Теңир-Тоолук почта кызматкери

Заман талабына жараша технология өнүккөн сайын калкты тейлөө кызматтарынын бири болгон почтанын актуалдуулугу бара-бара төмөндөп, келечекте бул тармак кызмат көрсөтүүлөрүн токтотот деп айтышат. Бирок дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (COVID-19) себебинен учурда тынымсыз иштеп жаткандардын катарын почта кызматкерлери да толуктап, калкка кызмат көрсөтүүлөрүн улантып жатышат. Муну менен келечекте почта тармагы дагы да актуалдуу, маанилүү болорун көрсөттү.

Төмөндө почта кызматкери ким, анын кандай жоопкерчилик, милдеттери бар, кесиптин актуалдуулугу жана пандемия учурунда кандай шарттарда иштеп жатканы тууралуу 22 жылдан бери байланыш бөлүмүндө иштеп жаткан тажрыйбалуу адис, теңир-тоолук почта кызматкер, “Кыргыз Почтасынын” Нарын районундагы “Кайыңды” байланыш бөлүмүнүн башчысы Кененбаева Чынаркүл Султангазиевна менен маектештик.

Маектеш тууралуу: “Кыргыз Почтасынын” Нарын районундагы филиалы “Кайыңды” байланыш бөлүмүнүн башчысы, профсоюз мүчөсү Кененбаева Чынаркүл Султангазиевна.

Сыйлыктары жана ардактуу наамдары:

“Кыргыз Почтасы” мамлекеттик ишканасынын Ардак Грамотасы. 2018-жыл;

Кыргыз Республикасынын байланыш кызматкерлеринин профсоюзунун республикалык президиумунун Ардак Грамотасы. 2017-жыл;

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана байланыш министрлигинин Грамотасы. 2008-жыл;

“Кыргыз Почтасы” мамлекеттик ишканасынын Грамотасы. 2004-жыл. ж.б.

Эмгек жолу: 1998-жылдан бүгүнкү күнгө чейин “Кайыңды” байланыш бөлүмүнүн башчысы.

- Чынара айым, сизге байланышканыбызда айылдарды кыдырып пенсия-пособие таратып жүрөм деп калдыңыз. Маегибизди эпидемия шарттарында теңир-тоолук почта кызматкери кантип иштеп жатат деген суроо менен баштасак...

- Албетте, бул кырдаалда иштөө оңой эмес, бирок ага карабай калкка кызмат кылууну улантып жатабыз. Өлкөдөгү абалдан улам банктын да кызматтарын почта кызматкерлери аткарып жаткандыктан, мурдагыга салыштырмалуу жумуш көбөйдү. Мурда акча, гезит, кат таратуу жана башка почта кызматтары менен кеңседе алектенип, кары-картаңдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга гана үйлөрүнө барып акча таратсам, азыр үч айылды кыдырып, ар бир үйгө пенсия, пособие жана айыл тургундарынын айлыктарын жеткирип берип жатам. Кээде дем алуу күндөрүнө карабай иштөөгө туура келет.

- Жарандардын үйлөрүнө барып, сиз алардын ар бири менен байланышта болуп жатпайсызбы. Вирус жуктуруп алуу тобокелчилиги бар деп коркпойсузбу?

- Эми чынында коркосуң, бирок почта кызматкерлери ар бир жарандын үйүнө барып, жөлөкпул, айлык-акыларды жеткирип бериши керек деген тапшырма берилген. Саламаттык сактоо кызматкерлери айткан эрежелерди туура сактап иштеп жатам. Баарыбызга эле оор, иштебей үйдө отуруп калгандар, жөлөкпул алгандар, мигрант болуп ар кай жактан келгендер бар. Аларга өз убагында акча жеткирүү башкы милдет болгондуктан, “Эл ичинде бар бололу!” деп кыйын кырдаалда жумушту таштап койбой, почта кызматкерлери иштеп жатабыз. “Кыргыз Почтасы” байланыш бөлүмдөрдү керектүү медициналык каражаттар менен камсыз кылып жатат жана “Орток” айыл өкмөтү, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу да жардам берип жатышат.

- Кесибиңиз боюнча эсепчи экенсиз. Байланыш бөлүмүнө кандайча келип калдыңыз?

- Мектепти бүтүргөн соң Ысык-Көл облусунда бухгалтерлик училищада окудум. Алгач Нарын облусунда коммуналдык чарбада, андан соң мейманканада эсепчи, кийин башкы эсепчи болуп иштедим. Ал эми байланыш бөлүмүндөгү алгачкы тажрыйбам Нарын облусттук пенсия-пособие төлөө борборунда почтальон, бара-бара башкы адис болуу менен башталган. Кийин Нарын районунун Таш-Башат айылына келин болуп келген соң, “Кайыңды” байланыш бөлүмүндө иштеп баштадым. Бир канча жыл жолдошум экөөбүз почточу болуп чогуу иштедик. Анда жумуш азыркыдан көп болчу. Ал эми байланыш  бөлүмдүн башчысы болуп иштеп келатканыма 22 жыл болду.

 - Жеке карьералык өсүү үчүн бир жерде 22 жыл иштөө көп эмеспи? Өзүңүздү башка тармакта сынап көргүңүз келди беле?

- Эмнегедир карьералык өсүү үчүн башка тармактарда иштөө тууралуу ойлонбоптурмун. Жумуш туруктуу болсо, нан таап берсе жана жумушту үй-бүлөм менен чогуу алып кете алсам деген ойдо жүргүчө арадан 22 жыл өтүп кетиптир. Үй-бүлөлүүсүң, келиндик кызматты кыласың, үй-тиричилиги бар, айылда турасың, мындайда карьералык өсүүнү ойлонбостон, жөн гана туруктуу жумушум бар болсо дечүмүн.  

- Балалыгыңызда кайсы кесиптин ээси болууну самачусуңуз? Ал кыялыңыз орундалдыбы? Эгер орундалбаса, почта кызматкери болгонуңузга өкүнбөйсүзбү?

-Юрист болгум келчү. Мектепте башталгыч класста окуп жүргөндө кулагыма ушул кесип аябай жакшы угулуп, юрист болом дечүмүн. Кызыгы, юрист ким, эмне кызмат аткарат билчү эмесмин. Кийин ал эмне кыларын билген соң, бул кесипке болгон кызыгуум артты. Бирок эсепчинин окуусун окуп, жыйынтыгында байланыш бөлүмүндө иштеп калдым.

-Кандай жоопкерчилик, милдеттери бар, эмне кызматтарды аткарат, дегеле окурмандарга почта кызматкерин тааныштырсаңыз.

- Почта кызматкери – жөлөкпул, гезит-журналдарды таратуу, кат, посылка жеткирүү, электр энергиясы, салык, штрафтардын төлөмдөрүн (МАИ) кабыл алуу, акча которуулар сыяктуу жана башка почта кызматтарын көрсөтөт. Жумуштун эң негизги бөлүгү акча менен тыгыз байланыштуу. Акчага так болуу, сактоо жана элге жеткирүү – эң башкы жоопкерчилик болуп эсептелет. Ар бир тыйыны тараганга чейин мойнуңда жоопкерчиликтүү иш, жүрөгүңдө кооптонуу сезими болот. Жанды оозго тиштеп, Кудай деп акчаны элге жеткиргенге аракет кылабыз. Жетекчилик баш болуп баарыбыз акчанын сакталышына убайым тартабыз. Себеби баардык нерсени күтүүгө болот, коркунуч көп, ар кандай учурлар кездешет. Ай сайын акча таратууда элге жеткирип алсак деп бушайман болобуз. Ошондой эле документтер менен иштөөдө да ката кетирбегенге аракет кылуу керек. Себеби бир эле катты жөнөтүүдө бир тамгадан жаңылыштык кетсе, анда ал кат адресатка жетпейт. Үч күндө бир отчёт берип туруу керек. Текшерүүлөр байма-бай болуп турат, социалдык фонд, АУДИТтер бат-баттан текшерип турушат. Кыскасы, почта кызматкеринин жумушу аябай майда.

- Айыл жергесинде түйшүк көп деп жогоруда айтып калдыңыз. Айтсаңыз, сиз үчүн айылда жашап жумуш менен үй-бүлөнү чогуу алып кетүү мүмкүн болдубу? Сурайын дегеним, Чынара Султангазиевнанын бир күнү кандай өтөт?

- Мени айылда почточу Чынар деп таанышат. Бирок мен иштейм деп эле үй-бүлөнүн баалуулуктарын жумуштан жогору койбойм. Үй-бүлөдө сүйүктүү жар, кыздарымдын апасымын. Алардын курсагы токпу-ачпы, кийимдери тазабы, бүтүнбү, үйдө жылуу атмосфера барбы-жокпу деп дайыма ойлонуп турам. Үй жумуштарын жасоо, үй-бүлө, кайын-журт, тууган-урук, кошуна-колоңго убакыт бөлүү, ошол эле учурда ишке да жетишүү керек. Менимче, идеалдуу эне, жар, кызматкер болбосом дагы, экөөнү алып кете алдым деп айта алам.

Күнүм таңкы 6:00дө үй жумуштарын жасоо, үй-бүлөм менен тамактануу менен башталат. Үйдө эмне кем-карчы бар, кимдин кандай көйгөйү бар, кечкиге эмне тамак жасайм деп колумдан келишинче аракет кылам. Бир жумада 6 күн 9:00дөн 17:00го чейин иштейм. Акча тараткан күндөрү жумушта кармалууга туура келет. Кардарларды кабыл алуу, отчёт жөнөтүү, кат жеткирүү, бирдик салуу сыяктуу жумуштар менен алектенем. Кечинде үйгө келип үй-бүлөм менен убакыт өткөрөм, эми башкалардыкындай эле күн өтөт.

- Байланыш бөлүм башчысы катары жумушуңузда баарынан сизге эмне жагат?

- Элдин пейилин айтат элем. Мага эл менен иштешкен жагат. Көп жылдан бери жергиликтүү тургундар менен иштешкенге көнүп калгам. Кызматтарын пайдаланып келаткан айыл тургундары почтаны жакшы көрүшөт. Акчаларын алышканда, көбөйгөндө аябай сүйүнүп ыраазы болушат. Өзгөчө ата-апалар пенсияны аябай күтүшөт. Ар бир айдын 15-20сына чейин пенсия түшөт, эгер 25и болуп кетсе капа болушат. Заманга жараша уул-кыздары шаарга банкка котортуп кетишкендери, айылдан почтадан алгандары бар. Айрыкча, ата-апалар атайын почтага басып келип, акчаны өз колубузга алган жагат деп айтышат. Канча жылдан бери иштеп келатам, көндүм дегендей. Албетте, ысык-суугу да болот.

- Ысык-суугу деп калдыңыз. Сөзүңүзгө аралжы, жумуш учурунда кандай кыйынчылыктарга туш болосуз?

- Байланыш бөлүмдө жалгыз иштегендиктен, кээде күн бою жумушта кармалууга туура келет. Үч айылда 400гө жакын кардар тейленет. Бул сан мурунку жылдарга салыштырмалуу азайганы менен жумуш ошол эле. Бирок мурдагыдай оор эмес экенин белгилегим келет. Адамдар менен дайыма байланышта болууга туура келгендиктен, ар күнү түрдүү кардарлар менен иштешесиң. Бири маанайыңды бузат, экинчиси билип айтат, дагы бири билбей айтат. Кандай гана стресс жаратса дагы, “Кардардыкы дайыма туура”- деп күлүп жооп бергенге аракет кылам.

Мурунку жылдарга салыштырмалуу азыр акча жетиштүү болгондуктан адамдар тынч алышат. Калк акча менен толук камсыз болбогондо адамдар ызылдап, сөгүп, ал тургай чаап жибергенге чейин барышчу. Бул байланыш бөлүмдө иштеп жатканымда чаап жибергендер да болгон.

- Сиздин оюңузча бул кесипти ийгиликтүү аркалоо үчүн адис кандай сапаттарга ээ болуусу керек? Жана өзүңүздү кандай почта кызматкеримин деп ойлойсуз?

- Тактык, жоопкерчилик, чыдамкайлык. Өзүмдү андай же мындай почта кызматкеримин деп баа бере албайм. Буга эл күбө, айыл тургундары күбө.

- Мындан 20 жыл мурунку менен азыркы почтанын айырмасы эмнеде?

- Айырма албетте, чоң. Заман талабына жараша мындан 20 жыл мурунку кызматтарды азыр көрсөтпөйбүз же тескерисинче, улам жаңы кызмат көрсөтүүлөр чыгууда. Мамлекет акча менен калкты толук камсыздай албаган жылдарда жөлөкпулдар акчалай эмес натуралай таратылчу. Ун, чай, таттуу, тамеки, самын жана башка нерселерди элге таратчубуз. Азыр эл акчаны убагында алат. Айрымдар банкка котортуп кетишкендиктен, мурункуга салыштырмалуу азыраак адам тейлеп жатам. Улам заман талабына жараша почта жаңы кызматтарды көрсөтүп жатат.

- Бүгүнкү күндө элдин гезит-журналдарга болгон талабы кандай?

- Мурда жазылган окурмандар көп болчу. Окуучулардан баштап улуу муунга чейин баары окушчу. Акыркы 2-3 жылдан бери адамдар телефондон эле жаңылыктарды окуп, гезит-журналга болгон талап азайды. Ошентсе да улуу муундун өкүлдөрү канча жылдан бери окуп келе жатабыз дешип, “Супер Инфо”, “Үй-бүлөлүк дарыгер”, “Чатыраш” сыяктуу гезиттерди жума сайын алып окушат.

- Заманбап технологиялар өнүгүп жатпайбы. Кандай тармакта иштебесин кесипкөй адистерден жаңы билим талап кылынууда. Бул жаатта сиздерде кандай?

- Азырынча райондордогу байланыш бөлүмдөрү компьютердик каражаттар менен камсыз боло элек. Ошондуктан баардык документация иштери колго жазуу менен жүргүзүлөт. Ал эми постерминалдар менен иштеп баштаганыбызга 5 жыл болду. Жергиликтүү тургундар карточкаларды колдонуп, жөлөкпул, айлык-акыларды шаарга барбастан эле почта түйүндөрүнөн алып жатышат.

- Кандай ойлойсуз, электрондук каражаттар бара-бара почта кызматтарынын актуалдуулугун жоготпойбу? Келечекке карасак, кандай жол менен бул кесип өнүгүшү мүмкүн?

- Почта канча жылдан бери калкка кызмат көрсөтүп келе жатат. Бул кесип актуалдуулугун жоготот деп айта албайм. Туура, технологиянын гүлдөгөн заманы, эл акчаны почтадан эмес, банктан алса болот, каттар, документтерди телефондон жөнөтсө болот, гезит-журналдын ордун жаңы технологиялар ээлеп жатат, ооба, бирок почта калат. Башка кызмат көрсөтүүлөрдү да кылып жатпайбы. Айрыкча, айыл, райондордо почта кызматтары эки эсе керек. Технологиянын өнүгүшү почтанын маанилүүлүгүн азайтты дегенден алысмын. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, кары-картаңдар банктан же башка жактан акчаларын алууга шарттары жок. Жана башка ушул сыяктуу нерселер бар болгондуктан, почтага болгон талап жок болбойт.

- Сиздин көз карашыңызда жаңы муун бул кесипке кызыгабы? ЖОЖду бүтүрүп келип байланыш бөлүмүндө иштейм деген бүтүрүүчүнү эмнелер күтөт? Жумушка даярдоодо сиздин убактагы менен учурдагынын айырмасы кандай? Дегеле жаш почточулар кандай?

- Кызыккандар көп болбосо да бар. Байланыш бөлүмдө иштейм деп келгендерге 1 айлык сыноо мөөнөтү берилет. Бул аралыкта окутуп, үйрөтүп, аткара турчу милдеттер менен тааныштыруулар болот. Тилекке каршы, көпчүлүгү бул сыноо мөөнөттүн биринчи жумасында эле чыдабай кетип калышат. Майда жумуш, жоопкерчилик көп, айлык аз деп иштеп баштагандар тез эле кетип жатышат. Алардын арасында иштеп калгандар да бар. Бирок аз. Ошондуктан байланыш бөлүмдөрдө иштегендердин көпчүлүгү пенсия курагында. Мен жаңы иштеп баштаган жылдары да ушундай эле система менен үйрөтүшкөн. Насаатчы деп койчубуз, алар бизге баарын окутуп, үйрөтүшкөн. Жетекчилик окууларга жиберип турушчу. Айырма деле жок. Болгону аз айлыкка аргасыз макул болуп, майда, бирок чоң жоопкерчиликти талап кылган кызмат болсо да жакшы көрүп иштеп келе жатам.

Маектешкен: Сымбат БАКАСОВA

Окшош материалдар

Комментарийлер (2)

  • - Рысбек Кубанчбеков

    Абдан сонун маек болуптур. Үй бүлөлүк бакыт каалайм....

  • - Эсентурова Адина

    Чоң рахмат, Рысбек! Бар бол!)

Комментарий калтырыңыз