Аялзаты, намыска келели, арыбызды коргойлу, укугубузду билели!

Татьяна Зеленскаянын иллюстрациясы.

Аял - кут, аял - береке, аял - эне, аял - коом күзгүсү, аял - мээрим, аял - сүйүү болсо, анда эмнеге кыргыздын кыздары, кыргыздын аялдары кордолууда, турмуштун ачуу-таттуусунда да, ачка-тогунда да бирге болууга макулмун деп сөз беришип, ак никелери кыйылган өз  жолдошторунун мыкаачылыгынын курмандыгы болуп, азап менен сабалып, кайнак сууга күйүп, баштары жарылып аял болуп жаралып калгандарына ичтери ачышып, балдары үчүн же бара турган жери жок болгондуктан күндөн-күнгө тирүүлөй өлүп, кордолуп өлгөндөрү да түбөлүк армандары ичинде сакталган боюнча кетүүдө!

Моюнуна асылган дөңгөлөк эмне болуп калыптыр, турмуш жүгүн толугу менен өмүр бою көтөрүп, муңун ичинде сактап, ичтен сызып, жүзү күлгөн менен жүрөгү өрттөнүп жашаган канча аял бар?! Тестиер чагынан балалык кыялдары тутанбай өчкөн, канча кызыбыз бар?! Үйүндө жалаң кыздар төрөлгөндүгү үчүн аял күнөөлүү болуп "жаман катын кыз тууйт, кыз тууса да кыш тууйт" деген сөздү кайнене, кайнеже, күйөөсүнөн тынымсыз угуп, өзүн кем сезип жашап жаткан канча келин бар?! "Кыз" болуп жаралганы үчүн атасы жериген канча кызыбыз бар?! Жалаң кыз туудуң деп аялын күнөөлөп үй бүлөсүн таштап кеткен канча эркек бар?! "Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр артык", "аялдын акылы кыска" деген сөздү туу тутушуп, аялды жөн гана төшөк кумары катары эсептеген канча эркек сөрөй бар?!. Кызы же уулу бираз тарбиясыздык жасап койсо, карабайсыңбы уулуңду-кызыңды, берген тарбияң ушулбу деген жеме уккан канча апаларыбыз бар?!

А бул нерселердин башаты тарбияда болуп жүрбөсүн?! Ооба, эркек тукум улайт. Ата тегин жашатат. А кыз ата тегин да, башка бүлөгө келин болуп барып ал жердин коломтосун жагып ошол эркектин тукумун улайт. А бизде азыр коомдун күзгүсү болгон кыздарга, аялдарга мамиле кандай? Кыздарга берилген тарбия туурабы?!

Кыргыздарда кыздар анча бааланбайт, ал башка бирөөнүн бүлөсү. Кетет. Кыз намысы менен  туурунан учурсак, болочок кайын журтуна тапшырсак дегенде эки көзү төрт ата-энелер миңдеп саналат. Кыз мектепти, жогорку окуу жайын бүткөндө да турмушка чыкпай жүрсө, демек анда бир мандем бар деп кызды тарбиялаган өз ата-энелери шекшине башташат, эркек табылбай жаткансып көрүнгөн жактан күйөө табышат. Кээде ата-энелер кызына болгон ашыкча күйүмдүүлүгү аркылуу кызынын тагдырына балта чаап коюшууда.

Турмушка, күйөөгө тийүүгө психологиялык жактан даяр эмес кызынын ички сезими менен эсептешпеген, сырдашпаган ата-энелер ондоп саналат. Кызы бой жеткен сайын кызынын ар бир кадамын карап, кайда эмне кылып жүрөт деп, кеткен  жеринен бираз кечиге баштаса, ата-энелер түрдүү ойлорду ойлонуп, жаман нерсеге жоруп ийгенге чейин барышат. Ашыкча коруй берүү да туура эмес. А мүмкүн ошол бир саамга келе калган кыздын эң жакындарынын терс ою энергия аркылуу чындап орундалып калсачы?! Буга ким күнөөлүү?! Биз жашап жаткан коомбу же?!.

Кыз болсун, эркек болсун бала толук түрдө ата-энесинин каны аркылуу дал ата-энесиндей мүнөз күтөт. Ата-эне балага мээрим берсе, бала ошол мээримди алат. Ата-эненин турган турпаты, кийингени, ичип-жегени, сүйлөгөнү эле балага чоң тарбия. Ошондуктан ар бир ата-эне бул жарыкчылыкка баланы жаратаарда бир эмес, миң ирет ойлонушу зарыл. Ата- эне болууга даярбы? Бул чоң жоопкерчиликти татыктуу көтөрө алышабы?! Ар бир баланын кулк-мүнөзүнө жараша тарбия бере алабы?! Кыз эркек деп бөлбөйбү! Эгер жогорудагы суроолордун бирөөсүнө эле жооп берүүгө даяр эмес болсо, анда даяр болгончо балалуу болууну пландабаш керек. Балалуу болууга даяр эмес туруп, балалуу болгондор балдарын коомго кантип пайдалуу жаран кылып өстүрүп берет? Ойлоп көрүңүз, бир үй бүлөдө 3 кыз жана 1 эркек уул бар дейли. Ата-эне эркек баласына тукум улайт, бизди багат деп көп көңүл буруп, кыздарына көп деле маани бербейт. Кыздардын арасында 2 кыз бул нерсеге көп деле маани бербеши мүмкүн, бирок арасынан өтө сезимтал, уяң, жашык кыз көңүлүнө терең кабыл алып, өзүнөн өзү “Эмнеге? Эмне үчүн?” деген суроолорду берип, ички чоң трагедияда жашашы толук мүмкүн.

Бул трагедия кызды жашоого карата эрктүү күрөшчүл же ээрчиме, эркек гана күчтүү болуш керек деген ой-сезим менен чоңоюп, бара-бара бой жетип турмуш курганда болочок күйөөсү эмне десе, ошонун баарына көнүп, себепсиз токмогун жеп, күйөө деген ушул экен деп өмүрү өткөнчө көзүнөн көгү кетпей турмуш кечирүүсү айдан-ачык. Ата-энелер, биз уул-кызыбызга бирдей эмес, алардын кулк-мүнөзүнө жараша тарбия берүүбүз абзел. Анткени, бир ата-энеден төрөлсө да, ар бир баланын кыялы, сезимдери, ойлонуулары, келечекке максаттары бири-бирине окшошпойт.

Эми ойлонуп көрөлү, ар башка мүнөздөгү үч кызга бирдей таалим бергениңизди... Ал 3 кызга бирдей берилген тарбия кыздын эселек кезинде билинбейт, ички дүйнөсүндө чоңоюп олтуруп, бой жеткенде ошол тарбиянын жакшы-жаман симптомдору ортого чыга баштайт. Мына ошондо гана ата-энелер туура эмес тарбия бергенибизди ички туюмубузда кабылдаган менен сыртыбыздан балдарыбызды күнөөлөп урушканга машпыз, анткени өзүбүз кетирген катаны эч качан билип турсак да кабылдабайбыз, өз катабызды кабылдоону – балдардын алдында “абийирибиздин” түшүп калуусу катары көрөбүз. Бул балдарыбызга болгон кош көңүлдүгүбүз, чыккынчылыгыбыз. Өзүбүз жетишсиз тарбия бергенибизди моюнга албоо менен “Сен адам болбос болдуң!”, “Сен үчүн баарын жасадым”, “Элдин балдарын карабайсыңбы?!” деген сөздөрдү айтууга да жетишебиз. А бул сөздөрдү уккан уул-кыз, ансыз деле өздөрүнүн ийгиликсиздигине, бактысыздыгына өздөрүн күнөөлөп жүргөндө кайрадан чөктүрүп жатпайбызбы?!

Эми ушуга окшогон сөздөрдүн неченин угуп чоңойгон уул-кыздар, баары эмес албетте, кээ бир балдар буга окшогон сөздөр аркылуу күчтүү-эрктүү боло алышат, бирок табиятынан мүнөзү жумшак балдардын келечеги кандай болорун ата-эне катары аңдай алсак гана?! Сүйүүгө оролуп, мээримге бөлөнүп чоңойгон балдар эч качан жаман болбойт, жаман жолго баспайт. Ата-эне жөн гана уул-кызыбыздын ар кандай максаттарына тоскоол (ашыкча тынчсыздануу) болбой, колдоого алуубуз зарыл, колдой албайбызбы, анда жөн гана унчукпоону тандашыбыз керек. Ашыкча тынчсызданып, уул-кызы ишке ашыргысы келген планы же келечеги туралуу ата-эне менен сүйүнүп бөлүшсө, ата-эне ал максат ишке аша электе эле натыйжасын айтып, кыйналып каларын, баш тартышы керектигин же кыз (уул) балага ылайыксыз план экенин айтып туруп алса, ошол кыз (уул) ичинде кандай стресске кабыларын эч ким билбейт.

Бул жерде дагы деле өжөр, айтканынан кайтпаган көк мүнөз күткөн кыз болсо, эч кимди укпай максаттарына карай кадам таштайт жана ийгиликке да жетет, бирок ички духу жумшак, бош болсо, ал кыз (уул) мен ушундай жаралып калыпмын, мени эч ким колдобойт, колумдан эч нерсе келбейт деп өзүн күнөөлөгөнчө, өмүрү өткөнчө да башкаларды да күнөөлөп өтөт. Өзүн дайыма кем, акылы тайыз, кул катары эсептейт. Биз ата-энелер, уул-кызыбыздын келечеги жарык, жолу ачык, коомго пайдалуу адам болушун кааласак, алгач өзүбүздү тарбиялайлы, “бала” да деп кош көңүл мамиле жасабай, балдарыбыздын ою менен төрөлгөн күндөн баштап эсептешип, тили чыга баштаган күндөн баштап күнүгө “эмне сезди, эмне жөнүндө ойлонууда, эмне жакты, кандай оюнчук кызыктырат” сыяктуу суроолорду күнүгө эмес, саат сайын берип, кыял күчүнүн өнүгүшү, ой чабытынын тереңдетүүбүз кажет. Эркек балдарга мүнөздөрүнө жараша мамиле жасап, кыз балдарга болсо ал үйдүн куту экенин айтып, ханышадай мамиле жасасак, ал кыз турмуштун канчалык оош-кыйышына тушукса да, өзүн эч качан кемсинттирбейт, өлгүчө токмок жебейт, өз укугун, өз ордун билет.

Болду жетет эми, бир коомду, өлкөнү түптөп калчу аялзаты, намыска келели, арыбызды коргойлу. Нускалуу кебибизди айталы, тегерегибизге мээрим төгөлү, болор-болбос нерсеге ажылдап айтышпай, сабырдуу бололу, күндөн күнгө акыл чөйчөгүбүздү өстүрөлү, билим алалы, кийген кийимибизден, сүйлөгөн сөзүбүзгө чейин көңүл буруп, терең ойлонолу, элге эр азамат уулдарды, кыздарды төрөп, тарбиялай турган да биз, “айым”, “эне” деген сөзгө татыктуу бололу!

Эненин сүтү, атанын каны менен балага мээрим нуру өтөт. Ата-эне балдарына жетиштүү көңүл буруп камкор мамиле жасаса, баласы эч качан жаман болбойт! Бир убакта тагдырдын даңгыр жолунда адашышы мүмкүн, бирок сөзсүз жолун табат, мээримге сугарылып, сүйүүгө бөлөнүп чоңойгон бала тегерегине да мээрим, сүйүү нурун чачат. Кыз болсун, уул болсун – өз укугун билген, өзүн коргой алган, элине, жерине ак кызматын өтөп, бул дүйнөгө жаралышынын негизги атуулдук вазийпасын татыктуу аткарар адам болууларын кааласаңыз, анда бүгүндөн баштап, балдарыңыздар менен көп баарлашыңыздар!

Мээрим САЙДИЛКАН

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз