Ау-уу: Кырк кыз, кырк чороңор кайда?

Бул жолку зөөкүр Жалал-Абад облусунун Сузак районунан чыкты. 47 жаштагы аялына жырткычтык мамиле кылган зулумдун видеодогу жосунун чыдап көрүү да мүмкүн эмес. Мындай зомбулук улуттун жүзүнө көө жапкан шермендечилик экенин кырк чоро жана кырк кыз кыймылынын мүчөлөрү айыптап чыктыбы?!

Демейде кыз-келиндердин зордук-зомбулукка каршы акцияларына ыкчам реакция жасай коёр кырк чоронун өкүлдөрүнөн бирөөсү чыктыбы: видеодо мойнуна эки дөңгөлөк байланып, колу таңылган аялды күйөөсү башынан ылдый чакалап суу куюп, жаакка чапкылап жатканын айыптап?!

Кыргыздын намысы демиш болуп феминисттик азчылыктын аракетин айыптаган элечекчен кырк кыз кыймылынан бирөө жарым чыктыбы: аялды кордогон эркекти күнөөлөп?!

Демек, ушундан улам кырк чоро жана кырк кыз кыймылын түзө койгон жармач патриотторду биз зордук-зомбулук, түркөйлүк жана караңгылыктын жактоочулары деп гана таанысак болот мындан ары. Болбосо мындай жапайычылык көрүнүшкө тынчсызданбаган кырк чоро, кырк кыздын атына жамынган арсыздар ушул окуядан кийин улут намысын, улут наркын коргоп чыкпасын мындан ары!

Сузактагы кордук көргөн аялдын окуясынан кийин Татьяна Зеленская тарткан сүрөт.

Быйылкы март айында зордук-зомбулукка каршы акция уюштурган азчылыкка кол салган бети ачылбас беткапчандар (ишенимдүү булактардын ырастоосуна ишенсек: жазындагы беткапчандар күч органдары тарабынан атайы даярдалган кырк чоро кыймылынын айрым өкүлдөрү болушкан. – У. Ж.) жана Надира Нарматова, Жылдызкан Жолдошева, Камила Талиевалардын кимиси чыгып сузактык зөөкүр эркектин ЭНЕНИ, АЯЛДЫ аёосуз кордогон көрүнүшүн айыптап чыкты?..

“Алиби” гезитинин журналисти Үпөл Анаркулованы телефондо коркутуп, жаш журналист кызды он эркекке салып берерин айтып опузалап, оозго алгыс сөздөр менен ызырына сөгүнгөн Жылдыз Мусабекова деген парламен депутаты анчалык эле улутубуздун намысына күйгөнү чын болсо, кана азыр аялга жырткычтык көрсөткөн зөөкүр эркекти күнөөлөп үн катып чыкканы?

Ур-токмок, зордук-зомбулукка, кыз ала качууга каршы акция уюштурган азчылыкты коргоп чыккан экс-президент Роза Отунбаеваны айыптап чыккан журналисттер Канышай Мамыркулова менен Элнура Кулуева деген журналисттер кана?! Алар анчалык эле улутубуздун намысына чындап күйгөн болсо, суузактык зөөкүр эркектин АЯЛЗАТКА көрсөткөн кордугун айыптап эмнеге элечек кийип акция уюштурганга жарашкан жок?!

Демек, улуттун намысына күйгөндөрдү биз зордук-зомбулукту колдогондор деп түшүнөбүзбү мындан ары? Мына, кырк чоро, кырк кыз деп улутту бетине жамынгандардын жүзү ушундайда көрүнөт, урматтуу окурмандарыбыз!

Урмат ЖОРОБЕК, Бишкек шаары

Окшош материалдар

Комментарийлер (2)

  • - Бегайым

    Кырк чоро жанан кырк чорону колодогондор туркой луктун жеткен чеги.Бул ото окунучтуу жага коркунучтуу.Кырк чоро деген атка татыбайт да.Китеп окуп, дуйно таанымдарын байытышса болмок.Антип айтсан,акылдуу болуп кетинби деп,бет тырмашат.Окунучтуусу буларды колдогондор ото коп.

  • - КАНАЙЫМ САТЫБАЛДИЕВА

    .. АЯЛЫН КОРДОГОН ЗӨӨКҮР ЭРКЕК ТУУРАСЫНДА КЕП КОЗГОСОМ : ОРГАН ТАРАБЫНАН ЗАКОН ЧЕГИНДЕ ЖАЗАЛАСА, МЫНДАЙ КӨРҮНҮШТӨР АЗАЙМАК... ЗАКОН КҮЧУНДО БОЛСО ЭЛДЕ КАЧАН ТАРТИП БОЛМОК,, АЖЫРАШУУ ЧАНДА БОЛМОК, БОЛСО ДА ТҮШҮНҮШ ЖОЛУ МЕНЕН БОЛМОК,. КАРАҢГЫЛЫКТАН АЛИ ДА ЧЫКПАЙ ЖУРГОНДУГУБУЗДУ ЖААП, ЖАШЫРЫШТЫН КЕРЕГИ ЖОК!!! Күнөөлүү ну камалса дале онолбойт деген пикирде,, ич ара сүйлөшүү менен ишти жабуу, жыйынтыгы МЫНА УШУНДАЙ КОРУНУНУШТОРДУ АЛЫП КЕЛҮҮ ДӨ.... Мындай ЭРКЕКТЕР ЖУЗДОП САНАЛАТ КЫРГЫЗСТАН ДА,, ТАЛААДА ЖҮРГӨН КЫРГЫЗСТАНДЫКТАРДЫН ДА АРАСЫНДА ДА, БЕЗ КОММЕНТАРИИ, КҮБӨЛӨР ТОЛТУРА.. Ошондуктан ЗАКОН ЧЕГИНДЕ ЖАЗАЛАСА ЖАНА ЗАКОН ЧЕГИНДЕ ЖАШАСАК...

Комментарий калтырыңыз