Тарых: Кыргыз элинин улуттук жана диний жүзү

(1916-жылкы кыргыздардын көтөрүлүшү жөнүндө 1916-жылдын 3-сентябрында Г.И.Бройдонун Ташкент шаарынын Сот Палатасынын тергөөчүсүнө берген далилдери).

Кыргыздардын мал менен өмүрү өткөн жапайы уруулары эч качан улуттук же мамлекеттик уюм катары бириккен эмес.

Түркстандын тарыхый изилдөөчүлөрдүн (Пантусов, Гродеков ж.б.) жазгандарына караганда, XIV-кылымдан баштап кыргыздар бирде кытайлардын, бирде калмактардын, бирде кокондук сарттардын бийлигинде болуп келишкен; тигилер кыргыздардын урууларынын биринин жардамы менен калгандарын кулдандырган. Биригүү аракетинин болгондугун бир да тарыхчы белгилеген эмес, андай аракетке суу, жайыт талашуудан келип чыккан уруу арасындагы касташуу жолтоо болгон. Край каратылып алынгандан кийин болуш-болушка бөлүү, алардын ээлеген жерин тарытуу ж.б.у.с менен мындай бытырандылык ого бетер тереңдеген.

Кыргыздардын чөйрөсүндө диндин таасири жөнүндө айта турган болсок, анда дайыма өзүнө караганда кубаттуу, өнүккөн элдин бийлиги алдында болгондуктан, кыргыздар тигил же бул диний агымга баш ийип келишкен, кээде андай агым кыргыздарды зордук менен киргизилген.

Археология жана тарых эстеликтери крайда буддизм өнүккөнүн кабарлайт (Арашандагы Будданын моло ташы, Токмоктогу балбал таштары ж.б.).

Жети-Суудагы христиан-несториандардын бейиттери арбын табылды, алар XIV кылымда Сирияда куугунтукталып келишкен. Ледениов кыштагындагы, Ысык-Көлдүн батыш жээгиндеги, Токмоктун жанындагы ж.б. бейиттер ошолорго кирет. Христиандардын мүрзөсүнүн көптөгөн эстеликтерине түрк ысымдары жазылган, бул христианчылык кыргыздардын арасында да тараганын билдирет. Эстеликтердеги түрк ысымдары менен жазуулар түрк ысымындагы маркум иерейлик чоң кызматта турганын күбөлөндүрөт. Архиерейлик кызматта (дин кызматы – Т.М.) турган кыргыздар да кездешет.

Ушунун өзү кыргыздарда христиан дини кыйла тамырлаганын айгинелейт. Кыргыздар кокон бийлиги алдында калгандан тартып, мусулманчылык тарайт. Мусулманчылык Жети-Сууга XVI кылымдан мурда келген эмес жана зордук менен таркатылгандыктан өтө жайылып кете албаган. Акыркы учурда официалдуу түрдө кыргыздардын баары мусулман деп эсептелет. Мусулманчылыктын кыргыздардын ичине канчалык тараганын бүтүндөй областта бир да кыргыз мечити жоктугунан эле билсе болот; ар кайсы жерде бейит ичинде ылайдан чочойто тургузулган белгилерди көрөсүң, ага эч ким деле барбайт. Жалпы зыярат кылуу, табынуу деген кыргыздарда жок. Мейли өзүнүкү болобу, мейли башка жактан болобу – духовенство аларда болбойт.

Мекеге барып келбеген же барат элем деп дегдебеген адам өзбектердин ичинде аз болсо, кыргыздардын ичинде мүлдө область боюнча Мекеге барган 3 адамды кезиктирүү кыйын. Дин же башка жагынан өзбектердин кыргыздарга тийгизген таасири жөнүндө айтуу кыйын, анткени кыргыздын аң-сезиминде өзүбек эзүүчү жана кызыл кулак сүткор.

Кыргыздардын ичинде сабаттуулар аз: орус кат-сабатын билген бир нече гана киши бар, ал эми мусулманча билгендер аз гана процентти түзөт. Мен ал турсун эң мыкты, бай деп аталган кишилердин үйүнөн да мусулманча сабаты жакшы адамды, китепти же кур дегенде куранды көрө албадым.

Гезит дегенди окушпайт, зордуктап жаздырган “Семиреченские Областные Ведомости” деген гезит болуш катчысынын капшытында үйүлүп, керексиз жатат.

Кыргыздардын малчылык жашоо-тиричилигинин негизинде тигил же бул басып алуучулардын себебинен диний таасирлердин улам алмашып турушу (бутпарастык; буддачылык, христианчылык), кандайдыр бир бекем, калың массаны кучагына алган диний кыймылдын болушунун себеби болуп саналат. Кыргыз коомунда “өз” соода капиталынын болбогондугунун негизинде ошол эле себептер менен кулач жайган улуттук кыймылдын мүмкүн эместигинин себеби болуп саналат.

Ташкент, 3-сентябрь, 1916-жыл. Которгон Мырзаян Төлөмүшев

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз