
2021-жылы “РухЭш” сайты жана “Роза Отунбаеванын демилгелери” Эл аралык фонду негиздеген акын Зайырбек Ажыматовго арналган конкурс 2022-жылы кайрадан улантылмакчы. Аталган конкурстун жыйынтыгы ушул жылы З.Ажыматовдун туулган күнү – 27-майда ыйгарылат.
Бул адабий конкурс 35 жашка чейинки жаштар арасынан тандалып алынган бир гана акынга ыйгарыларын маалымдаганбыз.
Шарты жана талабы:
- Жаш авторлор ырлары, поэмалары менен катыша алышат (25-30 беттен ашпаган 12-тамгалары менен);
- Сыйлыкка көрсөтүлгөн чыгармалар мурда эч жерде жарыяланбаган болууга тийиш (соцтармактарда, сайттарда, гезиттерде мурда жарыяланган чыгармасын жөнөткөн авторлордун талапкерлиги дароо четтетилет);
- Кабыл алуу комиссиясы – “РухЭш” сайтынын “Казына” адабий эксперттер тобу. Бул топтун мүчөлөрү көркөм талапка жооп берет деген гана авторлордун тандалма ырлар топтомуна өздөрүнүн рецензияларын беришет.
- “Казына” адабий эксперттер тобунун ачык добуш берүүсү менен эң жогорку упайга татыган автор Зайырбек атындагы адабий сыйлыктын лауреаты деп табылат;
- Бул Жобо жарыяланган күндөн тартып сыйлыкка талапкерлердин чыгармалары кабыл алына баштайт.
- Кабыл алуу комиссиясынын электрондук дареги: kyrgyzkazyna@gmail.com
- Эскертүү: талапкер авторлор kyrgyzkazyna@gmail.com дарегине чыгармалары менен бирге өзүнүн сүрөтүн, паспортунун көчүрмөсүн жөнөтүүгө тийиш. Конкурстук чыгармаларды кабыл алуу 2022-жылдын 20-майына чейин...
Сыйлыктын жеңүүчүсүнө Зайырбек атындагы төш белги, диплом жана 100 000 (жүз миң) миң сом ыйгарылат.
Аталган сыйлыктын туруктуу уюштуруучулары “Роза Отунбаеванын демилгелери” Эл аралык фонду жана “РухЭш” сайты.