Карантиндин эртесин унутпаган прагалыктар (фоторепортаж)

“Тойдун эртеси да бар”.
(Кыргыз накылы)

25-майда Чехияда таажытумоосуна байланыштуу киргизилген карантин токтотулуп, көчөдө беткапсыз жүргөнгө уруксат берилди. Бирок коомдук жайларда жана транспортто беткапчан жүрүү – милдет. Ордолуу шаар Прагада карантин учурундагыдай жабыла беткап кийүү жок. Ырас, этияттык үчүн эл жыш жайларда беткапчан жүргөн адамдарды кезиктиресиз. Андайлар ашып барса 10% болушу мүмкүн.

1.3 миллион калктуу Праганын жалпы аянтынын 10% токойлор менен бак-дарактар (5200 га) ээлейт. Калаада коомдук пайдалануудагы жүздөн ашуун парк жана бак бар. Алар чоңдугуна жараша 1-категория (11 парк, 2649 га) 2-категория (111 парк жана бак 232 га) болуп бөлүнөт.

Стромовка паркы (Královská obora – Stromovka) – Праганын эң чоң паркы. Англис стилиндеги парктын жалпы аянты 95 га[1]. Ал XIII кылымда Богемия падышасынын коругу катары негизделген.

Калктын бейгам турмушунун эң мыкты барометри: парктар менен ресторан-кафелердин жайкы павильондору. Стромовканын түштүк ныптасындагы Көркөм сүрөт академиясынын ресторанын короосунда сыра ичип, өз ара кобурашып, чер жазышып отурган адамдар.

XVI кылымдын башында Стромовка паркы Богемия падышасы Рудольф II тарабынан олуттуу өзгөртүлгөн. Көлмөлөр суудан какшыбасы үчүн дөңдүн боорун тешип, 1584-1593-жылдары паркты Влтава дарыясы менен туташтырган штольня курулган. Штольнянын узундугу 1095 метр, бийиктиги 2-4 м, а туурасы 90-150 см болот. Ал бүгүн да иштейт. (Штольнянын сырткы көрүнүшүнүнү сүрөтү википедиядан алынды).

Парктагы көлмөлөрдөн өрдөктөр, бир жуп ак куу жайы-кышы үзүлбөйт. Балыктары да бар. Кечкисин бакалар озуна шыр ырдашат. Кечки аптапта түгөй түгөйү менен эс алып турган өрдөктөр.

Жаз кулпунуп, жер жашыл кийип, бак-дарактар дүпүйүп, жалбырактарын жайгандан бери көк жашаңда эс алып, көңүл ачкан улуу-кичүү көбөйдү.

Көлдөрдүн бириндеги аралчага сал менен барса болот. Салды ордунан жылдыруу үчүн кендир арканды ыгы менен өзүңүздү көздөй тартууңуз керек.

Англис стилиндеги жана чөбү бир карыш өстпөй орулуп турчу парктын ичинде шашлык бышырчу, спорт аянтчалары, балдар ойночу жайлар бир топ.

Кечке жуук пляж волейболу аянтында эки топ беттешүүдө. Ар жагында бирөөлөр сыра ичип, баарлашып отурса, эки бийкеч стол теннисин ойношууда.

Турган ордунан бийикке жолборстой секирип,  коркууну билбеген паркурчу – эрендердин машыгуусу үчүн атайын аянт да бар.

Булчуңдарын темирдей чыңаганды сүйгөндөр үчүн да түрдүү снаряддар жетиштүү.

Күн узаргандан улам Прагада саат тогуз ченде көз байланат. Бул Чехияда бала бакчага жана башталгыч класстарга барчу балдар төшөктө жатчу убак. Ошого кечки сегизде жаш балдар ойночу аянт чурулдаган балдар жок ээнсирейт.

Ал эми Стромовка паркынын жетиндеги жайкы ресторанда музыка жаңырып, акыркы бий бийленип жаткан учур.

Түнкүсүн Губернатордун жайкы резиденциясынын алдындагы аянтка келсеңиз, көлмөлөрдө чардаган бакалардын шырын угуп, маза кыласыз. Көктө Ай үнсүз телмирет. Төрт кылымдык тарыхы бар имаратта бүгүн Улуттук китепканынын бир бөлүмү жайгашкан.

Стромовка паркы күн уясына баткандан кийин. Ысыкта күндөн кубат алган жерден көтөрүлгөн буу паркты түтүндөй каптап, жел жүрмөйүн ордунан козголбочудай. Караңгыда көчө жарыткан чырактар алоологон оттун жалынындай көрүнөт.

Соңку сөз ордуна. Чехиянын байтак шаары Прагада жан башына эсептегенде бир тургунга орточо 100 чарчы метрге жуук (97 м2) коомдук пайдалануудагы жашыл зона (бак-дарак, гүлзар, майсан ж.б. у.с.)  туура келет. Эгер Праганы Бишкек менен салыштырсакчы?

2017-жылы Бишкекте бир шаарлыкка 3.5 метр жашыл зона (бак-дарак, гүлзар, майсаң ж.б.у.с.) туура келген же нормадан 6 эсе аз. Бул көрсөткүч 1997-жылы 17,8 м2, ал эми 2005-жылдын 1-январында 11 м2 барабар эле.  

Береги сандар биздин жетекчилер кеби суу кечпеген куу чирендер экенин күбөлөйт. Эмне үчүн? Анткени Бишкек шаарынын башкы планына ылайык, коомдук пайдалануудагы жашыл зоналар 2020-жылы жан башына эсептегенде 19 чарчы метрди түзүш керек болчу.

Ишенбесеңиз мына бул даректен (http://www.caresd.net/img/docs/1846.pdf) туура 15 жыл мурда жазылган ырасмий документти караңыз!!

Атайын “РухЭш” үчүн Амирбек Азам уулу. Сүрөттөрү автордуку.

[1] Стромовка паркынын аянты 85.6 га деп өткөндө жаңылыш көрсөтүлүптүр (“РухЭш”: “Прагадагы карантин күндөрдөн репортаж”. 17.05.2020). Ал үчүн автор окурмандардан кечирим сурайт).

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз