Боордоштукту барктаган кыргыз бийлигине алкыш

Кошуна Тажикстанда таажы вируска байланышкан кырдаал кескин оорлошуп кеткендигине байланыштуу кошуна республикага жардам бергиле деген өтүнүч менен май айында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине эки ирет кайрылдык эле. Биринчисин Жогорку Кеӊештин депутаты Экмат Байпакбаев аркылуу жолдоп, экинчисин, жүздөн ашуун санаалаштардын колун коммент түрүндө топтоп, фейсбукта жарыялаганбыз.

Мына элдин өтүнүчүн жерде калтырбай, Тажикстандын Жерге-Тал жана Мургап райондоруна, ошондой эле Ооганстандагы Чоң жана Кичи-Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жибериптир. Бул кабарды уккан биздин ак сакалдуу аталар менен ак саамай энелерден баштап жапжаш улан-кыздарга чейин ушул жаӊылыкка абдан кубанып, кыргыз бийлигин алкап жатат. Жалпы жердештерибиздин атынан Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине, ошондой эле биздин өтүнүчтү Өкмөткө жеткирген Экмат Журусбекович мырзага, вице-премьер-министр Акрам Мадумаровго жана бул ишке дилгир карап, демилгени колдогон баардык замандашдарыбызга тереӊ ыраазылык билдиребиз.

Гуламидин Маматкулов

Абдил-Ахат Курбанов

Жолдош Турдубаев

Аким Кожоев

Төмөндө Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 21-июндагы расмий маалыматынын текстин келтиребиз:

“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна ылайык, 2020-жылдын 21-июнунда боордош Тажикстан Респубикасынын Тоолуу-Бадахшан облусунун Мургаб жана Жергетал райондоруна Ош облусунун Чоң-Алай жана Алай райондорунан гуманитардык жардам көрсөтүү максатында төмөндөгүдөй товардык материалдык баалуулуктар жүктөлүп, Ош шаарынан чыгып кетти. Гуманитардык жардамды жерине жеткирүү үчүн министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде ӨКМ тарабынан 9 бирдик жүк ташуучу автоунаасы тартылган:

Чоң-Алай районунан Жергетал районуна:

- 100 тонна биринчи сорттогу буудай уну;

- 2000 даана одеяло;

- 300 куту тазалык каражаттары.

Алай районунан Мургаб районуна:

- 100 тонна биринчи сорттогу буудай уну;

- 2000 даана одеяло;

- 250 куту тазалык каражаттары.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогорудагы буйругуна ылайык Афганистан Ислам Республикасынын Чоң жана Кичи-Памиринде жашап жаткан этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтүү максатында төмөндөгүдөй товардык материалдык баалуулуктар жүктөлүп чыгып кетти:

Чоң-Памирге:

- 12,5 тонна биринчи сорттогу буудай уну;

- 500 даана одеяло;

- 100 куту тазалык каражаттары;

- 5 тонна жергиликтүү күрүч;

- 1250 литр өсүмдүк майы.

Кичи-Памирге:

- 12,5 тонна биринчи сорттогу буудай уну;

- 500 даана одеяло;

- 100 куту тазалык каражаттары;

- 5 тонна жергиликтүү күрүч;

- 1250 литр өсүмдүк майы.

Аталган гумжардамды жерине жеткирүү КР ӨКМге милдеттендирилген.

https://www.facebook.com/mes.gov.kg/posts/989067871522078

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз