Калчоро Көкүлов: Эски там

  • 09.05.2020
  • 4275

АҢГЕМЕ 

1.

Там деле эскирет экен тобоо. Айтмырза ушуну билбептир. Жок. Билерин го билчү. Бирок кайсы бир замандарда өзүнүн тамы эскирип, башына түйшүк болорун билбептир. Азыр минтип, ал-күчтөн тайыган кезде өзү менен бир карып, өчөйүп араң жаны  турат.

О-о, бир кезде ушул жаман там бир айылдын көркү болчу. “Айтмырзанын тамы” делип, даңаза катары айтылчу. “Үйдү так Айтмырзаныкындай кылып салам” дешип, кичине колунда барлар дымак кылып сүйлөшөр эле.

Ыраматылык атасы уулунун көп эле “колдон келип турганда” мамилесин жактыра берчү эмес. Бир күнү спирт ичип кызуу болуп келди. Үйлөнүп, бир-эки баланын атасы болгон курагы эле. Обулус борборунан бугалтердин алты айлык курсун бүтүп келээри менен бир жылча эсепчиге жардамчы болуп иштеди. Анан эле башкарма кампачы болосуң деп, эки тизгин, бир чылбырды колуна карматты. Кампачы дегениң май талкан экен тим эле. Баары колунда. Ийнеден тартып, кетмен-күрөк, айрыга чейин. Ал эми ун-талкан, эт, майды айтпай эле кой эми.

Анан эле спирт келип калып атпайбы. Эки жүз литирлик бочкеге толтура келген спиртти адегенде башкармага ооз тийгизмекке жарым литирлик бөтөлкө  таап куюп барды.

– О-о, кел, кел... Колхоздун казына башчысы. Иштер жакшыбы?

Башкарма жайдары кабыл алды. Дайым ушу. Кабагы ачык бу кишинин. Дегеле бир ачууланып, бирөө менен жаакташканын көрбөйсүң. Анан калса бул айылда башкармага каяша сүйлөп, тил кайрыгыдай деле эч ким чыга элек. Айткан сөзү орундуу, акылгөй кишиге ким эмине дейт.

– Жакшы аксакал. Бу... кампага кичине спирт келген экен... Сизге ооз тийгизип коеюн деп эле...

– Кичине болгондо... канча аның?

– Жанагы эки  жүз литирлик менен бир, толтура...

– Ха-а-х-аа-ха. Баракелде, ата! Эки жүз литирди кичине деп турганын көрчү... Ошо эки жүз литир кичине болмок беле? Аны менен бир колхозду бир жума суугарсаң болот... Болуптур эми. Ме, мынабуга булакка барып суу алып кел. Таза спиртке, таза суу кошуп, ушундай бир  жуталы, атасынын көрү!

Кечке маал болчу. Иш бүтүп калган мезгил. Башкарма болбой кыстаганынан араң ичти. Атасынан коркуп эле турду. Бирок эми башкарма өзү алып кой деп кыстап турса...

йгө келатканда кыйла дымак күтүп, кыялы ойт берип калган. “Эминеси бар экен. Минтип жакшы иште иштеп атам. Май кармаган бармакты анда-санда жалап турсам эмине болмок эле?” деп, ичинен атасына каяша ойлоп келатты. Бирок ниетинин кайсы бир тереңинде “атам үйдө жок болсо экен” деген тилек турду.

Балээнинби. Так гана үйгө жетип калганда, сырткы эшик ачылып, атасы тике алдынан чыкса болобу... Шашып калып, салам айтып ийди. Атасы үндөгөн жок. Унчукпай четтей басып кетти. Билди. Билди баарын абышка. Бирок үндөгөн жок.

Жанатадан бери Айтмырзанын бүткөн боюн бийлеп келаткан жинди кыялдар кайдадыр житип жоголду. Чай куюп олтурган аялына да лам деп ооз ачкан жок. Ит эле болду атасынын көрү...

2.

Дагы бир жолу районго отчетко барган. Ар бир үч айда бирден отчетко келишет. Кампачылар ошондо бир жыйналып, иш бүткөн соң пивоканага барышып, бир гүүлдөп алма салты бар.

– Мен кете берейинчи. Жумушум бар эле, – деп жогорку Өзгөрүш колхозунун кампачысы шашып калды.

Айтмырза экөө чогуу бир машине менен келишкен. Анан бул кетип калса, Айтмырза жөө калмак беле? Экөө тар кабинага тыгыла олтурушту. Тиги киши түз эле район борборундагы чоң дүкөнгө машинени айдатып келип, жалтырак никел керебеттен экини, идиш-аяк салган адеми шкафтан бирди жүктөттү.

– Сызда жатып жүрүп, ооруп, омурткаларым бүт сыздайт, – деп жеңең кулакты жеп бүттү атасынын көрү. Алып барып берип кутулайынчы бир...

Ошондо эле Айтмырзанын оолукма кыялы кармап кетти. Ырас эле керебет дегениң ылайык оокат эмеспи. Ал эми шкаф болсо андан. Качанга чейин апасынын жаман үкөгүн аңтарып идиш-аяк издеп жүрүшмөк эле деп, ал да куду тиги алгандарды алды.

Атасы үйдө жок экен, эртеси келди. Керебеттин бирин атасы жатчу бөлмөгө аспиеттеп коюп коюшкан. Апасынын көзү өткөнүнө төрт-беш жыл болуп калган. Ошондон бери атасы ушул бөлмөдө жалгыз жатып-туруп жүрөт. Кечки нанүштөгө олтурганда эле абышканын кирдүү кабагын көрүп, бир сестенип алды... Ошо... Уулунун бу кылганы жакпаптыр. Керебети да, шкафы да жакпаптыр. Атасынын кырс мүнөзүн биле туруп кылган ишине өкүнүп калды.

– Сизди сыз жерге жаткыча, керебетке жатсын деп...

– Ал кайдагы сыз экен? Кабат-кабатынан ала-кийиз, шырдак салынып турган жерде кишинин алдынан сыз өтөбү? Андан көрөкчө акча чөнтөктү тээп, тынчытпай атат дебейсиңби! – кырс күлүп койду.

Ыраматылык апасы иштүү киши болчу. Кийизин кийиздей ийлеп, шырдагын шырдактай шырып турчу. Ушу күнгө чейин карманган буюмдары жапжаңы тейинде турат. Ошо менен экинчи керебетти да өздөрү жаткан бөлмөгө чыгарып кетишти. Атасынын эрки ушу болду. 

– Мейли, балдарыңар жатып-туруп жүрүшсүн. Ошолорго бергиле! – деп буйруп койду.

Ал заманда атанын сөзүн ким эки кылчу эле...

– Менде бир ногой уста бар. Үйдү сонун салат. Көптөн бери ылайык иш жок, бекерчиликтен эригип кетти окшойт. Кечээ кечке сайдан балык кармайт элем деп жүрүп, кийимдерин суу кылып, каш карайганда келди. Айтмырза, сен ошону алып, бир ишке салсаңчы... –деп калды баягы Өзгөрүштүн кампачысы дагы бир кезиккенде.

– Мейли. Атам менен сүйлөшүп көрөйүн.

Алып келген керебет менен шкафка териккен киши үйгө кайдан макул боло койсун деп ойлогон Айтмырза сөздү бош баштады.

– Мына, мунуң акыл! Мунуңа макулмун. Жакшы үй керек. Ошол ногойго үй салдыр. Жакшы үй салдыр... Акча аяба. Колуңан келсе, өзүң да анча-мынчасын үйрөнүп ал.

Атасынын бул пейилине ыраазы болгон Айтмырза эртеси эле ногойду алдырып алды. Үй салыш дегениң бир азап жумуш экенин Айтмырза ошондо билди. Ногой дагы кежир неме экен бир. Буга мындай жыгач керек, тигиндей мык керек, жадагалса жерпайга баландай таш керек деп кежилдеп гана турду го.

– Ой болуптур, жыгачыңа мен макулмун! Мыгыңа макулмун! Кумуңа деле макул болоюн! Таш дегениң баары бир эле таш эмеспи. Же эмине сайдын ташынын эни болобу?!

3.

– Сайдын ташы бекем, чулу болот. Тандап тердириш керек. Болбосо үй салып бекер.

Көз кырын салса, атасы да ногойдун ниетин жактап аткан түрү бар. Насыя жеме уккусу келген жок. Унчукпай калды.

Ошентип жаз алды башталган иш кеч күздө барып бүттү. Үйдүн алдыңкы жерпайына үч карыштай сайдын ташы ак топурактан атайын ийленген желим ылайы менен кынапталып тизилди. Дубалы да жакшы ачытылган саман ылай менен пакза урулду. Терезелер болсо карагай жыгачтан жасалып, үйдүн көркүн ачты. Мындай рамка айнектүү үй ал кезде чөлкөмдө жок болчу.

Атасынын көзү өтүп кеткенден кийин Айтмырза бир көптү. “Жаман уул атасы өлгөндө көбөт” деген сөз чын экен. “Кой дээр кожо, ай дээр ажо жок” бир көптү да бала. Атасы барында анча билинчү эмес. Көрсө, бүт колхоз, башкарма, парторгуң баш болуп, кампачынын колун карап турат экен да. Айтмырза бар десе бар, жок десе жок экен. Көңүл айткандар да көп болуп кетти. Атүгүл кайдан-жайдан "абабыз жакшы киши эле" дешип, жыл бою кайра-кайра жашын тыйалбай жүргөн жан күйөрлөр пайда болду.

Ошонун баары курулай көшөкөрлүк экен. Атасынын акылы менен болуп, нускоо менен иш кылып жүргөн алаңгазар немени атайылап бир нерсе өндүрүш үчүн эле ошентип  жүрүшүптүр. Муну Айтмырза кеч түшүндү.

Кампанын ачкычын колунан алдырып, прокурордун кеңсесин эки-үч аттаганда көзү умачтай ачылды. Соолуга түштү. Ошол ортодо анча-мынча тапкан-ташыганы да короп, түгөнө жаздап калган. Бул жарыкчылыктагы өз менен жаттын эсеби заматта чыга түштү.

– Сен жерге кир! Сен кишидей болсоң биз бул күндү көрбөйт элек ко! – деди бир күнкү кажы-кужуда баягы оозуң кана десе, мурдун көрсөтүп олтурчу чалма этек жүдөө аялы.

Аялынын жөнсүз экенин билсе да, минтип душман чыгарын ушу күнгө чейин билген эмес экен.

– Ушунун баарын жамап-жаскап, бар-жогуңду билгизбей, учугуңду улап олтурган аялың эмей ким? Ошону билип, чомочойуңду чоң көтөрбөй, жөн оокат кыл, балам! Болбосо милийсага беребиз!

Кайын эненин бул сөзү сөөктөн өтүп чучука жетти. Дегеле тил-ооздон калгансып, тике карап сүйлөбөгөн кайын-энесинин айтканы бул болду. Атаңдын көрү, атасы медери, акылы, жөлөгү тура. Атасы тирүү болгондо Айтмырзага ким каш көтөрүп сүйлөчү эле. Бул үйгө келгендер бутунун учу менен кирип-чыгып ийменип турушчу эле го.

Түн каракчысындай болуп, оо бир убакта келип, эки кап буудайды артынып жолго түшчү момун кайын атасын эстеди.

– Эр жигиттин эки журту болот. Кайын-энең менен кайын-атаңан эч нерсе аяба. Чырактай кызын алып олтурасың, – деп атасы көп айтып калар эле.

Ошол ыраматылык ошентип айткан сайын, түн арытып кайын атасы келчү. Ошентип эки үйдүн ичкен-жегени бүт Айтмырзанын моюнунда болчу. Эми көрбөйсүңбү... Айтмырза атасын чындап жоктоду...

Жаз алды үйүгүшкөн иттердин азабы өттү. Кайдан-жайдан эле пайда боло калышат. Күндүзгүсү да билинбейт, түн ичинде жаман. Улуп-уңшуп, кабышып, алышып. Деги бир уктатышпайт тобо.

Көрсө, ит дегениң да эскиге үйүр жаныбар болот тура. Короо жайы жаркырап турган жаңы үйлөрдөн качып, жүдөө жерди байырлашат өңдөнөт. Айтмырза түнү чыгып, ошол жолбундарды эки ирет ташка алып кууду. Айтор уйкусу тынч болгон жок. Таңга маал көзү илинип кеткен экен, түшүнө атасы кирди. Колуна таш алып, үйүгүшкөн иттерди кубалап жүрүптүр.

– Баягы ногой кайда? – деп жылуу ырай менен Айтмырзадан сурап коет.

Ойгонсо, күн аркан бою көтөрүлүп калыптыр. Кийинип, сыртка чыкты. Сыртта куду атасы келип күтүп тургансып, шашып чыкты. Чыгып эле кетмен-күрөк турчу сарайга түз келип, балта-чотун түгөлдөдү. Быйыл жаңы үйдүн камын көрбөсө боло турган эмес.

Атасы да түшүндө аян берип атпайбы...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз