Демилге: Өкмөткө экмет (1-макала)

90-жылдар баарыбыздын эсибизде. Баары кым-куут эле. 20-кылымдын соңундагы ачарчылык келген башыбызга. Өлкөбүз өз алдынча чарбасын жүргүзүүнүн кыябын таппаган башаламандыкта – укуругу узун чоңдордун көбү мамлекеттик мүлктөрдү, завод-фаврикаларды менчиктеп, жумушсуз эл карайлап калган кезең эле.

Ошондо караламан калк эсебинен туйтунуп байлык топтогондордон айырмаланган бирин-экин жаратмандар пайда болгон. Алардын эң ийгиликтүүсү Табылды Эгембердиев эле, себеби ал депутаттык мандатка, министрлик кызматка жүткүнбөдү. Өз идеясын ишке ашыруу менен гана алышты. Башкалар алып сатуу; бизнестин жапайы жолуна ыктоону көздөсө, Т.Эгембердиев билегин түрүнүп өндүрүш жаатына өмүрүн арнады. Жоктон барды жаратуу түйшүгүнө ыктады. Дээрлик көпчүлүгү оңой, жеңил жолго качырды. Алар жаратмандыктын жолуна түшкөн жок, киреше табуунун оңой жолу деп карапайым калктын жон терисин сыйырган алып сатуучулукту тез өздөштүрдү.

Эстеп көрөлү: бир койдун башын бир-эки бөтөлкө спиртке айырмалоо соодасы күчөп, мал киндиктүү элибиз короосундагы быдырын бизнестин жапайы жолуна түшкөн шылуундарга кармата берчү жосун пайда болгон. Ирденген ишкерлердин дээрлик көпчүлүгү спирттик ичимдиктерди соодалоонун кыныгын алган. Кытайдан ташылган спирттер улуу депрессияга кабылган калкты каалгытып мас кылган заман келген.

Союз ыдырып, мал чарба, айыл чарбасы бүлүнүп, завод-фабрикалардын иши токтогондогу калың массанын жумушсуз абалы жамы журттун депрессиялык абалын ырбатып, көңүл көйүн соороторго эч нерсе таппаган элибиз бөтөлкөнүн түбүн жалап калган. Депрессиялык абалдан сууруп чыгар бир гана ылаажысы арак-шарапка айланып, ырыскы тапкандын баары эле спирттик ичимдиктер менен соода кылуучу шылуундарга айланган.

Айтору, түпкүргө түшүп барып араң чыкканын көрдүк элдин. Калыстык үчүн белгилей кетким бар: ислам динине болгон аруу ишенимдин аркасы менен да бөтөлкө түбүн жалагандын далайы мечитке каттап, намазга жыгылып, адам сабына кошулганын турмушубуздан көрдүк. Буга да шүгүр дейли. Бирок ошол замандагы ата-энелердин канынан бүтүп, жатында түйүлдүк байлаган кыргыз урпактары бүгүн корс кыял, өктөм мүнөз коом мүчөсүнө айланды. Ата-энелеринин ыр-чырынан психологиялык жабыр тартып, жалпы коомдун жүрүм-турум, адеп-аклагынан терс мүнөздү көрүп өскөн муун пайда болду. Азыр кесепетин көрүп атабыз...

Чалкеш заманда, тумандуу турмушта караламан калкты байсалдуу багытка салууга бийлик башындагылардын да, саясат айдыңындагы топтордун да, интеллигенциянын да чама-чаркы жеткен жок. Интеллектуалдык өрнөгүн көрсөтөр эл жакшыларына чукак экенбиз, коомдун абийирдүү азчылык катмары жука экени көрүнүп калды. Интеллигенция катмарыбыздын чабалдыгын көргөн караламан калк анан таянычты, акыйкатты каяктан издемек? Албетте, жараткан Кудайдын кудурети менен эле динден издебегенден башка аргасы бар беле?

Рухий жакырчылыктын сазына кептелген кандай коом болбосун ага сөзсүз ишеним берген кудуреттүү күч керек бир. Ошол ишеним берер күчтү дин экен деп түшүнгөндөр арбыды. Тилекке каршы, Кыргызстандагы түрдүүчө диний агымдарды сокур сезим менен ээрчиген башаламандыктар башталды анан. Алар билинбей отуруп калктын калың массасына айланып, бүгүн эми диний агымдардын арасындагы келишпестиктер ырбай баштаганы көрүнүүдө.

Ислам дөөлөтү диний агымдардын чайкоосуна айланып, исламга мүнөздүү сабырдуулук, кечиримдүүлүк сапатынан куру жалак диний роботтор менен фанаттар толуп кетти! Ал эми диндеги асыл түшүнүктү ташынып жашагандардын катмары жукаргандан жукарып, капкайдагы диний догмаларын таңуулаган тоту куш молдокелердин заманы келди. Диний чөйрөдө сынчыл мүнөз калыптанбады. Агер селдечендердин диний ишмердигин ашкерелеп сындап койсоң, анын айланасындагы фанаттар сын айткан адамды жерден алып көргө чаап, “сен исламга сөз тийгизбе” деген албуут толкуну менен каптап кетүү күчөдү.

Элүү жылда эл жаңырмагы ушул белем: ыймансыз муун өсүп чыкты. Мечитке барганы да, барбаганы да агрессорго айланып, колу кандуу кылмышкерлер арбыды. Ата-энесине кол салып мууздап салган, балталап салгандары канча. Бирок ушул өңдүү үрөй учурган суук кабарга коомчулук да бышы кулак болуп көнүп бербестен; биз бүгүн өзүбүздү улут катары калыптоо милдетин ойлонууга тийишпиз.

Мындай жараянды ишке ашыруу жалпылык милдет, жалпылык көйгөй болууга тийиш. Калкынын саны калдайган өлкө эмес экен Кыргызстаныбыз. Ошентсе да расмий мамлекеттик түзүмгө ээ болуп калганыбызга тобо. Өз алдынча эгемендиги, желбиреген желеги, гимни жаңырган өлкөбүздүн мындан аркы өнүгүү жолуна эми ар бирибиз тирек болууга, жөлөк болууга тийишпиз. Ансыз да чакан элибиз топ таштай чачырап, миллиондон ашуун мекендештерибиз сыртта тирлигин кылып жүрдү эле, эми дүйнөлүк кризис күчөгөн кезеңде, жумушсуздук күчөп, алардын далайы мекенине аргасыздан кайтып келер мүшкүлгө кабылды.

Албетте, баарынын тилеги, мураты – Кыргызстандын өнүгүүсү. Андыктан Кыргызстандын өнүгүүсү да өзүбүздөн гана көзкаранды. Өткөндү өкүттүү кеп кыла бергенден эч нерсе өзгөрбөс эми. Тек, азыр кыргыз көчү түзөнөр кезең. Аны кантип түзөй алабыз? Сөз нугун ошого алып баралы, азиз окурман!

Биздин приоритеттерибиз кайсы?

Адамзат тарыхына карасак: билимсиз эл кайсы доордо болбосун, кай жагынан карабаң – шору кайнап келген. Биздин шорубуз да учурда коомду туташ сабатсыздык каптагандыгы. Мындай тар жол, тайгак кечүүдөн чыгуунун ылаажысын канткенде табабыз эми? Кеп ушунда. Учурда коронавирус илдети бүтүндөй дүйнө жүзүнүн колу-бутун тушап турганда, биздей экономикалык кубаты куруган мамлекетибизге эми ички өндүрүмдү ирдентүүгө белсенген ишкерлер чөйрөсү гана арка-бел болуп, апаатка такаат болор чоң күч.

Арийне, Кыргызстанда социалдык жарылууга себеп болор жагдайлар азыртан көрүнүп туру. Күнү кечээ Россиядан бул жакка араңдан-зорго жетип алган мекендештерибиз “Манас” аэропортунун аймагында обсервация талаптарына баш ийбей тополоң салып турганы эле – алдыда күткөн кыйынчылыктар бүгүнкү коомдун моралдык соолугуна канчалык доо кетирерин туюуга болор. Ансыз да түмөн түйшүккө чарк-чамасы араң жетип аткан Кыргыз Өкмөтүн баш ооруга кабылтып; сырттан агылып келер мекендештердин мындай толкуну, мындан да оор талаптары дагы-дагы күчөй бериши ыктымал.

Сөз чынынан тайбасак: обсервация талаптарына баш ийбеген агрессивдүү жоон топ – бөлөк эл, бөтөн жерде жүрүп деле эл-жер деген ыйык сезимден куру жалак келишкенин көрсөттү. Болбосо, баштарына кандай кыйынчылык түшпөсүн; дүйнөнү бүк түшүрүп кыргынга салып аткан коронавирус илдетин башкаларга жугузуп албоо түшүнүгү кантип эстерине келбеди?! Оройлук, түркөйлүк, долуланган мүнөз менен алар эми бийликти жарга такап, жумуш берүү талабын күчөтөрү да бышык. А өкмөттүн элди жумуш орун менен камсыздай алаар кайсы завод-фабрикасы бар? Андыктан сырттан агылып келген мекендештерди жумуш орундар менен камсыздоо мүшкүлүн чечүүдө Кыргыз Өкмөтү бир гана ички өндүрүмдү ирдентүүгө белсенген ишкерлер чөйрөсү менен камыр-жумур иш жүргүзүп кете алаар бекен мындан ары?

Учурда майда жана ири ишкерлер, бизнесмендер эң оор сыноого, кыйынчылыктарга кабылып турган кезеңде Өкмөт ортомчулук аракеттерди уюштуруп, кредит алган ишкерлер менен банктардын ортосундагы келишимдерди жумшартуу чарасын көрүүгө тийиш. Бийликтеги бир ууч топтун эмес, жамы журттун эртеңки келечеги баарынан бийик болуп турган учурда – бизнес чөйрөсүнүн өнүгүүсүнө жагымдуу шарт түзүп берүү бир гана Өкмөттүн иш билги, ийкемдүү аракеттеринен көзкаранды азыр!

Коррупционерлердин аткезчилик жол менен сырттан кирер товарларын кыл жип менен буугандай бууп, атамекендик өндүрүшчүлөрдүн товарына болгон муктаждыкты жаратар саясат менен гана бизнес чөйрөсүнө колдоо көрсөтүү – Кыргызстандын экономикалык приоритеттери үчүн гана маанилүү эмес, бул жараяндын өзү коомго моралдык-психологиялык жактан да дем-шык берип, ишкерлер чөйрөсүндө да, мекенчил жарандар арасында да Өлкөбүзгө жапатырмак жардам көрсөтөр аруу тилектерибизди ойготкон, ыктыярдуу сезимибизди өстүрөр улуу кыял, улуу максатыбызга айланса деп тилер элем!

Арийне, сырттан агылып келген мекендештерибизди иш орун менен камсыздоо бир гана Кыргыз Өкмөтүнүн эмес, ири ишкана ээлери, өндүрүш тармагынын жетекчилери үчүн да зор мааниге ээ. Себеби бул жерде экономикалык гана эмес, андан да маанилүүсү – улуттук демография маселеси! Агер бөлөк эл, бөтөн жерден агылып келген мигранттарыбызды Кыргыз өкмөтү менен бизнес чөйрөсүнүн камыр-жумур иш жүргүзүү аракети ийгиликтүү ишке ашырылып, аларды иш орундар менен камсыздай алышса – мунун өзү калкыбыздын демографиялык өсүү жолуна эң жакшы таасирин тийгизер реалдуу мүмкүнчүлүк!

Эпаада, адам баласы эң оор замандарда, башына каран түн түшкөн доорлордун оор сыноосуна тушукканда жаратмандык касиетин ойготуп, туюктан жол таап чыкканын унутпоого тийишпиз!

(Уландысы бар)

О`ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Үпөлкан

    биздин чоңдор интеллигенциянын пикири менен эсептешкенди билбейт. Макаланын авторунун ойлоруна толук кошулам. Азыркы дүйнөлүк оор кыйынчылыктан Кыргызстаныбыз кантип чыгат деген маселеде биздин чоңдор ушул сыяктуу демилгелерге көңул буруп койсо кандай сонун болмок

Комментарий калтырыңыз