний уюм же мамлекеттик түзүм эмеспиз. Алар коомчулуктан өз ишин жашырып жүргүзөт. А биз адабий агартуу ишин уюштурар коомдук институтпуз!

Окшош материалдар

comments (2)

  • - Дарика . 35 жаштан өтпөш кк. Андан ашып кетсе болбойт ! Жаза турган 15.16 жашында эле жаза алат Элмирбектей болуп !

  • - Канышай

    Тилегиңерге жеткиле

Комментарий калтырыңыз