Салттуу мамлекеттен гумандуу цивилизацияга

«СЯО КАН» – КОНФУЦИЙЛИК КАПИТАЛИЗМ

Коомдук илимде биз демейки үстүрт окууда анча элес албаган «чарба философиясы» («философия хозяйства») деген жөнөкөй [сыяк] бир түшүнүк бар. 

Мааниси – кайсы ыңгайда чарба жүргүзсөң ал ыӊгай сени өзүнө жууруйт. Тамчы тынымсыз тама берип ташты көзөгөн сыңары такай бир түрлүү, бир ыңгайдагы чарба жүргүзүү ыкмасы кишинин (элдин) табиятын пейил-куйун, салт-санаасын, жашоо философиясын жүрө-жүрө, билинбей-билинбей, өзгөртө-өзгөртө отуруп акыры өзүнө жутат, аз-аздап ал контекстке сыйбаган төл тарыхыңды кунсуздайт. «Жаңы Адамга» айлана баштайсың. Акыры сага жаңы ыӊгайды таңуулаган адамдын (тымызын кожоюн!) каалоо табиятына кантип ылайыкташканыңды өзүң да билбей каласың. Дүйнөнү кансыз жеңип алуунун бул өзүнчө сыналган бир түрү.

Бул эми саал кириш сөз.

Капитализмдин Европадан башталган дүйнөлүк зор жүрүшү Азия континентин кулачына алганда, арийне, товар кирген, бирок аны менен кошо жаӊы философия, мораль да кирген. Жолундагынын баарын күр жоюп, эбегейсиз арааны ачылган Азия колониализминин кандуу чеңгээл изи экономика мейкинде эле эмес, Азия жан-дүйнөсүнө айыккыс тырык салган, ачуу тагы калган.

Бияк да түгөнгүс сөз. Бул рух тырыгын, мораль кедерин, пейил буйугун чагылгандай өзүндө фокустап калган бир-бир гана сөздөрдө шылып айтсам, төмөнкү саптар эске эрмелет:

«Киши жегенге үйрөнө элек балдар калгандыр. Балдарды сактагыла-а!»

(«Жиндинин күндөлүгүнөн»)

Бул – Лу Синь. Кытай элинин улуу жазуучусу. Жапайы рынок моралы – жаш-кары, катын-эркек, бала-кызына карабай баарын жалмап, кишилер бирин бири тытып жеген жырткыч моралга каршы бунт, ички улуу чыңырык эле бул.

«У меня нет совести, у меня есть только нервы»

(«Из слов Пигмея»)

А бул Рюноскэ Акутагава. Жапан элинин улуу жазуучусу. Самурайлык намысчыл Японияны капитализмдин кир, ыплас турмушу канчалык кор абалга жеткиргенин аёосуз сындап, сыздап жазып, акыры, жазасына – өз жанын өзү кыйган келишкис гуманист.

Улуу сүрөткерлердин уңгусунда ый улуган бул саптары өткөн кылымдардын тогошунда аталган өлкөлөрдө коомдук аң-сезимдин канчалык чыӊырып турганынан кабар жеткирет. Чыңалган абалдан чыгуу үчүн өз заманынын мыкты ойчулдары үрүлүп жол издешкен, бүлүнүп жан азабын жешкен. Түбөлүктүү акыйкатка жол чалышып, байыркыга кайрылышкан – алгы жолду ачыкташ үчүн!

Кан Ювэй – Кытайдын биринчи залкар реформатору 1898-жылы Токио шаарында Жапан премьери Инакуи мырзага «Улуу биригүү Битигин» («Книга о великом Единении» – Датун) сунуштап, пикирлешкен экен. Ошондо Кан Ювэй Конфуций окуусунун өзөгүн түзгөн «датун» идеясы, бул, байыркы өткөн коом жөнүндө эмес, ириде, келечек коом жөнүндөгү окуу экенин тарыхта биринчи жолу кашкайта айткан экен. Конфуцийди байыркыдан – арттан эмес, дайымкыдан – келечектен издеш керегин нускаптыр.

Сибусава Эйдзи. Жапан залкар реформатору. Европадан эртелеп билим алган ал 1868-жылы Күнтууган өлкөсүнө кайтып, Мэйдзи реформаларынын жүргүзүлүшүнө катышат. 1874-жылы өкмөт менен пикири келишпей отставкага кетет, ошондон тарта япон коомун заманбап модернизациялоого бүт өмүрүн жумшап, Конфуцийдин «Лунь юй» («Айтым») битиги менен алпурушат. Бизнеске ылайык жаңы адамды тарбияламайын Жапан өлкө жалгыз аралда жапайылыктан башы чыкпай каларын какшап, ал өмүрүнүн башкы иши – «Лунь юй» жана бухгалтыр эсеп» аталган жаңычыл фундаменталдуу китебин жазат.

Абай баксак, кылымдан узак жолду баскан кытай Кан Ювэй, жапан Сибусава Эйдзинин байыркынын («Лунь юй», Конфуций, б.з.ч. VI к.) жарыгын алгы заманга (б.з. XX к.) шам кармап жазылган, учурунда өлкөнү ургаал модернизациялоодо эбегейсиз эмгек эткен бул китептери андан бери канча муунду тарбиялады. «Конфуцийлик маданий мейкин» («конфуцианский культурный регион»), «конфуцийлик капитализм» («конфуцианский капитализм») атыккан термин бу күндө «Күнтууган», «Асман алдындагы Ордо» мамлекеттерди гана эмес, мүлдө Чыгыш Азия «жаш кабылан» мамлекеттерин да мүнөздөп турат.

Тык! Ушул жерден биз эӊ маанилүү, бир эле Конфуцийдин, бир эле «конфуцийлик регион» аталган мейкиндиктеги ар башка эл-мамлекеттердин ар биринин табиятындагы ар башка катылып жаткан өзгөчөлүктөрдү сууруп чыгууга жөндөмдүү универсализмин, ошону менен бирге али эч биринде ачыла элек, бизге түптүз тиешеси бар, биз, түркү-кыргыз эли-тили түптүз катышмайынча эч качан ачылбай да кала бере турган, эл билген Конфуцийдин артында дагы бир «эл билбес Конфуций» катылып жатканын белгилей кеткибиз келет.

Эл биле элек Конфуций тууралуу анан III бапта атайын кеп кетет, биерде сөзүбүз далилдүү болсун үчүн ар башка эл тереӊи ар кыл ачылган анын «универсализмин» мүнөздөгөн бир мисалды алдыӊызга тарта өтөбүз.

Ян Жисюй, тайвандык профессор:

«Китайцы уже издревле говорили о самосовершенствовании, о главном желании, почему же Япония смогла добиться таких успехов в модернизации, а Китай все еще только прилагает усилия?

Коренноё отличие лишь в одном иероглифе – син – «претворение в жизнь».      

(Л.С.Переломов «Конфуций. Лунь юй». М., 1998

Профессор ушинтип бир-ак «син» (аракет, ишкерлик, кыймыл, тырышуу, көктүк, прагматизм ж.б.) иероглифинин символдук маӊызында континенттик калбаат Кытай менен аралдык чапчаӊ Япониянын өлкөнү модернизациялоо өӊүтүндөгү айырмачылыктарын мүнөздөп коёт. Бирок профессор мисал тарткан «син» иероглифинин мааниси, чынында, «камбыл, чапчаӊдыкта» («претворение в жизнь») эле эмес, анын мааниси андан кеӊ, андан тереӊ.

Түркү кыргыз тил өӊүтүнөн чыгып караганда (которуп эмес!) «син» иероглифинин аабал түп мааниси – «эриш-аркактык». «Эриш-йериш» деген эӊ түпкү угум-маани, кийинче кытай дүйнөсүнө, негизинен «йүрүг-жүрүг; йүрүш-жүрүш» («движение, идти, ходить…») деген омоним өӊүтүндө өзгөрүп, кийин ушу уӊгуда кеӊип кеткен. Келтирилген мисалда «син» иероглиф мааниси негизинен бир жактуу турса (бир кишиге байланыштуу), түпкү түркү маанисинде кош жактуулук (бир тутум – эки кишиге байланыштуу) бар. Тык!

Эмесе, профессор суктанган «син» иероглифинин жапан элиндеги башкы артыкчаланган маӊызы дал ушул «эриш-аркактык», не, ынтымак эле (айтса, жапан тилинде кыргыздын ынтымак сөзү «ынтымак» деп эле айтылат!). Ынтымак, эриш-аркактык, бирин бири колдошуу болбосо бизнес өнүкпөйт. Кытай профессору Ян Жисюй, жапан Сибусава Эйдзиден алган мисалында чапчаӊ камбылдыктан да тышкары дал ушул бизнес ынтымагы жаткан (азыркы биздегидей баш көтөргөнүн жыга чапкан батышчыл жырткыч конкуренция эмес!).

Конфуций моралы. Рынок, мораль, элдин жантабияты (менталитет), жаӊы тарыхый шартта өлкөнү модернизациялоо зарылдыгы, «конфуций маданий региону» ж.б. байланыштуу өйдөкү жалпы киришүү сөз жана эми мына ушунун баарына күтүүсүз, капыс «кайдагы кыргыздын» капыл-тапыл байланышып чыгышы кыйла бүйүр кызыткан факт, баарыбыз үчүн жаӊы жагдай.

Андыктан, бул өтө орошон, сан салаалуу көйгөй маселени эӊ жонунан болсо да саал ыраатка салып айтпаса кеп мүчүп калат, түшүнүксүз тартат.

Качанкы карт кытай Конфуцийдин кыргыз уруучулугу, салттуу коому;

учурдагы учу-аяксыз «укукчул» аталган мамлекетине тиешеси;

анан эӊ башкысы, мунун келечек үчүн мааниси (эч бир тартынбастан туруп «глобалдык» деп айтса болот!) ачылбай калат.

Эмесе, кепти ырааттуу жөнөтөлү.

I. Конфуцийдин «датун», «сяо кан» концепцияларынын өзөгү (синология тастыктоосу боюнча);

II. Айтылган концепциялардын кыргызга тиешелүү жагдайы;

III. Жалпы Чыгыш Азия, жаки, «Конфуций маданий мейкиндеги» абал жана жаңы Евро Азия, Борбор Азия, жаки, кыргыз-түрк дүйнөсүнүн келечек «балким» цивилизациялык сабакташтыгы.

Алгы баптарда, түбүнөн жаңыча коюлуп жаткан ушул маселелер тууралуу түрүлтүп кеп салабыз.

Эмесе, ирээттүү токтололу.

Абалы, атамага байланыштуу. 大同 «датун» маанисин аалымдар:  

«Великоё Единение» «Улуу Биримдик»; «Великоё равенство» «Улуу Теӊдик»; «Общество всеобщего благоденствия» «Бейпил коом» деп беришет.

Ал эми 小康 «сяо кан» маанисин – «малоё процветание» «жетиштүү чарба»; «общество малого благоденствия» «кичи канаагат ордо»; «среднезажиточная семья» «орто оокаттуу үй» деп маанилешет;

Эки атамадагы теӊ аныктооч маанилер алгачкы иероглифтеринде берилет, экинчилери ээрчимел мүнөзгө ээ:

«да» - улуу, эбегейсиз, зор, башкы ж.б.

«сяо» - кичине, чакан, аз, кийинки ж.б.

Биз эки концепцияны орус тилин ээрчий мааниледик; кытай тилинде бул түшүнүктөр контекстке ылайык кыйла кеӊип кете берет. Булардын кыргыз тилинде так окулушу (жалпы маанилениши эмес!) башкача. Ага жеткичеӊ, биз мындан ары бир түрдүү кытайча атаманы гана колдоно барабыз.

Эми маанилерине кайрылсак, Конфуций бул концепцияларын «Ли жи» – «Салт баян» канон китебинде берген.

Конфуций айтуусу боюнча «датун» маалында Тэӊири өлкөдө (эзелки Алтай заманы) Улуу Дао ырааты өкүм сүргөн, бул кезде баары жалпы эле, Телегей тегиз, Улуу Теӊчилик эле.

«Ли жиде» бул мындайча сыпатталат:

«Датун коому: Улуу Жолду тутунуп жүрүшкөн кезде Тэӊир алды баарына жалпы эле, баары бири-бирине тууган эле. Эл башкарууда акылмандар менен билгилерди тандашчу, чындык жолунан тайыбай, досчулукту тутушчу.

Андыктан, «өз, жат» деген болчу эмес, балдар да чогуу багылчу. Карылары каралып, чоӊдору иш кылып, жаштары тарбия алчу. Жетим-жесир, алсыз-жалгыз калуу жок, эркек – эркектей, аял – аялдай эле. Жакшылык жерде калчу эмес. Көр дүйнө жыюу болчу эмес.

Ушул себеп – эч бири арам ойсуз эле, ууру-кески мындан жок, будуӊ-чаӊ салган андан жок, үй – кулпуну билчү эмес. Улуу мамырылык маал эле (это называлось великим единением»).

(«Ли жи». «Ли юнь» - «Эреже таасири» бабы)

Эми Көктөн Фэӊ Куш (Фэникс) көрүнбөйт, караанын үздү, Жерден «Хэту» жазуулуу ажыдаар билинбейт, кайдадыр сызды. Бул жакшылыктын жышааны эмес.

Бул Тэӊир алдындагы өлкөдөн (Алтай) Дао жүзүн бурганы, Асман артына жашынганы.

Фэӊ Хуаӊ куш, «Хэту» жазуулуу ажыдаар – булар Даонун куш-айбанат тейиндеги сырдуу архетип образдары. Сырдуу байланыштын Жерден-Көктөн карааны үзүлгөнү – Даонун сүзүлгөнү. Демек, алгы опуртал – Тэӊир өлкөнү хаос басмагы. Бирок Тэӊир өлкөнү тебеленди калтырбай, хаосту болтурбай бир жолун табыш керек!  Ал жол – «сяо кан!»

Тэӊир алдындагы өлкөнүн «датун» байгерчилигин баштан кечирип жашап турган маалын Конфуций Ся заманынын Юй эл бийлеп турган мезгилинен баштап эсеп алат. Бул б.з.ч. XXII кылым. Ал эми «датун» соӊун Батыш Чжоу заманы менен бүткөрөт. Бул, б.з.ч. XI-VIII кк. арасы. Ошондо, жалпы алганда, ортодо бир жарым миӊ жыл аралык жатат. «Ся» заман, Юй элбашы тушу – көчмөн  тарыхына салганда байыркы Сайак заманы, Байдук бий кезине туура  келет.

Демек, Конфуцийге чейин, Тэӊир алдындагы өлкө, кеминде бир жарым миӊ жыл бою, кыргызча айтканда, «кой үстүнө торгой жумурткалап» турган, жарды, байы жок, «сеники-меникин» билбей баары ортого салынган Улуу Теӊдик, Бейпилдик, Биримдик коомун («Великоё равенство») жашап турган.

Эми Улуу Дао ымыртка төндү.

Тэӊир өлкө – үй-үй башына кетти,

Тууган өздү гана тууганым деп билди,

Баласын ар ким бооруна басты,

Өзү-өзүнө гана иштеп байлык жыйды,

Бийлик Эгеси тун уулуна бийлигин калтырганды адатка айлантты.

Баштагы аӊ-көлмөлөр калаа коргонуна айланды…

Байыркы ыраат бузулуп, тэлэгэй турмуш үзүлүп, баш-башына кеткен жердеги турмуш эми жаӊы ыраатты талап кылып чыкты. Антпесе, Тэӊир алды өлкө кыйрайт, жок болот.

Конфуцийди «сяо кан» концепциясын түзүүгө түрткөн тарыхый шарт ушул эле.

Арийне, Асман артына жашынган Улуу Даону дал өзүндөй кайырып болбойт, бирок анын – Даонун, кичи үлгүсүндө Жерде жаӊы эреже-салтты түзсө болот. Кичи үлгү – «сяо кан» («кичи канаагат Ордо» «Общество малого благоденствия») жолун.

Беш түркүк түшүнүктөн турган («у чан»):

1.  «ли» - салт (ритуал);

2. «и» - милдет (долг);

3. «жэнь» - адамгерлик (человеколюбие);

4. «синь» - изгилик-ишеним (вера, доверие);

5. «чжи» - дээр, зээн (ум, разум).

Нарк-салт жыйымын түзүп, тек, сенек катырбай ар бирин ичтей чынжырлап чырмай, биринен экинчисине этиштирип-өтүштүрүп Конфуций өзүнүн кылым кыйырлаган улуу Окуу системасын түзүп салган. Жеке адам, коом, мамлекет, ички-тышкы турмушун түгөл кучагына сыйдырган универсаалы илимин!

Абай баксак, ана ушул жерден Конфуцийдин соӊ Кытай тарыхындагы эбегейсиз ролу ачыкка чыгат, алтургай эми батыл эле айтсак болот, дүйнөлүк карааны калдайып көрүнүп калат. Конфуций доору эки заман арасы айкын ажыраган кезеӊ экен – бир жагында «сеники-меники» жок баары ортодо турган байгер заман («датун»); экинчи жагында ар ким өз кызыкчылыгын көздөп, жеке арбайын согуп, бардык нерсе бөлүккө түшүп, күчтүүсү күчсүзүн сүрүп, жалпылык, теӊдик, бир туугандык, калыстык деген кылымдык түшүнүктөр закталып, кунсуздала баштаган заман (хаос). Бүгүнкү тил менен айтканда, «байыркы түбөлүктүү социализм» жана соӊку «жапан рынок» кагылышы!

Конфуций мына ушул жапайы заманды алгач гумандаштырып, моралдаштырып бериптир – «учаӊ» теорий түркүктөрүн тиреп, аламан бөлүккө түшкөн дүйнөнү ыраатташтырып («сяо кан»). «Байыркы социализм» демекчи, береги эле ХХ кылымдын башында «датунду» «социалдык утопия» санаган аалымдар, аны Европадагы Платондун жана Томас Мордун социалдык теӊдик, россиялык анархизмдин атасы П.Кропоткиндин «ынтымак коом» идеяларына окшотушкан. Конфуцийдин чектелген кытайлык гана эмес, аны жарып дүйнөгө кеӊип кеткен карааны… Айтса, ал мынабундан да таасын билинет.

Бая, буга дейре Батыш дүйнө менен эгерим иши жок, кылымдык өз жолунда кыӊая басып келаткан Кытай, Жапан калкы капыс батыштык «капитализм» атыккан баарын ургундай каптап өз ураганына алган улуу сурайыл дүйнө менен күрдөөл иши чыкканда экономий гана эмес, ириде рухий (!) жанчылып, талкаланып, кажынып, изденип, өлүп, тирилип, күл болуп, болуп… күйүп бүткөн жеринен кайра бая Фэӊ Хуаң – Фэникс куштай дирилдеп тирилип чыга келген себеби – дал ушул Куӊзы устат, анын «датун», «сяо кан» теориялары рухий сүйөк эле! Универсаалы!

XIX к. - XX к. аягы Кытайдын соӊку ири ойчул, мамлекетчил биринчи ишмери Кан Ювэй, Сунь Ятсен, Чан Кайши, Мао Цзэдун, Дэн Сяопин баары, бир кылым бою тынбай кайрылышкан, аа таяна рухий азык издешкен, өз социалдык-саясий философий концепцияларын түзүшкөн дыӊ – Конфуций зыл эле!

Конфуций окуусу, асыресе, соӊку «сяо кан» концепциясынын универсализмин, анан да «сяо кандын» артта эмес, алга караган жүзүн айкыныраак баамдаш үчүн мынабул мисалдарга кайрыла кетүү орундуу.

Жогоруда «конфуцийлик капитализм» теориясын түзүп салышкан Кан Ювэй менен Сибусава Эйдзинин мисалы айтылды. Экөө теӊ өз өлкөлөрүн модернизациялоого шымаланган. Кан Ювэй көксөгөн реформасын ишке ашыра албады, анткени ал Конфуций тексттерин жаӊыча окуп, ага шай, көбүнесе саясы системаны жаӊылоого күч үрөдү, бирок феодалдык зыл Кытайды козгош кыйындыкка турду.

Ал эми Сибусава Эйдзи, тескерисинче, түз эле экономика талуудан кармады. Көйгөйдү түз чечти.

«Самурай моралы бизнеске жарабайт, биерде Конфуций этикасын ишке салыш керек. Эгер бизнес моралдашпаса, ал кыйрайт»…

Сибусаванын бу айтканы конфуцийлик мейкиндеги өзүнөн кийинки, баардык реформаторлорго жарык жолчырак болду.

Материктик Кытайдан куулуп, 1949-жылы аралга качып чыккан Чан Кайши Тайванда «сяо кан» концепциясына негиздеп батыш капитализминен башка, Маонун «кытайлашкан марксизми» да түк окшобос жаӊы коом кураарын жарыялаган жана курган! Тайвандын келечеги – азыркы экономикалык да, моралдык да кубаты белгилүү.

Түштүк Корея, Сингапур, Гонконг, булардын ар биринин географиялык чөйрө, тарыхый тажрыйба, социалдык мүнөз жагынан алганда белгилүү деӊгээлде ар башкалыгы турса да, баарында бир айкын жалпылык да тур – конфуцийлик моралдык-этикалык мейкиндик. Дээрлик баары бир мезгилдери капитализмдин чимирик барасына күрр тартылган булар да улуттук жүздөрүн сакташ үчүн эзелки картка кайрылышты; батыштык эмес, азиялык өзгөчө «конфуцийлик капитализм» курарын жарыялашты жана ургаал жетишти – ХХ кылымдын соӊ чейрегинде «Чыгыш Азиянын жаш кабыландары» атыгып дүйнөгө күркүрөп  жортуп чыгышты.

Эми булар жалпы капиталисттик дүйнө эле. Сибусава Эйдзиден бери, асыресе, социализмдин каршыккан жоосу Чан Кайши «конфуцийлик капитализмди» көз көрүнөө гүлдөтүп куруп салган Тайвань мисалынан кийин Конфуций карт, асыресе, анын боор баласы «сяо кан» концепциясы жалаӊ жаӊы капиталист кожоюндардын менчигине басылып кеткендей абал да, дүйнөлүк психологий кырдаал да түзүлүп кеткен эле.

Буга кошумча, дал ошол туштары жаӊы социалисттик Кытайдын атасы, «кытайлашкан марксизм» теоретиги Мао жогоркуларга тетирисинче, «түбөлүк социализм» идеясынын туундусу, Конфуцийге чейинки «элдик датун» концепциясын туу көтөрүп, маданий революция жарыялап, дүйнөлүк коммунизмдин биринчи үлгүсү – кытай коммуналарын ургаал куруп кирген сабагы бар эле (Маоунун «антиконфуцийлик кампаниясынын түпкү бир себеби ушул болсо, экинчиси – «вэньян» жазма тилге каршылыгына байланышат…).

Дал ушундай кырдаалда, эки лагерь – капитализм, социализм – эгешкен шартта Кытайда жаӊы патриарх тарыхый аренага чыкты – Дэн Сяопин. Ал 1979-жылы Япон премьери Масиеси Охира менен болгон маегинде «сяо канга» негиздеп өлкөдө төрт модернизацияны ишке ашырарын айткан.

Бирок бул япондук, тайвандык «конфуцийлик капитализмге» окшобос өзгөчө «конфуциандык социализм» болорун кыйыткан жана кийин ал оюн ишке ашырган. Анын Кытайдын экономикалык курсун рынок шартына салып жатып айтканы канаттуу фразага айланып кеткен: «Ак мышыкпы, кара мышыкпы, айырмасы кайсы, акыры чычкан алса болду да!» Бирок, «акыры» деген сөз жетишсиз экен. Кантсе да «рынок» жалаӊ максат (самоцель) эмес экен. Анын озуйпасы элдин мүлдө ЭЛДИГИН бүткүл улуттук касиетинде жаңшаңтып эртеңкиге көөрлүү өркүндөтүп алып өтүштө экен.

Ошондуктан ал «конфуциандык социализмди» жарлап жатып, кантсе да табияты эзелтен жамаатчыл-социалчыл Кытайга «капиталисттүүрөөк кара мышык» эмес, «социалисттүүрөөк аламышык ийги» экенин көздөгөн.

Анткени, ал айланып, айланып… келип, таяктын экинчи учунда, бая, Мораль маселесине чырмалышып чыгат. Андан эч качан киндиги ажырабас! Ажыраса эле дароо бая айтылган «рынок кожоюнунун» жантабиятына (менталитетине) ылайык аны гүлдөткөн, өз жантабиятын мукураткан күчкө айланып берет. Саясий да, экономий да, анан… рухий!

Тык! Арыстанбек акынча айтканда, бул кай замандын карааны көрүнүп туру, ой, журтум!... Ошентип, бая, экинчи суроого өтүүнүн да келди кези, же – качанкы Конфуций замандагы каракытайы «датун», «сяо кан» концепцияларынын көчмөн кыргызга тиешеси канчалык? Эмесе, буга жоопту дал ушул Арыстанбектин элинен-тилинен издеп баштайлы:

«Датун» коому эки иероглиф менен берилет.

а. үч түрдүү добушта айтылат: «да, дай, тай». Ушуга теӊ, ичкериден ар кыл мааниленип кетет. Жалпы алганда, негизги, бардык маанилери чоӊ, ири(г), көп, зор дегенге келет. Бул – эӊ жалпы алганда. Ал эми айтылган добуштук ички көп түрдүүлүккө киргенде:

ор (зор); орой, ириг, ормон (калыӊ, жыш), ыраак (грубый, толстый, густой, далекий, крупный) өӊдүү маанилерге кеӊийт.

б. «тун» иероглифинин негизги мааниси: так, так өзү, так ошондой (тот же самый, один и тот же, равно, одинаково);

чог-чогулуу; чак-чак келүү (собираться, совпадать ж.б.) маанилерине жанат.

Биз «датун» иероглифинин башкы мааниси: жалпы, теӊ, бирдей, орто, орток… Тык! Ооба,  орток  экенин билебиз.

大同 «датун» кошмок иероглифинин добуштарынын өзү да дал ушуну даӊдап туруптур: ор+так>ортак, б.а. орток!

Эми, экинчи тамгага келели – 小康 «сяо кан».

а. «сяо». Бул иероглифтин бүткүл маанилери: кичинекей, майда, аз, чакан, чекене, кыска, ичке, жука, экинчи, сак, жеке, токол (2-катын);

б. «каӊ». Мунун маанилери: коӊур, кеӊир, коӊ (чоӊ, зор) көӊ, көӊдөй.

«Сяо кандын» башкы маанилениши: «малоё процветание», «малоё благоденствие» экенин билебиз.

Бул дагы кошмок иероглифти (б.а. эки ар башка маанилүү иероглифти) ар башка маанилеринин суммасында окуп коюу экенин көрүүдөбүз. Кытай тили мындан башкача окуй албайт. Анткени, ал морфем-уӊгу тил. А биерде, «маанилеринин суммасында» эмес – «фонетика суммасында», агглютинатив эрежесинде окуу зарыл:

чак[ан], чек[ене]+коӊ, көӊ, кэӊ>чаккоӊ, чаккэӊ…  Өзү эле суранып турган агглютинатив тилдин ээрчишүү эрежесине салганда чакан, чэкэн(е) деген уӊгу сөз чыгат, түркий.

Демек, экинчи, 小康 «сяо кан» деген кош иероглифтин өзүнүн туюнтуп турганы бир-ак сөз, түркий: чакан; чэкэн(е) экен. Анан да, биерде контекст чегинде суранып турган экинчи мааниси «жеке» экени айкын турат.

Ошентип, ушунча кылымдар арасы эӊ түпкү так угум-мааниден тайып калуу отурук кытай калкын эӊ башкы как мааниден кайытып кеткен. Ал эми эӊ түпкү маани элдик, жөнөкөй эле экен: «Жалпы» жана «Жеке». Конфуцийге чейин, кеминде, бир жарым миӊ жыл мурундан келген ОРТОК коом тартиби эми кыйрап, ордун ЖЕКЕ чарба баскан экен.

Биздин замандын түшүнүктүү тилине салып айтканда социалистчил жамаатчыл чарба жана кулчул, феодалчыл, капиталистчил, индивидуалисттик коом.

 

«Жеке» деген качан болсо – ЖЕКЕ!

Өзүмчүлдүктүн, индивидуализмдин булагы. Эзелки «датун» социализми эми Конфуций заманына жете келе жекеленип, чакандалып, натыйжасы – коом будуӊ-чаӊдалган кезеӊде Куӊзы акылман кайрылгыс кеткен Улуу Даонун – Теӊирдин жолуна салып, анын үлгүсүндө Жер үстүндө, Теӊир өлкөдө чакан, адил коом курмакка белсениптир.

Конфуцийдин оюн оңго, санаасын санга бөлүп, Улуу Будуӊдан алакчылап «сяо кан» концепциясын түзүүгө түрткөн тарыхый шарт ушул эле.

Эмесе, кытай элинин эки жарым миӊ ашуун жылдык соӊ тарыхына эбегейсиз таасирин тийгизип Жуңго мамлекетинин бүгүн да кебелгис зыл турушунун башкы шарты болуп келген Конфуций сабагы, асыресе, айтылган «датун», «сяокан» концепцияларынын бизге тиешеси канчалык?

Биз неге бул багытта мынча улаарытып сөз салдык. Кеп, кытай иероглификасынын уңгу маанилери мүлдө түркү-кыргыз тилинде түзүлүп калгандыгында элеби (214 ачкыч иероглифтери, вэньян тексттери биз тараптан окулган), же, биерде филологиядан да башка тарыхый, философий, рухий, болгондо да, байыркы заманга гана тиешелүү эмес, учу так ушул биздин күнгө чейин уларып, уланып турган башка көйгөйлөрдө да жатпайбы? Дал! Жатат! Жана бизге кызыгы да ушерде. Тык!

Эмесе мен сизди, азис окурманым, ушул жерден, дал ушул өтө кызык бир тарыхый Улуу Чекке алып кирүүнү көздөп турамын. Бул чек байыркы Кытайдын өзүнүн тарыхында ажайып санатталган – Лао дааныш жана Куң устат эрөөлүндө. Бул тууралуу чейрек кылым илгериде жаздым эле, кайталап баян курбай, өзүмдөн мисалдайын:

«Бир курдай Куӊзы Лаозыга барып арналуу жолугуп, нарк, салттын маани-маӊызы жайында суроо салган дешет.

Ошондо Лао сырттан айткан экен:

- Бу сөзүӊ маа жаны учуп, сөөгү алдагачан сөпөт болгон адамдын эл эсинде эптеп сакталган ач сүлдөрүн эске салат. Нарк билген киши доорону жүргөн саатында араба минип жер безет, жылдызы күүгүм чагында таягын сүйрөп эл кезет. Тыӊ соодагер байлыгын эл көзүнөн далдаа тутат, чын акылдуу өзүн эл көзүнө дейди жандай тутат. Кербезиӊди кериге ыргыт, чычайган жалган адебиӊди чыккан жерине ыргыт – алардан алаар пайдаӊ жок. Айтмагым, бир гана ушул.

Лао даанышман менен коштошуп кайткан соӊ Куӊ даанышман шакирттерине айтыптыр дейт: Канаттуу учат, жырткыч сызат, балык сүзөт. Сызганды тузакка тутсаӊ болор. Сүзгөндү торго сузсаӊ болор. Учканды атып түшүрсөӊ болор. Аал, Жер-Көк чегин жалгыз ээлеп Көк Теӊиринде Күндөй күркүрөгөн, добулдай аркыраган ажыдаарды эмне жайып кармамаксыӊ? Мен жакында Лаозыга жолуктум, ал мага ошол ажыдаар сезилди.

Эки сырттандын жолу акыркы ирээт айрылаар алдын Лаозы да шакирти Геӊсаӊ Чуга айткан экен:

- Экөөбүздү эми Жол айрыды. Менин сапарым эрме чөлгө түштү, анын сапары Ак Сарайга жанды.»

(«Теӊирчилик», Б,1994, 162-б.)

Керемет!

Мында, Асман Жер арасына сыйбай табигый жашоону даӊдап, эрме чөлгө түшкөн Табигый Жолчул Лао дааныш;

сапары Ак Сарайга жанган, «чычайган адеп, керилген кербездүү» Коом Жолчул Куӊ устат даана туру.

Бул эрөөл, эӊ эле көп нерсени айтат, билгенге.

Байыркы бирдиктүү кытай дүйнөнүн өзүнүн жолу эки ачаланган мерчемин мезгейт.

Бири «датун» табият мейкинде кала берип, экинчиси «сяо кан» коом тегиздигине сапар алганын нускайт; байыркы кытай дүйнөсү жана мүлдөм көчмөн жолунун ачык кескин ажырым багытка кеткенин каӊкуулайт.

Дагы: «Лао даанышман менен Куӊ даанышмандын тарыхый аренага келиши, көчмөндөрдүн жолу жана кылым кытай калктын жолу расмий ажыраган тарыхый факт. Куӊзы менен Лаозынын бөлүнөр жеринде көчмөндух жатат.

Дал ушул жерден көчмөн теӊирчилиги чулу калат да, кытайтааным даосизм жана куңфучулукка ачык ажырап чыгып бир бүтүн теӊиртааным болуудан  калат.

Демек, аны теӊирчилик деп сөздүн, чулу маанисинде атоого болбойт.»

(Теӊирчилик. Б,1994, 170-б)

Саал кийинче, ана ушул бир теӊирчилик кош жиктелген борпоӊ мейкинге буддизм батыл кирет, теӊирчил Лао жана Куӊ илимине жуурулушуп «чань» духуна жол ачат.

Борбор Азия жана Кытай мамилесинде жаӊы доор барагы ачылат, кылымдарга курчуган жаӊы саясат башталат».

БИР Теӊирчиликтин зыл калган («табигый жол» «коом жолу» ажырабай чулу), жаки, кош кеткен («табигый жол» – Лао; «коом жол» – Куӊ) тарыхый бул факттын баа-маӊызы кийин-кийин, арадан эки жарым миӊ жыл өтүп Азия элдерине мамлекеттүүлүктүн БИР философиясы зарылданып мамлекеттин БИР модели изделип чыккан шартта, ана ошондо ачык билинет.

Кайталайын, Конфуций, Лао кезеӊден эки жарым миӊ жыл өтүп, кийин… XXI кылымда.

Эми көчмөнгө, кыргызга кайрылсак, Конфуций эсеп алган Ся заманы, Юй бийлиги Сайак-Байдук кезеӊинен бери эле санасак, арада төрт жарым миӊ жыл аралык жатат дегенди билдирет.

Ушул төрт жарым миӊ жыл аралыгы, кыргыздар:

философиясында – элестүү айтсак, даосизм, конфуцийчиликке ажырап жиктелбей бир чулу теӊирчилигин сактап жашаган;

коомдук-социалдык турмушунда – дале кытайча терминдесек, «датун», «сяо кан» жиктелишти билбей «жалпы-өздүк» чарба алакада чулу жашаган;

жаки, европача маанилесек – «түбөлүк социализм» доорун баштан кечирген.

Ооба, азис окурманым, контекст алкагында («датун», «сяо кан») мен атайын дүӊдөп, шарттуу жөнөкөйлөштүрө айтып жатканымды баамдап турасыз, ушунча кылымдар арасы, миӊдеген жылдар саясы, соңку совет кезеӊи, кыргыздын жан табиятындагы эӊ башкы касиети – жамаатчылыгы, теӊчилиги, жалпылыгы, ортокчулугу, каганат аӊ-сезими муӊбаган, бузулбаган, сакталган.

ХХ кылым, 1991-жыл, 31-августка чейин! Кыргыз эгемен заманына киргичеӊ. Жаӊы Рубикон – Чек, ХХ кылымдын эӊ зыйкыр түзүлүштүү «укукчул мамлекет, гражданчыл коом» режимине түшкүчөӊ!

Бул Рубикон-Чектин маӊызын, өзгөчөлүгүн, дале түшүнүктүүрөк турсун үчүн, шарттуу түрдө, Конфуцийдин «датун» «орток» заманынан – «сяо кан», «жеке, чекене өзүмдүк» чарбага өткөн мезгил мерчемине салыштыра карап койсок болот. Табияты бир эле, окшош, жалпы, же бая канон битиг «Ли жинин» тили менен айтсак:

«ар ким өз кызыкчылыгын гана көздөп, жеке арбайын соккон; тууган өз тууганын гана билип, өз көмөчүнө күл тарткан; ата-эне кеӊдигинен тайып башка баладан («баляядан») безген; ар ким жеке-жекеленип өз чарбасын гана билген, кара курсагын биринчилеп, катынып байлык жыйган; ал байлыгын сакташ үчүн өз тукумун бийликке койгон; аккан суу, көлмө жолун бууп, нугун бурган, байлыгын коргоп ийирилтип чеп кармаган; «таӊды кеч кылсаӊ ишиӊ бүтпөй күн кыскарган, кыйкырсаӊ аралык качып үн кыскарган», о, бул кай заманыӊ болду, ой журтум!»...

Так бүгүнкү! Дал азыркы! Кыргыз укукчул мамлекет тушу, гражданчыл коом режими! Качандыр карт Конфуцийдин аргасын алты алып, жетесин жети жеген жемкор заман! Аламан-хаос – «сяо канды» издетип тарыккан заман! Тар заман… Арыстанбек зар!

Эмесе, бизге да азыр дал ушул өз заманыбызга туш, жаӊы, улуттук «сяо кан» идеологиябыз, мындан тапатак, кашкайта ачык айтсак: алгы кыргыз мамлекеттик өнүгүүнүн жаӊы философий, идеологий, саясий заманбап доктринасы зарылданып турган жокпу?!.

Ошентип, кайрадан Ителги-Имерик заман бийигинде, ХХ кылым соӊуна, Дэн патриархка кайрылып келсек болот, эми.

Эстейли, рынок заманга батыл баштап киргенде ал: «Ак мышыкпы, кара мышыкпы, айырмасы кайсы, чычкан алса болду да» дегени бар эле. Аал эмесе, дал эле ошондой базар заман, окшош кырдаалда бизге, кыргызга, кандай мышык керек?

КЫРГЫЗГА КАНДАЙ  МЫШЫК  КЕРЕК!

Биз да, ана, рынок заманга аркырап кирип – парпырап мамлекет тоноп (Д.Зилалиев, А.Шадиев, Н.Айбашев), ыркырап чабышып (КСДП), чыркырап талкаланып (Ө.Бабанов), бырпырап камалып (Ө.Текебаев), буркурап акбезерип (Д.Урицкий), күркүрөп күчкө толуп (А.Жээнбеков), жаркырап сотто акталып (Р.Матраимов), чуркурап «Чума күнү» дуулдап тойлоп жаткан күндө бизге кандай мышык керек?

Кыргыз «датуну» (орток заман) кайрылгыс качып, заманга туш «сяо каны» (нарк-рынок) зарылданып чыккан кезде кыргызга кандай… кандай мышык керек?  КАНДАЙ???

Жок, кыргызга мышык эмес, эми… Барс керек!  БАРС!

Ушунун баарын – аркырагын да, парпырагын да, ыркырагын да, быркырагын да, чыркырагын да, буркурагын да, күркүрөгүн да, жаркырагын да, баарын, баарын (!) жолдон шыпырып тазалап салар жаӊы күч – жаӊы БАРС керек!  

БАРС БЕК… Тык!

Ооба, Барс гана эмес, эми дал Барсбектин өзү керек!

Анткени, бая айтылган Жаӊы Чек, бул – эми  БАШКА ЧЕК!

ХХ кылым, 1991-жыл, 31-август, бул эми – БАШКА ЗАМАН!!

Биз жетегине ошол күндөн түгөл элпек, жеӊил, жепен (!) түшүп берген  БАШКА КООМ!!!

Бул – адамзат тарыхында мурда эч кездешпеген, болсо, аӊыздарда гана бар (Куу Тулат!) – БАШКА ЗЫЙКЫР!...

Эске эрмелбес, көзгө ирмелбес, канчалык МИФ дейин десеӊ, ошончолук РЕАЛДУУЛУКка канык бул илмекайып сурайыл жайы саал түшүнүктүүрөөк турсун үчүн кичинекей гана тарыхый салыштырууга кезек бергим бар.

Бул система, тушунда, Кытай, Жапан кеӊдигине шукшуруп кирген «кадимки капитализм», «көндүм рынок» системи эмес, түк башка;

XIX к. аягы, ХХ к. башы Европа, Россияда монархиялык түзүлүштөрдү бир баштан сулатып чыккан «конституциялык республика» түзүлүштөрүнөн да түк башка;

Алтургай, Чыгыш Азия жаш кабыландары кечээ эле биринен сала бири удаама удаа дүйнөгө жортуп чыгышкан кездери алар кабылдашкан, жашашкан «рынокчул демократиялык республика» режимдеринен да башка;

Жаӊы ХХ к., 2-жарымы Жаш Африка, Латын Америка, анан соӊку постсоветтик мейкиндеги «ураа-а укукчул, делбе демократчыл» мамлекеттердин ичине ууру жылжытылган, жылаан зыргытылган, Ажыдаар асыралган (!) бул СИСТЕМА – баарынан башка, таптакыр ӨЗГӨ!

Бир карасаӊ, МИФ деп айтарлык – эч нерседе көрүнбөгөн, эч жеринде билинбеген, бирок толук РЕАЛДУУ бул закым-зыйкыр иш жүзүндө рак-кылкурттай мамлекет түзүлүшүн, мамлекет башкаруусун (госустройство-госуправление) чылк желелеп алган, чырмап салган. Ичтен дагы, сырттан дагы. Жок! Өзү – МАМЛЕКЕТТИК ТҮЗҮЛҮШ-БАШКАРУУ системасына айланып алган – «Укукчул Мамлекет, Гражданчыл Коом»  аталып!

«Мен – Тулатмын. Мен сенин эсиӊе айлангам, сөзүӊө айлангам, көзүӊө айлангам; боюӊа айлангам, оюӊа айлангам; мен сенин жүрөгүӊдө, бооруӊда, киндигиӊде… ӨЗҮӉӨ айлангам! Мен мындамын, жок, андамын; мен тоодомун, жок, ойдомун; мен суудамын, жок, буудамын; мен бардык жердемин, жок, СЕНДЕМИН. Мен чынмын, жок, төгүнмүн, мен… КӨРҮӉМҮН!»

Биздин мына ушул СИСТЕМА менен ишибиз чыккан. ХХ к., 1991-ж., 31-август, эгемен күндүн эртеӊки таӊынан тартып! (бул – азезил система жана аа каршы антисистема тууралуу кеӊири кеп келер V бапта).

Чума күнү чуулгандап, калкынын кадырына чычып, кечээги арбак үмүтүн тепсеп, эртеӊки муун ырыскысын кесип, эзип жашап жатышкан эсир-кесирлер эмне, өз башы менен кетсин (!), болгону, ушул Сары Азезилдин заар азуусунда сайрандап-тайраӊдап жатышкандар, түш-жарым, өз башы менен кетсин…

Элдин тагдыры ойлонтот. Жердин тагдыры толгонтот. Кум-Төр кен кыркаарынын... «балким, Кыргыз-Бадакшандын!»

Ушул үчүн мышык эмес, Барс керек, жаӊы Барсбек керек эми, кыргызга – жаӊы философий-саясий доктриналуу жаӊы Кыргыз каганатын жарыялаар.

Аал, бул арада жаш кыргыз каганат армиясы «биздин замандын чыныгы уулдары!» кайриет, бир жагынан логлоп бышып жетилип да келет – Кыргыз рухунан!  Кайриет!

САЛТ

Кадимден келген кадыресе чындык бар – экономика руханияттын катышында.

Экономика канчалык өркүндөп өскөн сайын, анын тикелей натыйжасы катары маданият ошончо өрлөп, руханият да гүлдөп кетет. Же ушунун тескерисинче, экономика канчалык кедерине кеткен сайын маданият-руханият да кериге тартып, кунары качат.

Бийик искусствонун ордун ылжыган масс маданият басат. Нарктуу кептин ордун калжыӊ сөз сүрөт; нарктуу искусство ордун мылжыӊ фильм ээлейт; көрктүү китеп кыркаарын такмаза «каттама» толтурат; даанышман нусканы кавышкан ушак чырмайт; дил безегин бейжай шоу дүӊгүрү тумчуктурат…

Ооба, биз өзүбүз тикелей катышуучусу болуп жашап жаткан ооздуксуз рынок замандын татаал мыйзамы ушундай жана ага биз өзүбүз көзмө-көз, бетме-бет күбө өтүп баштан кечирүүдөбүз.

Кечирүүдөбүз, бирок… бирок ошол эле учурда, экинчи жагынан эми таӊгаларлыктай түрдө, ана ушул кериге тарткан кедерлүү көрүнүштүн фонунда биз эми дал ушуга айыгышкан анти, дал ушуган каршыккан каршы дагы бир өктөм тенденция өчүргөн сайын өөрчүп, өлтүргөн сайын тирилип, чанак жарып бүр бөртүп, күн санап гүлдөп өсүп бара жатканын да көрүүдөбүз.

Ал улуттун руху, төл өнөрү!

«Мындай заман болорун көрдүӊ белеӊ түшүӊдө» - деп, эсил Токоӊ кербез черткендей, кечээ эле капарыбызга да келбеген окуялар бүгүн таламандын тал тушунда, так көз алдыбызда, түш эмес, чак түшкү сүрөт болуп теке маӊдай чагылган түшүп турат!

Бир жагынан,  эгемендик өз жемишин эми төгүп баштады.

Улут руху – шыптыкашка пайдакеч, баары сатынган, баары сатылган, элдин жантабиятын ириткич жасалма жолго атайлап тентитилген (кансыз жеӊип алыш үчүн!) бул жөөтчүл рынок заманга каршы улут жанынын чыӊырган каяшасы, чыдабас протести катары өчөшкөндөй да; эӊшерилген ички экономикасына эгешкендей да рухий гүлдөп өнүгүүнүн өр жолуна өзү түштү.

Бул – не феномен? Сыры эмнеде?

Ооба, бул, чыны менен феномен жана мунун сыры дал бая сөз башында дадил айтылган улуттун өзүн өзү сактоо инстинктинде, ага эриштелген улуттун өзү уюшмал касиетинде катылган,  Салттуу Коомунда жашынган…

Протест натыйжасы – улуттук рухий Ренессанс!  Кайра Жаралуу кадамы!..

Эсеби, биз кечээ эле эӊ акыркы өмүрүн жашап жатат деп келген салттуу өнөр бар түрүндө эми болуп көрбөгөндөй гүлдөөгө өттү.

Кечээ эле, чыныгы манасчылык Саякбай менен бүттү, аал, Уркаш, Сейдиракмандар анын жанып бараткан акыркы күүсүдүр деп келсек, бүгүн кайыби дүйнө бир козголуп, Айкөлүӊ өзү жаш манасчылардын кыркаарын жалгап берди. Рысбай, Талант, Улан, Дөөлөт, Замирбек баштаган чыныгылардын жаш көчүн улап, экинчи, үчүнчү… эӊ соӊку чырпык муун Үмөт чыкты.

Чыныгы төкмөлүк Ысмайылбешим менен кетти. Ашыкеӊ менен Эстебес, Токтосун, Тукаӊ, Замыкеӊ күүгүм беттеген эсил өнөрдүн эскен желидир деп муӊуп турсак, эми төкмөчүлөрдүн төртүнчү мууну кетти. Аал, Саргашка менен Жеӊишбек, Элмирбек, Аалы, Азамат, өзүлөрү –  бүгүнкүнүн нукура нускооч акындарына айланышты.

Ана, ана, үзүлүп-үзүлүп… бараткан күүнүн күмүш кылын сүзүлтпөй, жүрөк нурунда безеп кетишкен эсил Нурак, Намазбек, Зайнидин соӊунан кадимки Карамолдону эске салган Кенжебек, Рахат, Руслан эсилдей кара күүнүн чеберлери өстү. Жаш Атайды тирилткен Дүйшөнбек уулу Замирбек, Эркалы уулу Улукбектей төрт аягы төгүлгөн жорголор топтон бөлүндү. Назбек менен Нурайым, Элеман менен Чолпондой маштан да маш жуп зымырыктар чыкты.

Тулпардын туягы, Күрөӊкөйдүн кыягы, кыл дирилинде кыяматка узап бараткан акырдын акыры эми ушу Толтойдур деп жана муӊуп турсак, жабыкка жабыгып кеткен Бакыт Чытырбай соӊунан кылымдарды карт ингендей сыздатып, жаш ботодой боздотуп, кыл кыякчылардын маш мууну Залина, Айнура, Серкебаев ачыгып ачыкка чыкты.

Салттуу өнөрдүн сары алтын түбүнө чөгүп, аялуу сырына төнүп, өзүлөрү практик, өзүлөрү теоретик, өзүлөрү ойчул, өзүлөрү нускооч, бар аспаптын паашалары, унут калган канча аспапты жаӊшантып-жашартып тирилтип жиберишкен улут сыймыгы Курмангазы менен Нурландай саялуу устаттар өстү.

Ушунун баары бир муундун, биздин – ага муундун көз алдында өттү. Эл эртеӊи нетет деп, эчен түйшөлгөн миӊдин бири мен да эми ини муунга ичим элжиреп, эзелки Токтогул ырчы, Толубай сынчы керээтин илип, Асанкайгы, Жайсаӊ санатын санаада түйүп, кеӊ келечектин атынан, бүгүнкү замандын чыныгы уулдарынын кыргыз рухий берендеринин ысымдарын эринбей, тарых акыйкаты үчүн (!),  эми ташка чегип чыкмагым, ушу!

Мунун баары – кол өнөрчүлүктүн мүлдө түрүн, жасалга-колдонмо өнөр дүйүмүн, кыл табыпчылыгын, санжыргалуу саяпкерлик, мүнүшкөрлүк, тайганчылык, кылмергендик салбуурун үйүрүндө канат жайганын; ак төө карды аңтарылган кызыл чыгдан кыябын, кыскасы, бар салттуулук заманбап духта аскарлап, көкүрөк көөрүндө гүлдөп чыкканын айтпаганда;

Салттуу өнөрдүн:

ич канатында – дүйнөтаанымдык рух мейкиндигине кудуп;

сырт канатында – кыргыз рухун дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ааламга айгине даӊазалаганын айтпаганда…

Демек, демек… калк жан дүйнөсүнүн эӊ сезгич сферасы – салттуу өнөр, салттуу музыка, салттуу оюндар, салттуу таанымдар эми катмар-катмар касабалана, жыйылып-жыйылып келе, акыры мыйзамдуу түрдө экинчи, башкы удулунда Салттуу Коом, Мамлекет маселесине келип такалды.

Тык! Ушул жерден ирмем тынып, салттуу коомдун өзөгү-маӊызы не де суроо сала, ага эки ооз жооп бере:

а. Шай-Гармония;

б. Нарк-Мораль -

сөздү ары жөнөтүшүбүз керек.

Түптү түргөн Учту кармайт,  Учту билген Түпкө жалгайт…

Буга дейре учкай-учкай шилтене келген салттуу коом маселесине, т.а. анын ички философиясына, сакраль маӊызына, мындан ары, эми арналуу кайрыла барабыз.

Бая-бая отурук уруучул калктын «мамлекет» тепкичине өсүп жетилбей калган «трайбализм» аталган түбөлүк уруучул-салттуу коомун демейки түшүнүк «традиционноё общество» деп мүнөздөөгө болот, асты, көчмөндөрдүн салттуу коому – бул демейки түшүнүккө сыйбайт, ага батпайт, аны менен өлчөнбөйт, андан кеӊ; отурук дүйнөнүн кууш калыбын кыйратып, көчмөн мейкиндигине куланүйүр дуулдап жарып чыгып кеткен!

Же, көчмөн Салттуу Коому, бул, толук кандуу көчмөн рухий мамлекеттин дал өзү!

Ооба, биерде маселе көчмөн уруучул коомдун – артылып канатка, артылып эл-мамлекетке, артылып каганатка (держава-империяга) өсүп кеткен сырт тарых фактысында эле жатпайт, жок, андан алда канча кеӊ, жаки, ириде, ички рухий фактыда тунат. Башкача айтканда, көчмөн дүйнөдө мамлекет деген мазмун, бүгүнкү тил менен айтканда, геосаясий, саясий-экономикалык, укук-юридикалык, атургай, философиялык да маани-категория эмес, ал ириде – РУХИЙ КОСМОС, МАНАС МАЗМУН, ДАЛ ОРТО, не ТЭӉРИКУТ!

АЯЛУУ,  ЫЙЫК,  САКРАЛДУУЛУК!

РУХАНИЙ КАГАНАТ!  ЦИВИЛИЗАЦИЯ!

(Бул тууралуу акыркы бапта арналуу сөз жүрөт.)

Көчмөн салттуу коому, не көчмөн мамлекеттиги дегенде биз аавалым, априори – көзгө көздөй тута турган чен ушул, аттанып чыгаар чек ушул. Башка чен, башка өлчөм, башка чындык жок.

Башкы чындык – ушул!

Бул чындык бүгүнкү күндө бир көчмөн дүйнө менен гана чектелбей, анын чегинен чыгып кеткен, «көчмөндүк» гана болуудан калган, бая, буга дейре кеӊитип кеп салган Жалпы Азиялык мазмуунга өсүп кеткен деп эми чечкин айтсак болот. Анткени, алдыга озо айтканда, «капиталисттик» да, «социалисттик» да деп аталышкан конфуцийлик мейкиндиктин өзү, же «сяо кан» идеологиясы эми алдыда:

а. конфуцийлик тексттердин (мисалы, ошол эле «Лунь юй») өзүнүн тактыгына, таасындыгына, тереӊдигине муктаж боло баштайт (мисалы, бир эле «датун», же «сяо кан» окум-маанилеринин түбүндө түркий өзгөчөлүүлүгүн көрдүк);

б. канчалык «улуттук» мүнөз күтүүгө жан сабашпасын, мамлекеттик түзүлүш-башкаруулары батыштык калыпты жарып чыга албайт, демек, улуттук (кененирээк айтсак, Улуу Азиялык!) идеалдуулукка карай умтула бермеги турулуу иш.

Конфуцийлик дүйнө өзү азыр анчейин капарсыз жаткан бул эбегейсиз зор маселе көчмөн дүйнөгө тыкыз байланышта турат жана көчмөн дүйнөсүз эгерим бүткөрө чечилбейт.

Бул эки көйгөй-муктаждык өз кезегинде, үчүнчү көйгөйдү алдыга салк таштайт:

в. көчмөн дүйнөнүн да, конфуцийлик дүйнөнүн да алдына эӊ жаӊы, доорлук талапты коёт – жаӊы цивилизациялык үлгүнү түзүүнү, аны Азиянын жүрөгү, чок борбору көчмөн мейкинде кебелгис орнотууну! Албетте, кеӊ Россий менен бирдикте – анын евро-АЗИЯЛЫК чыныгы маӊызына айкаш!

Дагы эле алдыга озо айталы, бул эч кандай көчмөн амбиция, курдымак, кыргыз кыялый эӊсөө эмес, өзүбүз али билип-сезе элек, өзүбүздө айкын бышып жетиле элек, өзүбүз ушул ой, психологияга али даяр да боло элек, бирок, бая Акутагава, Лусиндерде жан дүйнөлөрү бир жанчылган;

кылым аягы, 1997-98-жж. жасалма финансылык кризисте экономикасы эки талкаланган;

ошондон улам, өнүгүнүн чыныгы Азиялык табиятына шай заманбап коом-мамлекеттик түзүлүш издеп, бирок мукурап таппай үч чайналган – Азия тереӊинин Күн батыштан, т.а. иудео-американизмдин ачуу сабагынан улам жетиле-жетиле, алдыртан өсүп келаткан тарыхый шарт!

Бул дүйнөлүк сабак, эми элестүү айтканда, алардан «сяо кандын» жаӊы деӊгээлине чыгууну, мындан да элестүү айтканда, «датун» менен «сяо кандын» бирлигине чыгууну, эми мындан да так айтканда, бая, эки жарым миӊ жыл мурда тарыхый эки мейкинге ажырап кеткен Лао («табигыйлык») – Куӊ («коом») Жолдорун кайра тарыхый заманбап бириктирүүнү талап кылып чыгат.

А бул эки Жолдун бир тогоолу-уюлу БИР Теӊирчиликсиз эгерим чечилбейт, мүмкүн эмес!

Азыр биздин капарыбызда да жок али, бирок Азиялык Тагдыр алдыртан бышып, өктөм талап кылып келе жаткан көздөй маселе ушул.

Кыргызга  ушун үчүн  кылычтай  Барсбек  керек.  Кылымга!

Биз «чума күндү» чуулгандап тойлоп турган тушубузда Азиялык Тагдыр (Дүйнө – тарыган, Жер – кичирейген!)  өзү өктөм талап кылып келайтат,  ушуну!

НАРК

 

Жанараак айтылган, Салттуу Коом-Мамлекет маӊызын шай-гармония, нарк-мораль аныктайт.

Бул тууралуу биз эгемендиктин эртеси күндөн айтып, жаза келдик. Бирок, балким, агезде андагы ойлор коомдук зарылдыкка айланбай, талап кылынбай, атамдын эски ээриндей желеленип, бастырма алдында калып кеткендир. Эми, мезгили бышып чыкты.

Ошону унутулган жеринен кайра алып, чаӊын сүртүп, желесин шыпырып, заман бийигинде жана окуйлу, биз эми басып жаткан жолду мурдаарак өтүшкөн Чыгыш Азия мамлекеттериндеги бир-бир абал менен салыштыра, өзгөнү көрөлү, өзүбүздү тааныйлы – келечек багытыбыздан жазбаска!

Тэӊирчиликтен:

«Тоом жолдо туруп толгоном… Кайда барам, кайда басам? Күчтүү Күн Батышкабы, тектүү Күн Чыгышкабы? Олжосун ооздон түшүргөн түндүккө, орускабы? Болбосо, диндеш Түштүккөбү? Кайда барам, кимдин колун кармайм, канткенде кара курсакты эмес, каны-жанымды сактап калам? Канткенде?.. Мындайча айтканда, улуттун угутун, кайталангыс касиетин сактап калар идея кайсыл? Барбы, ал?

Ошентип, жаӊы идея, жаӊы философиянын зарылдыгы туулду. Жеке баамымда, ошол жаӊы дегенибиз эле эски бастырманын алдында үстүн желе, чаӊ басып урунулбай унутта калып кеткен атамдын эски ээриндей бир нерсе бейм. Терең ишениминде кыргызды кыргыз кылып сактап калар идея анын өзүнүн алдэбак эле иштелип бүткөн, системага салынган атамурас улуттук философиясында жатат…»

«Мораль көчмөндүн жазылбаган көкүрөк мыйзамы болгон. Ички ишеним мыйзамы…

Улуттук укукчул мамлекеттин негизине, тегизине улуттун өзүнүн табият-ыӊгайы, моралы милдеттүү чөгүшү керек. Жазылган мыйзам жан мыйзамынан сыгылып чыгуусу шарт. Ошондо гана ал мыйзам иштейт…

Укук системи руханий конституциясынан уланган калк гана келечектүү. Бул эми каректей зарылдык!  Эмне үчүн?

Мунун тагдыр чечээр себеби бар. Анткени, эми алдыӊкы XXI кылымдын философиясы барып-барып этноэкономикага байланат. Этноэкономика башкы философияга айланат. Этноэкономика – улуттук чарба жүргүзүү өзгөчөлүгү гана эмес, рухий өзгөчөлүктүн чарба жүргүзүүнүн өзгөчө мейкиндиктерин да ачышы.

Келээр кылымдын экономикасы эми бир эле учурда эки мизинде ТЭӉ бирдей өнүгөт. Бир мизи – жан жарыгын жагат, экинчи мизи – сыртка жарык табат. Б.а. экономика чыны менен үнөмдүү рационал мүнөз күтөт. Бир эле өндүрүш ич мизинде улуттун руханын гүлдөтүүгө иштесе, экинчи сырт мизинде күч-кубат бардарлыкка багытталат. Улут руху экономикада кыйгас силкинээр заман жанат. Бир таяк менен эки коён чабылат. Эки мизине жанын бирдей түйө алган калк гана дүйнөлүк катаал конкуренцияда аман чыгат. Бүгүнкү күндөгү жапан духу – экономикасы айкаш өнүгүп жаткан сабак ушуну айтат.»

(Теӊирчилик. Б., 1995, 196-б.)

90-жылдардын башында чечкин «демократиялуу аралга» айланып, кыргыз кеме батыштык (левитиндик!) курста батыл сүзүп бара жаткан кездеги жазылган ойлор эле булар. Идеологиялык асманыбыз чүмкөк (т.а. чылк Батыш баскан!), «жапан керемети» деген түшүнүк «совет бешигинен» бели чыга элек бизге жалпы декларативден анча узай элек; Чыгыш Азиянын «жаш кабылан» мамлекеттеринин модернизацияланышы тууралуу саясы адабияттар дээрлик жок, которула элек; ал эми 70 жыл ичи кан жаныбызга чыккыс сиӊген марксизм идеялары али тамыры козголгус чыӊ кездери «базис» эмес, «надстройкага» басым коюлуп жазылган бул ойлор, кийин баксам, өз мезгили үчүн кыйла эле озгун идеялар экен.

«Озгундуктун» эӊ башкы шарты жаӊы заманды, анын экономикасын улуттун руханына таяп куруу чакырыгы экен.

Эми андагы ойлорду, кийин, Кытайдагы Дэн Сяопин реформасы, Түштүк Чыгыш Азия мамлекеттериндеги «конфуцийлик капитализмдин» курулушу менен салыштыра карап отуруп, өз учурунда андагы мамлекет башчыларыбыз, рыноктук идеологий ориентирлерин, атаганат, ушул кеӊири мейкин менен түздөй, таразалай барышканда эмне, мынчалык кыйраканга жетмек эмес экенбизго деген кейиштүү ой келет.

Айтса, эми чейрек кылым өтүп деле андан оӊуп кеткен жерибиз жок. Рыноктук, демократиялык, идеологий ориентирлерибиз ошол, б.а. батыштык, т.а. жөөтү бойдон эле калды.

«Демократия – бул элдин бийлиги эмес, топураган; элдин философиясынын бийлиги – аны аман асыраган», же: «эгерде мыйзам түбүндө элдин жаны-рухун сактоого багытталбаса, керинче, жат кыртышта көз жарган укук күчтөп таӊууланса, загына алса, анда «укук» деген түшүнүктүн философиясынын өзү өчөт, укуктун түпкү келип чыгуу идеясы өзү кунсуздалат» (Ч.Ө.) – деп жаздык эле ошол жылдарда. Күнү бүгүн ушул. Аны өз практикабыздан көрдүк жана көрүп да жатабыз. Көрө да (өлө да!) беребиз, сыягы…

Жапан Сибусава Эйдзиден башталган конфуцийлик капитализм кийин Чыгыш Азия мамлекеттерин текши амырына алганын айттык. Ал эми Конфуций моралы – миӊдеген жылдардын көзүндө калыптанган турмуштун моралы, элдин жашоосу. Кыргыздын кыраа накыл, макал-лакаптарынын өзү. Сөздүн түптүз маанисинде (Конфуций түп нускасында агглютинатив-түркүчө окуларын билебиз).

«Алгандын бергени бар»; «Досуӊ тоок сойсо, канжыгасына каз байла»; «Эрдин малы элде жүрсүн, эриккенде колго тийсин»; «Ме деген үнүм угулбайт, сунган колуӊ көрүнбөйт», - сыяк ж.б. д.у.с. бир эле айтымдарда бир Дүйнө чөккөн!  Нарк (рухий рынок) мыйзамы!

Түбөлүктөн келаткан. А демек, капиталисттик кыска чыйырыбызды качантан бул жолду басып өткөндөрдүн сабагына салыштыра тааный барсак, алгы сапарыбызга жарык шам кызматын гана өтөп бермеги бар.

«Жарык шам» демекчи, маселе, «бизде» эле эмес, «тигилерде» да тур. Анткени, жаӊы башталган XXI кылымдын көйгөйү көп жагынан өткөн ХХ кылымдагыдан өзгөчө күтүлүп тур. Өткөн кылымдын экинчи жарымы, соӊку чейрегинен баштап ургаал өнүгүп алган алар, эми жаӊы кылымдын бардык эле талап-чакырыктарына дайын эмес экени эмитен байкалды. Аларга жооп – али уктап жаткан, керилип ойгоно элек кербез көчмөндухтун ички мүмкүнчүлүгүндө (потенциалында) катылып жатканы баамга илинет.

Демек, «сабакташтык» бир гана жактуу, же «тигилерден» бизге эле эмес, алдыда «бизден» да тигилерге өтөрү күтүлөт. Акыйкатта да, буга чейинки баяндын контекстинде айтсак, «датун – орток» заманы, Конфуцийден канча ары байыры-байыры замандардан бери бу күнгө бир үзүлбөй-сүзүлбөй келген көчмөндух сабагы (а бул деген «нарк, нарк, нарк!» – «рухий рынок!» дегендин түбөлүктүү алтын кору эмеспи!) жана «сяо канга» түк зарылбай түбөлүк курулган коом кору (алдыга озо айтканда, Чыгыш Азия дал ушундан өксүп туру, азыр), бул, чынында, көчмөн дүйнөнүн өзүнүн гана эмес, бүткүл адамзат тарыхынын бир айжаркын барагы… жок, жок, эгерде, бүткүл адамзат тарыхын бир ЖЕРДИК УЛУУ КИТЕП деп билсек, анда анын ЖАРЫМ КИТЕБИ – отурук бөлүгүнө тараза!

Мына, ушул дүйнөлүк улуу мухит үйөрү үрөйүн ача элек али. Рухий!  Анын бир мисалын алдыдан көрөбүз – «Орток-Тогузак» мамлекетинен.

Эми ушул тизгин эрксиз «дирр» берген лирикалык чегинимден соӊ токтолгон сөздү нары жалгайлы. «Биздеги» жана «тигилердеги» коом-мамлекет көйгөйү, негизинен, бирдей эле болгону көз алдыда даана турсун үчүн мындан ары эки түрдүү текстти – Азия лөктөрүнүн айткандарынан жана «Теңирчиликтен» эки тилде жанаша берип барууну эп көрөбүз.

Ли Куан Ю, Сингапур, экс-премьери:

«Мой опыт управления Сингапуром, особенно в трудные годы с 1959 по 1969 гг. убедил меня, что мы не смогли бы преодолеть наши трудности и препятствия, если бы подавляющая часть населения Сингапура не вдохновлялась конфуцианскими ценностями.»      

 (1994-ж. Пекин. Конфуцийдин 2545 жылдыгындагы сөзүнөн)

«Жители Сингапура считали, что интересы общества выше их собственных интересов. Они не верили в американский безграничный индивидуализм».

«Сорокалетний опыт управления страной убедил меня в том, что моральные ценности и этические нормы жизненно необходимы для здорового и стабильного общества.»

 (Л.С.Переломов. Конфуций, «Луньюй», М., 1998, 269-б.

Мындан кийинки мисалдар да ушул китептен алынат)

Ли Дэнхуэй. Тайвань Президенти:

«Ли Дэнхуэй заявляет, что в отличии от Запада в Китае никогда не было противопоставления интересов власти и народа.

«То что правительство и народ представляют собой одно целоё, также является извечной политической доктриной нашего государства. Политическая мысль классической древности полагала, что правительство и народ должны находиться в гармоничном единстве, а отнюдь не в противопоставлении друг другу».

По мнению Ли Дэнхуэя, «гуманноё правление Конфуция» как раз и подтверждает идею единства правителя и народа. При всем этом, правители никогда не должны упускать из виду проблему нравственного совершенствования своёго народа».

 (Л.С. Переломов, ошол китепте)

Түштүк Корея 1970-жж. эле саясы адабияттарда артта калган агрардык өлкө деп таанылган. Генерал Пак Чоңхи бийликке келгенден кийин саналуу жылдарда өлкө таанылгыстай өзгөргөн.

Генералдын куралы аскердик «темир чеӊгээл» жана Кореянын салттык маданияты, элдик философиясы болгон.

Өлкөнү кыска убакытта заманбап модернизациялап дүйнөлүк жаш кабыланга айлантып чыккан аны «Корей элинин атасы» деп сыймык менен аташат.

Пак Чонхи. Түштүк Корея Президенти.

«В отличие от западной традиции, которой свойственно рассматривать политику с точки зрения конфронтации между индивидуумом и государством, корейцы всегда делали упор на развитие гармоничных отношений между ними. «Индивидуум» и «государство» редко рассматривались в отдельности друг от друга… С незапамятных времен корейцы успешно сочетали индивидуальные интересы с интересами государства в целом, зачастую и не создавая политических партий или общественных групп.»              

«Мы берем на вооружение западный рационализм, но отбрасываем крайние проявления индивидуализма… Корейцам необходимо сочетать западный рационализм с развитием сотрудничества и гармонии в отношениях между людьми; наши этические ценности должны помочь компенсировать недостатки западного легализма».

(«Возрожденная Корея: модель развития». Интернет.)

Ли Куан Ю, Сингапур, экс-премьери:

«До тех пор, пока руководители заботятся о благе народа, народ будет подчиняться им. Такой тип взаимоотношений является базисным. Именно уважение к руководителям со стороны народа обеспечило благосклонноё отношение к политике Сингапурского правительства».

(«Сингапурскоё чудо», М., 2015)

«Тэӊирчиликтен»:

«Эгемендиктин бардык салт-ырасмысын жасап, атрибутун алган, бирок улуттук аӊ-сезими али татаалдашкан дүйнөнүн чытырман жышында каӊгып адашып, чыныгы эгемен эстин бийигине серпиле албай жаткан калкты, кас-кас мамлекетти алдыда кандай тагдыр күтөт? Мына ушун үчүн да мамлекет «укуктук», «демократиялуу» ураанын борпоӊ түшүнүккө айлантпай, аны бекемдеп бараар түйүлгөн булчуӊга айланышы аша зарыл.

«Катаал дүйнөлүк жарышта максат өтөөсүнө чыгуу үчүн аны кылымдар бою сактап келген классикалык принциптердин мурда болуп көрбөгөндөй тил табышмагы да эп.

Б.а. Кан – Кара, Төрө – Төмөнкү, Ата – Бала, Улуу – Кичүү, Дос – Жаран иерархиясы идеалдуу биримдигине келмеги ийги. Бул болсо азыркы шартта жергиликтүү башкаруудан тартып мамлекеттик бийлик структурасынын бардык тепкичтеринде Эл менен Бийликтин мурда болуп көрбөгөндөй макул биримдиги зарылданат деген сөз…

Албетте, мыйзамдын жолу өзү менен, бирок андан башка да адамдар эмес Тэӊир өзү жазган Ыйык Нарк, Бийик Салт мыйзамы да барын моюндаар чак келди. «Алтоо ала ооздуу болгон чакта төртөө төп биригет. Ата-Бала мамилеси аабалкы Ордуна келет» деген даанышман Баба. Ошол заман жанды. Мындан аркы терс натыйжанын баары эми өктөм деградацияга гана иштейт. Тэӊирге бир кадам жакын, жоопдар адамдар ирээти Кандын, Төрөнүн, Улуунун эл алдындагы жоопкерчилиги артыкча артты.

«Бийиӊ кылаӊ болсо, элиӊ ылаӊ болор».

Бардык жердеги, бардык дегээлдеги төрөлөр, мырзалар, Тэӊирге калк «көпүрөлөрү» – эгерде Эл деген улуу ыйык коргонго зак кетээр болсо, эртеси уранды алдында өзүлөрү да калаарын ойлошмогу эп. Бийиктен катуу кулайт. Төөнү сел алса, эчкини асмандан көрүшөт. Ууруну каракчы тонойт.

Кан-Кара, же Бийлик-Эл бир нуктуу багытталышы үчүн Эл да Бийликке тагдырын ишениши керек. Ал эми башкы бийлик Манас-өкүм, Бакайкеӊеш, Кошойкалыска айланышы керек. Ошенткен биримдик бийлик гана ишенич актайт, калкка көпүрө сунулуп өткөөл стихиясынан эсен өткөрөт. Эл бузаар Абыке менен Көбөшүн толорсуктан шыпка илет. Ушул тарыхый вазийфатын аткарыш үчүн да мамлекеттик бийлик учурда чечкиндүү, аракетчил, күчтүү болмогу шарт!»

(«Теӊирчилик», Б., 1994, 255-б.)

1997-98-жж. Чыгыш Азия мамлекеттерин, айрыкча, Японияны, Түштүк Кореяны финансылык кризис карайлатып каптаганда «азиялык өзгөчө дөөлөт», «конфуцийлик мораль» өӊдүү кебелгис түшүнүктөр кедерине кеткендей коомдук маанай түзүлүп, башкы дөөлөт баары бир «батыштык рынок» калаары даӊдала баштаган кез эле (бул да өзгөчө идеология – «pan American!».

Ошондо, америкалык абройлуу коомдук-саясы «Таймс» журналы Ли Куан Юга жагдайга байланыштуу суроолорду жаадырган экен.

Сингапур атасынын жоопторунан айрым мисал:

«Тайм»: Вы сожалеете о том, что так превозносили «азиатские ценности»?

Ли Куан Ю: «Превозносили», собственно, западные журналисты, особенно сторонники демократии и прав человека, которые полагают, что мы должны быть совершенно такими же как они.

Я пытался объяснить, что у нас другоё историческоё прошлоё и другие социальные ценности. И эти другие ценности способствовали быстрому росту. Крах произошел из-за отсутствия системности…

«Тайм»: Некоторые говорят, что причина во взяточничестве и коррупции, которые также входят в «азиатские ценности».

Ли Куан Ю: Различие между попечителем и владельцем фундаментальноё. У вас есть долг перед семьей, и вы преданы своим друзьям, оказываете им помощь.

Вы должны делать это, полагаясь на собственные ресурсы, а не общественные. Это – конфуцианство. Но когда, занимая официальный пост, вы используете общественные ресурсы, чтобы выполнить свой долг перед семьей и быть верным друзьям, происходит дискредитация этого конфуцианского принципа.

«Тайм»: Но это западный путь ведения бизнеса.

Ли Куан Ю: Если это наилучший путь ведения бизнеса, то не имеет значения, откуда он пришел. Во всех обществах с развитой культурой, должны отстаивать честность, в противном случае общество не выживет. Если восхищаться мошенничеством, общество распадется…»

(Л.Переломов, Луньюй, 270-б.)

Пак Чонхи, Түштүк Корея Президенти:

«В отличии от стран Запада, которые проводили модернизацию общества на протяжении длительного времени, большинству развивающихся стран не терпится провести ее поскорее…

В период бурных общественных преобразований попытки копировать западно-европейскую демократическую систему могут привести к возникновению политической нестабильности и коррупции, что в свою очередь ведет к еще большей дестабилизации политической системы.»

(«Возрожденная Корея: модель развития». Интернет)

Белгилээр нерсе, Түштүк Корей модернизация атасынын бул ойлору Чыгыш Азия финансы кризисинен (1998) кеминде он жылча мурда айтылыптыр. Өз соӊку тажрыйбабыздан чыгып, кошумча сүртөөр ой мобул: рыноктук курска эми аяк басып кирген телчикме жаш, баёо мамлекеттерге модернизациянын «эӊ заманбап үлгүсүн» эпчил сунуштап, «коррупциянын соолгус булагын» Конституцияларынын ичине салып коюп, өз күүсүнө дароо алгандар дал ошолор – жылжыма Батыш!

«Ылдамдыктын философиясы» ушундай – ойлонууга да үлгүртпөй өз таасирине алыш.

Анан, «Жиниккен аттарды атып салышат.» (Сидней Поллак)

Буга да эми бир сүртүп кетээр кошумча боёк мобул: боору менен сойлоп жаткан агрардык Кореяны азыркы замандын эӊ өнүккөн мамлекеттеринин катарына сууруп чыккан дал ошол Пак Чонхи генералдын «темир чеӊгээли» эле.

А биздин президенттердин «темир чеӊгээлдери» жалаӊ мамказынага салынып, «семья» казылары килкилдеп малынып, чубактын куну чубалган бу мурас бу күнгө жетип – мамлекеттик коррупцияга каршы күрөш, эмики Президентибиздин бүт шаасын алып туру… Модернизация тууралуу ойлонууга да убакыт калтырбай!

«Киши жегенге үйрөнө элек балдар калгандыр. Балдарды сактагы-ыла!»

Чоюн ӨМҮРАЛИЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз