Назгүл Осмонова: Мас киши

АҢГЕМЕ

Бул масты өзүм күн сайын өтчү көчөдөн көрөм. Жаштыгына карабай уйпаланган жүдөө кебетеси, киртийген көздөрү, жанынан өтсөң буркураган ичимдик жыты аргасыздан андан оолактап өтүүгө аргасыз кылат. Жанынан дайым шашыла басып өтүп кетем. Ал болсо ичимдиктен тунарган, шооласы эбак өчкөн көздөрүн ирмеп ачып, шагдам кадам таштап өтүп бараткан мени узата карап калат. Кээде колуна акча карматам. Андайда үнүн чыгарбай, алкаганы болсо керек, күбүрөнүп колумдан акчаны алат да дүкөнгө кирип кетет.

Бүгүн да түйшүктүү, эмгегиң бааланышы кыйын болгон, бирок сүйүктүү жумушумдан кайтып келаткам. Маанайым суз, капалыкка оролуп, жашоонун маанисиздигин, өмүрдүн кыскалыгын, кыялдар орундалбастыгын ойлоном. Чарчоодон араң бутумду шилтеп, максатсыз жашоомду өзгөртүүгө батынбаган өзүмдү жектейм. Дүйнө бүткөндүн баары көзүмө суук көрүнөт. Ошентип баратып биздин көчөгө кайрылган узун көчөгө бурулганымда дүкөндүн алдында теңселип тааныш мас турганын көзүм чалды. Адатымча батыраак өтүп кетейин деп кадам таштадым. Тиги менден үмтөткөндөй, олтурган ордунан обдула берди. Бирок бүгүн ага тыйын-тыпыр карматуу ниетим жоктугунан, мен да шашылып өтө бердим. Артымдан тигинин сүйлөп жатканын биринчи жолу уктум:

- Байкушум десе, үйдөн кубалаштыбы? Же адашып калдыңбы? Жүрү, мени менен. Үйдө сүт бар, сага куюп берейин. Жүр, жүрөгөй. Үрпөгөйүм десе...

Таң кала артыма бурулганымда тигинин көчө четиндеги үксөйгөн жүдөө күчүктү колуна алып бооруна кысып жатканын көрдүм. Анын мага карап обдулбай эле, көчө четинде турган жүдөө күчүккө карап умтулганын билдим. Тиги мас мага эми жийиркеничтүү, самтырак, жүдөө көрүнбөй калганына өзүм да таңыркап турдум. Андан кийин күчүктү бооруна кыскан мас кишинин жанына барып, намыянымда канча акча болсо, баарын колуна карматтым. Мени таңдана караган ал теңселе басып узап баратты.

Мен болсо жолумду уладым. Жүрөктү түпөйүл кыскан ойлорум алда кайда чар учкандай тарап, көгүлтүр асмандагы апакай булуттарга суктанып баратканымды байкадым...

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Ильязова Таттыбу Кадырбековна

    Назгул эже саламатсызбы! Дайыма окуп журом чыгармаларынызды,кээ убакта турмуш менен алпурушуп,класс басканды да унута кетем. Калеминиздин сыясы эч качан тугонбосун, турмуштан алынган чыгармаларыныз менен, кыргызымдын залкар акын,жазуучуларынын катарын толукташынызга тилектешмин. Эже айта кетчуу нерсе, адам баласы ,,максат,, коюп жашаса, ошол максатына жетишине ишенем!

Комментарий калтырыңыз