Демилге: Өкмөткө экмет (2-макала)

<<<<<< (1-макала)

90-жылдардан кийин базар экономикасы боюнча түшүнүгү эрте жетилген кыргыз урпагы өтө саналуу эле. Алардын бири омоктуу окумуштуу, ойчул устатыбыз Салижан Жигитов айтып калчу: «Кашайгыр, капитализм, мен күлгүн жаш кезде кайда элең?!»

Совет доорундагы тоталитардык идеология аң-сезимибизди ууктуруп, капитализм бул жапайы коом деген түшүнүктү акыл аңыбызга ушунчалык сиңирип келгендиктен, капитализм дөөлөтүн ташынып жашаган кыргыз урпагы саналуу эле бир кезде. Алардын анабашыларынын бири Табылды Эгембердиев болду. Өмүрү соода жүргүзүү түшүнүгү оюна келиппи кыргыздын?!

Анан эле кылымдар бою азык-түлүк соодасын уюштурар тажырыйбасы жок, жөндөм-шыгы уктап жаткан кыргыз урпагынын жалгыз бир өкүлү, жаратманы Табыкебиз кыргыздын кара жармасын дүйнөлүк рынокко чыгаруу дымагын шардана кылса болобу! Адегенде шылдыңга кабылды. Болгондо да өзүнүн эле ийиндеш жүргөн достору, тунгуч демократтар арасынан Табыкенин кара жарма идеясын келекелегендер болду. Ал тургай тар чөйрөдө достору Табыкени азан чакырып коюлгандагы атынан чакырышпай: «Эй, Жарма! Сен каяктагыны баштаганы турасың» дешип, Табыкенин 90-жылдардагы жармач ысымы Жарма болуп калган эле...

Арийне, Табыкебиз ушунчалык өжөр экен, алысты көрө билген экен, кайран! Колунун учундагы тырмагы өскөнүн гана көрөт көпчүлүк адам. А Табыкенин касиети келечекке карай өсө турган улуу сапарын ошондо эле көргөн экен. Ал киши Кыргызстандын эгемендик тарыхында атамекендик өндүрүштүн жол башчысы болор өрнөгүн мына анан көрсөттү. Базар экономикасы деген түшүнүк кыргыз тукумунун кулагына жат угулуп туруп алды. Жаңы заман шарданына көбү кире албай кылчактап турганда: Табылды Эгембердиев, иниси Жумадил экөө кара казанга жарма кайнатып, аны борбор калаада бочкалап сатып жүргөнү – далайынын кылымдар бою салттуу түшүнүгүн, стереотиптерин өзгөрттү. «Шоро» аттуу компаниянын рекламалык кампаниясы күчөдү.

Жайдын ысык аптабында шаардын бурч-бурчегинде максым саткан кыз-келиндерди кыйа өтпөгөн карысы, жашы, орусу, корейи, немиси, дунганы, деги койчу, кыргыздын кара жармасына тамшанган калың масса тез эле пайда болду. Йе, тарых! Көрсө жаңы тарыхты, жаңы салтты, жаңы өрнөктү Табыкеге окшогон апенди чалыш көрүнгөн жаратмандар кылат турбайбы, адам аткырыңа!

Бир кезде советтик замандагы шаар көчөлөрүндө газдалган суу менен кваска суусунун кандырган шаардык тургандар максымдын кыныгын алды тез эле. Эгемендиктин даамын, эркиндиктин даамын максым-шоро менен бирге таттык ошентип. Көрсө, Табыкенин эң алгачкы атамекендик өндүрүштү жараткан улуттук идеясы, улуттук долбоору экен бул!

Баягы Табыкени “Жарма” атка кондурган достору баш болуп, мына анан максым-шорону жабыла мактаган реклама күчөдү жамы журтта. Сыноону жеңүү, тоодой тоскоолдуктарды жеңүү деген ушул тура турмушта! Ошентип “Шоро” компаниясынын өндүрүшү экспортко чыгар атамекендик алдыңкы өндүрүшкө айланды. Баба дыйкандар үчүн арпа-буудай өндүрүү актуалдуулугун кайрадан жаратты.

«Кашайгыр, капитализм, мен күлгүн жаш кезде кайда элең?!» деп жүргөн С.Жигитов ошондо Табыкени кубаттап чыкты “Кыргыз туусу” гезитинде. “Кыргызстанда иштин көзүн тапкан эки эр азамат чыкты. Экөөнүн тең бизнеси түбөлүктүү” деп Табылды Эгембердиев менен Жеңишбек Назаралиевди мактады көсөм Сакебиз ошондо. Ж.Назаралиевди мактаганынын себеби, ирониясы бар эле мындай: “Кыргызың орустан кийинки эле аракты кууп ичкен калк болду. Араксыз той өткөрбөйт. Бул бир. Ага кошул-ташыл наркотиканын кыныгын алган жаштарыбыз арбыды. Мына ошолордун күнү Ж.Назаралиевге байланбай коёбу. Бул да бизнестин чоң булагы” десе, ал эми “Шоронун” суусундуктары качан болсо базары кайнай берерин баса белгилегени бар эле...

Табыке тууралуу кеп козгоп отурганымдын себеби: ал өзүнүн жаратмандыгы менен улуттук тамак-аштын статусун көтөрүп кеткен жаратман инсан. Соода индустриясында улуттук кулинария маданиятын заманбап жашообузга шайкеш келер этнографиялык дөөлөттөрүбүз менен бирге жуурулуштуруп, кыргыз элине калтырып кеткен табериги – “Супара” этно-комплекси бүгүнкү күндө Кыргызстандагы туризм тармагын өнүктүрүүдөгү көзгө басар ири долбоорлордун бири болуп калды. Ал тургай “Супара” этно-комплекси көчмөн ата-бабаларыбыздын көөнө турмушун көз алдыбызга тартып, элесин берген эстелик болуп турганы кимге гана сыймык эмес?

Албетте, Т.Эгембердиев тарых үчүн элине, жерине, мамлекетине өзүнүн жаратмандыгы менен таберик калтырып кетти. Ал эми Табыке үчүн анын наамына татыктуу биз эмне жарата алдык? Арийне, учурдагы ишкерлер, өндүрүшчүлөр чөйрөсүндөгүлөргө жаратмандык дем-шык берер Табылды Эгембердиев атындагы мамлекеттик сыйлык уюштурулса кандай болмок?..

Өлкө казынасы үчүн каруусун казык, канын азык кылып жүргөн мекенчил өндүрүшчүлөр менен ишкерлерден колубуз куру эмес. Элди жумуш орун менен камсыздап, мамлекет казынасына төккөн салыгы менен элине-жерине кызмат кылып келаткан бизнес чөйрөсүнө дем-шык берер жараян дал бүгүн керек болуп турбасын!..

Чыгармачыл өнөр адамдарына Мамлекеттик Токтогул сыйлыгы ыйгарылгандай эле, эмнеге Кыргызстандын экономикасы үчүн эң чоң роль ойногон ишкерлер, бизнесмендер, өндүрүшчүлөр үчүн атамекендик өндүрүштүн эң тунгуч жаратманы, жол башчысы Табылды Эгембериев атындагы наамды уюштуруу не Кыргыз өкмөтүнүн, не кыргыз коомчулугунун колунан келбейби?!

Аныгында, бул сыйлык Табыке үчүн керек эмес, өлкөбүздүн экономикасын өстүрүү багытындагы жаратмандыгы менен иши оозго алынып, көзгө көрүнүп калган бизнес чөйрөсүнүн арасында таза мээнет жумшап, элди жумуш менен камсыздап, мамказынага миллиондогон салыгын төгүп келаткан өндүрүшчүлөргө, ишкерлерге эмнеге Табылды Эгемберидиев атындагы сыйлык ыйгарууга болбойт?!

О`ШАКИР

ЖАРАТМАНДЫН ЖАРКЫН ЭЛЕСИ

Көбү жөн эле жүрүп көзү өтүп кете берет. Алардын санынан кыргыз бөксөрүп кетпейт. Бирак Табылды Эгембердиевдей асылдардан кыргыз арасы бөксөрө түшөт, аттиң. Башкага кандай билбейм, мага ошондой…

Табыкебиз кыргыздын куучирен байларына окшоп ысырапкорчулукту сүйбөй жашады. Аш-той берип эчбир мактанган жок. Мен анын өтө жупуну, өтө жөнөкөйлүгүн эки курдай кошуна болуп жашаган учурда байкадым. Борбор шаардын Буденный көчөсүндөгү №97-үйдөгү квартиралар ТЭЦтин түбүндө болгондуктан, баалары өтө арзан эле. Бир жылдары ошол кварталда арзан квартирада убактылуу жашап калдым. Бир күнү кечке маал шалдыраган советтик «Волгадан» Табылды байкебиз түшүп келатат. «Во-воо» дешип амандашып калдык. Ал-жай сурашып болуп, ал киши да мен жашаган подъездеги квартиралар арзан үчүн убактылуу көчүп келгенин айтканда оозум ачыла түштү.

«Кантип?» – дедим ичимден. «Шоро» компаниясы ал кезде абыдан ирденип, эски заводдордун бирин заңгыратып жаңыртып, Кыргызстанда дүркүрөп өнүгүп атканынан, бирок анын кожоюну деле мага окшоп шаардын арзан кварталынан батир издээрине оозуң ачылбай коёбу? Ачылды. Кантип эле чынжырлуу байлардын бири делген Табылды Эгембердиев менен бир подъезде кирип-чыгышарыма ишенбей: «Йе, тамашаңызды коюңузчу» дедим.

– Эмнеге тамаша? Чын айтам! Мен арзан квартирада жашагандан уялбайм. Билесиңби эмнеден уяларымды?.. – деди мага ызалуу кишидей тиктеп. – Кыргыздын жаштары иш таппай жүргөнүнөн уялам! Мен кыргыздын байларына окшогон келесоо белем, кансарай куруп чиренип жашагыдай! Мен ошол кансарайга коротчу акчага завод курбаймбы, эй! Кансарайды башыма урамбы?! Элге жумуш таап бериш керек азыр. Мен үстүмдө үйүм, астымда джип жогунан уялбайм, сен таңгалып карап турган тээ жаман «Волганы» тээп жүргөндөн да уялбайм. Жаштарыбыз темселеп жумуш таппай, Россиялап кетип атканынан уялам», – дегенин уккандан кийин Табыкени жөн гана ишкер эмес, философ катары жакындан таанып, өндүрүшкө, акчага жасаган мамилесине ичимен ыраазы болгом. Кыргыздын арбири Табыкедей сарамжал болсочу…

Арадан 1-2 жыл өттү. Самсаалап батирден батирге көчүп жүрүп, кийинчерек акын агабыз Шайлообек Дүйшеевдин 8-кичи райондогу бир комнаталуу квартирасына көчүп бардым. Бир күнү түндөсү таза абадан дем алганы чыксам, тамекисин дембе-дем бурулдатып Табылды байкебиз ары-бери басып жүргөн жеринен карпа-күр кезиктим. Ал-жай сураша келсек, ал киши да биз жашаган короодон жакында эле арзан кредитке үй сатып алганын кеп кылып, чыгармачылык эргүүсү эми күчөгөнүн жобурап баштады. Күлкүнү жакшы көргөн киши эле, ошо күлкүлүү жоруктарынан бир штрих эми: максым жасоонун технологиясына дагы бир жаңылык киргизип атканын айтып, «бырк-бырк» жел чыгарып койду. «Бирок атаңдын оозун урайындыкын карабайсыңбы… Көчүк тыйылбай атат. Максым ичти көптүрмө болуп калса – жаңы технологиям өлдү. Анда эле «Шоро» компаниясы банкрот болот. А лабораториядан текшерткенде баары эле ордунда. Бирок адамдын ашказанынан өткөн «лаборатория» болбойт экен. Мына көрүп атасың» деген Табыкенин көтөнү дагы «дүң-дүң» атылды. Муну эскерген себебим: Табыкебиз өндүрүштөгү чыгармачылык изденүүсүн, баарын өзүнүн жүрөгү, жүрөгү эле эмес иче-карды аркылуу өткөргөн үчүн «Шоро» компаниясы өлкөдөгү эң алдыңкы өндүрүш тармагы болуп чыга келгени жамы журтка дайын…

Баса анан, Табылды байкебиздин сөөгү кийин 8-кичи райондогу ошол арзан кредитке алган үйүнөн узады… Эл жабылып барды, самсып барды. Чыңгыз Айтматовдон кийин эле эл жамырап барып топурак салган ардактуу маркум Табылды Эгембердиев болуп калды окшойт…

Аныгында мээ булчуңун иштеткиси келбеген кыргыздын акылына келе элек ой Табыкенин башына келчү. Жаңычыл жаратмандыгы менен кыргызга не деген капитал калтырып кетти? Ал улуттук тамак-аштардын статусун гана көтөрбөстөн, бир эмес эки жерге этно-комплекс маданият борборун куруп, өлкөбүзгө келген туристтер үчүн элибиздин басып өткөн байтактуу жолуу керээттүү экенин кенен таанытканга билегин түрүп иштеди. Канчалаган капчыктуулар өндүрүш тармагына акча жумшагандын ордуна алып сатаарлык менен байып, байлыгы өздөрүнөн артып аткан жери жок. А Табыкенин «Шоро» компаниясы 90-жылдардан кийин канчалаган жумуш орундарды камсыздап, канчалаган акча өлкө казынасына түшүп келди. Агер «Шоро» компаниясы болбогондо шорлогон баба дыйкандарыбыздын көбү арпа-буудайларын кайда алпарып сатмак? Табыкенин кара жармасы болбогондо солкулдаган кыз-келиндердин канчасы бөлөк эл, бөтөн жерге темселеп иш издеп кетмек, канчасы сойкулук менен жанын бакмак, нанын тапмак?! Жумушсуз калган калк кандай гана жаман жолго барарын эгемен жылдары ансыз да көрдү ко!

Аныгында капчыктуунун канчасы кансарай куруп, жол тандабас машинеден машине тандап мингенине маашырланбай, Табыкеге окшоп элди иш менен камсыз кылуу көйүн ойлосо кана?! Кыргыз мукурайт беле?! Башкасы өлсө да кыргызда Салижан Жигитов менен ушу Табыкебиздин өмүрү узак болуп калсачы! Акыл чөйчөгү толук, улут абийирин калыптандырар ушул эки инсандын өмүрлөрү узун болуп калса не, аттиң!

Бир уул өлдү мүлдө кыргыз жоктогон.
Бир муун чыгат Табыкеге окшогон:
«Ишкерликте Жол башчыбыз эле» деп
идирегин, идеясын коштогон.

Бир эр өлдү кайрып элге дөөлөттү,
бир муун үчүн баштап өзү мээнетти…
Сөзүн ишке айкаштырып жашады,
сөгүп жүрүп бийлик, мансап, сөөлөттү.

Бир абыгер өттү сөзү экметтүү,
жанбашына жазданбаган көк чөптү.
Жармасына, бозосуна тойгузуп
жалкоо кыргыз, жарыбаган өкмөттү.

Байтагына жат да келип, өз келип,
баштагыдан бираз жери өзгөрүп:
таш эстелик «Супарада» олтурат
ташты сүйгөн Табыкебиз көздөнүп.

Бир азамат өлгөнүнө өксөдүк,
Бир улуттун бир ыптасы бөксөрүп…
29.04.16.

Олжобай ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарийлер (10)

  • - Сатыбалды Узаков

    Т.Эгембердиевдей улуу инсандын ысымы тарыхта калды, анын ысымын алып жүрүүгө татыктууларды тарбиялоо да албетте мааниси бар. Ишкерлерге моралдык колдоону уюштурууга керек мындай сыйлык.

  • - Чолпон

    Мен да Бишкекте эң кыйналып жүргөн кезимде Табылды байкенин кеңсесине жумуш издеп барып, күнүмдүк турмушум "Шоро" компаниясынын продукцияларын саткамын. Жалгыз бой кыйналып жүргөн кезимде Табылды байкенин компаниясына жумушка киргеним эле уулум менен кызымдын ырыскысы болгон... Эгер ошол жылы жумуш табылбаса, билбейм кантет болучумун...

  • - Мырза Нарынбаев

    Улуттук сыймыктагы улуу инсан Таабалды Эгембердиев. Негизи ал кишинин аты Таабалды, туура жазсаңар боло ымысын. Бирок маанилүү маселени жазган авторго ыраазычылык билдиремин.

  • - Клара

    Бизнесмендерди колдоо керек өкмөттөгү жатып ичерлер! Казынаны толтургандар бизде ишкерлер, бизменсмендер, а крысадай уурдагандар чоңдорубуз.

  • - Алыстагы мекендеш

    Туура маселе. Т.Эгембердиев атындагы мамлекеттик сыйлыкты уюштуруу өлкөбүздүн экономикасы үчүн абыдан керек

  • - Кемел (Токмок)

    Кыргызстанда бизнес чөйрөсүнө колдоо көрсөтүү керек бийликтегилерден. Уурулук менен байыган чоңдор Эгембердиевдей улуу мекенчилибиздин даңазасын чыгара албайт эч эле.

  • - Кубаныч Керим уулу

    Бул аябай актуалдуу демилге. Мен Олжобай байкенин идея артынан идея жараткан күжүрмөндүгүн да Табылды байкенин изденүү жолунда жүргөн мүнөзүнө окшоштура берем. Ушундай изденген адамдар гана тарыхка татыктуу изин калтырып кетишет.

  • - Кыргыз баласы

    Бул демилге макул ишке ашты деп койгула, бирок бизде жең ичинен сыйлык, наамдарды бөлүштүрмөй башталат анда эле. Жалаң ууруларга деле ыйгарылып калса кантет бул жагы??? Мен мындай демилгелерге такыр каршымын. Элине кызмат кыла тургандар сыйлыкка карайбы эмне?

  • - Калысбек

    Т.Эгембердиев абыдан жөнөкөй, менменсинбеген жагы бар жакшы киши экенин көрүп калгамын мен дагы. Ага чейин ал кишини байлар катары бой көтөргөн, башкаларга тыңсынгандардан деп ойлоп жүрчүмүн. Бирок бир жолу саясий партиялардын жыйынында кандан, бектен кайра тартпаганын, бийликке эч эле жутунбаганынан улам жактырып калгамын. Ал киши абыдан алдыңкы көз караштагы инсан экенине ошондо өзүм күбө болгомун. Жазгандары да абыдан элге жеткиликтүү жазылчу.

  • - Акылбек Нарынбаев

    Акыйкатта Эгембердиевдей чыныгы патриотторубуз аз биздин. Кыргызстандык эгемендүүлүк тарыхында ысымы алтын тамга менен жазыла турган улуу инсандын атындагы демилгени бийликтегилер колдоого алууга убактылар тийбейт болсо керек.

Комментарий калтырыңыз