Черик Курсак: Россиянын торуна салып берер күчтөрдүн аракети...

Жогорку Кеңеш Орусиянын Канттагы авиабазасы боюнча протоколду үч окууда ратификациялады. Бул протоколго ылайык, авиабазанын учуу-конуу тилкесин оңдоо Орусиянын менчигине өткөрүлүп берилди.

Эмне үчүн депутаттар бул келишимди үч окууда эле дароо бир добуштан кабыл алып беришти?! Арттан ит куугандай шашылыш – бул эмне болгон саясат?

Кыргызстандын жеринде Орусиянын аба күчтөрү жайгашкан авиабазасынын бизге эмне кереги бар эле? Албетте, азырынча комитет төрагасынын орун басары Нурсейит Кедеев дегени «Жер тилкелери убактылуу гана колдонууга берилет. Анын үстүндөгү кыймылсыз мүлктөр келишим күчүндө турган 15 жыл ичинде Орусияга карайт. Макулдашуу бүтөр замат Кыргызстанга акысыз түрдө өткөрүлүп берилет» – деген сымаптай мөлтүлдөгөн жообу жооткотуп турганы менен, кокус 15 жыл ичинде Борбор Азиядагы коңшулаш өлкөлөр менен болгон чек ара талашыбыз ырбап кетип, кокус Өзбекстан же Тажикстан ортосундагы Кыргызстандын чек ара тилкелериндеги талаштар курчуп кетчү болсо, Орусия четте карап турат бекен? Карап турбайт!

Тескерисинче, Борбор Азиядагы коңшу өлкөлөрдүн чек ара чыры канчалык курч абалга жетсе, орус бийлигиндегилер үчүн ошончолук чоң кызыкчылыктар күтүүдө. Себеби ак падышанын заманынан бери Орто Азия элдеринин аймактарын бөлүп-жаруу саясаты бир гана Орусия тарабынан жүргүзүлүп келген. Кыргыз АССРинин жерлерин казактарга, тажиктерге, өзбектерге өткөрүп берген большевиктердин саясаты азыркы Кремль төбөлдөрү үчүн да көзүр карта бойдон калганын унутпоого тийишпиз.

Бүгүнкү күндөгү өзбек-кыргыз, тажик-кыргыз ортосундагы чек ара тилкелериндеги талаштар Кыргызстандын эгемендикке ээ болгон жылдарында гана жаралган проблема эмес, түйүндүү маселе андан арыга кетет... Проблема канчалык арылаган сайын, ошол түйүндү чечүү кудуретине бир гана Орусия ээлик кылат. Анткендиги СССР империясы коңшу элдердин чек ара талашын эбак чиелештирип кеткен саясатын азыркы Кремль төбөлдөрү улантууда. Башкача айтканда, чек ара чыры азыркы Орусияга СССРден калган мурас бойдон калганын терең аңдоого тийишпиз.

Андыктан Орусиянын Канттагы авиабазасы келечекте да орус империясын кайрадан тирилтүү үчүн чоң роль ойной бермекчи.

120 депутат Канттагы авиабаза боюнча келишимди үч окууда эле дароо бир добуштан кабыл алып бериши да быйылкы күздө өтө турган парламенттик шайлоодо Кремль төбөлдөрү кайсы күчтөргө жашыл жарык күйгүзүп берерин туюнткан ишарат экенин карапайым калк кайдан түшүнсүн!

КАНТТАГЫ АВИАБАЗА – БИЗДИН ЧЕК АРАДАГЫ КРЕМЛДИН ДҮРБҮСҮ

Тажикстан жана Өзбекстан менен болгон Кыргызстандын чек ара чырынын улам курчуй беришине Орусия кызыктар экендигин айткан Евро-Азия боюнча геосаясий эксперттердин божомолдорун жокко чыгаруу да эч мүмкүн эмес.

Бул коңшу өлкөлөрдүн өз ара чырын токтотууга Орусия эч качан чыныгы достук менен аралашпайт. Расмий Кремль Орусиянын империялык таасирин күчөтүү максатында гана коңшу өлкөлөрдүн ортосундагы чырды басууга сырттан аралашкан түр көрсөтүп, кокус чек арадагы талаштар карапайым элдин таш атышкан урушунан күчөнүп отуруп, чоң жаңжалга айланса гана Орусиянын Канттагы авиабазасы тезинен аскердик чара көрүү саясатын колдонууга даяр турат.

Кокусунан коңшу элдердин улут аралык жаңжалы күчөсө, чырды тутантууга да, чырдын учкунун басууга да Орусия түздөн-түз кийлигишет, өз таасирин күчөтөт. Империя оорусу кайрадан кармайт.

Аныгына келсек, бул жолку келишимдин төркүнү Орусиянын президенти Владимир Путиндин былтыркы жылы Кыргызстанга келгендеги расмий сапарына барып такалат. Ошондо эле Орусиянын бирдиктүү аскер базасы тууралуу келишимге кол коюлганы белгилүү. Бул келишим боюнча саясий эксперттердин бири Руслан Акматбек “Азаттыкка” өтө таасын да, таамай минтип белгиледи:

"Бул маселе эч кандай улуттук кызыкчылыкка кедергесин тийгизбесе, ачык-айкын болсо, эмне себептен тиешелүү комитет эки жолу күн тартибинен алып салды? Мыйзамды кабыл алуу жараяны эле көптөгөн суроолорду жаратат. Абдан шашып, эртең мөөнөт бүтүп калчудай тез кабыл алышты. Ушул окуянын баары Кыргызстанда чечим кабыл алуу борбору кайда экенин айгинелеп койду. Бул маселени талкуулоодо парламентте улуттук кызыкчылыкты эстешкен жок. Тескерисинче, бардык аракет Москваны капа кылбай, ыраазы кылуу дегендин тегерегинде болду. Эгер учуу-конуу тилкеси кийин Кыргызстандын менчигине өтө турган болсо, аны азыр эмне себептен башка өлкөгө өткөрүп берүү керек? Ал келишимдин негиздемесинде ачык-айкын эле "бул учуу-конуу тилкеси Орусиянын менчигине өткөрүлөт" деп жазылып турбайбы. Тарых көрсөткөндөй, Орусия башка өлкөлөрдө деле ушундай негизде кирип, чыкпай койгон учурлар бар".

Мунун эң башкы себеби эле – азыркы Жогорку Кеңештин беш жылдык мөөнөтү аяктап баратканында. Ал эми кийинки парламент курамы азыркы парламентарийлерден кыйла сапаттуу болуп кала турган болсо, Орусиянын кызыкчылыгын коргоо азыркы бийликтегилердин колунан келбей калышы толук мүмкүн. Андыктан алдыдагы парламенттик атаандаштыкта Кремлдин батасын алмайын – шайлоонун жашыл жарыгы кайсы бир саясий күчтөргө күйбөй калышы толук мүмкүн.

Себеби КР Президенти Сооронбай Жээнбеков 24-июнда жеңиштин 75 жылдыгына карата Москвада өтчү парадга катышууга жөнөгөнү турат. Ошондон улам Кыргызстан тарап келишимди толугу менен кабыл алуу аракетине шашылыш киришкени да бекеринен болгон жок.

Экинчи жагынан, күздөгү парламенттик шайлоодо орусиячыл саясий партияларга гана жашыл жарык күйгүзүлүп, ал эми демократиялык багытта өнүгүүнү каалаган “Ата Мекен” партиясынын туусу алдында бириккен “Жаңы дем” сыяктуу прогрессчил күчтөрдү оюндан жыдытуунун сценарийлери түзүлөрүн күтсөк болот. Себеби, Орусиянын империялык таасирине тоскоол болор либералдык күчтөр күздөгү саясий ат салышта алдыга озуп келишин, Кремль төбөлдөрү эч качан каалабайт!

Окшош материалдар

Комментарийлер (3)

  • - Назгуль

    Россиянын козун караганыбыз калбады,жада калса чегара чырына дагы Россия кызыкдар экенин автор туп туура белгилептир

  • - патриот демократ

    Оз тагдырыбызды озубуз чече албаган шордуу эл экенбиз. Карангы элден шор кетпейт.

  • - Калмырза

    Убагында россия империясы дал ушундай жол менен Кыргыздардын жерин басып алганын тарыхтан коргонбуз .Акырындык менен экспансияга барышат.

Комментарий калтырыңыз