
«XXI кылымдагы кыргыз адабияты» аталышындагы конкурс жыйынтыгы 25-июнь, саат 20-00дө Ruhesh TV онлайн аркылуу түз ободо жарыяланат. Шартка ылайык, аталган конкурстун калыстар курамы жана конкурска катышкан авторлордун аты-жөндөрү жалпы коомчулукка тааныштырылат.
О.э. конкурс жыйынтыгы боюнча адабий эксперттердин катышуусунда талкуу жүргүзүлөт.
Конкурс жыйынтыгын чыдамсыз күткөндөргө эскертүү: Ruhesh TV каналына алдын ала катталып коюңуздар!
Жеңүүчүлөр төмөндөгү талаптар боюнча аныкталат:
ПРОЗА
Жаңыча көркөмдүк формада изденүү
Курч сюжеттүү күтүүсүз табылга
Сөз чеберчилиги
ПОЭЗИЯ
Мазмундуу уйкаштык
Курч калем, курч ойлор
Сөз чеберчилиги
Байгелик орундар
ПРОЗА
1-орун – 50 000 (элүү миң) сом
2-орун – 30 000 (отуз миң) сом
3-орун – 20 000 (жыйырма миң) сом
ПОЭЗИЯ
1-орун – 50 000 (элүү миң) сом
2-орун – 30 000 (отуз миң) сом
3-орун – 20 000 (жыйырма миң) сом