Окурмандар арасындагы жеңүүчүлөр аныкталды

«XXI кылымдагы кыргыз адабияты» аталышындагы конкурс жүрүшүндө Фейсбуктагы окурмандар арасында атайы конкурс жарыяланган. Аталган конкурска келип түшкөн чыгармаларга сын-пикир жазган зирек окурмандар жана адабий ишмердүүлүккө жөндөмү курч калемгерлер арасынан чыгарманын көркөмдүк мазмунун кылдат талдоого алгандыгы үчүн төмөндөгү туруктуу окурмандарыбыз жеңүүчү деп табылды.   

1-орунга татыктуу эки ысым белгиленди. Алардын бири Рахат Аманова – «Талкууну кызыткандыгы үчүн»; Миргүл Өмүралиева «Калыс пикирлери, адабиятчылык дареметин көрсөткөндүгү үчүн» экөөнө 3000 миң сомдон 6000 миң сом байге;

2-орунга Абдысамат Сарала «Оригинал ойлору үчүн» 2000 миң сом байге;

3-орунга Залкарбек Назарматов «Дилгир катышкандыгы үчүн» 1000 миң сом байге;

«РухЭш» сайтынын «Казына» адабий эксперттер тобу тарабынан атайы талкуунун негизинде аныкталды.

P.S. «XXI кылымдагы кыргыз адабияты» аталышындагы конкурс жыйынтыгы июнь айынын соңуна чейин калыстар курамы жана адабий эксперттер тобу тарабынан аныкталат. О.э. жеңишке илинген авторлордун аты-жөндөрү жарыяланып, Жободо көрсөтүлгөн байге фонддордун негизинде байгелер тапшырылат.

ПРОЗА

1-орун – 50 000 (элүү миң) сом

2-орун – 30 000 (отуз миң) сом

3-орун – 20 000 (жыйырма миң) сом

ПОЭЗИЯ

1-орун – 50 000 (элүү миң) сом

2-орун – 30 000 (отуз миң) сом

3-орун – 20 000 (жыйырма миң) сом

Окшош материалдар

Комментарийлер (2)

  • - Акмарал Абдыкаарова

    жакшы го, кантип катышса болот, же бүтүп калдыбы

  • - Кумушай

    Мен еч эле түшүналбадым кайдан жиберишти

Комментарий калтырыңыз