Уйкудагы улут: Адабий рейтинг, авторлордун ичине чок салуу үчүн керек

О`Шакир: Урматтуу адабий рейтингди аныктоо боюнча элден сурамжылоо жүргүзгөн "Казына" тобунун мүчөлөрү! Бул жолку аракетиңерге да алкыш! Эмесе, бу жолку талкууну ушул багытта улантсак дейм.

Кандай болбосун, коомчулукта реакция жаратуунун өзү – силердин аракет текке кетпегенин көрсөттү. Рейтинг албетте, канчалык объективдүү жүргүзүлгөн күндө да, ал эч качан чыныгы талант ким экенин кашкайта көрсөткөн индикатор болуп бере албайт. Бирок ошондой болсо да учур адабиятында кимдердин жылдызы жана турган аба-ырайын түзө алат деген ишенимдемин. Кечээ кызуу талкуу жаратууга Улукбек Омокеев ырас түрткү болуп берди, биз анын да позициясына ыракмат айта турган жердебиз, себеби рейтинг ошентип адабият өкүлдөрүнүн безине сайып, кызуу талаш-тартышка атаандаштар чыкканы да дурус көрүнүш. Болбосо адабий журт дымыганы дымыган бойдон жата берет...

Айсулуу Көкөева: Ооба, бирок атаандаштык бири-бирин урматтоонун деңгээлинде болсо болду. Мына, карантин маалында жөн отура туралы – деген да пикирлер болду эле)). Ошондон бери кызыктуу пикирлер чыкты, бири-бирибизди "тааный түштүк" -))). Былкылдабай отурса отура беребиз быкшып.

Абдысамат Сарала: Бул жолу сурамжылоо бир гана адабий эксперттер арасында болбой, окурмандар арасында, дегеле өзүнүн мыкты акын-жазуучусун атагысы келген адамдар катыша алганына карабай, көбүн эсе пассивдүү жүргөнү мени таң калтырды. Өзгөчө жаш акындар, Оштогу жана Бишкектеги адабий клубдардын мүчөлөрү дээрлик таптакыр эле катышкан жок ко дейм. Бирок ага карабай Олжобай байке айткандай адабий жамааттын реакциясы болду. Сурамжылоонун жыйынтыгынын объективдүү да субъективдүү жактары болду.

О`Шакир: Рейтингде С.Акматбекова же К.Бакиров эң алдыга озбой калганы – алардын талантын жокко чыгара албайт, тек гана алар адабий тар чөйрөдө орошон талант катары бааланганы менен жалпы окурмандар журтунда Нарсулуу Гургубаева же Азамат Омош эл оозунда экени айкын болду. Бул эмне жаманбы? Биз качанкыга чейин жаңы ысым, жаңы дүбүрттөр алга озгонун моюнга албашыбыз керек?

Абдысамат Сарала: Негизи эле эң чоң плюс бул дымып жатпай адабий кыймыл, адабий реакция болгондугунда.

Айсулуунун О`Шакирге жообу: Бул рейтингде – жаштардын үнү бар да. Бул да жакшы. Анан да атап кеткен, улуу муундагы авторлордун Интернет айдыңында отурбагандыгы да таасир берет. Бүгүнкү күндү ким кандай кырдаалда башынан кечирип жатат, жашоо кандай, сүйүү кандай – бул жагы да бар дегендей)))).

Абдысамат Сарала: Ал эми Сагын Акматбекова сыяктуу акындарга эчак эле мезгил өз баасын берип койгон. Тирүү классик десек болот. Андан тышкары азыркы жаңы поэзияга тийгизген таасири боюнча Сагын Акматбекова эжеге тең келген акын келген акын аз. Бул менин оюм.

Олжобайдын Абдысаматка жообу: Ооба да, качанкыга чейин шоу-бизнестин, саясатчылардын рейтинги жарыяланып, алар эл назарында болуш керек да, а адабий журтчулук анткен болбойт, минткен болбойт деп дымып жата бериши керек? Саясатчылар арасында рейтинг деле эч качан объективдүү болбойт, дегеле сурамжылоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы абсолюттуу чындык болбогон күндө да, ал бирок картина түзөт элге! Адабияттан маалыматы жоктор, "а-а, көрсө ушундай акын-жазуучулар бар турбайбы бизде" десе да, мунун өзү эл назарын улуттук адабиятка буруу. Кайдагы үрөй учурган жаңылыктарга эмес, адабияттагы уу-дуу кептерди жаратып турсак да элдин китепке, адабиятка болгон көңүлүн бурдуруунун бир фокусу катары гана карашыбыз керек буга!

Өткөндө Сагын эжени үйгө коноктоп отуруп, ушундай сурамжылоолордо Сиздер артта калып кетип атасыздар, андыктан базарыңызды кайнатып туруу үчүн соцтармактарда активдүү болуп, окурмандар журтунан кол үзбөңүз дедим. Бул абдан керек.

Айсулуу Көкөеванын Олжобайга жообу: Эженин жообун элестетип жатам да))). Эженин чыгармачылыгын биз окушубуз керек)). Эже жаза берсин)).

Абдысамат Сарала: Анан да, рейтинг бул адамдын бүйүрүн кызыткан нерсе. СССР маалында деле, агай-эжейлер тастыктайт болуш керек, бул акын мыкты, ой жок бул мыкты деген талаштар адабий күйөрмандар, жаштар арасында байма-бай жүрсө керек. Ошол талашты эл алдына алып чыгууга эмнеге болбосун?

Улукбек Омокеев: Арбаңыздар! Сурамжылоо, рейтинг чыгарууга жаштарды аралаштыруу, көктөйүнөн эксперт-байкоочулукка үйрөтүүнү колдобойм. Дегеле искуссводогу атак жарыш болбогон нерсе. Бир сүрөттүн баасы миллиондогон доллар, бир сүрөт тыйынга да сатылбайт. Албетте, бул жеке пикир. Айсулуу эже, Үмүт эже, Абдыкерим агай сыяктуу, илимдүүлөр, адабий эксперттер чыгармаларга болгон көз карашын, сынын айтып турса жакшы эмеспи. Кечээтен бери фейсбукта талашып-тартыштык. Дегеле, чыгармачыл инсандарды жарыштырууну колдобойм. Эмнеге алча менен алмуруттун мөмөсү бирдей көлөмдө эмес дегендей эле кеп. Жаштарды шыктандыруу үчүн Сагын Акматбекова эже менен Карбалас Бакиров агайдын ырын талдап, жиликтеп, даамын чыгара ачып берип койсок жакшы болмок, бир көгөнгө байлап алып жарыштырбай. Бүгүн жаш окурмандардын (ыр, аңгеме жазгандардын да) деңгээли чыгармага, авторго объективдүү баа берүүгө чабалдык кылат. Өзү тааныган, дос-жар, курбу-курдаштарына добуш бере салат. Тыңыраак уйкашкан ырын шедевр деп бөлүшө беришет. Ал тургай чоң эле эже-агалар пикир айтууда чайналып, ыйынып-ычкынып калышат, капа болуп калар бекен деп. Ырас, мен жогоруда атаган акындар азыр активдүү иштебей жатышат. Бирок алар иштесе деле жаштар укмуш таанып, баалап кетери арсар. Ал үчүн окурмандык деңгээл керек.

Быйыл Бакыт Абдразаковдун китебин басмага даярдап жатып таң калдым. Ырларын бекитип, эч кимге окутпай жүрчү экен. Ырлары керемет. Китеби чыккан, буюрса сиздерге да жеткирем. Ал киши рейтингге катышпаганы менен ырлары жарыштагылардан төөлүк өйдө экен. Бирок мен илимпоз болбогон соң аны талдоону сиздерге тапшырам. Адабият күйөрмандарынын эң чоң миссиясы – жакшы чыгарма издөө, аны элге таанытуу экен. Чыгармага кез келген адамдын эле тиши өтүп, түшүнө албайт окшойт.

Мисалы, Нарсулуу эже деле жарыша турган деңгээлден чыгып кетти. Ал кишиге азыр 1-болуу кызык эмес. Көп баарлашкан адам катары билем.

Олжобайдын Абдысаматка жообу: Спорт күйөрмандары арасында деле кандай укмуш талаштар бар, андыктан муну биз табигый жол деп карашыбыз керек.

Улукбек Омокеев: Мелис Эшимканов саясатчылардын жасалма рейтингин чыгарып турчу экен. Алар акыркы тизмеге илешип калыш үчүн эле жанталашып турушчу дейт. Натыйжада, чечекейди чеч кылып, магдырата сүйлөгөн, тили буудай кууруган популисттер, кашааны аша секиргендер саясатка келди. Акыбалыбыз оңолуп кеткен жок. Төрөлгөн, табигый тажрыйбадан өткөн лидер таба албадык. Азыр деле рейтиңг үчүн бир пакет жардам берип өзүн өлөөрчө мактаткан саясатчылардан айрыла элекпиз. Адабияттын андай болушун каалабас элем.

Тайир Аширбай: Бүгүн рейтингге илинбей, көмүскөдө билинбей калган ысымдар эртең жаркыраган жылдызга айланышы мүмкүн. Майдан, согуш, казат өз баатырларын жаратат. Адабий турмуш да ошондой... Кеп – кимдин лидер болушунда! Жооп: Ким акырына чейин бир кашык каны калгычакты күрөшсө, жеңишке жетишет. Же тубаса күчтүү (таланттуу) болсо ...

Адабияттан өз ордун, стилин, эч кимдикине окшобогон үнүн тапканы – Жеңиш!

Азамат Омоштун Улукбекке жообу: Кечээги тизме акыркы эмес. Ал дагы өзгөрөт. Ал тизмедегилер жүзгө жетпеген адамдын эле жоопторун эсептеп түзүлдү. Эгерде көбүрөк адам катышканда, дагы да сонун болмок. А кокус ушул эле сурамжылоону "Ок.ру" сайтында өткөргөндө, анда жыйынтыгы дагы да башка болмок. Сагын эже, Шайлообек агайлар артта калыптыр, алар гений, кайдагы бир Азаматка окшогон халтурщиктер, акылдуусунуп, философтонгондор алдыга чыгып кетти дегениң да жөндүү да, жөнсүз да. Анан эмне кылсын окурман байкуш, сенин берген бааң боюнча, мендей халтурщик, мендей философ-сөрөйлөрдү окуп жатса. Эгер адабиятка чындап күйсөң күн ара тынбай классиктердин ырын жарыялап, жайылтып тур. Сейдалы Мырзакматовчо жоксуңбу? Колуңда жалаң таланттуулардан турган "Жигердей" чоң армия бар. Биздей эптемейлерди утуркусун утуру “мууздап” тур.

Эми рейтинг маселесине келсек. Адабият эмне? Эгер бүгүнкү күндүн тили менен айтсак, анда адабиятың чоң базар. Интеллектуалдык продукцияларды сунуштоочу чоң базар. Базарда оригиналдан баштап копиркаларга чейин болот. А ырың дагы, аңгеме-романың дагы ошол базардагы товар. Товар болуп атса, демек товардын рейтинги болот. Ошол продукцияны чыгарып, элге сунуштап жаткан өндүрүүчүнүн дагы рейтинги болот. Ким бир жылт этип өчөт, ким кылымдарга калат, ал жагы уже мезгилдин иши. Олжобай агай ушул сурамжылоону өткөргүлө дегенде макул болдум. Эмнеге? Себеби бул дагы бир адабият рыногун жандандыруунун рычагы. Ойду айтканда өтө эле ашыкча абсолютташтыра бергендин кереги жок. Дүйнөдө миллиондогон адамдар адабият менен таптакыр түшүнүгү жок эле күн көрүп келет. Дагы миллиондогондору адабиятка кызыгат. Кыргызың деле ошол. Кызыкканы бар, кызыкпаганы бар. Биздин милдет – ошол кызыккандардын арасында жандуу талкуу уюштурууга жетүү. Мага мисалы рейтингиңдин биринчиси дагы, акыркысы дагы таптакыр эле кызыксыз. Андан кылым да кыйшайбайт. Окурман журтун тарбиялап алуу силердей дипломдуу адистердин колундагы иш. Кайрадан рейтинг маселесине келсек, аны эмкисинде дагы өткөрөбүз. Балким форматы башкачараак болор. Анткени ар бир сын, ар бир пикирден жыйынтык чыгарганга аракет кылабыз. Адабият рынок, адабий чыгармалар товар болсо, демек рейтинг керек.

Айсулуу Көкөева: Бул шарттуу, агымдагы көрсөткүч да жигиттер)). Чынында да жазылып, жаздыкка жаздалган чыгармалар жарк деп чыга калышы, алдыда тургандарды артка жылдырышы да мүмкүн)). Иши кылса адабиятка элдин бүйрүн кызыта бергиле).

Жолдош Турдубаев: Улукбектин айтканына эч ким таарынбайт деп ойлойм. Чын эле, Сагын эже менен Нарсулуу рейтингдеги орунга дегеле кызыкпашы ыктымал. Албетте, рейтинг окурмандын көӊүлүн азыркы авторлорго буруу үчүн эле жасалган иш. Кимисинин чыныгы деӊгээли канчалык экенин адабиятчылар жакшыраак билет (албетте, чыгармалар колуна тийип, окуган болсо). Ырас, субъективизмден сынчылар деле жүз пайыз эркин боло албайт, канчалык аракеттенсе да. Ошентсе да, ар ким оюндагысын айтып көргөнү жакшы.

Азамат Омош: Мен өзүмдү шарттуу образдуу эле айттым. Улукбектин айткандарын жүрөгүмө жакын алгандан эмес. Эмнеге капа болоюн. Ал өзүмүн жакшы көргөн үкам болсо. Анын айтып, жазганы деле жакшы. Кызыгуу жаратат. Болгону биздин бир ит адат бар, чайналып оюн айталбаган. Ага караганда Улук менен Уландай шарт жүргөн жигиттерибиз көп болгону жакшы.

Рахат Аманова: Адабият айдыңында сурамжылоо, окурман менен кайтарым байланыш сөзсүз керек. Анткени адабияттын жана адабий чөйрөнүн социалдык-экономикалык, саясий кризистен гана эмес, эң башкысы – моралдык-психологиялык кризистен жабыр тартып турганы анык. Андыктан учурда кайсы адабият окулууда? Дегеле көркөм адабият окулуп жатабы? Окурмандардын контингентин кимдер түзөт? Көркөм адабияттын дегеле учурда кереги барбы же жокпу? Мына ушул суроолорго жооп алуу үчүн окурмандардын арасында сурамжылоо сөзсүз керек эле.

Ал эми Амирбек агай посттогу комментарийинде сурамжылоо жана рейтинг аныктоо бул саясий багыттагы иш-аракетте пайдаланылат дептир. Жок, андай эмес. Сурамжылоо – инструмент катары мини-макси деңгээлинде бардык тармакта жана чөйрөдө колдунулат. Эң мыкты инструмент.

Эми бул сурамжылоо кандай жыйынтыкка алып келди дегенге мен төмөндөгүдөй жооп берет элет. Анализдеп көрдүм.

1. Сурамжылоо суроо-жооп иретинде примитивдүү ыкма жүргүзүлгөн. Бул сурамжылоону жүргүзгөн балдар үчүн чоң сабак болду. Демек, башында мен какшап айткан бир илимий негизге салуу керек. Анткени көп окурмандар бул ыкмадан тажаптыр, катышпай коюшту. Ошентсе бул жолкусу абдан баалуу жыйынтык болду.

2. Сурамжылоо бир эле рейтинг аныктадыбы? Жок. Көшөгөдөн жаңы натыйжалар келип чыкты. Кандай? Сурамжылоо – окурмандардын да жүзүн ачты. Кантип? Фейсбуктагы "гений", "шедевр" деген сыяктуу фанат көрүнгөн окурмандардын саны 400-500 жактыны басат айрымларына. Кана ошол окурмандар? Келбейби колдоп ФБ дагы сүйүктүү акынын? Келген жок. Себеби адабият өкүлдөрүн бизде көңүл ача турган гана деңгээлде көрүп калганы.

Адабий сектор окурмандар үчүн утурумдук гана көңүлүн ачуучу аренага айланыптыр. Болбосо 27 деген эң көп балл эмне деген көрсөткүч? 400-500 окурман кайда калды? Эгерде күйөрман-окурмандар болсо максимум балл жок дегенде 200гө чыгыш керек эле, минимуму 40-50гө.

Анан 27 менен 1 деген баллдык көрсөткүчтүн өзү нонсенс! Адабият окурмандарынын кыртышы жукарганын көрсөтөт бул сан. Тыянак кандай? Кыргыз коомчулугу ашкере, ашыкча саясатташып, социалдашып кеткен. Окурмандар көңүлү ток эмес жана адабиятка көңүлү жок. Бир гана жолубуз калыптыр: адабиятты интернет айдыңында болсо да жайылтуу.

Саясат менен социалдык көйгөйлөрдөн окурман журтун ажыратып калыш керек экен Олжоке айткандай. Коомчулук азыр "оорулуу" тура.

"Казына", "Нуска" тобуна киргендер эми атайы окурмандарды "айыктыруу" үчүн план, тактика, стратегия иштеп чыгат окшойбуз. Тамаша))) бирок чындыкка жанаша. Рейтингди көрүп, колумду жайдым.

Жолдош Турдубаев: Эми мынчалык көңүл бургузган соң, окурмандарды таң калтыргыдай, азыраак болсо да кызыктыргыдай бирдемени сунуш кылыш керек. Мисалы, бул рейтингдин алдыңкы сабына чыккандардын арасынан мурда анча белгилүү болбой келген бир автордун 1-2 ырын талдап, мунун мээр чөбү ушул жагында катылган деп көрсөтүп койсо, адабияттан чакан, бирок таасирдүү сабак болушу, ырды ушинтип окуш, түшүнүш керек тура деп, окурмандар да дилгирленип калышы мүмкүн. (Ушул тизмеде экинчиби же үчүнчүбү орунга чыккан авторго таң калгандар болду, мен да уга элек экенмин ушундай ысымды. Балким, аны колдогондордон бирөө жазып берер ал тууралуу?)

Тайир Аширбай: Эгерде бир жыл ичинде үч жолу рейтинг өткөрүлсө, ошол үч жолку жарыштын негизинде салыштырмалуу жаңы жыйынтыкты чыгарсак болот.

Азамат Омош: Бул боюнча да талкуу болгон бизде ич ара. "Мини-Казынада")))). Ал жерде список коёлу дегенди Абдысамат экөөбүз жаратпай салганбыз. Окурмандар өздөрү оюн жазсын деп. Анын жыйынтыгын да Нарсулуу алдын-ала божомолдогон. Ошондой эле болду. Анткени анын айтканы боюнча 2 000 мүчөсү бар "кайрыктар" бирөөнү сүрөйт деген. "Кайрыкчылар" сүрөдү. Анткени бир саат мурун эле мага бирөө белгисиз номерден чалды. Тизмедегилердин ичинен бирөө 35тен ашты эле, эмнеге 18 деп жаздың дейт. Акын катары 18 болсо, жазуучу катары 17ни алыптыр, экөөнү кошсоң отуздан ашат экен деп узаттым. Эми бул закон ченемдүү эле нерсе. Бирок бул акыры эмес. О'Шакирдин айтканы боюнча жыйынтык декабрда чыгат. Эмки рейтингдик башкача өңүттө жүргүзүү керек экен. Бул боюнча мен иш баштап койдум. Бул аз. Дагы бышырып, стратегиясын иштеп чыгуу керек.

Жолдош Турдубаевдин Азаматка жообу: Анда ошол “кайрыкчыларга” айтыш керек, сүрөп чыккан авторлоруңардын эң мыктысынын бир ырын талдап бергиле, окурмандар ынангыдай болсун деп.

Рахат Аманова: Тобо. Бу жерде да бири-бирин сүйрөгөндөр бар бекен? Эгерде чындап эле ошондой "сүйрөгөндөр" жана "сүйрөлгөндөр"болсо, анда Жолдош агай айткан сунушту айтыш керек. Жок, ага ынабай турган болсо бул "кокустуктун" себеп-натыйжасын ашкерелеген макала жазган туура. Мындай "сүйрөп" чыгуу жөнүндө кимде факт болсо аны айкындаш керек.

Жолдош Турдубаев: Рахат, муну жумшак эле айтыш керек. Ал топтогулар чындап эле ошол авторлорду мыкты деп эсептешер, балким. Бирок берки сунушту айтса болот, орой эмес, сылык гана.

Азамат Омош: Эми бул дагы керек нерсе. Ансыз да болчу беле. Илгертен эле личкага каттар келчү эмес беле, добуш берип кой деген. Анан ал агай өзү майып киши. Ошонусуна карабай китеп чыгарып келет. Балким бул да бир стимул болор. Ашкерелечү нерсе бар, ашкерелебечү нерсе бар дегендей. Бирок чындап айтканда мен ал автордун жазгандарын окуган эмесмин.

Рахат Аманова: Андай жагын дароо айтып жакшы кылдыңар. Эгерде ал киши майып болсо сөз жок, анда кыргызчылык гуманизмди колдойм.

Жолдош Турдубаев: Андан кийинки орундагылардан деле бирин алып чыккыла десе болот.

Айсулуу Көкөеванын Азаматка жообу: Негизи мамлекеттик коргоо жакшы болсо майыптык чыгармачылыкка келгенде роль ойнобош керек. Ден соолугунун майыптыгы үчүн рейтингде жогорку орун алыш болбогон нерсе. Астрофизик Стивен Хокингди "ии, майып эле"- деп эмгегин сүрөмөлөгөн кырдаалды элестетип көрсөңөр...

Рахат Аманова: Бирок кыргызчылык гуманизмди конкреттүү майып кишиге, конкреттүү ушундай шартта гана колдойм. Башка убакта катышуучулардын "кокустан" рейтинги жогору болсо ашкерелөөнүн эң мыкты ыкмасы – анализ, сын.

Мени таң калтырганы: бизде адабий рейтинг үчүн да сүрмө топ менен "сүйрөлүп" чыккандардын пайда болгону болду. Коомчулук накта "оорулуу" экен – эптеп атын чыгаруу оорусу.

Айсулуу Көкөева: Бул эчактан бери келе жаткан "салт". Бизден жыйырма жыл улуулардын бирөөсү сыйлыкка койсо башталат да, ал чыгармага арналган макалалары. Мындайда симпатия кылууда кээ бири территорияга, трайбалисттик белгиге, бири катташ-муундаштыгына ж.б. карап сүрөмөлөшөт.

Абдысамат Сарала: Албетте, чыгарманын даамын татыш үчүн автордун тагдырына баам салыш керек болот, бирок чыгарма ошондо да өзүнчө бааланышы керек. Автордун жынысы, ден соолугу ж.б. аванс болбоосу кажет. Мен рейтинг аныктоодо, кимдир-бирөөгө добуш берүүдө дегеним. Албетте, мамлекет жардамга муктаж элдин катмарына, ал адам чыгармачылбы же жокпу – колдоо көрсөтүүсү абзел: шаарда кенен ыңгайлуу жүрүшүнөн баштап (мисалы пандустар ж.б.), материалдык көмөк көрсөтүүгө чейин.

Айсулуу Көкөева: Эми Москвадагылар, дүйнөгө көз карашы бирлер, диний көз карашы бирлер, катташтар анан ж.б. критерийи менен бөлүнүп сүрөмөлөшөт болушу керек))). Мында китептердин презентацияларын караганда даана көрүнөт да. Кайсы автордун презентациясына кимдер келди, эмне үчүн келди – анализдеп чыкса болот))). Топ-топ болуп колдошот.

Айсулуу Көкөеванын Абдысаматка жообу: Автордун тагдыры не при чем. Биздин мамлекеттин негизи эле майып адамдарды колдоодо чабал болгондугу, жөлөк пулу жашоого минимумдан төмөн болгону үчүн аны эл, тууганы, боорукерлер колдошу керек болуп жатат аргасыздан. А чыгармачылык башка.

Олжобайдын Абдысаматка жообу: Адам бир ишти баштап алса, андан аркы кадамдар акылдуу чечимдерге түртөт. Биздин эксперттер муну канча мүшкүл, канча убарадан кийин – ар кимиси башкача жолдорун издеп баштайт, адамдын ойлоо жөндөмү ушундай убарачылыктан гана арта берерин унутпасак. Өнүккөн элдердин турмуштук тажрыйбасы бул. А биздин эл чымыркана ой жүгүртпөйт, жаратмандык шыгы ойгонбогондугу да ушул. Агер ушул системанын убарачылыгын тарта берсек, кыргыздын бир-эки урпагы дүйнөлүк табылга жаратып коюшу да ыктымал... Жаңы ыкмаларды издене берели, кылдан кыйкым издегендер талаша берсин муну. Ушул талашуу менен гана бир балээнин ичинен чыгабыз, буюрса. Биз коомдук институт болуп калыптанууга так ушундай мүшкүлдөр керек, достор!

Абдысамат Сарала: Автордун тагдыры дегеним, анын айрым чыгармаларын толук түшүнүү үчүн, туура адабий баа берүү үчүн анын тагдырын үңүлүү керек болот дегеним. Мисалы катуу оору менен алпурушкандар бар, өз жеринен четте жүрүүгө мажбур болгондор, куугунтукталгандар бар.

Жолдош Турдубаев: Кыскасы, рейтингдин тегерегинде кыйла эле баш оорутмалар болот окшойт. Ошондуктан муну мазмундуураак кылып уюштуруш керек деп ойлойм. Ар кайсы топтор, бирикмелер өздөрү жактырган авторлорду сүрөсө, кой дешке болбойт. Бирок эң мыкты делгендеринин чыгармаларын талдаган (жөн эле көбүртүп-жабыртып мактаган эмес) макаланы бергиле, аны да ачык-айкын талкууга коёбуз деш керек. Курулай мактаган баш сөздөр менен макалаларды таш талканын чыгара сындап туруш зарыл.

Айсулуу Көкөеванын Абдысаматка жообу: Ии, ал жагын караш керек дейсиң. Мисалга алсак: "Ии, М.Бахтин жаштайынан майып болуп жатып хронотоп ж.б. жөнүндө түшүнүк киргизген. Э.Канттын ден соолугу менен философиясын да кара. Уолт Уитмен дагы шал болуп 18 жыл ооруп жатып жазганы "Жалбырактарында" көрүнгөн" - деппи?

Абдысаматтын Айсулуу Көкөевага жообу: Ооба. Тилеке каршы, Уитмендин чыгармачылыгы менен жакындан тааныш эмесмин, бирок жалпысынан бири-бирибизди туура түшүндүк да. "Аманмын дейт үнү менен апамдын, \ Кең дүйнөнүн бир бурчунан кусалык" – деген, саптар өзүнөн өзү эле баалуу, бирок автор чет элде мигранттын турмушун башынан кечирип, мекенинен алыс жүргөн убакта жазганын ойлосок ыр ого бетер күчтүү сезилет.

Максат Жангазиев: Улам сайтка кирип-чыккан сайын бардык пикирлерди окуй албай калып жатабыз. Рейтинг тууралуу ар тараптуу кеп болуптур. Туура, кыргыз кыргызчылык кылып тааныш-билишине же болбосо көңүл үчүн колдоп койгон учурлары жалпыга маалым. Бирок эң эле башкы нерсе ушул сапат адабий эксперт деген адамдарыбызда болбошун каалайм. Жеке, өлкө ичиндеги көп сынактарда, деги эле уюштуруу иш-чараларына (калыстар тобуна) жогорудагыдай ит сапаттан улам көңүл калып, ишеним өлгөн учурлар бар.

Риза Савайдын Айсулуу Көкөевага жообу: Талкууда эң башкысы, адабий чөйрөнүн даремети, окурмандын деңгээли, азыркы адабий процесстин абалын аз да болсо көзгө көргөзүптүр. Рейтинг дегенге мен караманча каршымын.... Чыгарманын баасын мезгил берет. Бул жөнүндө жогоруда Улукбек жакшы айтыптыр. Адабий сындын жоктугу, адабий анализдин чабалдыгы, адабиятка болгон мамиленин кайдыгерлиги таасын байкалды. ФБда "жакты" дегенди басууда өз ара соодадашуу, кадыр-кымбатына карап же тааныш-билиштикке, кыскасы кыргызчылык үстөмдүк кылат. Өзүн сыйлаган, принцибин карманган, эмоциясын ооздуктай алгандар буга барбайт. Андайлар сүрүлүп, четте турат. Ошон үчүн рейтингди аныктоонун жаңыча түрү, усулу зарыл. Ага баш катырып көрүш керек.

Улукбек Омокеев: Кутман кеч! Айылда жамгыр... Керемет! Жаздын толукшуган жамгырлуу күндөрүндө кызуу талкуу болуптур. Жогорудагы пикирлерди окуп чыктым. Менин оюмду бекемдеген пикирлер көп болуптур. Менден сунуш: чыгармаларды жарыштырып туруу керек. Ал үчүн адабиятчыларыбыз ылайдан бермет издегендей мыкты чыгармаларды таап, талдап, окурманга сунуп турууга тийиш. Кечээ фейсбуктагы талкууда айткам, чыгарма шарт-жагдайга, кырдаалга карап да жазылат. Авторлун тагдыры тууралуу өзүңүздөр айтыпсыздар. Баса, Азамат аке, өзүңүздү көп мисалга тарта бербеңиз, айттым го, сиз экөөбүзгө окшоштор көп тизмеде. Жыпар эже айтты го, добушумду силерге бермекмин, тааныбайм калганын деп. Экөөбүз (бир тобу) тааныштардын добушуна эле татыйбыз азырынча.

Рейтингди коюп чыгарма жазууга умтула берели. Баса, "Жигер" ЧЖБ акындардын ырларын жөн да, окуп да жарыялап турушат. Ризван эже калп дедирбес. Кадыркул Даутов агай: "Акынды тарбиялабайт, ал төрөлөт" - деп түтөп айтты эле төкмөлөр тууралуу бир талкууда. Тубаса акын, тунук поэзия калкып чыгат, эгер сынчылар издесе... Сагын эже, Карбалас агай, Нарсулуу эже сыяктуу өз сөзүн айтып койгон акындар үчүн рейтинг тыйынчалык да маанилүү эмес.

Рахат Аманова: А сурамжылоо жалаң рейтинг үчүн жүргөн жок да? Социологиялык иликтөөнү же болбосо коомдун жана коомчулуктун кайсы бир тармактагы абалын аныктоо үчүн жүргүзүлгөн иликтөөнү жалаң рейтинг үчүн деп түшүнүүнүн өзү жаңылыштык.

Риза Савай: Адабий процессте Мезгил деген улуу түшүнүк бар.Сагын эже менен Нарсулуунун чыгармачылыгы мезгили эки башка доорго туш келди. Чыгармачылыкта индивидуалдуулук, ойду айта билүүнүн ыкма-усулу, стиль, эң башкысы кантип айтууда эмеспи. Акынга эч ким үлгү боло албайт, болгондо өзүн-өзү жоготуп алат. Ким эмнени айткысы келсе дареметине, күчүнө жараша башкаларды таңдантып же суктантып же ойлондура алса бул башка кеп. Карама-каршылыктуу, "өлгөн балыкка окшоп агымга карап сүзбөгөн" акындар жакшы дейм.

Улукбектин Рахат Амановага жообу: Анда иликтөөнү эксперттер үчүн жасайлы да, ага сунуштарды, чечимдерди иштеп чыгалы. Балчайтып Фейсбукка чыгарып, акындарды көргөзмөгө тизбей.

Рахат Аманова: Байкашымча бизде социологиялык иликтөө жөнүндө түшүнүк дээрлик калыптана элек экен.

Азамат Омош: Эртең Залкар жалкоо менен Абдысамат жалкоо))))) эксперттеринен алган жыйынтыгын чыгарса, дагы талкуу болгудай))). Улуке, мен өзүмө албадым, шарттуу образ катары гана колдондум.

О`Шакирдин Улукбекке жообу: Сен үкам, бирөөлөр үчүн сүйлөгөнүң кызык: "Сагын эже, Карбалас агай, Нарсулуу эже сыяктуу өз сөзүн айтып койгон акындар үчүн рейтинг тыйынчалык да маанилүү эмес". Кечээтен бери өз чындыгыңды аргументтештирген бир да жообуңду окубадым. Эмоциялык күү менен эч ким эч нерсе далилдеген эмес. Биз көчө деңгээлиндеги талаш менен адабий маселелерди кызуу талашка айланта албайбыз. Башка кеп: эгер сен сурамжылоо жүргүзгөн топко иштин көзүн тапкан сын айтсаң. А сен бет тырмаарлык мүнөздө эле чырылдай бергениң: сага да, биздин топко да пайда келтирбейт, үка! Бул жеке адамдык чындыкты талашуудан өйдө турган маселе – улуттук адабиятты өнүктүрүүнүн кандай жолдорун издесек болот деген...

Улукбек Омокеев: Рахат эже, соц.иликтөөнүн ыкмалары, критерийлери бар. Анын максаттары ачык болууга тийиш. Мен караган тараптан бул терең иликтөө эмес, "Жыл мыктысы" сурмжылоосунун эле бир түрү.

Залкарбектин Азаматка жообу: "Эксперттер" сурамжылоого жооп кыла турган түрү жок... Аз өтө эле.

Рахат Аманова: Мына эми жандуу процесске тикеден-тике киришкен топ гана кийинки иликтөөгө инструменттери менен даяр. Адабий иликтөө өтө татаал процесс. Бул сурамжылоо менен иштеген балдардын тажрыйбасы жок болчу.

Риза Савайдын Рахат Амановага жообу: Рахат, ал баарыбызга түшүнүктүү. Кеп ким кыйын, кимдин ити чөп жеп жатат ....

Рахат Аманова: ))) Ким кыйын, кимдин ити чөп жеди деген түшүктөн иликтөө болбой калыш керекпи? Же Сагын эже, Карбалас агай, Нарсулууга керек эмес мындай иликтөө дегенден. Кептин баары башкада!

О`Шакир: Ишти сапаттык деңгээлге көтөрүү үчүн буга чейинки жүргүзүлгөн сурамжылоолор өз жыйынтыгын берип аткандагысы ушул, улам ушинтип отуруп, оптималдуу жолу табылат. А бизде сурамжылоо жүргүзүү тажырыйбасы асмандан өзү түшүп келет беле? Адистик тажырыйба топтоо дегенибиз ушул.

Улукбек Омокеев: Сунушумду айттым. Эксперттик топ, ар кыл жанрды бөлүп алсын да, изилдеп, талдап элге алып чыксын. Бул да адабий процессти жандантат. А, пикир айтканга болоттур. Пайда-зыянын өзүңүздөр элеп алыңыздар.

Рахат Аманова: "Казына" тобу адабий эксперттердин (!) арасынан адабият боюнча иликтөөнү жөнгө койгон, ал предметти чаккан топту түзүп чыгышы керек.

Залкарбек Назарматов: Рейтинг эмнеге маанилүү эмес экен...? Эгер кудай буюруп, демөөрчү табылып, миллион сом сыйлык жыл аягында рейтингде биринчиликти алган авторго ыйгарылса, сөзсүз маанилүү болот.

Рахат Аманова: Адабий эксперт деген кыргыз адабиятындагы процесстин баарын билип тургандай болушу керек. Балдарга ушундай примитивдүү сурамжылоо керек болду.

О`Шакир: Бизде адабий чөйрөдө жүргөндүн дээрлик көпчүлүгү адабиятты өтө тар түшүнүктө карайт. Адабият илимин жаратууга бел байлабайбыз. Адабий ишмердүүлүктү сынчы-адабиятчылардын гана оокаты деп таштап салбай, акындар, жазуучулар жапатырмак улуттук адабиятты өнүктүрүүнүн түрдүү түйшүгүн тартканды үйрөнсөк...

Риза Савай: Биз реалдуулукка болуп көрбөгөндөй басым жасашыбыз керек.

Улукбектин Залкарбекке жообу: Миллион сомдук рейтинг кандай гана талаштын, жердешчиликтин, тааныш-билиштиктин курмандыгы болор экен.

Рахат Аманова: Акырындап адабий эксперттердин иш-аракети – рейтингди автордун жеңиши дегенге жеткирүү.

О`Шакирдин Улукбекке жообу: Агер бул тайпадагы адабий эксперттер коомдогу күчтүү катмарга айланса, сен айткан жердешчилдик, тууганчылык деген дарттын тамыры суурулат.

Рахат Аманова: Бардык нерседен этияттанып отура бергенден майнап чыкпайт. Ушул топ андан сурамжылоонун механизмдерин ийне-жибине чейин иштеп чыгат.

О`Шакир: Биз тек жазуучулар журту ырааттуу иш жүргүзүп көрбөгөн, чалды-куйду, ич ара тытышкан, билими, адеп-ахлагы эбак чириген коом болуп келгенбиз! Коомго, мамлекетке жүгүбүздү артып, колдоо издеп, бакма тоокко айланып келгендин көбү чыгармачыл уюмдар! А биз адабий агенттик түзүп, кыргыз адабиятынын базарын кайнаталы деген дымак менен топтолдук бул жакка. Адабий конкурс, адабий сыйлыктарды уюштуруунун механизмдерин акырындап бышырып атабыз. Ошондуктан улам-улам "Уйкудагы улут" аталышындагы талкууларыбыз аркылуу өзүбүздү коомдук институт катары калыптайлы деп келаткандагым ушул. Бул тайпага оппоненттерибиз да кирсин, ошондо гана биздин иш айкын-ачык уланат.

Залкарбектин Улукбекке жообу: Кантип ошондой болтурбоо керектиги жөнүндө ой калчоо керек ко дейм.

Улукбектин О`Шакирге жообу: Так ушул маселе акынды дагы коомго, мамлекетке салмагын салдырат да. Мен бир аз сезимге алдырсам кечирим сурайм. Жазуучу калкы жипке тизгендей өмүр кечире албайт. Эркин ой жүгүртөт, талашат-тартышат. Алар үчүн аң-сезиминин эркиндиги керек. Акча, атак деген жерге келгенде өзүн байлап-матайт. Миллион сомго ар жылы бирден шаарга чоң фестиваль уюштуруп, талкуу аянтчасын түзсөк, жолугуштурсак, окууларды өткөрсөк адабиятка өтө чоң пайда болмок. Табигый рейтинг келип чыкмак ошондо. Изилдөөгө сонун шарт болмок.

О`Шакир: Биз дүйнөлүк ачылыш жарата албаган калк экенбиз, космоско барып келген кыргыз урпагы чыкпады, илимий революцияны башка элдер кылып атат, эми куру дегенде улуттук адабиятты өнүктүрөр инструменттерди биз иштеп чыкпасак, бийликтегилер иштеп береби?! Биз качан гана коомдун назарын бурар долбоорлорду бышыра алсак, демөөрчүлөр өзүнөн өзү табыларын мен жеке жонтеримден сезген кишимин десем болот. Болбосо төрт жылдан бери "РухЭш" мынчалык коомдук аянтчага айланып кеткенинин башка жашыруун сыры жок. Андыктан ар бир ишти туруктуу уланта берүүдөн өткөн жашыруун сыр жок.

Жолдош Турдубаев: Рейтингди жөн эле үстүрт сурамжылоо менен өткөрүп койсо, жасалма жеңүүчүлөр опоңой алдыга чыгып кетет. Ошондуктан муну түзүмдөштүрүп, мүмкүн болушунча жүйө менен жооп бергидей кылыш керек окшойт. Мисалы, рейтингди аныктоодо момундай формулаларды колдонушат экен:

https://blog.anketolog.ru/2016/03/%D0%BE%D1%82%D0%BB%D0%B8%D1%87%D0%BD%D1%8B%D0%B9-%D0%B8%D0%BD%D1%81%D1%82%D1%80%D1%83%D0%BC%D0%B5%D0%BD%D1%82-%D1%8D%D1%84%D1%84%D0%B5%D0%BA%D1%82%D0%B8%D0%B2%D0%BD%D0%BE%D0%B3%D0%BE-digital-%D0%BC/

Как определить рейтинг компании, методика измерения рейтинга, кейс

Полезные статьи → Инструмент эффективного digital-маркетинга: методика измерения рейтинга компании Что это такое? Методика измерения рейтинга компании пока не так п....

blog.anketolog.ru

Залкарбектин Улукбекке жообу: А сиз акындардын дүйнөлөрү кенен, бирок ичтери аябай тар экенин билчү белеңиз?))) Албетте, чыныгы адам деген атка татыктуулар бар. Жок эмес.

Жолдош Турдубаев: Мындан да жакшысы, адабиятка колдонууга ылайыктуусу табылышы ыктымал издесек. Талашып-тартышып жатканыңар абдан жакшы.

Улукбектин Залкарбекке жообу: Аны Олжобай агайдан сураңыз))). Сыйлыктарга келгенде акындар кандай болорун...

Тайир Аширбай: Өрүкзарлуу өрөөнүмдүн айсберг акын, жазуучуларын, ачыла элек сандыктагы кундуздарын, жылдыздарын сүрөп койсом, "жердешчил" атка кономбу? Маселен, Атакул Жакыпов аттуу акынды мен тирүү классик деп эсептейм...

Улукбектин Тайир Аширбайга жообу: Башталдыыы... )))

О`Шакир: Учурда сайттын айтишниги өткөндө силерге айтылгандагыдай автоматтык добуш берүүнү (онлайн түрүндөгү добуш берүү) иштеп атат. Ал рейтингде экономикалык шкалалар сыяктуу болуп, эң мыкты деген авторлордун аты-жөнү көрүнүп тургандай болот. Болгону аны жасоо өтө татаал экен, азырынча ал системанын үстүндө иштер жүргүзүлүп атат. Ал да эл арасындагы адабий рейтингди аныктоонун бир жолу...

Залкарбек Назарматов: Негизи сурамжылоонун критерийлерин оңдоп-түзөйлү деген менен эч кимден тыңгылыктуу сунуш болгон жок. Анан да эксперт болчулар да буга токолдун баласындай мамиле кылышат экен.

Залкарбектин Тайир Аширбайга жообу: Ар ким өзүнүкүн сүрөөгө акылуу деп ойлойм. Дегиңкиси эле сурамжылоонун жооптору субъективдүү болот экен. Демек, мыйзам-ченемдүү көрүнүш десе болот. Маселен, рейтингде баланча алдыга кетти, ал эми түкүнчө деген алп артта калыптыр деген чуунун жообу – ошо кыйындардын кабарын көпчүлүк билбегени менен түшүндүрсөк туура болчудай.

Улукбек Омокеев: Фейсбукта Гүлира Чоткараева деген кыз бар. Дамамат акындардын ырларын жарыялап турат. Көп жакшы ырларды ошонун баракчасынан окуйм.

... Таак, мен бир группа түзө турган болдум окшойт. Жалаң мыкты акындардын ырлары жарыяланчу. Ал жерде жаңы чыккан акындардын ыры жарыяланбайт. Азыр өздөрүн өздөрү таанытып алышат. Фейсбукка кирбеген, бирок мыкты акындардын, көзү өткөндөрдүн деле ырлары чыгып турат.

Максат Жангазиев: Кечиресиздер. Темадан бир аз алыс суроо болуп калабы же кандай... Бирок бир суроо бар да. Мисалы, сындын дагы бир критерийлерге такалган механизми болуш керекпи? Дегеним, бир акынды же жазуучуну дасыккан башка бир адабий сынчы купулуна толгонун айтып, анын дараметин көргөзсө, дагы бир башка адабий сынчы аны таптакыр жокко чыгарып, таптап салса, окурман журту кайсы бирине карап жыйынтыкка келиши керек? Же өз түшүнүгүнө жараша эле кабылдап алабы? Мисалы, кээ бир адабиятчылардын деле бараандуу ой-пикирин, сынын окуп калабыз. Бирок өзүнүн ыр саптарын окусаң өтө деле керемет эмес.

Улукбек Омокеевдин Максат Жангазиевге жообу: Сынчы мыкты акын болот деген жаңылыш пикир болуу керек. Жакшы сынчы жакшы чыгарма жаратат деген туура эмес. Алар жүздөн бирөө го дейм. Салижан Жигитовго окшогондор.

Жолдош Турдубаевдин Максатка жообу: Эӊ жөнөкөй критерий – тексттин ынанымдуу талданышы. Эгер сынчы жөн эле мактап же начар деп салбай, каери, эмне үчүн мыкты/начар экенин, кандай өзгөчөлүктөрү барлыгын конкреттүү мисалдар менен далилдеп бериши керек. Эгер кайсы бир адабиятчы кайсы бир автордун чыгармасынын баасын үстүрт эле бычып койсо, ага макул болбогон башка адабиятчы дал ушул конкреттүү, жүйөлүү мисалдар менен чыкса болот.

Максат Жангазиев: Ушул сыяктуу эле талкууну бетме-бет отуруп да кыла турган мүмкүнчүлүк болсо эң сонун болор беле дейм да.. Көп сөздөр айтылып, суроолорго жооп алат элек...

Рахат Аманова: Ушул сынчылык боюнча же талдоо боюнча өткөндө да сөз болгон. Прозаны, поэзияны бир киши сындаса кандай болот деген. Анан дагы окурмандар "мен талдай албайм, аный..." деп кача беришет экен). Таң калыштуусу "Кыргыз адабияты" жана " Русская литература" сабактары эмнеге окутулат? Мисалы үчүн, мен адис адабиятчы дагы, филолог дагы эмесмин. Окурманмын. Окурмандын позициясынан талдайм окуганымы.

Жолдош Турдубаев: Рахат, факультетте адабият сабагынан мыкты адис окуткан болсо, физиктер деле сонун талдай алат.

Рахат Аманова: Россияда эң татаал, окуучулар ЕГЭде корккону адабият боюнча талдоо. Адабиятты ичирип-жедирип окутушат ал жакта, балдарым окуган... билем. Эми мени мектепте эле окутушкан. Окутканда поэзия менен прозаны талдаганды 5-класста баштаганбыз. Анан окурмандар жаа бою качса таң калам. 5 жыл адабият сабагын окуп, экзамен тапшырган киши кантип адабий талдоо жүргүзө албайт? Кантип?

Улукбек Омокеев: “Русская литератураны” окугандар эле чыгарма талдап койгудай текейдей арзан иш эмес да. Ага табит керек. Сөздүн табиятын түшүнүү керек, тилдин мыйзамдарын билиши керек, лексикону тиги жазуучудан кем болбоосу кажет. Адабий деңгээл керек ко. Кез келген окурман сындай берсе ашмалтайы чыкпайбы. Стилистиканы билбей кантип чыгармага талдоо жүргүзөт? Бейшебай Усубалиев агай сыяктуу жиликтеш үчүн билими болуш керек. Мени толкунданткан жок, таасир эткен жок деп сындашат анан.

Жолдош Турдубаев: Анан табит болушу абдан зарыл. Болбосо филология илимдеринин айрым докторлору сын жаза албайт. Эч кимге кереги да, кызыгы да жок илим сымал бирдемелерди эле чиймелейт.

Рахат Аманова: Программа боюнча чыгармаларды талдоо 5-6-класстан башталат. Демек, адабият сабагын ким, кандай окутканына карата окурман журту көркөм адабиятты кабыл алат экен деп калдым.

Абдысамат Сарала: Кызыктуу талкуу болуп жатыптыр... Рейтингди аныктоодо, сурала турган аудитория жалпысынан экиге бөлүнөт: 1. Кенен аудитория, кенен окурман. Калың эл десек болобу. 2. Ошол тармакта адистер, ишбилгилер. Компетенттүү кууш аудитория. Бул эки аудиториядан алынган жыйынтык көбүн эсе бири-бирине дал келбейт. Ар биринин өзүнүн “+” жана “–“ тары бар. Кенен аудиториядан сурамжылоо жүргөндө субъективдүү моменттер көп болгону менен, бирок жалпысынан калың элдин арасында таржымалды байкаса болот. Калың элге ким азыр, утурлай учурда таанымал экенин билсе болот. Ал эми ишбилгилерден, адистерден, чындап кызыккандардан сурап изилдеп, объективдүүлүккө жакын сүрөттү алса болот. Анан, бул эки изилдөөнү салыштырып, кызыктуу жыйынтыктарга келебиз.

Рахат Аманова: Улукбек, мен конкурска келген материалдарга карата окурмандардын "сын айталбайм..." дегенин айтып атам.

Улукбектин Рахат Амановага жообу: Сиз айткан адабият сабагын окугандар жакшы окурман болот. Тилекке каршы, жакшы окурман даярдай албай жатабыз. Сынчынын жөнү таптакыр башка деп ойлойм. Окурмандык баа десек болчудай.

Рахат Аманова: Мынакей, кептин баары ушунда болуп атат. Адабият теориясын мектепте өздөштүрө албаган окурмандардын катмары ого эле калың экен. Ал эми адискөй сынчылык, албетте, башка деңгээл. Бирок адискөй сынчыларды даярдап чыккан окуу бизде барбы? Жок да.

Жолдош Турдубаев: Албетте, теориялык база, кесипкөй камылга керек. Көркөм текстти түшүнүү, жетик кабылдоо үчүн анын табиятына сүңгүп киргенге жол ачар ачкыч окурмандын колунда болушу керек. Бирок айрым илимий даражалуу филологдорго салыштырмалуу орто мектепте мурдагы ленинграддык адабият мугалими Евгений Ильиндин колунда окуп чыккан каалагандай башка кесиптин ээси адабиятты жакшыраак талдай билиши ыктымал.

Рахат Аманова: Эң күчтүү сынчылар Союз убагындагы адистер. Алар өтө аз.

Улукбектин Рахат Амановага жообу: Адабият теориясын айтасыз да, туура жаздыра албай жатабыз го. Техникалык ката, стилдик ката, грамматикалык каталарды ажырата албай жатат бүтүрүүчү. Дурустап сүйлөгөндү, жазганды окутсак сүйүнөт элем. Кайдагы адабий билим, көркөм табит?.. Пикирди сизге окшогон сезимтал, дилгир адамдар жакшылап айта берсе, окурмандар да үйрөнөт.

Рахат Аманова: Өтө аз. Адис сынчылар баарын камтып үлгүрбөйт дагы. Аркасынан келаткан адискөй жаш команда жокко эсе. Адис сынчыларды даярдаган мектеп жок. Ушул маселени колго алсаңар жакшы болот эле филологдор.

Шабдан Сулайманов: Эми мен айтайын. Фейсбук аркылуу жазмакердин рейтингин аныктоо деген болбогон жорук. Дегеле рейтингди аныктоо кандай критерийлерге байланыштуу болду, бул дагы суроо? Фейсбукчулардын койгон баасы эч кандай адабий сындын талаптарына, нормаларына ылайык келбейт. Бул бир. Экинчиден, рейтингде жазмакердин же бир китеби, же бир чыгармасы гана коюлууга тийиш. Маселен, жалпы фейсбуктагы окумал журт Ч.Абыкеевдин же Айгүл Шаршендин чыгармаларын Ч.Айтматовдун чыгармаларынан жогору баалап коюшу деле толук ыктымал. Үчүнчүдөн, эгерде мен тааныш-билиштеримден мага добуш берип койгулачы деп сурансам, 20 добуш тургай, 200 добушту деле алып коюшум толук мүмкүн. Менин эле кичинекей айылымда ушунча киши фейсбукта отурат. Акырында айтарым "бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" демекчи, эгерде рейтинг кыла турган болсок, адабий чөйрөдөн алыс эмес, балким 100 кишинин, балким 200 кишинин гана арасында суроо-сопкут жүргүзүшүбүз керек. Болбосо жазмакерлердин тагдыры, фейсбуктагы тарапташтарына ишенип келип алып, камалып жаткан С.Жапаровдун тагдыры сыяктуу болуп калышы мүмкүн. (Бул эми салыштырмалуу айтканда).

Улукбектин Шабдан Сулаймановго жообу: Бар экенсиз го...

Шабдан Сулаймановго Абдысаматтын жообу: Менимче, эки рейтинг тең керек, бирок жалпынын арасынан суралган рейтинг өзү жалгыз болбой, сөзсүз касапчылардын жообу менен кетсе мыкты болот. Контраст.

Рахат Аманова: Эксперименталдык адабий аянтча түзүп атабыз деген аракет анда кайда кетти, Шабдан? Окурмандар кадимкидей талкууларда жанданып, тирилди. Билимдүү окурмандардын укугун кандайча жокко чыгарып коёсуңар? "РухЭш" сайты адабий аянтча түзгөн үчүн окурмандар жандады да? Же калппы? Билимдүү окурмандардын кендирин кесип эле, баарын жаманга, табити жокко чыгарып койсок? Анда эмне кылып отурабыз бул жерде?

Риза Савай: Эгерде поэзия, прозаны кыскасы, жанрлар боюнча ынандырарлык, жүйөлүү, калыс пикир айтса, кимди болбосун ынандыра алат. Ошон үчүн азыртан чочулоонун кереги жок. Адабий процесс кызытып кетсе, таптакыр ысмы белгисиз адамдар таанылат.

Рахат Аманова: Рейтинг аныктоо – адабий аянтчадагы эксперименталдык тобокел жүрүш болду.

Риза Савай: Бир гана кара кылды как жарган калыстык керек. Эмне себептен көпчүлүк акын-жазуучулар таза сындан качышат?

Жолдош Турдубаев: Россияда адабиятты укмуштай окутат деген да анча туура эмес, дайыма же баардык мектептерде, ЖОЖдордо жакшы окута беришпейт. Айрыкча азыркы кезде деңгээл өтө төмөндөп кетти деп даттангандар көп. Окуу китептеринде жана методикасында да оркойгон мүчүлүштүктөр бар. Бул жагдайды Михаил Казиник катуу сындап жүрөт. Мисалы, мектепте Пушкиндин “Нянясын” таптакыр тайыз, тайкы “окутушат” экен. Кыргызстанда андан бетер. Биздин аянтча дал ушул боштукту толуктоого өбөлгө түзүшү мүмкүн. Бирок рейтингди башка бир мазмундуу иш менен коштобосо болбойт.

Рахат Аманова:  Башкаңарды билбейм, мен өзүмчө эле кудуңдап атам. Конкурска келген материалдарды өздөрү эле тынбай окуп талкуулаган окурмандардын катмары түзүлдү. Биз акырын четке чыктык. Окурмандар конкурска келген материалдарды өздөрү эле талкуулап, жиликтеп атышат. Бул деген биртке болсо да жетишкендик. Дал ушул сыяктуу аракеттенип атышып, эртең сурамжылоо жүргүзгөн топ натыйжа чыгарат.

Шабдандын Рахат Амановага жообу: "РухЭш" сайты адабий аянтча түзгөнү жакшы жөрөлгө болду. Бирок жазмакерлердин жалпы рейтингин аныктоодо Фейсбуктагы окурмандардын пикирине таянганы анчалык туура эмес. Эгерде "эң көп окулган автор", "окумдуу чыгарма", "айдын же жылдын мыкты чыгармасы" ж.б.у.с. номинациялар аркылуу тандалса, анда кеп башка болмок. Жана мындай рейтингди толук бойдон фейсбук колдонуучулардын колуна салып берсек, эч жаңылыштык болбойт.

Жолдош Турдубаевдин Рахат Амановага жообу: Албетте, комменттерде саман-топону абдан эле көп болуп жатат, бул табигый эле иш. Бирок сезилерлик жылыш бар.

Рахат Аманова: Билимдүү окурмандардын катмарына таянбаса эч кандай адабий процесс жандана албайт. Ошон үчүн рейтинг аныктоодо окурмандардын пикири сөзсүз эске алынышы керек! Өзүн элита сезип алган эң коркунучтуу симптом. Ажырым кетет.

Рахат Аманова: "Казына" тобу эмне иш кылат? Адабият менен окурмандын ортосунда көпүрө.

Риза Савай: Кептин баары сайттын ишин жандандырууда, контингенттин кеңейтүүдө, таптакыр мурда-кийин кездешпеген ыкмалар менен окурмандарды тартуу калды. Ичти кең салып, жаш калемгерлердин "жылт" эткен жаңылыктарын кубаттап, адабий чөйрөгө шык-дем берүүдө калды.

Рахат Аманова: Ии! Эң туура айттыңыз. Окурман журтуна да азыр колдоо керек. Кыскасы "биз укмуш, калган эл караңгы" дегенди токтотуп, окурман атмайды тартыш керек. Билимдүү окурман азыр бир батман алтынга тете. Адабий процессти жандандыргыбыз келсе – билимдүү окурман биздин жоокерибиз экенин унутпайлы да.

Риза Савай:  Баарыңыздын дареметиңиздер, талантыңар ашып-ташкан мезгилге келгенибиз кубандырат мени.

Абдысамат Саралынын Рахат Амановага жообу: Өткөндө бир ырыма, бир аксакал - же ак ыр эмес, же кара ыр эмес, ырың оосурак жыттанып (кечирим сурайм) калыптыр деген сыяктуу пикир жазыптыр, анын сыңары бул адабиятты бир сакралдуу, жалпы эл кол сала албаган, сүйлөй албаган нерсе катары коргоп, акын-жазуучулар адабияттын жрецтери болуп албашы керек. Жөн эле өтүп кетпей жогорудагы аксакалдай болуп, пикир калтыргандар көбөйсүн. Демек, а кишинин поэзияга болгон өз ою бар. Бирөөнүн китебин сатып алат, кечесине барат. Ыр окуйт эй. Кандай жакшы. Канчалык жөн эле: “Мага жакты, мага жаккан жок” деп эле сындап койгон адамдар көбөйсө, ошончолук адабияттын базары кайнайт. Элди кызыгуусу андан ары артат. Профессионал сынчылар көбөйөт. А бул рейтинг мейли ката болсун же чын болсун, баарыбызды саат 11де уктатпай ушинтип талаштырып жатканы эле канча. Ушул талаштан көп чындыктар жаралды, иргелди чынында.

Шабдан Сулайманов: Менин жеке сунушум же пикирим, рейтинг жасоо үчүн мен жогоруда мисал кылгандай сөзсүз ар түрдүү номинациялар боюнча гана суроо жүргүзүлүшү керек. Маселен, менин анча деле жазылбаган "Эх, ошол кез мен кичине чагымда" деген ырым былтыр интернетте (фейсбук, вотсап) аябай эле хит болду. Бирок ал ырдан 5 эсе мыкты жазылган кай бирөөнүн ырлар көмүскөдө калып кетти.

Айсулуу Көкөева: Таир Аширбай агай жердешинин ырын жарыялап, таанытып турса, анын ырынын өзгөчөлүгүн ачып берсе жакшы эле болмок.

Азамат Омош: Чынында бул рейтинг 100дөй гана Фейсбук колдонуучунун пикири менен түзүлдү. Муну ушул боюнча таштап койбой, аудиториясын кеңейтүү механизмин иштеп чыгуу керек экен. Анткени жок эле дегенде 1 миллион кыргыз фбда отурат. Ошонун 15 пайызын тарта алсак дагы 150 миң адам болот.

Чынында бул рейтинг 100дөй гана Фейсбук колдонуучунун пикири менен түзүлдү. Муну ушул боюнча таштап койбой, аудиториясын кеңейтүүнүн механизмин иштеп чыгуу керек экен. Анткени жок эле дегенде фбда 1 миллион кыргыз отурат. Ошонун 15 пайызын тарта алсак дагы 150 миң адам болот. Ошондо ызылдаган талашты көрө бер да)))). Аттиң, акчам болгондо байге сайып болсо да аудиторияны кеңейтет элем.

О`Шакир: Бул балээни эмне үчүн баштадым, эми айтайын, достор! Социология илими бар. Бирок ал илим Кыргызстанда өнүгө албай келаткан үчүн бизде кайсы бир тармактын рейтингин аныктоо саамалыгы жок. 90-жылдардан кийин Кусейин Исаев социология илимин өнүктүрүү багытында кыйла иштерди жүргүзүп келип, ал киши картайгандан уламбы, же Кыргызстанда социология илимине кызыгуулар анчейин жокпу, айтор, соцсурамжылоолор аркылуу картина түзүү өрнөгүн биз али көрө элекпиз. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө социология илими абыдан чоң роль ойнойт. Эң жөнөкөй эле мисал: дүйнө жүзүндө кайсы футбол командасы эң күчтүү, эң башкы, эң күчтүү он топко кайсы оюнчулар кирет же болбосо кайсы боксёрдун, теннисчинин, хоккеисттин рейтинге баарынан жогору ж. б... О.э. кайсы миллиардер, кайсы актёр, кайсы саясатчы, кайсы сулуу эң алдынкы топко кирет деген сыяктуу рейтингдер бар, туурабы?.. Кайсы товар өтүмдүү экенин да аныкташат.

Ал эмес кайсы жазуучунун китептери эң чоң тираждар менен сатылары, канча тилге которулганынын баары-баары социологиялык эсепке алынган. Мунун баары эмне үчүн жүргүзүлөт? Эмне үчүн маанилүү? Адамдарга мотивация берүүчү индикатор болгон үчүн; адам жөндөмүн өстүрөр технологиялык инструмент болгон үчүн. Себеби рейтинг деген балээ кимге болбосун подсознательный сигнал берүүчү методология. Ал эми биз, кыргыз урпактары али күнчө жөө жомок айткан, оозеки сайраган жагынан башкаларды алдыга салбас калктардын бирибиз. Илимий чындыктарга, эбактан берки өз жыйынтыгын берген илимий тажырыйбаларга моюн бергибиз келбей: Улукбекке окшоп мөңкүп тургандар толо, башкаларга өзүнүн карандай түшүнүгүн жалтанбай таңуулаган...

Жүйөсүз кеп менен жөөлөй бергенден мурда, адабий рейтинг жүргүзүүнү биз эмне үчүн ырааттуу уланта беришибиз керек дегеним: авторлордун ичине чок салышыбыз керек. Болгондо да кыпкызыл чок. Дымып жаткан авторлордун ичин куйкаласын мейли. Чыгармачылык атаандаштыкты күчөтүүнүн эң мыкты башка жолу болсо, Улукбек ошону сунуштасын. Аны да кылалы. Бирок азырынча адабий рейтинг аркылуу гана улуттук адабиятыбыздын базарын кайнатуудан башка аргабыз жок. “РухЭш” сайтынын алдында “Казына” адабий эксперттер, “Нуска” котормочулар тобунан сырткары да адабий агенттик деген платформабыз бар. Алар өз ишин жүргүзүүдө так ушул адабий эксперттер жүргүзгөн рейтинг керек. Ансыз адабий рынокту жүргүзө албайбыз. Чөнтөгүбүзгө кызылдай акча түшүрө албайбыз! Адабиятты интеллектуалдуу товар катары баасын көтөрүп сата албайбыз!

Алдыда JIA Бизнес-ассоциация менен өнөктөштүк багытында далай иштерди жүргүзөрүбүздү айткамын сиздерге. А бизнес жөө жомокту эбак четке сүрүп таштап, иштин көзүн тапкандардын гана чөйрөсү болуп калганын унутпайлы, туугандар! Бул жолку рейтинг жыйынтыгына чейин адегенде өзүм 32 кишиден сурамжылоо жүргүзүп, жыйынтыгын жарыялаганым эсиңиздерде бардыр. Болгондо да ошол 32 респонденттин баары адабияттын көлөкө-жарыгын ажыраткан адамдардан болчу. Арасында профессионал адабияттын өкүлдөрү, адабиятка эң жакын саналган саясатчы, бизнесмендер да болгон бирин-экин. Бирок кашайып, ошол 32 респонденттен алынган рейтинг жыйынтыгына окурмандар тургай, өзүм деле канааттанган эмесмин. Себеби кээси кайра телефон чалып: “Олжоке, баландай авторду атабай калыптырмын, ошол досумду таарынтып албайын, баландайдын ордуна түкүндөй автордун атын алмаштырып койчу” деген кыргызчылыгыбызга ичимен кыңырылып калгамын ошондо эле. Кийин ушул “Казына” тобунун жаштарынын мойнуна жүктөдүк сурамжылоо жүргүзүүнү. Ага да ичибиз чыккан жок. Бу жолу Азамат баш болгон адабий эксперттер фейсбуктагы окурмандар арасында жүргүзгөн сурамжылоого да ичибиз чыкпай отурабыз. Бирок ошондой болсо да үч жолку сурамжылоонун жыйынтыгында Нарсулуу Гургубаева, Азамат Омоштун ысымдары алдыга озуп чыгып калып атса, демек, “РухЭштин” адабий агенттиги кимдердин базарын кайнатуу керек деген картинаны көрүшүбүз керек.

Ал эми С.Акматбекова, К.Бакиров, Ш.Дүйшеев албетте, азыркы жаштардан төмөн турат дегендик эмес бул. Тек гана кайсы жаш авторлор эл назарына илинип алган болсо, демек, ошол жаңы ысым, жаңы муундун өкүлдөрүнүн базарын кайнатуу мезгили келиптир деген индикатор бул...

Ырас, Нарсулуу менен Азамат фейсбуктагы сурамжылоодо тиги классиктерден жогору чыгып кеттиби, демек, Сагын эже же Карбалас байкенин китептерин болжол менен миң тираждан чыгарсак, Нарсулуу менен Азаматтыкын алардын тиражынан бир аз арбын чыгарып сатсак болот деген көрсөткүч бул. Адабий агенттиктин анализи үчүн бул чоң мааниге ээ. Ал эми кимисинин көркөм табылгасынын маани-мазмунун сынчылар, адабиятчылар кандай чыгарат – ал таптакыр башка маселе. Андыктан улуу муундун өкүлдөрү тынчсыздана турган коңгуроо бул жолку рейтингдин жыйынтыгы. Окурмандар журтунан кол үзбөө керектигин авторлор ойлоно жүрүшү керек деген кеп... Окурмандарыбызды азыр соцтармактардан издешибиз керек. Адабий рыноктун потенциалдуу кардарлары кимдер экенин аныктоо үчүн коомдун баардык катмарынан сурамжылоо жүргүзө берүүнү улантып, анын методологиясын иштеп чыгышыбыз керек дагы-дагы!

Окшош материалдар

Комментарийлер (8)

  • - Арнас Мусакунов.

    Менин бул талкууга катышайын деген оюм жок эле, анткени мен адабиятчы, же жазуучу, журналист эмесмин. Жөн гана адабият күйөрманымын. Бул жерде Азамат Омош менен Айсулуу Көкөевалар атын атабаса да, мен чыгармаларын жакшы билген жазуучу жөнүндө сөз болуп кетти. Азамат анын бир да чыгармасын окубаптыр, ошондуктан маалымат катары гана ал кишинин – Мусакун Сатыбалдиев аганын чыгармачылыгы жөнүндө эки-үч ооз сөз айткым келет. Ооба, силер айткандай, ал киши тубаса майып, анын кесепетинен мектептен да окубай калган, он төрт жашында гана тамга таанып, эпке келбеген колуна калемди байлап туруп, жазганды үйрөнгөн. Адеп кабар, макала жазып жүрүп, кийин көркөм чыгарма жазууга киришкен. Бүгүнкү күнгө чейин Мусакун аганын он төрт китеби - анын үчөө роман, бирөө котормо - жарык көргөн. Учурда чыгармаларынын толук жыйнагынын он томдугу «Улуу Тоолор» басмасынан басылуу алдында турат. Ошондой эле аталган басма менен жыйырма жылдан бери кызматташып, 125 китепти редакциялап, басмага даярдап берген. Мындай эмгекти жасоо алты саны аман адамдардын да көбүнүн колунан келбеси белгилүү. Ал кишинин бир китеби Дублинден англис, бир китеби Улан-Батордон монгол, дагы бир китеби орус тилинде чыккан, айрым чыгармалары түрк, казак, тажик тилдерине которулуп альманахтарга, журналдарга чыккан. «Бөрү киши» аттуу кезегинде көп окурмандардын кызыгуусун жараткан романы бул кезде түрк тилине которулуп жатат. Өзү да котормо менен алпурушуп келатат. Дагы бир кызык жери - жогорку билими эмес, биринчи классты бүтпөй туруп, ал киши он жылга жакын ар кайсы гезиттерде машинке баскыч, кабарчы, адабий кызматкер, котормочу, редактордун орун басары жана «Бийиктик» басмасында редактор болуп иштеген. Мен бул кишини атын чыгарайын, же мактайын деген ойдо эмесмин, ал ага муктаж эмес. Кыргыз адабиятында өз үнү, өз орду бар. Баса, А. Көкөева ал киши майыптыгына карата эле жеңилдик алды дегендей пикирди кыйытыптыр. Адабиятта адамдын ден соолугу эмес, таланты, жазган чыгармасы эске алынат. Чыгармачылыкта ар ким жалгыз. Анан да ал кишинин майыптыгын козгоп, талкуунун предметине айлантууга эч кимдин моралдык да, жарандык да укугу жок. Ал кишинин эрки, чыдамкайлыгы, эмгекчилдиги көбүбүзгө үлгү. Мен жөн гана Омош окшогон ал кишинин чыгармаларын окубаган замандаштарыбызга маалымат иретинде ушуларды билдиргим келди. Сөзүмдүн акырында ал аганын бир ырын келтиргим келет. Анткени анын бир да чыгармасын окубагандар ушул бир эле ырынан ал кишинин чыгармачылык деңгээлинин дараметин сезише алаар деген үмүтүм бар. БИР ЖОЛУ Мен тирликтин таштагында баратып, Көрүнбөгөн бакытымды жандаймын. Кош таманды тилсе да таш, канатып, Бул жашоонун кумарына канбаймын. Бир чымчым от үзүп алып ак таңдан, Кечээки өлгөн көп үмүттү тирилтем. Жарга түртөм деп аңдыган аркамдан, Кашайган карт каргашаны түңүлтөм. Бир селкинин көз учкуну жалт этип, Мокой түшкөн жанып өтөт жүрөктү. Сезип кетем жылдызга да кол жетип, Ууртагандай жарым кашык мүрөктү. Муңдууларга күлкү болом чачылган, Көкүрөктөн муңумду алыс ыргытып. Баарлашка сыр сандыкмын - ачылган, Бүт пендени бирдей көрүп, пир тутуп. Айландырып өмүрдүн бир тамчысын, Мөл булакка, чөлгө гүлзар өссө дейм. Илип салбай тирүүлүктүн камчысын, Өзүмө чаап, эртеңкинин камын жейм. Канча өмүр бар, билесиңби, болжолу, Колдон келсе гүл болуп чык ташка да. Чагылгандай жангым келет бир жолу, Калса экен деп бейитимден башка да. Мусакун Сатыбалдиев.

  • - Арнас Мусакунов.

    Менин бул талкууга катышайын деген оюм жок эле, анткени мен адабиятчы, же жазуучу, журналист эмесмин. Жөн гана адабият күйөрманымын. Бул жерде Азамат Омош менен Айсулуу Көкөевалар атын атабаса да, мен чыгармаларын жакшы билген жазуучу жөнүндө сөз болуп кетти. Азамат анын бир да чыгармасын окубаптыр, ошондуктан маалымат катары гана ал кишинин – Мусакун Сатыбалдиев аганын чыгармачылыгы жөнүндө эки-үч ооз сөз айткым келет. Ооба, силер айткандай, ал киши тубаса майып, анын кесепетинен мектептен да окубай калган, он төрт жашында гана тамга таанып, эпке келбеген колуна калемди байлап туруп, жазганды үйрөнгөн. Адеп кабар, макала жазып жүрүп, кийин көркөм чыгарма жазууга киришкен. Бүгүнкү күнгө чейин Мусакун аганын он төрт китеби - анын үчөө роман, бирөө котормо - жарык көргөн. Учурда чыгармаларынын толук жыйнагынын он томдугу «Улуу Тоолор» басмасынан басылуу алдында турат. Ошондой эле аталган басма менен жыйырма жылдан бери кызматташып, 125 китепти редакциялап, басмага даярдап берген. Мындай эмгекти жасоо алты саны аман адамдардын да көбүнүн колунан келбеси белгилүү. Ал кишинин бир китеби Дублинден англис, бир китеби Улан-Батордон монгол, дагы бир китеби орус тилинде чыккан, айрым чыгармалары түрк, казак, тажик тилдерине которулуп альманахтарга, журналдарга чыккан. «Бөрү киши» аттуу кезегинде көп окурмандардын кызыгуусун жараткан романы бул кезде түрк тилине которулуп жатат. Өзү да котормо менен алпурушуп келатат. Дагы бир кызык жери - жогорку билими эмес, биринчи классты бүтпөй туруп, ал киши он жылга жакын ар кайсы гезиттерде машинке баскыч, кабарчы, адабий кызматкер, котормочу, редактордун орун басары жана «Бийиктик» басмасында редактор болуп иштеген. Мен бул кишини атын чыгарайын, же мактайын деген ойдо эмесмин, ал ага муктаж эмес. Кыргыз адабиятында өз үнү, өз орду бар. Баса, А. Көкөева ал киши майыптыгына карата эле жеңилдик алды дегендей пикирди кыйытыптыр. Адабиятта адамдын ден соолугу эмес, таланты, жазган чыгармасы эске алынат. Чыгармачылыкта ар ким жалгыз. Анан да ал кишинин майыптыгын козгоп, талкуунун предметине айлантууга эч кимдин моралдык да, жарандык да укугу жок. Ал кишинин эрки, чыдамкайлыгы, эмгекчилдиги көбүбүзгө үлгү. Мен жөн гана Омош окшогон ал кишинин чыгармаларын окубаган замандаштарыбызга маалымат иретинде ушуларды билдиргим келди. Сөзүмдүн акырында ал аганын бир ырын келтиргим келет. Анткени анын бир да чыгармасын окубагандар ушул бир эле ырынан ал кишинин чыгармачылык деңгээлинин дараметин сезише алаар деген үмүтүм бар. БИР ЖОЛУ Мен тирликтин таштагында баратып, Көрүнбөгөн бакытымды жандаймын. Кош таманды тилсе да таш, канатып, Бул жашоонун кумарына канбаймын. Бир чымчым от үзүп алып ак таңдан, Кечээки өлгөн көп үмүттү тирилтем. Жарга түртөм деп аңдыган аркамдан, Кашайган карт каргашаны түңүлтөм. Бир селкинин көз учкуну жалт этип, Мокой түшкөн жанып өтөт жүрөктү. Сезип кетем жылдызга да кол жетип, Ууртагандай жарым кашык мүрөктү. Муңдууларга күлкү болом чачылган, Көкүрөктөн муңумду алыс ыргытып. Баарлашка сыр сандыкмын - ачылган, Бүт пендени бирдей көрүп, пир тутуп. Айландырып өмүрдүн бир тамчысын, Мөл булакка, чөлгө гүлзар өссө дейм. Илип салбай тирүүлүктүн камчысын, Өзүмө чаап, эртеңкинин камын жейм. Канча өмүр бар, билесиңби, болжолу, Колдон келсе гүл болуп чык ташка да. Чагылгандай жангым келет бир жолу, Калса экен деп бейитимден башка да. Мусакун Сатыбалдиев.

  • - Кара Балта

    Рахат эже менен Айсулуу эжелердин билимдүү адабиятчылар экенин билем. Р.Исмаилова эженин да сын макалаларын окуп жүрөм. Сиздерден суранаарым жаш калемгерлердин чыгармаларына көбүрөк көңүл бурсаңыздар дейм. Конкурс боюнча сиздер жазган пикирлерди калтырбай окуйм. Мага сиздердин талкуу кызык болгондуктан адабиятка жаңыдан келген мен курдуу жазмакерлерди өсүшүбүзгө өбөлгө болууда чоң. Рахмат биз үчүн аракетиңиздерге.

  • - Anarkan

    Жазуулукка кызыккан жаштарды тарбияласаңыздар, адабий билимди сиздердин тайпадан өздөштүрсөм деймин.

  • - Алыстагы мекендеш

    рухеш сайтынын сиздердей уюштуруучуларынын аракетине алкыш. Элибизде сиздердей коом агарткандар көбөйгөнү кубанычтуу. Адабияттын проблемаларын көбүрөөк талкуулаганыңыздар да элди билимдүлүкө, маданиятулука чакырат деп ойлоймун

  • - Нурлан Кемел тегин

    жазмаекерлер да ич ара ынтымакта тайпа ачкан экениңерди туура көрөм.

  • - Саламат

    Рейтинг дегенди бекер кылбаптырсыңар эксперттер. Жок дегенде кандай таланттар бар экенин эл билип туруш үчүн дагы-дагы ушундай көрсөткүчтөр болуп турганы туура

  • - кубанычбек

    Адабиятка аралашпасак да бирок адабий жаңылыктар баалуулукка айланып баратат азыр. Эгемендик жылдарынан берки жаңы бийиктикке өсө баштаган кыргыз адабиятына жаңы авторлор келип баштагынан көрүүгө болот рейтингден.

Комментарий калтырыңыз