Конкурска: Ашык «жар»... (№119)

(МИСТЕРИЯ-ФЭНТЕЗИ)

– ...Эже барбы, гүл берем деди эле? Көчөтүнөн?.. – узун бойлуу, келишимдүү, келбеттүү да, элдин көбү суктанган кошуна байке менен жарк этип учурашкан соң, келген себебимди айттым. Жанымда, жолдошум да бар эле.

– Аа, келгиле, азыр келип калат, отуруп тургула, – деп короодон үйгө киргизип, ашканасына чакырды.

Биз жакында эле жакын кошуналардан болгонбуз. Бир кезде жолдошум экөө чогуу иштеп мүнөздөрү келишип калгангабы, мамилелерибиз түз эле. Негедир көңүлү абдан көтөрүңкү, жайдары экен. Балким зеригип олтурганбы, бизди кетиргиси жок. Аны-муну сүйлөшүп атып эле, айың сөзгө кирип кеттик...

Мен, кээ бир тааныштардан туюк эле угуп, ичим чыкпай, кантип сураарды билбей жүргөн, ага тиешелүү бир сырдын четин чубадым... Ал мага жылмайып караган тейде, бир каткырып алды да, сөздү бурбай: “Мейли эми, силерге айтып берейин!.. Эч кимге айткан жок элем, эжеңерге да айтпагыла...” – деди, аягын тамашалай... Мени акырын капталга улам нукуп аткан жолдошум да, эми кызыгып анын оозун карап калды.    

– Мен анда, силерден да жаш, солкулдаган жигит кезим болчу, – деп баштады ал сөзүн. “Азыр деле сынынан кете элек келбеттүү, келишимдүү, жылдыздуу адам – жаш кезинде өтө эле жакшынакай, укмуш жигит болсо керек”, – деген ой көңүлүмдөн кетпей, сыр билгизбедим. Жылмая кулак түрүп, тыңдай бердим.

– Почточу күнүнө, менин өзүмө эле бир баштык каттарды апкелип таштачу кыздардан... “Бу кандай эл өзү – кыздар деген, баары эле сага эле жаза берет, сага эле... Башкаларды көрүшпөйбү эмне?.. Тажаттың го?!.. Күнүгө жалгыз, бир сен үчүн келем!..” – деп күлчү кээде.

“Оо-оо!.. Неге мынчалык чечилип сырын айта баштады бу киши?..” – ичимдеги сынчым көөнүмдү бир чымчып алды... Үй ээси ысык чайдан куюп; “Ичсеңер?” – деп коюп, сөзүн улантты. 

– Мен сахнага чыкчу күнү эл батпай, сыртта белет жок туруп калар эле. Ошон үчүн, мен бар болсом да, жок болсом да мени жарыяга кошуп жаза беришчү. Айлалары кеткенде бир-эки ырды ырдап берип кой деп, артыман үйгө чейин издеп келип жалдырашчу. Ырдасам, эл кетирбей кол чаап суранып, беш-алты ырды ырдап анан кутулчумун. Кээде концерттин жарымы эле меники болуп калчу. Бир мүшөк каттар чогулуп гримденчү бөлмөдө коробкада жатчу. Алардын баарын окуп отурганга убакыт жок эле, айрым кызыктыргандарын гана бир сыйра карап коюп, калганын жөн эле ыргытып койчумун.

– Ии, ооба, биз али сарооз балапан кезде сиздин атыңыз дүңгүрөп эл оозунан түшпөй, эл сүйгөн ырчы болчусуз!.. – сыпайы сүрөп койдум.

Демейде “мактанчаак” кишилерди жактырбаган терикчел жаным, бул жолу анын бир сырды ачаарына ынанып кунт койдум. Далай ырларын биз да бой тартканы жан-дилден ырдап, ооздон түшүрбөчүбүз. Айрыкча ашыктык ырлары сезимди козгоп, муун-жүндү кытыгылап, далай кыз-жигиттердин ышкысына от койгонун билчүмүн. Бу кишиге да учурунда далай кыз-келиндер ашык болгону бештен белгилүү го?!.. Андыктан, андан аркы окуясын чыдамым кете угууга кызыктым...

– ...Ал күнү да сонун, маанай көтөргөн кол чабуулардан, аншлагдан соң, чексиз бактылуу, кубанычым койнума батпай, үйгө карай жөнөдүм. Эшикте түн жармы болуп калса да, аба салкын, таза, жагымдуу эле. Кучак толо кыздар берген гүлдөрдөн өзүмө жаккан бир аз букет гүлдөрдү көтөргөн бойдон, босогону аттадым. Аялыма берип, ал күнү аны кубантып коёюн деп ойлогом. Бала менен көптөн бери үйдө отурат, бук болду го “байкушум” деп...

Эшикти аттап эле, күйгөн кагаздардын жыты менен кошо, печканын оозунда отурган аялымдын колдорунда отко ыргытылып жалындап күйүп аткан үйдөгү тандамал каттарды байкадым... Күтүүсүздөн катып туруп калдым. Көзүнүн жашын куюлта, каттар менен кошо ичтен күйүп ыйлап отурган аялыма аңкайып карап, эчтеке түшүнбөдүм...

– Эй, бул эмне кылганың? Булар – бар болгону каттар эле го, ар кай жактан келген, эч кимисин тааныбайм... Сага эмне зыян кылды?!..

– Ооба каттар!.. Сенин “сүйгөндөрүңдүн” ашыктык каттары!.. Экинчи мындай каттарыңды көзүм көрбөсүн!..

Каным кайнап чыкты.

– Эй, мен буларды жөн эле пенсияга чыкканда эстеп, эрмек кылып окуюн деп катып жүргөм. Ачкан да эмесмин!.. Архив болчу!.. Экөөбүз кайым айтыша кеттик.

– ...Иий, кап!.. Ошо каттарыңыз болгондо, азыр биз сизге кошулуп окушмак экенбиз?!.. – деп күлдүрдүм, тамашага чала. Турмушта кээде боло жүрчү аянычтуу нерседей көрүп, бир чети бу кишиге жан тартып, бир чети аялына боор ооруп, башка не дээрди билбедик. Ал кебелбей, сөзүн салмактуу уланта берди.

Аялымдын ич күйдүлүк менен “күнөөлөп” айткан аялдык майда сөздөрүн андан ары уккан да жокмун. Менин катуу таарынганым, ал: “Менин чыгармаларыма элдин болгон эбегейсиз чоң сүйүүсүн, менин эң бир жалындуу жаштык курагымдын, көкөлөп турган бийиктигимдин күбөсүн, өткөн жылдардын мен үчүн алтындан кымбат эстелигин отко жагып жок кылганы!..” – болду... Мындай “кыянаттыкты” кечире алмак эмесмин, ичим туз куйгандай ачышып, өрттөнүп жатты!.. Түнү бою өзүмчө бөлөк бүк түшүп жатып, кирпик ирмебей жаман болдум!..

Менин бүтүндөй өмүрүмдүн баалуу бир түркүгү урап түшкөндөй болду!.. Ушундай бир келесоо катын менен жашап эмне кылам деп ойлодум!.. Мен аны бирөөлөргө алмаштырып көзүн боёп атсам бир жөн!.. Бул үйдөгү каттардын көбү мен ага үйлөнө элек кездеги каттар эле... Кийин чогултпай калгам. Кээ бир өтө кызыктуу, маанилүүлөрүн гана сактап койчумун.

Аялым өзүн актап, сөз жүйөөсүн, мурда – мен бойдок кезде сүйлөшүп жүрүп жетпей калган сүйгөн кызыма такады. Анын да мен үйлөнгөнү жазбай калганы качан?!.. Жиним жаман келди...

– Ооба, мен аны сүйчүмүн!.. Ашык болгом! Ал да мага ашык болчу!.. Ата-энеси катуу каршы болуп баш кошпой калганбыз. Бул иш сага чейин болгон да?!.. Аны сен да билчүсүң же жашырдымбы?.. Айтчы?! Мен сага үйлөндүм го, ага эмес!.. Мындай кылаарыңды билсем, эч качан үйлөнмөк эмесмин!.. Түшүндүңбү?!.. Үйлөнмөк эмесмин!..

Ушундай ачуу сөздөрдөн кийин өзүмө-өзүм батпай, өзөгүм өрттөнө үйдөн чыгып кеттим. Бутумдун учу жерге тийбей калды, баспай эле учуп бараткансыдым!.. Түп-түз автобекетке келдим. Таксиге отуруп башка шаарга кантип бет алганымды билбей да калдым – бир кездеги ашыгым жашаган шаарга!.. Анын, мен бойдок кезде дембе-дем, күн сайын жазган каттары – жүрөгүмдүн түпкүрүндө, анын үнү менен кошо мени тынбай коштоп келатты:  

“Кымбатым, сүйүктүүм Азим! Сен, ырларың менен дайым менин жүрөгүмдө, жан-денимдесиң!.. Сенин аргендей үнүң уктасам түшүмдөн, күндүз өңүмдөн кетпейт!.. Күн сайын түшүмдө сени көрөм!.. Мен сенин ырларың менен уктап, ырларың менен турам!.. Менин бардык курбуларым да сага суктанып бүтпөй келет... Бардыгы, бири калбай сага ашык, сенин ырларыңа ашык!.. Сенин ырларың мага эле эмес, алардын ар бирине арналгандай сезилет, сен – баарыбызды, элдин баарын арбап алган сыйкырчыдайсың!..” Ал каттар ушундай мааниде, бирин-бири кайталаса да, эң бир ысык, эң бир сүйкүмдүү, эч качан унутулгустай, дил тереңинен чыккан жалындуу каттар эле.  

Мен да ага канча мезгилден бери айтылбай келген эң кымбат сөздөрүмдү арнап, ичимден жооп кылып: “Мага эми бул дүйнөдө – жалгыз гана Сен керексиң!..” – деп бараттым... 

Бир түндө бүт өмүрүм аңтар-теңтер боло, бу жарыкта эми гана өзүм менен өзүм жалгыз калгандай, бардык түйшүгүмдү, кызмат, сахна, үй-бүлө, жакындарым, баарын-баарын унуттум!.. Жалгыз аны көздөдүм!.. Бүткүл ой-дүйнөмдө, сезим-туюм, жашоомдо бир гана ошол кыз жашап, ошол кыз ээлеп келатты. Өзүмдү ушунчалык эркин сезип, улуу, ыйык махабаттын бийлигинде калдым. 

Биздин кезигүүбүздү ал чоң майрамга айлантты. Учурашканы келген курбулары, достору, туугандары, кошуналары биринен-бири өтүп, атаандашып, кезек талашып конок кыла баштады. Барбасаң таарынышат: “Бу кандай керсейген неме, теңине албай калыптыр, көөп калыптыр”, – деп жаманатты кылышы оңой эле... Өзүмө-өзүм ээ болбой, кыз тараптын көңүлүн кыйбай, кээде, бир күндө эки-үч үйгө барабыз. Күн менен түндөр жалаң көл жээктеген ыр менен сайранга алмашып, шараптар суудай акты...

Чакыргандардын чубаган тизмеги узаргандан узарып, өмүрү көрүп-билбеген, тааныбаган курбулардын курбулары, достордун достору, өң тааныштары, алыс-жакын туугандары, таеке-жээндери болуп, бүтүндөй көл жээгин кантип, канча убакытта бир айланып чыкканыбызды билбей калдык!..

Алардын өпкөлөгөнүнчө да бар эле. Ушундай атактуу ырчыны үйүндө бир конок кылуу – ар бири үчүн өзүнчө сыймык, зоболо!.. Апта артынан апталар сызып, бир күнү жүрөгүм: “тыз-з!.. тыз-з!” – этип туруп алды. – Апам!.. Апам?!.. – деп эле, өзүмчө аны эстеп бир кызык болдум. Мен, анын көзгө басар жалгыз уулу элем, менин да андан башка эч кимим жок.

Кабар алайын деп жөнөп калдым. Жолду катар баягы эле мейманчылаган көңүлдүү, шайыр достордун тобу, кыздардын каткырыгы мени коштоп жүрүп отурду. Арасында сүйгөнүмдүн добушу өзгөчө: бирде ырдап, бирде сүйлөп, бирде кеңеш берип, буйрук кылып, боору эзиле күлүп, же “тарс” эттире катуу тамашалап келе жатты...

Түгөнбөгөн сыйлуу көңүл ачуулардан, канча бир уйкусуз түндөрдөн, шайыр-шат дуулдаган үндөрдөн, эсепсиз ичилген кызыл-ак шараптардан соң, бул шаан-шөкөттөрдүн  шоокуму, шаңы мээмде эч токтобой жаңыра берди. Мен мунун баары түшүмбү же өңүмбү – айырмалай албадым.

Үйгө жеткенде гана мага жалгыз ашыгымдын үнү угула баштады. Ал кайдандыр так төбөмдө: бирде ырдайт, бирде каткырат, бирде антпейсиң, минтпейсиң деп жини келет, талап кылат... Анын шыңгыр жагымдуу үнүн мен гана угуп, мен гана ага жооп берип сүйлөшөм. 

Үйдө баары жайында экен. Элдин баары эчак уктаса да, кирпик ирмебей, чакчайып жаттым. Мага бирде ап-аппак булут, бирде кабылан, бирде чартылдап күйгөн от көрүнө берди... Анан жаман каргап-шилеген кемпир – ашыгымдын апасы көрүндү!..

– Мен сизди түшүнүп турам, бирок мынчалык каргап-шилегидей эмне күнөө кылдым, мен аны сүйгөнүм үчүнбү?.. Сиз эмне ошончолук эле каршысызбы?!..

Мен өзүмдү ушунчалык жаман абалда сездим. Кийинки күнү андан бетер... Мунун баарын унуткарыш үчүн иче баштадым. Ашыгым менден өлүп берүүмдү суранды. Машинанын түбүнө боюңду ташта, кайра тирилесиң, – деди. Мен макул болбодум. Корктум. Жап-жаш туруп өлгүм келген жок. Кайра тирилет дегенге да ишенбейм.

Ашыгым абдан жинденди. Айтпаганды айтып жанды койбоду. Акыры чыдабай кеттим. Жолго чыгып, таң эрте жолдо келаткан чоң нан ташыгыч тушума келгенде боюмду таштадым. Кичине машинага урунуп кыйноо тарткандан көрө чоңунан мүрт кетүүнү туура көрдүм. Нан ташыгыч катуу күү менен келип, жол жээгине учура уруп өтүп токтоду. Артта келаткан жеңил машинени токтотуп, ичине салышып, оорууканага алып кетишти. Эч жерим эчтеке болбой соп-соо калыпмын. Кабыл алуучу жердеги дарыгерлер мени кайсы бөлүмгө жаткыраарды билишпей эстери ооду; травматологиягабы, неврологиягабы же психиатриягабы?..

Буга чейин кулагыма угулуп аткан үн: “Сени машина урган соң Сатурнга алып кетет, андыктан автобекетке барып турушуң керек”, – деп айткан эле. Кандайча, кантип, эмне менен алып кетет – ал жөнүндө эч түшүнүгүм жок!.. Сурабагам дагы, ал да эчтеке айткан эмес. А, менин тегерегимде, ошол мезгилде, кээси мурда-кийин жашаган, дүйнөнүн эң бир улуу адамдары, генийлери, жөп-жөнөкөй адамдардай эле мени менен катарлаш басып, сүйлөшүп жанымда аралашып жүрүштү. Бирдемелерди өз ара талкуулашып, бака-шака өздөрүнчө...

Мен, автобекетке барыш үчүн ооруукананын түшкү “уйку саатында” жаап бекитип койгон эшигин “ачкыла” деп тарсылдатып, жолтоо кылгандар менен кармашып-мушташа кетип, эшик-терезесин сындырып салдым. Бир нече эңгезердей жигиттер келип, буту-колумду кайрып, шейшептер менен байлап-таңып салышты. Катуу режимдеги бөлмөгө камап коюшту. Аз жерден Чым-Коргонго да жөнөтүп ийе жаздашты. Тыкыр текшерүүдөн соң ооруудан таза чыктым. Уйкунун дарысынан пилдин дозасындай сайып тынчытып коюшту.

Күн-түнү катуу уктап, сергип, эс алып калыптырмын. Эс-учума келдим. Бир аз күндөн соң орууканадан чыктым, сыртта мени досторум күтүп турушуптур. Көптөн бери көрүшпөй, менсиз зериккендерин, сагынышканын айтышты. Кафеге кирип жакшы чер жазышып отурдук... Көңүлүбүз ачылды...

...Анан эле мага капысынан, баягы буйрук кайрадан кайталанды: автобекетке эми эч тоскоолсуз жөнөдүм. Барып, ичине кирип, ортодогу чоң орундуктан орун алдым. Жаныма эч кимди отургузбай: “Бул менин орундугум, жалгыз мен гана отурам, отурбаңыз?!” – деп коруп аттым.

Кээ бир нааразы болгондор: “Эмне, үйүңөн апкелдиң беле, менчигиңби сенин?!..” – деп болбой эле отурган атканда, – Мен азыр ушу жерде өлгөн атам... Балким өлөттүрмүн азыр?!.. Өлгөнгө даярданып атам...– деп жүрөктөрүн түшүрдүм.

– Азырбы?!.. Ушу жердеби?!.. Э, койчу-ай, калп айтпай!..

– Мейли, мейли!.. Жөн койчу... Кеттик... Тигиге отурабыз.

– Соо эмес ко, мобу?.. Зоңкойгон таңгөрү!..

Ошентип жалгыз, алда нени күтүп көпкө отурдум. Эч кандай, эчтекеден шек-шыбаа жок... Анан ойлодум, балким, сыртта, автобустар токтогон жактадыр?.. Чыгып баратып, эшиктин артында эле жолдо туурасынан жаткан араңжан, чоң ажыдаарды көрдүм, кадимкидей тип-тирүү. Мени өтө таң калтырганы, ажыдаар мага арыз-муңун адамча айтып даттана баштаганы болду: башын араң өйдө кылып, көзүн биртке ачып, алсыз, киркиреген үнү менен адамча сүйлөдү... Мага жиберилген ушу экенин дароо түшүндүм. Мен аны канча күттүм!.. Бирок мунун араң эле жаны бар экен да?!..

– Көрдүңбү, мени эмне кылышканын? Булар үчүн ыйык эчтеке жок экен да!.. Баары мени ары-бери тебелеп эле өтүп атышат!..

Мен ага боорум ооруп, аяп кеттим. Эшиктен кирип-чыгып аткан адамдардын ар бирин колунан жетелеп ажыдаарды айлантып өткөрүп баштадым.

– Мындай, бул жактан, чети менен тегеренип өткүлө! Басып албагыла аны?!.. Ал – жарадар!.. Аны аяш керек!.. Ал өлүп калат, тебелеп кетсеңер!..

Адамдар айран таң калып, бирок мени угуп, этияттап айланып өтө башташты. Бир аздан соң ажыдаар да көздөн кайым жок болуп кетти...  

Мен терең дем алып, көңүлүм жайлана түштү... Бирок тынч ала албадым, токтоно да албадым... Кайрадан таманым жерге тийбей, учуп калдым. Дагы, тиги шаарды көздөй бет алдым. Кайрадан бардык болгон жашоом унутулду. Кайрадан күндө майрам, күндө шаң!.. Жума артынан жумалар өтө берди... 

Дагы бир күнү жүрөгүм: “тыз-зз, тыз-зз!” – этип тызылдап, кайрадан апамды эске салды. Аны менен чогуу, негедир үйүм, ымыркай наристем да эске түштү. Жолго чыктым. Автобекетке келсем, автобустун кире бериш жагындагы бир капталын килейген ажыдаар тосуп жатып алыптыр. Дароо тааныдым. Баягы, мурда көргөн өлөсөлүү ажыдаар, азыр таанылгыс күчкө кирип, түркүн түстө от-жалын бүркүп, тарсылдаган учкундары фонтан болуп атырылып чатырайт. Ушунчалык айбаттуу, сүрдүү болуп кетиптир. Жанына жакын жолой алчудай эмесмин... “Балким, эртең келсем башка жакка кетип калар?!” – деген үмүттө, ал күнү автобуска түшө албай, кечке шаар кыдырып, кечинде ашыгымдын үйүнө кайра келдим.

... Залдагы диванга жайгаштырышты. Жарык өчкөн. Түн ортосу, эми уктайын деп атсам, эшик ачылды. Караңгы коридордон залга кирип келаткан сүйгөнүмдүн карааны көрүндү. Тимеле жаркыраган, шооладай нурданган апакай көйнөк кийип алыптыр – периштедей койкоёт!.. “Тойго кийчү көйнөгү го? – деп ойлодум, – Мага көрсөткөнү келатса керек?!.. Табити мыкты экен, сонун тандаптыр! Кайдан тапты экен мындайды? Эң эле ажайып! Фигурасына да куп отуруптур, укмуш жарашыктуу!” – деп ой чубай, көңүлүм чексиз куштарлыкка бата, көкөлөй берди.

“Кызык, караңгыда керемет келбетин көрсөткөн көйнөгү эле көрүнөт, башы көрүнбөй?!.. Башын күңүрт жабуу менен жаап алган го, уялып?.. Кантсе да, азыр түнүчүндө кыз өзү келатат да мендей эркекке?.. Салтты сактап, жеңеси да коштоп алыптыр. Демек, олуттуу сөз бар, ушундай кеч убакта жеңеси кошо келатса. 

Кандай керемет түн; ашыгымдын назиктигин, укмуш көрктүү, нурдуулугун айт! Мен аны абдан жакшы көрөм!.. Буюрса жакында үйлөнөбүз! Укмуштай той жасайм!.. Хандар, бектердикинен кем калбайт!.. Эч ким унутпагыдай болот!.. Сен мени менен сыймыктанып жашайсың, ханбийкем!.. Мен эртең эле тойго дароо камынып баштайм!..”

Көз ачып-жумганча ушул ойлордун баарын ойлоп жибердим. Аңгыча алар жаныма келип калышты. Учурашкан соң жеңеси уккулуктуу үнү менен сөз баштады:

– Бир мүнөткө көзүңүздү жумуп турасызбы? Бул көпкө созулбайт, оорутпайт дагы...

Мен көзүмдү жумдум, эчтекесин түшүнбөй эле: “Эмне көпкө созулбайт?.. Эмне оорутпайт?”..

Көзүмдү жумдуруп, тамашалап атышат ко деп ойлодум: “Мүмкүн жеңеси кыздын бетин ачкан аткандыр, жабуусунан?.. Эмнеге жаап алды экен?.. Көрүндүк алат ко, ырымдап? Бүгүн ал өтө сулуу, күндүзгүдөн да суп-сулуу, тимеле керемет!.. Укмуштай түн!.. Толкундаткан!.. Менин ханбийкем!.. Периштем!..”

Чыдабай кетип көзүмдү кичине ачып карадым. Кыз... жаркыраган боюн менин боюма теп-тең кыла ченеп аткандай ыктап жап-жакын туруптур. “Эмне кылып атат?.. Жаш неме чыдабай... кучактаганы... өөп алганы атабы, сюрприз кылып?!..” Көз ирмемде ушундай ой кетти. 

Бирок ал... менин денеме далма-дал кирип баратты!.. Абадай... булуттай... сиңүүдө!.. “Мүмкүн эмес!.. Бул – түш!..”  Мен көзүмдү кайра шак жума салдым. Эмне кыларды, эмне деп ойлорду да билбедим!.. 

“Кантип ушундай болсун?!.. Ал – Мен болгусу келип атабы?!..”  

Коштоп келген жеңеси кубулжуган үнү менен мага минтип айтты:

– Бүттү!.. Сен азыр “башы” жок... “денени” гана алдың!.. “Башты” он беш жылдан кийин гана бара-бара убагы келгенде аласың!.. Сенин алдыңда зор келечек турат. Күт. Өзүңдү колго ал!.. Тайыздап чөкпө!.. Жандууларга зыяныңды тийгизбе. Мындан ары, эми эч качан ичпейсиң дагы...

Кайдандыр көктөн тепкичтер ылдый түшө аны күттү, аял аны менен өйдөлөп чыга... көздөн кайым болду... 

Мен креслого “күп” этип куладым... капысынан, өзүмдү бир оор жүктөн кутулган немедей – өтө жакшы, куш канатындай жеңил сездим... ойлорум  токтоно албай чубала берди...

“...Сүйгөн ашыгым да жок эми!.. Эми эмне кылам? Кимге үйлөнөм?!.. Элге эмне дейм?!.. Ал менин денемде, аны эч ким көрө албайт деймби?!.. Ишенбесеңер ал мага да көрүнбөйт, бирок өзүмдө!.. Кантем эми, күлкү келерлик иш болду?!.. Бирок бул – күлкүлүү эмес!.. Реалдуу да эмес!.. Чындыкка да окшобойт!.. Антсе да, Ал – Менде, башка эч кимде, эч жакта эмес!..”элге эмне дейм?! – деп ойлоно бердим. – Баарынан кызыгы, эми мен кимге үйлөнөм?!.. Ким менен той жасайм?!..”

... Ошентип отуруп, тарс катып уктаптырмын. Ойгонсом, эч кандай, эч нерсе мени кыйнабай да, тынчымды да албай, угулбай да, көрүнбөй да – жаным жай алып калыптыр... Мени бирөө алмаштырып койгондой!.. Тап-такыр башкамын!..

Эртең менен автобекетке түз барып автобуска отурдум. Жанында кечээки ажыдаар да жок. Бир гана эскертүүнү уктум: “Жолдо өз үйүңө кирбе, түз ата турагыңа өтүп кет. Антпесең жамандык болот. Үйүңө кийин кайрылып келесиң.”

Аны угуп, тоо тарапка түз өтүп кеттим. Көптөн бери бара элек элем. Айылдаштар мени көрүп кубанышып, таң калып да, учурашып атышты: “Ай-иий, шаардык жигит, ап-апакай болуп, тап-таза!.. Абдан өзгөрүп кетипсиң! Өңүң жаркырап ачылып кетиптир!.. Тимеле нур төгүлүп турат!..“

Түлөө жасап, бир топ ырым-жырымдар кылынды. Менин мынчалык тез өзгөрүүм, кийин жумуштагыларды, шаардыктарды да, үйдөгүлөрдү да таң калтырды. Эчтекеге, эч кимге көңүл бурбай, иш – чыгармачылык менен гана алек болуп, көптөгөн эл аралап, сахна жылдызы бойдон калдым. Ошондон бери мени сыйлагандарга шорпо менен гана жооп айтам. Эч ким да кыстай албайт. Дасторкондон көрсөм да жүрөгүм айланып, карабайм да, кармабайм да, азыр да ошондоймун.

– Ммм... Өтө кызык экен... Майн Риддикинен ашып түшүптүр сиздин окуяңыз?!.. “Башы жок чабандес” дегендей... “Башы жок колукту?!..”  Мм-ммм!.. Чын эле таң каларлык экен!.. Билдиңизби анан бул эмне экенин?..

– Жок. “Жеңеси” – жанындагы аял кетип баратып: “...Мен сени он беш жылдан кийин бир “бүгөм”! – деген. “Кантип эле мендей албеттүү, кубаттууну “бүгө” алат?..” – деп ичимден таң калып, моюндабай койгом.

– Он беш жыл өттүбү анан?.. Эмне болду?

– Көрсө, он беш жылдан кийинки кризис, төгүлүп-чачылуу, тонолууну айткан окшойт: бизде да жумушта баары жабылып, иш жүрбөй, мыктыларыбыз ар кай жакка тентип кеттик... Мен да ал жакта эч ким калбаганда, баарын таштап, бул жакка эптеп үй-бүлөм менен көчүп келдим. Азыр эми аз калды деп ойлойм... Күтүп жүрөм...

– Коркпойсузбу, алда кандай болот, эмне болот деп?   

– Жок. Муну билүү мага да кызык. Алдыда өзгөчө жакшы бирдеме болот ко деп болжойм...  Бир жакшылыктын жышааны келе жаткандай!..

... Ал күнү эжени дагы күтпөстөн, бул ажайып баянга оозубуз ачыла, үй ээсине ыраазылык айтып чыга бердик.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз