Мидин Алыбаев: Шишиген киши (шедевр)

АҢГЕМЕ

А дегенде Арзыматов Болжок катардагы эле кишинин бири болучу. Болжок эл менен сүйлөшүп, коңшулары менен кобурашып, ал гана түгүл арабакеч Акмат балалуу болгондо, көрүндүк берип тоюна да барган. Улууну аке, кичүүнү үкө деп ар ким менен мамилеси да жакшы болучу. Болжокту болжолдо жок жигит дешчү. Ал кезде Болжок азыркы ооруга чалдыга элек, ден соолугу таза эле. Кийинки кездерде Болжок болжоюп шишип кетти. Мүнөздөрү да өзгөрө баштады. Ошондуктан анын туугандары жана жолдошторунун атынан Элчибек, Болжоктун оорусунун эмнеден болгондугун жана кандай дарылануу керек экендиги жөнүндө шишик оорусу боюнча профессор Чалканга кайрылды. Чалкан Элчибекке оорунун абалын айтып, доктурлук кеңешин берди. Төмөнкү сөздөр Чалкандын берген кеңешинен жазып алынды:

Элчибек: Доктур Чаке, айтыңызчы, бул оору менен кандай киши ооруйт?

Чалкан: Жаш балдардан башканын баары эле ооруга чалдыгышы мүмкүн. Бирок көбүнчө кызмат даражасына караганда, акыл даражасы пасыраак адамдар ооруйт.

Элчибек: Мындайча айтканда:

«Көкүлүнүн асты —

бөксө болгону менен Көкүрөгү бийик.

Мурду көккө тийип,

Салам айтсаң салмактанат —

Араң башын ийип.

Өтө көйрөң,

Күн бүркөөдө

Күрөң көз айнек кийип», – деген сыяктуулар экен да?

Чалкан: Абдан туура! Дал ушундай кишилер.

Элчибек: Кандай кесиптегилер бат ооруйт?

Элчибек: Ар түрлүү. Чарба кызматкерлеринен баштап, чыгармачылык ишиндегилерге чейин ооруйт. Кээде доктурлардын өзүлөрү деле ооруп калмасы бар. Бул оору ар дайым Болжоктун өзү мүнөздүү кишилерге гана жугат. Жуккандан кийин аны дарылоо кыйын. Элге билингени менен ооруган адамдын өзүнө билинбейт. Кайра анын көңүлү өсүңкү, көөдөнү көтөрүңкү болуп, өзүн бул турмушта башкача сезип калат. Мындайча айтканда авторитет, атак-даңк, обу жок мактоолордун жели аны тарсайтып көптүрүп, өзү көпшөк болсо дагы, көркүн башкача кылып коёт. Мына ошонун натыйжасында анын курсагы менен көөдөнүнө толгон жел аны эңкейтпей кайкалатып жиберет. Мойну менен богогуна орногон желдин кесепети оорунун эки жакты бурултуп каратпай зыңгыратып салат.

Тегерегиндеги эл-журт, мурунку жоро-жолдоштору ага кумурскадай майда болуп көрүнгөн себеби, анын көзүнүн айланасына үйлөнгөн жел, көздү куушурултуп, үлүңдөтүп койгондугу. Оорунун өз адресине болгон сын анын кулагына бычактай сезилгенинин себеби да желде. Кулактын ичине жана чыкыйдан орун алган көбүк мактоону өткөрөт дагы, сынды көгөндүн учканындай же болбосо какшыган казанды кыргандай кылып угузат. Анын үстүнө кандай гана оору болбосун сиркеси суу көтөрө албайт эмеспи, бул дагы сөз көтөрүмү жок, жалакай, таарынчак, кекчил, чычалагыч болот. Эки колтугунун алдына үйлөнгөн көбүк аны ого бетер дардайтат дагы, дайым колун аркасына алып жүрүүгө үйрөтүп, алдынан чыкканга жол бербей калганы мына ошондон.

Бул оорунун дагы бир мүнөздүү жери: ал сыртынан кенен көрүнгөнү менен ичи таранчынын бөтөгөсүнөн да тар болот. Кандай гана жаркырак топчу болсо дагы мага тагылса деп турат. Айланасындагы жолдошторунун жакшы ишин көрө албайт. Башка оорулардай тамактан калуу деген мында болбойт. Өтө опкок келип, мамлекеттин берген тамагына алымсынбай, дагы жардамчы тамак издеп шыпырып-сыйрып жей берет.

Элчибек: Айтыңызчы, доктор Чаке, кийинки жылдарда Болжок Арзыматов көп сүйлөшпөй, өзүн тели-теңтуштарынан алыс кармап калды да? Маселен, мен мурунку жакын жолдошу элем. Бирге окуганбыз. Ал гана түгүл. Болжок сабакта уктап калганда чыканагым менен ойготчу элем. Азыр менин атымды да унутуп калыптыр. Мага «сиз» деп сүйлөшөт. Бул эмнеси?

Чалкан: Бул дагы оорунун кесепети. «Таалай томолок болот. Мээнет жалпак болот» дегенди уккан. Азыркы шартын ал таалайым деп түшүнөт. Болор-болбостор менен байланышып, аларды үйүр кылып таалайымды кокус томолотуп албайын дегендегиси! Ал өзүнүн жел менен толтурулуп, көпшөк экендигин да сезет. Ошондуктан бирөө аны жакын келип дыңылдатып черткилебесе экен дейт. Ал сиздин атыңызды деле билет. Ал гана түгүл, шахмат ойногондо сизден беш жолу удаа мат болгону да эсинде. Бирок аны азыр билмексен болгонду туура табат. Эми менин сизде суроом бар. Болжок болжол менен кайсы жылдардан бери ооруй баштады?

Элчибек: Болжокту өзүбүз оорутуп алдык. Болжоп айтканда согуш убагы бекен? Же андан кийинки жылдарбы? Эсимде жок. Айтор Болжоктун азыркы кызматына ылайык бир киши керек болуп калды. Ал кезде эл менен элпек болгондуктан Болжок Арзыматовду ошого ылайык таптык. Мына ошол күндөн баштап, кайда болсо да Болжокту эле шайлай бердик. Аны ыгы жок мактоочу болдук. Кыскасы, өзүңүз айткандай шишитип алдык. Мал чарбачыларынын жыйналышы болсо да, ДОСААФтын жыйналышына да, аялдар күнүнүн жыйналышына да президиумга Болжокту шайлай бердик. Мына ошентип биз залда олтуруп анын көзүнө дайым майда болуп көрүнүп калдык. Ушул азыр да ал чоң жыйналыш болсо келип, майда жыйналышка «тумоолоп калыптырмын» деп келбей турган да болду. Эми Чаке, бул оорудан айыктырууга болобу?

Чалкан: Болот. Бирок мындан ары мактоонун көбүгүн анын терисинин алдына үйлөбөгүлө. Кошомат менен компресс басууну токтоткула. Курч сын менен укол бергиле. Сын жакшы. Шишигин таратат. Күндө уч маал болбосо дагы, айына үч маал таза абага, элдин арасына жетелеп чыккыла. Көзүнүн тумандаганы тарап, чоңураак ачылат.

Элчибек: Буга болбосо эмне кылабыз?

Чалкан: Айыгат. Айыкпаса мага алып кел. Көрүшүп, катышып турабыз го. Дагы кандай сурооң бар?

Элчибек: Жок.

Элчибек: Эмесе, кош. Жумушум көп. Мен айыктыра турган оору жалаң гана Болжок Арзыматов эмес. Кепжебес Кежирбеков, Шалийма Эсенболова, Кокуйбек Корозбаев, Сыйпалатма Сылаңкорозов жана башкалар бар. Кош.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз