Абдил Шерматов: Каралайткан коронавирус чыгарган ойлор

Коронавирус дегендин асти аты өчсө экен. Эмне болмок эле деп элебесеӊ, ал алеки саатта өпкөнү мүлжүп өлтүрүп жатат. Сактанбасаӊ оболу өзүӊ менен кошо бала-чакаӊды, сенден жуккандарды алып тынат. Аныӊ каары катуу азезил окшойт, бир заматта бай менен кедейди, зор өлкө менен чабал өлкөнү бири-бирине теӊеди да койду.

Текеберсинткен байлыгыӊ да, алаамат салар согуштук куралыӊ да ушул пандемиянын жанында эч нерсеге арзыбайт дегендери да чын окшойт, ал орок оргонсуп дүйнөнүн элин кырып кирди. Окумуштуулар бул илдет дарысы табылган күндө да жок болуп кетпейт дешет. Бул коркунучту этибарга албай андан аман калам деген куру кыял. Бизди бул ооруудан, жараткан жар болсо, врачтар гана арачалап калат. Биз адамдын, ар бир өлкөнүн жардамына муктажбыз. Мындай кырдаалда пенде аттуунун гумандуу мамилеси, жабыла жасаган аракети адам уругун сактап каларына көз жетти. Тек муну ар бир кыргыз жараны акылы, жүрөгү менен түшүнөр бекен, дүйнөлүк коомчулук ушундан сабак алар бекен, геосаясаттын барымтасына айланган адамзат цивилизациясы Түркиянын лидери Р.Т.Эрдоган айткандай, ойлому олуттуу өзгөрүп, планетардык кызыкчылыктын негизинде өнүгүүгө өтөр бекен – маселе ушунда.

Анан калса күтүүсүз пайда болгон, илимге мурда белгисиз илдеттин улам-улам түрлөнгөнүнөн, анын инкубациялык мөөнөтүн жана мутацияланышын вирусологдордун так аныктоого жетише албай жатканынан, аны менен күрөшүү жана прогноздоо кыйындап, ошондон дүйнөлүк коомчулук али бир пикирге келе элек. Бир нерсе анык: Саламаттыкты сактоонун эл аралык уюмунун сунуштарын жетекчиликке алып, аракет кылган өлкөлөр, ал илдеттин алдын тороп, элинин массалык түрдө жабыр тартышына жол беришкен жок.

Ушул жагынан алганда биз, кыргызстандыктар, өзүбүздүн мамлекет башчыбыздын ыкчам аракетине ыраазылык билдирсек ашыктык кылбайт. Канчалык кыйкымчыл болсоӊ да, пандемияга байланыштуу оперштабдын өз убагында түзүлгөнүн; чек аранын жабылганын; карантин постторунун уюштурулушун; коронавирус чыккан региондордун каттоого алынышын; үзгүлтүксуз маалымат мейкиндигин камсыз кылууну; азык-түлүктүн эсебин алып, анын баасынын көзөмөлдөнүшүн; илдетке кабылгандарды жайгаштыруучу жайларды, медициналык көзөмөлдү жана жардамды; калктын каржалган катмарына азык-түлүк берүүнү ж.б. жокко чыгара албайсыӊ.

Ырас, аткаруу бийлигинин айрым алешем иштери коомчулуктун катуу сынына учураганы да чын. Бул кырдаалга тез ылайыкташып, демилгелүү иштеген, жоопкерчиликти моюнга алуудан коркпогон жана мамлекеттик масштабда ойлонгон креативдүү кызматкерлерге караганда, ошол чөйрөдө профессионалдык деӊгээли, уюштуруучулук жөндөмү төмөн жана кызматка кокусунан келип калган адамдардын көп экенинен кабар берет. Ошентсе да аткаруу бийлигине тийешелүү жалпы медицина кызматынын, ички иштер органдары кызматынын, аскер кызматынын ишин өзгөчө белгилебей коё албайсыӊ. Маселен, медиктерибиз коронавирус башталгандан тартып, кары-жашы дебей өз өмүрлөрүн тобокелге салышып, ооруунун очогунда болушту, аны жугузуп да алышты, айрымдары өмүрү менен кош айтышты. Ошого карабай, сакайышары менен кайрадан ошол оорууга көкүрөктөрүн тосуп, иштерин улантышты.

Үйүн, бала-чакасын көрбөй, күндөп-түндөп ооруугандардын жанында жатышты, коронавирус чыккан аймактарга жөнөп кетишти. Бул эрдик эмегенде эмне? Ушундай азаптуу илдет менен алышып жаткан ошол медиктердин маянасы болгону 5-7 миӊ сомдун тегерегиндеги акча. Анан алардын эли, мамлекети коркунучка кабылганда, ошонун баарын унутуп баш-оту менен кесиптик милдетин аткарганга киришкенин көргөндө, бир туруп таӊ каласыӊ, бир туруп тен бересин. Атаганат, эгер сүрөтчү болсом, өлүм менен өмүрдүн ортосунда жанталашкандарга үйрүлүп түшүп, дарылап жаткан Врачтын, Медсестранын, ооруу элге жайылбасын деп, өз постторунда күндүр-түндүр жылбай турган Милиционердин, Жоокердин, анан карантин эрежелерин одоно бузуп, ошолорду жакалаган арсыз катындардын, лайлып баскан түшүнүгү тайкылардын сүрөтүн чоӊ полотного түшүрөт элем. Бул ыкшоолуктан арыла элек бүгүнкү кыргыз коомунун портрети, бул мен тартпасам да аӊыз болуп айтылып кала турган тарых.

Иши кылып коронавирус дегениӊ күзгү сымал нерсе экен, ал кыргыз коомунун көмүскөлөнгөн жактарын да көрсөтүп жатыры. Маселен, диний чөйрөнү алалы. Кийинки жылдары ал мамлекеттин идеологиялык территориясында ээн-эркин өз саясатын жүргүзүп жатканын элдин айтканына көп болду. Мечиттердин жанынан өткөндө үнү кубаттуу микрофондон молдокелердин айткан примитивдүү үгүт-насааттарын укканда: «Мен кайсы мамлекетте жашап жатам?» - деп таӊ калгандар канча.

Мен да мусулманмын, Аллахтын ыйык аты дайыма менин жүрөгүмдө. Мен ичимден ага жалынам, тобо кылам. Дин болсо касиети ыйык ишеним. Ал ага чындап берилген пенделер үчүн гана мечиттерде өтө аздектелип, аяр жайылтылат. Эл айткандай, аны базардагы далдалчылардай же эстрада артистериндей микрофон аркылуу таӊуулап жатса, ошол ыйык ишенимге шек кетпейби?

Баарынан да коронавирустан айласы кетип отурган элди молдолордун Ыйык Рамазан айын шылтоолоп, республикалык теле экрандарды ээлеп алганы кыжырлантты. Кайсы каналды бураба – молдоке чыгат, анан экрандын этегине: «Араккечтерди, жин тийгендерди дуба окуп айыктырам, төрөбөгөн катындарды төрөтөм. Гарантия 100 %», - деген жүгүртмө сап чыгат. Муну көргөн эл: «Буларыӊ туубаган катынды туугузуп, кудай болуп кеткенби? Катындар бир аз коё турар, андан көрө коронавирусту жок кылбайбы!» - дейт кыжырланганын жашыра албай. Жакындан бери ал: «Араккечтиктен, жинден арылтат, бизнеске жардам берип байытат. Гарантия 100%», - дегенге алмаштырылды. Анчалык эле олуя болсо, белчесинен карызга баткан Кыргызстанды байытпайбы деген сөздөр олтурган-турган жерде айтылып калып жатканы ошондон.

Арийне, молдокелердин ар кандай мазмундагы реклама бергенге мусулман букаралары менен пикир алышканга укугу бар. Ал үчүн гаджетин, ватсабын, планшетин, ноутбугун, компьютерин колдоно беришсин. Телевидение – бул мамлекеттин идеологиялык стратегиясына кызмат кылган жана аны ишке ашыра турган орган. Ошон үчүн эл: «Бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик телеканалыбы же исламистердин телеканалыбы?» - деп жатат. Буга молдокелер өпкөлөбөсүн, анткени биз диний эмес, дүнүйавий (светское) мамлекетпиз. Конституциябызда ал бажырайып жазылып турат. Анан жалпы эл кабыл алган мыйзамды бузуунун өзү Аллахка жакпаган иш.

Ушундай-ушундай убактарда элдин чоочугансып, мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөөчүлөрдү сураганы таӊ калтырат. Маселен, мобу телевидениени териштирип-тескегендер баягы кыжы-кужу болуп депутаттар бекиткен Коомдук байкоочулар кеӊеши менен ошо депутаттардын өзү десеӊ, көп жактырбай: «Түшүнүктүү. Бороон күнү эмне кычайт дечү эле? Ошонун сыӊарындай айрым ортосаар депутаттар эртеӊ эмне болобуз деп отурган элди эсинен чыгарып, келерки шайлоого өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп жатса, өздөрү бекиткен министр Чолпонбаевди мамлекеттик чыккынчыга теӊеп жатса, буларыӊ кайдан мыйзамды көзөмөлдөсүн. Анда биз аларды бекиткендерди ким дейбиз?» - дешип кол шилтешет.

Алардын кол шилтегенинин да жөнү бар сыяктуу. Депутат мырзалардын ичинен Өкмөттү сындашты. Сындашсын, бирок сын конструктивдүү жана этият айтылыш керек дейт эл. Маселен, Сурабалдиеванын бет кап жөнүндөгү сыны элдин санитардык талаптарды кескин бузушуна алып келди. Эл депутаттай машина менен жүрбөйт, жөө-жалаӊ элдин арасында болот. Ал илдетти жуктуруп ала турган жана аны жуктура турган потенциалду объект. Булар элге жагынам деп эле сүйлөй беришеби? Депутат Ж.Акаев Өкмөттү коомдун 90% колдобойт дейт санак жүргүзгөнсүп. Балким туура айтаттыр, анткени ал АКШ элчилигиндеги атайын кызматка тиешеси бар өкүлдөр менен чайлашып, сүрөткө түшүп жүргөн адам. Тек Жанар мырза кыябын таап, алардан кыргыз депутаттарын коомдун канча пайызы колдой турганын да сурап койсо болмок экен деп, элди ичинде өкүнгөндөр да көп.

Коронавирус аз болуп жаткансып, багы ачылбаган Баткенибизден дагы ок атылып, адам өлдү, үй өртөндү, кандаш-жандаштарбыз басмырланды, тебеленди, кордолду. Ошол каралуу, кайгы-касиреттүү, көзүнөн кан аралаш жаш аккан туугандарыбыздын өпкөсү-өпкөсүнө батпай какшанып айтканы – контрабандаӊарды токтоткула деген ый аралаш өтүнүчү. Бул 20 жылдан бери кайталанып келатат. Уялыштыбы, айтор бу жолу бир депутат барып келип, чек араны жабыш керек экен демиш болду. Чек ара ачылса, ал көрүнүш кайра кайталанарын айтканга батынган жок. Ал эми ошол чек араны күндөп-түндөп бузуп өтүп жаткандар кимдер? Таможнянын, милициянын, финансы полициясынын, салык кызматынын чоӊдору, жергиликтүү бийлик дегендер кайда? Ошолор 20 жылдан бери контрабанданы жок кылбаганы мындай турсун, алардын кожоюндарынын атын да айтпайт. Ушуга караганда контрабандынын башчылары чоӊ кызматтагы чиновниктер, депутаттар жана ошолорго акырлаш бизнесмендер болушу мүмкүн, болбосо алда качан билинет эле го дейт карапайым эл. Кантип билбейт, баары билет. Билмек турсун бири-бири менен табакташ, талапташ дешет дагы бирөөлөрү. Алардын айтканына ишенсек, мында аябагандай чоӊ акча айландырылат экен, баӊги заттар болушу да мүмкүн. Ошон үчүн билип турса да айтышпайт, коркушат. Алар муну Президенттин колу менен жасап, өздөрү жакшы киши болуп, аман калгылары келет. 

Анткени Президенттин Баткенге барып, алар жасай турган ишти жасаганга этикасы да, рангасы да жол бербей турганын жакшы бийлишет. Ошон үчүн контрабандисттери да, жергиликтүү бийлик органдарынын коррупцияга аралашкандары да тоготпой жатышат – элдин чыгарган жыйынтыгы ушундай. Демек, контрабандисттердин башчылары, алардын бийлик структураларындагы «крышалары», «крысалары» кармалып жазага тартылмайынча, кыргыз-тажик чатагы мезгил-мезгили менен тутанып, Баткен элинин зарлаганы-зарлаган. Бир нерсе таӊ калтырат: бир аймактагы топураган мамлекеттик кызматкелердин ичинде кара ниет контрабандисттердин барымтасына айланып сыздап отурган элинин, көздүн карегиндей мамлекетинин кызыкчылыгын коргоп, канжыгага башын байлап чыга турган бир да бычакка сап эркек жокпу?

Коронавирус фонунда экономикабыздын начарлашы, калктын калыӊ катмарынын жардыланышы, жумушсуздук, мекенебизге кайтып келген мигрант туугандарыбыздын арабөк абалы өтө тынчсыздандырат. Бул дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдүн айласын кетирип жаткан абал дечи. Бирок биз ал проблемаларды кантип чечебиз? Айталы, өнүккөн өлкөлөр жалпы эле өндүрүштү негизинен узак мөөнөттүү ички керектөөлөргө, муктаждыкка ылайыктап уюштуруу жөнүндө сөз кылып жатышат. Мында калкка керектүү өнөр жай жана азык-түлүк товарларынын приоритети алдыӊкы планга чыгат экен. Ал эми бизде ошондой план барбы? Же регионду өнүктүрөбүз деп көпшөк сөздү көп сүйлөгөн жергиликтүү аткаминерлерибиз дыйкандарыбыз өндүргөн продукцияны чайкоочуларга арзан баада кармата берип, анан аны кайра 3-4 эсе кымбат алып, мамлекетти сызга отургузабы? Башкасын айтпайлы, алар кайтып келген мигранттарынан кабар алыштыбы? Аларды ишке жайгаштыруу жагын караштырыштыбы? Мигранттар ошол региондогу элден. Эми үй-бүлөсүн кантип багат! Же Бишкекте топурап, чуулдап жүрө беришсинби?

Ушундай кысталыш кырдаалдар эӊ оболу коомдун коӊулундагы жараларын ашкере кылат экен. Бул мыйзамдуулуктун бузулуп жатканы; башкаруу бийлигинин озунуп иштигенди билбей, дайыма демилгени алдырып жибергени; орто жана жогорку звенодогу чиновниктердин ыкшоологу, колу туткактыгы. Маселен, чек арадагы бажы бекетиндеги коррупциялык схемалар квотадан 5-10 эсе реэкспортко жол берип, ички өндүрүштү алсыздандырып, жумушсуздукту көбөйтүп, салыкты азайтып жатат. Жалаӊ оор жүк ташыган фуралардан жарым жылга жетпеген убакыт ичинде мамлекетке түшүүчү миллиондогон сом салыктын акчасын ошол тармактагы чиновниктердин жеп алганы эмне деген шумдук!

Же каяктагы бир Марипов деген депутат Сары-Өзөн-Чүйдө чакан базарда соода кылып, салыгын төлөп, эптеп бала-чакасын багып жаткан жергиликтүү элди жер меники, кеткиле дегени кандай? Ага жерди ким менчиктеп берген? Ал эми мамлекеттик телеканалды молдокелерге кармата бергендер Афганистандагы, Тажикстандагы, Сириядагы окуяларды эстесин же Конституциябызды бир жолу карап койсун. Дин ыйык. Аны оюн, шоу катары пайдаланбагыла! Андан көрө компьютердик сабаттуулукту жогорулата турган, ошол тармактагы ачылыштарды, биохимиядагы жаӊылыктарды ж.б. айтып, элдин, балдардын билимин көтөрбөйбү. Мухаммед пайгамбарыбыздын өзү мусулмандарды билимдүү болууга, салбырабай заманбап кийинүүгө чакырган. Же муну да Президентибиз барып жасасынбы?

Кыскасы, ушундай көрүнүштөр коомдогу ар кандай толкундоолордун жана эксцесстердин, стихиялуу митингдердин жана бийликке ачык каршы чыгуулардын азгырмалуу детонаторлору. Ошондой сценарийдин репетициясын биз С.Жапаровго байланыштуу митингден көрдүк. Ал азыркы кыйчалыш кырдаалда өтө коркунучтуу жана кандуу саясий драмага айланып кетиши мүмкүн. Анда миӊдеген жылдан кийин колубузга тийген мамлекеттүүлүгүбүздү, Кыргыз мамлекетин, талкалап алабыз го дейт карапайым эл.

Мекен деген апа сыяктуу го. Апаӊдын кыялы, абалы ар кандай болушу мүмкүн. Бирок сен аны сүйөсүӊ, анткени ал сенин апаӊ. Мекенибизди апабызды сүйгөндөй сүйө алар бекенбиз? Бапестеп барктай алар бекенбиз?Ушул жөнүндө көбүрөк ойлонолу.

Абдил ШЕРМАТОВ, И. Арабаев атындагы КМУ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз