Прагадагы карантин күндөрдөн репортаж (сүрөттөр коштолгон)

Таажывирусуна байланыштуу Чехия 12-марттан бери карантинде. Ага карабай, жарандардын үйүнөн сыртка чыгуусу такыр чектелген жок. Коомдук транспорт, анын ичинде жүргүнчү тартчу поезддер эзелки тартип боюнча иштеп жатты. Бирок коомдук жайларда 2 метр аралыкты сактоо, беткап кийүү (17-марттан тартып) шарт эле. Ошол эле учурда бак-парктарда жалгыз-жарым же эки адам болуп аралыкты сактап, спорт менен машыгууга, сейилдөөгө тыйуу салынган эмес.

20-апрелде спортсмендерге майда топторго биригип (кеминде 5 адам) машыгууга, той-топурга 10 адамга чейин чакырууга уруксат берилген. Акырындап сыртта 30 адамга чейин топтолууга жана группада спорт менен машыгууга уруксат берилип, ресторан-кафелердин, зоопарктар менен ботаникалык бактардын жайкы павильондору, аянты 200 чарчы метрге чейинки дүкөндөр, а 10-майдан бери чачтарачканалар кадимкидей иштеп калган.  

Карантин маалында Праганын эски бөлүгүндө мурдакыдай селдей каптаган чет элдик туристтер жок. Алардын ордун прагалыктар ээлешкен. 1402-жылы салынган айтылуу Карлов көпүрөсүндө эл Бишкектин Ош базарындагыдай көп экенин 16-май, ишемби күнү өзүм күбө болдум.

Ал эми Влатава дарыясынын Карлов көпүрөсү менен Йираскув көпүрөсү ортосунда (чех тилинде Jiráskův most) ар кыл формадагы кайык тепкендер жайнайт.

Славян аралындагы балдар аянтында оюндун кумарына батып, чуру-чуу түшкөн төрт курбу.

Композитор Б. Сметана атындагы жээктеги ачык асман астындагы ресторанда музыка жаңырат. Оозуна беткап таккан гитарист өзүн коштоп чехче ырдоодо.

Коноктор карантин маалындагы санитардык тартипке ылайык, бири биринен бир стол аттатып отургузулган.

Карантин Влтава дарыясында чет элдик туристтерди сейилдеткен кемелердин ээлери үчүн зыян алып келди. Марттан бери аларга жумуш жок. Композитор А. Дворжан атындагы жээкте февраль айынын этегинен бери жүргүнчү ташыбаган кемелер дале жээк менен “шыбырашып, сөздөрү түгөнбөйт”.

Прагада кайык, унаанын бир түрү. 7-8 киши тарткан калактуу кайыктар Влтава дарыясынын ылдыйкы агымындагы чакан конуштардын балдарын экинчи жээкке мектепке ташышат. Праганын мурдакы падыша коругу, азыркы Стромовка паркына туташ жайгашкан Император аралынан Зоопарк менен Ботаникалык бак жакка өтөр болсоңуз, 50-60 адамга чейин сыйчу дизель моторлуу кайыкка түшөөсүз.  2017-жылы күздө Влтаванын аркы-берки жээгин туташтырган узуну 256 метр, туурасы 3.8 метрлик асма көпүрө кулагандан бери ушундай. Кайыктар жумуш күндөрү эртең мененки жетиден кечки жетиге, а дем алыш жана майрам күндөрү сегизден кечки жетиге дейре иштейт. Жол киреси бекер.    

 

Көчөдө жүргөн адамдар бири калтырбай беткапчан жүрөт десем калп айткан болор элем. Балмуздак жегендер, аллея боюнда шашпай маектешип отургангандар, аянттарда топтошуп турган жаштар, анан да бирин-серин адамдар беткабын мойнуна түшүрүп алышканын көрөсүз.

А парктардын көк майсанында жоро уюштуруп отурган чоң топ адамдарга беткапты чечип койгонго уруксат. Деген менен трамвай, поезд, кайык-кемеде беткапсыз адамды көрбөйсүз. Булар Рудолфиниум филомориясынын алды жагындагы төрт көчөнөн кесилишинде жолчырактын жашыл чырагын күтүп турган жолоочулар.

Төрт көчөнөн кесилишинде сфетордун жашыл чырагын күтүп турган жолоочулар.

Летна паркындагы Na Baště сыраканасында кезек күткөндөр бири биринен 1 метр интервалда турушат.

Чехтер негизи тартиптүү эл. Автобуска узун кезек пайда болгондо, эгерим кезек бузган чехти көрбөйсүз. Ушундай эле көрүнүштү 20-апрелден 30-апрелге чейин таажывирусу бар-жогун текшертүүнү каалаган ыктыярдуулардын аркандай чубалган узун кезегинен да байкадым. Төмөнкү сүрөттө 23-апрелде Праганын Зитков багында кезек күткөн адамдар (Курагы 16 жаштан 59 жашка чейинкилер).

Праганын чакан дыйкан базарларынын кайра ачылганына үч жумага чукулдап калды окшойт. Farmářské trhy аталган бул базарлар жыл бою иштейт. Алардын алды эртең мененки саат сегизде ачылып, саат экиде жабылат. Дыйкан базарда негизи чех дыйкандары өстүргөн жашылча жемиштер, мөмөлөр, азык-түлүк, гүлдөр, сүт азыктары, майда ишкерлер өндүргөн ичкиликтер менен ичимдиктер, нан-токочтор сатылат. Андан тышкары кол өнөрчүлөр менен чеберлердин колунан чыкан аз сандагы ар кандай чекене товарлар да болушу мүмкүн.

23-апрелде таажывирусу элдин үшүн алып турган кезде Праганын 2-районундагы базарда (Trhy na Tyláku) эл аз,  шашпай сүйлөшүп турган же сыра ичип отурган адамдар жок болчу.

Борбор шаарда парктар көп. Летна паркындагы көк шиберде эс алып отурган адамдарды көрүп, карантинди да бир саамга эстен чыгарасың.

Карантинди Строумовка паркындагы көлдөрдү байырлаган өрдөктөр гана билишпеди окшойт. Жалпы аянты 86,4 га парктын көлдөрүндөгү түгөйлөр быйылкы балапандарын ээрчитип,  шашпай сүзүп жүрүшөт.

1.3 миллион элдүү Прагада таажывирусунан улам киргизилген карантин 25-майда токтойт. Ресторан-кафелер толук ишке кирип, музейлер, сүрөт галереялары, зоопарктардын үстү жабык павильондору, мектептер, балабакчалардын улуу группасы, окуу жайлар ачылат. Ошондон тарта спорт залдардын кийим алмаштырчу жана жуунчу жайлары, бассейндер да иштей баштайт кейпи. Ушуну менен пандемиянын “мизи майтарылдыбы” же илимпоздор боолгогондой күздө экинчи жапырыгы каптап киреби?

Канткен күндө да быйыл Чехияда жыл аягына чейин сактык чаралары сакталып, жалпы журт сактык үчүн беткап кийүүгө милдеттүү.

Амирбек АЗАМ уулу. Прага. 17-май, 2020-жыл.

Окшош материалдар

comments (1)

  • - Keldibay

    Жакшы жазылган. Маданияттуу Эл деген Ушундай тартиптуу болот!!!

Комментарий калтырыңыз