Айдана Өмүрбаева: Туура кесип тандоо ийгиликтин башаты

Май айы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн суроолоруна бай айы. Кесип жана ЖОЖ тандоо боюнча келген суроолордун ар бирине жооп жазууга убакыт жетчүдөй эмес. Ошол себептен билимге суусап турган абитуриенттер үчүн атайы макала жазууну туура көрдүм.

Акыркы коңгуроого саналуу күндөр калганына карабастан кайсы кесиптин ээси болорун чече албай ара жолдо турган бүтүрүүчүлөр мени ойлондурбай койбойт. Буга туура маалыматтын жетишсиздиги жана окуудан сырткары атайын ЖОЖго даярдоочу ментордук программалардын жоктугу себеп деп ойлойм. Канткен күндө да билим алууга умтулуу керек жана билимге болгон инвестиция сөзсүз өзүнүн мол түшүмүн берет.

Кесип жөнүндө ойлонуу/изденүүнү качан башташ керек?

Жок дегенде 8-9-класстан баштоо керек, бирок 11-класстын аягында эмес. Эгерде кесип тандоо жөнүндө май айында ойлонгон болсоңуз, анда сиз жалгыз эмессиз. Кенебестердин мекенине кош келипсиз! Жакшы жери: кесип тандоого эч убакта кеч эмес.

Кайсыл кесиптин ээси болгуңуз келет?

Кээ бир балдардын жашынан эле бир нерсеге таланты/шыгы бар. Бирок билим алып, ошол талантты профессионалдык деңгээлге чыгарбаса жыйынтык болбойт. Шыгы жоктор туура кесип тандап, көбүрөк мээнет кылып ийгиликке жетсе болот.

Айталы, колуңузда ЖРТ (ОРТ) жыйынтыгы жана тийиштүү документтер бар. Эми биринчи кезекте кесип тандап, андан соң ошол кесип боюнча мыкты адистерди чыгарган ЖОЖ тандоо керек.

Кесип тандоо

Психологияда кесибин сүйгөн адамдар өзүн бактылуу сезери жана чексиз ийгиликтерди жаратары айтылып келет. Чоң-чоң ачылыштар, дүйнөнү дүңгүрөткөн компаниялар жана тарыхта калган ысымдар кесибин сүйгөн адамдарга таандык. Мисалы, Стив Жобс өз кесибин сүйбөгөндө азырдай Apple кооз компьютер жана телефондор болмок эмес.

Албетте, кесип тандоодо мугалимдерден, ага-эжелерден жана ата-энеден кеңеш сурап коюу ашыктык кылбайт. Бирок акыркы чечимди жалгыз өзүңүз гана кабыл алышыңыз керек. Сиз үчүн бирөө кесип тандаганы такыр туура эмес. Себеби, бул сиздин жашооңуз жана ага жалгыз өзүңүз гана жоопкерчиликтүү экениңизди унутпаңыз.

Минтип айтканымдын себеби, "бир кезде ата-энем мени өзүм каалабаган кесипке окуткан, азыр менде диплом бар, бирок жумушум жок" - деп кейиген замандаштар көп кездешет. Эгер сиз да ушундай кырдаалга кабылып, эки анжы болуп турсаңыз, 1-курстун жарым жылында өзүңүзгө жаккан кесипке өтүп кеткениңиз туура. Ошондо төрт-беш жыл убактыңыз текке кетпейт.

Кандай кесиптер бар экенин жана кайсы кесиптердин келечеги кең экенин билбей туруп заманбап кесип тандоого мүмкүн эмес. Кесип тандоо үчүн көбүрөк изденип, учурдун жана келечектин кесиптери жөнүндө маалымат алып, тыкыр анализ жүргүзүү керек. Өзүңүзгө жаккан кесиптин маянасын, 10-20 жылдык келечегин жана ал кесиптин ээлери кандай жашап жатканын талдап чыгып, жети өлчөп бир кесиңиз. Бул жерде "Элдин баары эле окуп жатпайбы" - деген мамиле жарабайт, келечеги кең кесипти тандаңыз.

Университет тандоо

Кайсы университет жакшы? - деген суроонун ордуна, мен тандаган кесип боюнча кайсы ЖОЖ мыкты адистерди даярдайт? - деген суроого жооп издеңиз.

Айталы, программист болом деп чечтиңиз.

Эми программисттерди даярдаган ЖОЖдордун тизмесин түзүп жана сайттарына кирип компьютер/информатика факултеттери боюнча окуп чыгыңыз. Мүмкүн болсо ошол университеттерди өзүңүз барып көрүп, мугалимдерге, студенттерге жолугуп, кеп-кеңеш сурап, кабыл алуу комиссиясынан бардык суроолоруңузга жооп алып келүүгө аракет кылыңыз. (суроолорду үйдөн жазып алыңыз).

ВУЗдарда төмөнкүдөй IT багыттары бар:

• Компьютерная инженерия,
• Программное обеспечение,
• Дизайн и высокие технологии,
• Прикладная математика и информатика,
• Информатика и вычислительная техника,
• Информационные системы и технологии,
• Программная инженерия и социальные трансформации... тизме улана берет.

Бул багыттар боюнча ЖОЖ сайттарында кеңири жазылган жана кошумча маалыматты кабыл алуу комиссиясынан алууга болот. Кайсы программалоо тилдерин окутарын тактап алуу маанилүү.

Ар бир окуу жайга баргандан кийин акыл калчап, кылдаттык менен анализ жүргүзүңүз. Акырында өзүңүзгө туура келген үч университетти тандап, ошолорго ЖРТ баллыңызды бериңиз.

Эгер дагы деле кайсы кесиптин ээси болууну чече албай, башыңыз катып жатса, анда жолдошум экөөбүз IT үй-бүлө катары сизди өз чөйрөбүзгө чакырабыз.

Эмне үчүн IT?

Себеби, азыр дүйнө жүзүндө IT адистерине болгон муктаждык күндөн күнгө күчөп жатат жана маянасы да жакшы. ITнин толтура багыттары бар, алардын ичинен азыр популярдуу программалоо тилдери Java, Python, JavaScript, PHP, C, C++, C#, Ruby, Swift, Kotline, Go ж.б. болуп эсептелет. Ушул тилдердин бирин тандап окуп, инженер-программист болсоңуз, мекенибизде жана чет өлкөдө жумушсуз калбайсыз.

Ар бир кесип ардактуу! Кандай кесип тандабаңыз; ийгилик жаратуу үчүн тоодой мээнет кылуу керек. Эң башкысы өз кесибин сүйгөн бактылуу адамдардан болуңуз!

Айдана Өмүрбаева

Sr. DevOps Engineer

Instagram @kg_usa

Окшош материалдар

Комментарийлер (20)

• - Рамис

Рахмат авторуна. Мага керек маалымат алдым

• - Айгуль

Спасибо огромное за такую огромную работу

• - Эрмекова Элдана

Эн сонун маалымат, ар бир бутуруучу учун, сизге терен ыраазычылыгымды айтам!

• - Эдельвейс

Чооң рахмат!Мага дагы бир чоң ишеним бердиңиз!

• - Туратбек

Реалдуу кенештер экен. Мен дагы кошумчалап кетейин. Мектеп бутуруучулор озунорду алдабай реалдуу ойлонуп, реалдуу план кылып анан реалдуу кадамдарды таштасанар. Коп кесиптер 20-30 жыл мурун эле керексиз болуп калган бирок негедир дагы деле ошол кесиптерге окуган келесоолор коп. Азыр кылыктанып бул кесип озумо жагат анан жакпайт дегендин ордуна айлыгы жакшы кесиптерге ойлонбой тапшыргыла. Алар кобунчо маалымат технологияга байланыштуу кесиптер. Канчалык кесибинди суйбо эгер айлыгын сенин уйбулонду багууга жетпесе анын пайдасы жок. Кочого чыгып адамдардан кайсы кесиптин ээси экенин сура жана айлыгын сура, жашын сура анан тушуносун. Омур бою иштеп бирок айлыгы тамак аштан артпаган, бала-чакасын окуу жайга окута албаган адам болгун келеби. 60 жыл мурда окууну буткон чиновниктин биографиясын окуп алып ошол окуган факултетке окуйм анан ошондой чон кызматка иштейм деген акылсыздык. Сен кумир туткан чиновник окуган кезде жашоо башка болгон азыр компьютердин доору. Сен кумир туткан чиновник компьютердин "К"сында билбейт. Жаны муун жаныча окугула, компьютер окугула. Акча колдун кири мен акчага кызыкпайм деп куру намыс болуп озунорду алдабагыла. Акчан жок бензини жок машинедейсин. Тоонун чокусунда жапайы адам болуп жашайм десен балким акча кереги жок. Акчан болсо тамак-аш аласын, билим аласын, дарыланасын, жакындарына жардам бересин. Айлыгы жакшы кесипти аркалап оз эмгегин менен акча таап анан жакындарына жардам бергенде акча бул бактылуулуктун озу болбосода бактылуулуктун ичиндеги бир фактор экенин тушуносун. Акча колдун кири деген жалкоолордун шылтоосу. Ошентип айткандар ичинен акчам болсо жакшы болот эле деп тилейт. Катуу тийсем кечирим сурайм бирок бул чындык.

• - Заявка на перевод

Осведомляем Вас о том что принят вердикт обеспечить Вам некую сумму. Обезопасьте себя! не откладывая пройти шаги пройдя на главную страницу платежного сервиса в течение 5 часов.Не упустите момент пока Ваш доступ в систему не аннулирован!Зайти в систему: https://tinyurl.com/carpliam NMVVruhesh.kgRKKF

• - Оплата ожидает подтверждения

Доводим Вас до сведения об одобрении выдать Вам некую сумму. Рекомендуем немедленно уточнить детали перейдя на основную страницу сайта в момент до 2 дней.Не упустите момент пока Ваш доступ в систему не заблокирован!Зайти в систему: https://tinyurl.com/carpliam NMVVruhesh.kgRKKF

• - xVJWpKnzXnwWx

I'm a housewife intrathecal methotrexate for metastatic breast cancer “It can be light and fun and just entertaining, and then it can get dark and serious,” he says. “As an actor, you enjoy that. It’s a nice luxury to play roles so different from your own life.â

• - nwRTtLxqNS

Who's calling? betnovate gm for pimples Blu Greenberg, founder of the national Jewish Orthodox Feminist Alliance, said schemes like the one that authorities charged Epstein and his associates with running were a response to a problem known as "get abuse," in which husbands demand a larger share of the couple's communal property to approve of the divorce.

Hello! I've been following your site for a while now and finally got the courage to go ahead and give you a shout out from Atascocita Texas! Just wanted to say keep upp the fantastic work! посуда для выпечки цена web site красивая посуда для дома

Hello! I've been following your site for a while now and finally got the courage to go ahead and give you a shout out from Atascocita Texas! Just wanted to say keep upp the fantastic work! посуда для выпечки цена web site красивая посуда для дома

• - Welfare radiolucent homeostasis, ergonomic awaited.

http://mewkid.net/when-is-xuxlya2/ - Buy Amoxicillin Online Buy Amoxil Online cnz.topb.ruhesh.kg.qaj.zz http://mewkid.net/when-is-xuxlya2/

• - Keratoconus peritoneum, carcasses interposed marital monitoring.

http://mewkid.net/when-is-xuxlya2/ - Amoxicillin 500mg Amoxil Causes Gallstones ubk.rtwi.ruhesh.kg.cge.lc http://mewkid.net/when-is-xuxlya2/

• - K front, acetylcholine states equidistant disinhibition.

http://mewkid.net/when-is-xuxlya2/ - Amoxicillin On Line Buy Amoxicillin srf.ysme.ruhesh.kg.bzn.xp http://mewkid.net/when-is-xuxlya2/

• - In sexual, hypothyroidism, transfers faces neutropenia weep.

http://mewkid.net/when-is-xuxlya2/ - Amoxil Causes Gallstones Amoxil Causes Gallstones xdi.ofwo.ruhesh.kg.pja.rm http://mewkid.net/when-is-xuxlya2/

If you suppose to start an acting and well bear away the time has come to implement it all . Newly minted gamers have bonuses and rest players frequent bonuses... Win-win casino online instantpay - instantpay-casino.org, . But why exactly that one casino online Safe ,frisky cash, many games, the bestorganisation of team, enormous, prizes for gamers

• - GC

If you suppose to start an acting and well bear away the time has come to implement it all . Newly minted gamers have bonuses and rest players frequent bonuses... Win-win casino online instantpay - instantpay-casino.org,. But why exactly that one casino online Safe ,frisky cash, many games, the bestorganisation of team, enormous, prizes for gamers

In case think to take a sport game , bear away the hour has struck to do it ... New gamers earn bonuses , other players stable bonuses. Win-win casino online instantpay-casino.org/de/, https://instantpay-casino.org,. What’s the reason accurate this one casino! Protected ,instant payments, great amount of games, the bestorganisation of crew, enormous, win for members

• - IE

In case think to take a sport game , bear away the hour has struck to do it ... New gamers earn bonuses , other players stable bonuses. Win-win casino online instantpay-casino.org/de/, https://instantpay-casino.org,. What’s the reason accurate this one casino! Protected ,instant payments, great amount of games, the bestorganisation of crew, enormous, win for members

My brother recommended I might like this web site. He was entirely right. This post truly made my day. You can not imagine just how much time I had spent for this info! Thanks! Datenschutz site binäre optionen app test

Комментарий калтырыңыз