Кыргыз дунгандай мээнеткеч, еврейдей куу, чечендей намыскөй эл болгондо...

Нуралы Капаровдун “Досума кат” китебинен топтолгон орошон ойлор

*      *     *

Сөз – ички сырдын ачкычы. Сүйлөсөң эле ички сырыңдын чет-бучкагы булайып чыгып калат. “Сүйлөбөсөң эшик бек, жаның тынч”.

*      *     *

Салижан Жигитов: - Эй, Нуралы, ажо жесе жегендир. Түгөнбөс акча жок, түгөнөт. Эң жаман жери, жетидеги баладан жетимиштеги чалга чейин жегенди үйрөнүп кетпедиби! Эми жегендер түгөнбөйт!... Эми жегендер түгөнбөйт!..

*      *     *

Эркин жүргөн адам эркиндиктин баркын билеби?!. Ай, ким билет?

*      *     *

Канатбек табып: “Жайын-кышын тер чачып жылуу жүргөн адам – ден соолугу мыкты адам”.

*      *     *

Эрнис Турсунов: “Дени сак киши опуртал жолдор менен көп басып, оорулуу кишиге караганда адыраңдап жүрүп аз жашайт экен”.

*      *     *

Уйгур элинин макалы: “Талаадан акча тапсаң да санап ал”.

*      *     *

Салижан Жигитов: “Мыкты чыгарманы начар адам жазган деп кадырын түшүрө албайсың, начар чыгарманы жакшы киши жазган деп кадырын көтөрө албайсың. Келечек муун мыкты жазуучуну жазган мыкты чыгармасы аркылуу гана таанып билет”,- деп Ю.Лермонтов, Ф. Достоевский, С.Есенин айткан. “О, бул кыргыз жазуучулар бири-бирин окубайт!”

*      *     *

Эрнис Турсунов: Мен отуздун ар жак, бер жагындагы жигиттердин атын издеп отурбай Келечек деп коём. Биз жээрибизди жеп, ичээрибизди ичип, карып баратабыз. Биздин ат – Карылык. Силер жашсыңар, келечегиңер алдыда, ошондуктан силердин атыңар – Келечек!

*      *     *

Салижан Жигитов: “Биз кыргыздар азбыз, аз элден бардык жагынан төп келген идеалдуу  адамдар аз чыгат, ошондуктан баарын эле чанып, сындап, жокко чыгара берсек арабызда соо кыргыз калабы. Ар адамдын жакшы жагын бириктирип, мисалы, эки орточо баштан бир жакшы баш жасап, мээни иштетели, өз мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдаланалы”.

*      *     *

Салижан Жигитов: “Биз байыркы элден болгонубуз менен тарыхый жактан артта калган жаш элбиз. Өнүккөн-өскөн элдерге теңелиш үчүн кара жанды карч уруп он эсе, жүз  эсе артыгыраак күч менен күнү-түнү талыкпай иштешибиз керек”.

*      *     *

Салижан Жигитов: “Кыргыз дунгандай мээнеткеч, еврейдей куу, чечендей намыскөй, татардай акылдуу эл болгондо гана кыйын элдин катарына кирет”.

*      *     *

Салижан Жигитов: “Тектеш эмес тилден тилге ыр которулбайт, кайрадан жазылат.  Котормочу сапма-сап котормодон эмес, тил үйрөнүп түп нускадан которгону оң. Тектеш тилдердин жөнү башка. Себеби, тектеш тилдеги ырлардын “имараты” бузулбайт, айрым “жабуулары”гана алмашылат”.

*      *     *

Салижан Жигитов: “Мен Чыңгыздын жалгыздыгын эми түшүндүм. Ар адамга өз деңгээлинде, бири-биринин жан дүйнөсүн байытып сүйлөшкүдөй киши керек экен”.

*      *     *

Салижан Жигитов: “Өзүбүз оңолмоюн, ишибиз оңолбойт: жалкоолугубузду, ыкшоолугубузду таштайлы, каада-салттарыбызды, ырым-жырымдарыбызды кайра карап, өсүп-өнөөрүбүзгө кедерги болчу жактарын жок кылып, пайдалуу жактарын улайлы”.

*      *     *

Салижан Жигитов: “Ээ, кагылайын кыргыздарым, деги кандай эл болуп баратабыз? Өз кемчилдигин билбеген өзүнө карата айтылган сынды туура кабыл албаган эл өнбөйт, өспөйт. Биз аз элбиз. Аз эл бөлөк элди күч менен жеңе албайт, акыл менен гана жеңет”.

*      *     *

Салижан Жигитов: “Маселени мыкты билген кишиден чала билген киши чарылдап талаша бергени уят”.

*      *     *

Армандуу сүйүүнүн баасы-баркы өтө бийик жана кымбат болот.

*      *     *

Жамандын жаман жагын жазып жатып,
Жамандын жакшы жагын унутпайын.

*      *     *

Жоо келгенде куйругуна жармашпай,
Жолун тосуп, башын жанчып, башын ал.

*      *     *

Тагдырда – талаасынан көч өтпөгөн,
Жалаада – көчөсүнөн сөз өтпөгөн,
Тегизде – чаң-тозоңу сапырылган,
Деңизде – толкун жээкке атырылган
...кездер болот кичирейген,
Болот кездер кичирейген...

*      *     *

Тагдырдын ташы – салмак, түбү – чыдам,
Чоң жолго чыгат адам тар жолдогу.

*      *     *

Өмүр сүр
Сүйүү менен
Журтуңду жалгаштырып,
Бул өмүр
Кайырма жол,
Айырма бел.

*      *     *

Чындык жетим жери жок бара турган,
Калп ээледи дүйнөнү кара туман.
Чынчыл деген кишиң да калптан кошот,
Чындык азыр чынчылга чала тууган.

*      *     *

Карга “сайрап” каркылдап бүт дүйнөнү
Калчылдаган калп бийлеп турган чагы...

*      *     *

Жаш акынга: сен канча ыр жазам деп азаптанба,
Турмуштун чын азабын тартпай туруп,
Ыр жазуу азабыраак азаптан да.

*      *     *

Өзүн гана ойлогон өлүк оокат -
Өркөчү май лөк желген төө болушат.

*      *     *

Дөөлөр өзүн дөө дебейт, бирок арман,
Дөө санаган өздөрүн чымындар көп.

*      *     *

Адам деген темир эмес экен. Темириң деле кара жанын карч уруп кызмат кылса жешилет экен, кетилет экен.

*      *     *

Кызмат эмне?
Үйлөп койсоң учуп кетээр каакым да...

*      *     *

Бөлүнө албас дос болдум өзүмө өзүм,
Бириге албас душманмын өзүмө өзүм.

*      *     *

Дүрт этип күйүп, жалп этип өчкөн кездер бар.

*      *     *

Жукарып барат жерим аба шардай,
... жукарып барат жерим тийбегиле!
Тийбегиле, тийбегиле!..
Тийбегиле деген сайын
Ар бириңдин колуңда бирден ийне!
Жукарып барат жерим, тийбегиле!

*      *     *

Жалгызчылык... сүйүү-жомок бүтө элек.

*      *     *

Акындарды алыстан арбоо керек,
Карегине чөгөрүп алсын ылдам.

*      *     *

Канчаларың кары калдың, жаш калдың,
Эгиз туулуп, жалкы жүргөн азбы адам?

*      *     *

Сен эркектин айтканына бүт көнүп,
Жашаганың күңкор аял сыяктуу.

*      *     *

Күндү карай өсөт чөптөр,
Озот азы,
Калат көптөр...

*      *     *

Күндү көздөй талпынуу бул -
Чын жарышы тирүүнүн.

*      *     *

Түгөйлөш таппайт адам,
Турмушта баары жалкы.

*      *     *

Жолукпас жолдо жолукпоо жакшы,
Жолугуп калып жогумду билдиң.

*      *     *

Горизонтто батаар күн кызыл жалын,
Балдар сүйбөйт карашты арт жагына,
Карылар алды жагын...

*      *     *

Тоону, талааны – жаз кучактап жатат жер бетин.

*      *     *

Жазып алган ырларыңа мактанбай,
Жазыла элек ырларыңды күткүнүң!

*      *     *

Көңүл кымбат, жол улук!

*      *     *

Ар бир адам чий башындай тамызгы,
Андан ашык касиетин билбедим.

*      *     *

Денең – кул, жаның бийик такты сымал.

*      *     *

Дүйнө суз. Жашым кулайт, жамгыр кулайт.
Майда жаан, майда жашоо жолун улайт...

*      *     *

Көз жарат мээде бышып,
Жаңы ачылыш!

*      *     *

... Акылдын өкүмүндө жоошуп сезим,
Биз жазган сүйлөмдөрдүн аягына
Суроо белги,
Илеп белги аз коюлат!

*      *     *

Кандай жаман,
Тирүү туруп өлүү болуп калган бир жыл!

*      *     *

Бул турмушту
Жыйынтыктап сүйлөп коюу шектентпейби?

*      *     *

Өнөкөтпү терең тиктөө тайыз нерсени...

Топтогон “РухЭштин” “Нуска” котормочулар тобунун мүчөсү Мээрим САЙДИЛКАН

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз