Абдыкерим Муратовдун эмгеги Кытайда жарык көрдү

«Марал-Эне» уламышынын ыймандык-экологиялык таалим-тарбиясы: байыркы көз караш жана алардын бүгүнкү «реформасы»

Редакциядан: Чыңгыз Айтматовдун «Ак кеме» повестинин сюжетине кошулган жана чыгарманын бүтүндөй өзөгү менен күрөө тамырдай байланышып турган Марал-Эне тууралуу уламыштын бүгүнкү күндөгү педагогикалык-этикалык, адабий-философиялык, экологиялык наркы жөнүндө биздин активдүү авторубуз, «РухЭш» сайтынын «Казына» тобунун мүчөсү Абдыкерим Муратовдун макаласы Кытайда ханзу (кытай) тилинде жарык көрдү. Көлөмдүү макалада жазуучу колдонгон миф глобалдашуу доорунда ар бир адамдын кулк-мүнөзүн, ой жүгүртүүсүн, турмуштук позициясын өзгөртүүчү кудуреттүү күч экендиги, маралдарга кол салуу ата-тегине кол салуу гана эмес, адамзаттын келечегине бөгөт коюу да экендиги айтылат.

Эмгек чет элдик адабияттарды изилдөө боюнча Кытайдагы эң башкы илимий журналга басылган (轮船》中鹿母传说的生态道德与民族教育观念 阿布德克里姆·穆拉托夫著 王孝冉译  梁坤校) жана англис тилинде кенен аннотация берилген («The Ideas of Ecological Moral and Ethnic Education in the Myth of the «Mother-Deer» of The White Ship» // Foreign Literature Studies. Wuhan China. – 2020. – vol. 42. №01. February. – 54-64.)

Журнал SCOPUS, EBSCO, MLA, ABELL, CSSCL даражасындагы илимий басылмалардын каттоосуна алынган.

Биз төмөндө ошол макаланын түпнускасын окурмандарыбызга сунуш кылабыз.

Чыңгыз Айтматов «Жомоктон кийин» («Ак кеме») повестинде адегенде эле окурманга экологиялык тарбия берүү ниетин көздөгөн, ошого жетүүнүн жолу – адамдардын  ыйманын ойготуу деп түшүнгөн. Чыгармадагы Мүйүздүү Марал-Эне тууралуу уламыш бул Момундун оозунан чыгат, тагыраагы, Айтматов Момунга айттырат, эгер аны Орозкул, же Бекей, болбосо бекерчи Сейдакмат айтканда мындай чыкмак эмес, жазуучу өзү да автордук баяндоодо айтпайт, атайын Момунга айттырат. Элдик уламышты кайра иштеп чыгып, Момундун сөзү кылып элге жеткирет. Мындай караганда Мүйүздүү Марал-Эне уламышы элдик чыгарма катары кылымдарды оодарып, акыры ушул калыбында бышат, анан жазуучу андан ары тереңдетет, ошондон соң гана Момунга өтөт. Момундан бала жана окурмандар – биз угабыз. «Миф – бул чийкизат (сырье). Бул элдин аң-сезиминин камыры», - дейт Ч.Айтматов жана өзү ошол камырды ийлеп ишке салат, мисалы, ал «Гүлсаратта» мергенчинин ырын элдик фольклор катары бир ыкма катары гана колдонгон болсо, «Ак кемеде» фольклор концепция, чыгарманын негизги өзөгү катары киргенин айтат [1].

Элдик этикага ылайыкталган жомок сюжет жана композиция түзүүчү функцияга көтөрүлүп чыккан да, чыгармада бийик концептуалдык мааниге көтөрүлгөн. Марал-Эне тууралуу мифтин башаты, анын тарбиялык функциясы кайдан чыгып, чыгармага кайдан жүрүп кирип келди деген табийгый суроо чыкпай койбойт. Анын башаты кыргыздын бир чоң уруусунун келип чыгышы, ошол уруудагы адамдардын түпкү теги кайдан экендигин туюндурган уламышка барып такалат.

Кытайлык тарыхчы, фольклорист Макелек Өмүрбай мындай жазат: «Кыздын башында Маралдын мүйүзүндөй кичине мүйүзү бар имиш.

Бир күнү баягы эки мерген аңга чыгып келгенде «Мүйүздүү кыз» «бүгүн бир балаа бар» деп турат экен. Ал күнү алар жалкы мүйүздүү ак Марал атып келген экен, ал кыздын бир тууганы имиш. Дагы бир күнү Кермаралды атып келишиптир, анда кыз ошол маралдын эмчегин эмип ыйлаган имиш. Көрсө, ал кыздын энеси экен. Кыз эки мергенди каргаган имиш.

Кийин «Мүйүздүү эне» болуп калат экен. Баягы «Марал кыз», анын эки күнүсү бар экен, «Мүйүздүү эне» башын жууганда, аларга: «Кир суусун таза жерге төккүлө» деп турчу экен. Бирок алар анын касиетин билип калышып, «Мүйүздүү эненин» чачынын кир суусун ичип, калганын бойлоруна сүрүшүп жүрчү экен. Ошого алардын тукуму көбөйүп кеткен имиш.

«Мүйүздүү эне» өлгөндө сөөгүн муздагыча ак боз үйгө коюп койгон жеринен кайберен болуп кубулуп тоо таянып кеткен имиш.

Азыркы кыргыздардын бугу уруусу ошол «Марал эненин» тукумдары болгондуктан «бугу» аталып калган имиш» [2].

Бул этнологиялык миф кыргыздардын тотемдик түшүнүктөрү элдин аң-сезими менен тыгыз байланышып турганда эле пайда болгон. Мифтаануучулар ар дайым мифчыгармачылыгы адамзатты тарбиялоо үчүн, аларды оң жолго баштоо үчүн чыгарылып келгендигин жана кийинки жазуучулардын байыркы мифтерге кайра-кайра кайрылып турушунун себеби да эзелки адамдардын ыймандык түшүнүктөрү менен азыркы адамдарды күзгү кылып карашарын айтып келишет. Андай болгондо бул мифтер да кылымдар бою адамдардын теги кайда экендигин, адам кайдан пайда болгондугун ар бир мүнөт сайын алардын кулагына күмүш сыргадай шыңгырап айтып турат. Марал, бөрү, жору сыяктуу уруулар ошол адамдарды түпкү аталарына алып барат жана адамдарды бири-бири менен бир тууган экендигин сездирип, ынтымакка келүүгө, жан-жаныбарлар менен бир туугандай ымалада болууга чакырык таштайт.

Макелек Өмүрбай келтирген мисалда бугу уруусундагылар түздөн түз эне жактан жаныбардан – Маралдан тарайт, демек, алардын канында Марал бар, ошол эле кезде алардын эң алгачкы энеси өлгөндөн кийин жасаты жок, көмүлгөн жери жок, кайып болуп, кайберенге айланып кеткен. Демек, ал азыр да өз тукумун колдоп, аларга пир болуп тирүү жүрөт. Кыргыз элдик дастандарындагы кайберен атып күн көргөн Кожожаштын аскада камалып өлүшү, Карагул мергендин далай бугу, марал атып жүрүп, акыры чегинен чыкканда ошолорду атам деп жалгыз баласын атып алышы – бул жөн гана даяр сюжеттер эмес, бул – өз энесине кол көтөргөн адамдын трагедиясы, бул – кийинки муундарга насыят-эскертүү. Ушу бүгүнгө чейин кыргыздар мергенчилик кылып кырсыкка кабылгандарды «кайберендин көз жашы», «кайберендин каргышы» дешет. Кыл мергендер эч убакта кайберен тукумун бооз учурда, же төлдөп атканда, же майда чаарчык кезинде атпайт, кайберен чуркаган (ашкан) кезде эркегине кол салбайт, аларды тирүүлөй кыйнабайт, жапайы жырткычтарга жем боло турган кырдаал болуп калса, аларды үркүтүп ажыратып коёт, ошол эле кезде керегинен ашыкча өлтүрбөйт, «кусуру урат» деп коюшат.

Ч.Айтматов ошол уламыштарга кайрылган. «Ак кемедеги» Марал-Эне окуясы Эне-Сайда болуп жатпайбы? Эмне үчүн мындай? Эмне үчүн жазуучу Марал-Эне баянын Сибирге алып барды? Көрсө, буга да тарыхый, этнологиялык негиз бар экен.

Кытайдын Тан доорунда (б.з.ч. VII-VIII к.) теле (төлө) уруусунда пугу деген уруу болгондугу жазылып калган [3]. Ал этноним азыр кыргыздар арасында сакталгандыгы (бугу), хакастарда да бар экендиги (пуг’а), аларда Пуг’алар аалы улусу болгондугу, булардын түпкү теги пуг’у (бугу) дегенден келип чыккандыгы, хакастарда эркектерге Пуг’а, Хара Пуг’а ж.б ысымдар коюлары, Эне-Сай рун жазууларында (С.Е.Маловдуку боюнча №50) Буг’а адам аты катары көрүнөрү («Буг’а эр аты» – «Бугу арал эр аты»), XII-XIV кылымдагы уйгур эстеликтеринде, хакас фольклорунда да кеңири учурары айтылат [4].

Советтик белгилүү кыргызтаануучу жана алтайтаануучу тарыхчылар, археологдор С.В.Киселев, Л.П.Потапов, К.И.Петров, Л.Р.Кызласов, Д.Т.Савинов, Ю.Худяков азыркы Алтай аймагынан кыргыздарга байланыштуу көп белгилерди тапкан, тилдик жактан С.Э.Малов, Э.Р.Тенишев андай маалыматтарды берген.

Ал баян кыргыздардын ата-бабасы Эне-Сай деген жерде жашаган учурда болгон, ал мезгилдин эң башкы белгилери: эр өлтүрүү эрдик саналат; адам каны суудай агат; адамды адам тукум курут кылмай заман; бөрүдөй тытышкан; эл тукуму сооло берген; кырк уруу бирин бири мойсоп турган, адамдардын акыл-эси канга уугуп турган ж.б.

Дал ушул учурда Тайгада бир куш пайда болот да, ал «Алаамат болор» деп таң атканча боздоп чыгат. Бул куш эмне деген куш? Анын эскертүүсү эмне деген эскертүү? Бул адамдардын жашоосунда кан, бири-бирин өлтүрүү, элдин тукумун азайтуу иши күчөп кеткен үчүн жиберилген эскертүү эле. Кийин да Момун менен Орозкул жашаган доордо да ушундай адамдардын бири-бирине кыянатчылыгы күчөп кетти, аларга эскертүү келе баштады. Ошол куш айткандай эле ошол күндөрдө алаамат болуп, өлүк көмүү салты бузулду. Эл башкарган, журт коргогон баатырдын сөөгүн ошо күнү коймок. Анын расымы: «сөөгүн өөдө көтөрүп, төгөрөктүн төрт тарабына көрсөтмөк: «Алдыңда өзөнүң калды жайкын. Yстүндө Теңир ээлеген көгүң турат. Өзөктүү өз тукумуң, калың журтуң сөөгүңдү көтөрүп, башын ийип астыңда турат азалуу. Жаткан жериң жайлуу болсун, топурагың торко болсун!» Ошентип баатырдын сөөгүн жерге берип, көрүнүн башына өткөндөгү баатыр Ата, баатыр Бабалардын жолун жолдоп, чулу корум таштан Таш-Баба орнотмок» [5:306].

Ушул күнү кыз-келиндер чурулдап кошок кошуп, уландар жер дүңгүрөтө өкүрүп коштошмок, баатырдын кара ашына чалынар төрт түлүк мал тогуздап байланып турду. Мындайда эл башына күн түшүп, эл баатырын жерге берер учурда эч качан сырткы жоо басып кирбейт эле. Бул жолу ошол салт бузулат. Жер талаш, бийлик талаш, адам өлтүрмөй болуп «Эне-Сай кыргызынын каны кызыл-жаян болуп агат, жээк бойлой тигилген үйлөр чатырап өрткө кетет», «кыргыз бар беле, жок беле билинбей, бырыксыган күл, каңырсыган жыт калат». Бул кыргыз уруусунун чоң трагедиясы, бир уруунун жер үстүнөн жексен болушу эле. Ушу менен кыргыз деген ат өчмөк. Тарыхта мындай аты өчкөн уруулар, а түгүл элдер, улуттар эчен жолу болбодубу. Кыргыздын күнү да ошондо тамам болмок да, анда Момун да, Орозкул да, Сейдакмат да болмок эмес, а түгүл «Ак кемедеги» бала да, анан матрос атасы да болмок эмес. Анда Ысык-Көл, бул ажайып кооз корук башка элдин энчисине тиймек…

Кудай жалгап, улуу кыргыз кыргынынан бир кыз менен бир эркек бала калыптыр. Балалык кылып алар да жоо артынан барганда биринчи болуп душмандардан нан сурап барганда, алар болсо кан кууп келиптир деп качып, анан ханы: «Бул экөөн Тайга токойго алпаргын да, кыргыздын аты чыккыс, үнү угулгус кыл. Экинчи «кыргыз» деген сөздү кулагым чалбасын. Кыргыз тукумуна жер үстүндө орун жок, түбөлүк аты өчсүн!», - деп мындай ишти кыйшаюсуз аткарган Майрык-Чаар-Жезкемпирге тапшырат. Анан ал эки баланы ээрчитип алып Эне-Сайга кайрылат. Анын кайрылуусу: «…эки көздүн эки чечекейиндей болгон мобу адам баласын муздак койнуңа ал. Жер үстүндө ал экөөнө орун жок. Аны сага айтып-айтпай эмине, өзүң көрүп турасың. Жылдыздар адам болсо көккө батмак эмес, балыктар адам болсо сууга батмак эмес. Аны сага айтып-айтпай эмине! Эмесе, ач койнуңду, ал эки наристени, алып кет. Бу жексур дүйнөдөн экөө чырымталында кетсин, абийири таза, дили ак, арамдыкты биле элек, арам ойго кире элек периште чагында кетсин. Ач койнуңду, ал эки периштени» [5:310]. Мына ушул кайрылуу повесттин бүтүндөй лейтмотивинде кайра-кайра жаңырып турат. Эгерде жакшылык Марал-Эненин бешигиндеги жылаажын үнүндөй жагымдуу шыңгырап турса, жамандык, кыянаттык Майрык-Чаар-Жезкемпирдин Эне-Сайга айткан үнү болуп жыңырып турат. Адамга, адам баласына, адамзатка ушундай да катуу сөз айтылабы: эгер адамдар жылдыз болсо көккө батмак эмес, балык болсо сууга батмак эмес турбайбы. Адам бирин бири өлтүрүүгө, кырууга жаралган тура. Муну ошол жомок окуясы, кийинки кардон турмушу да ырастап бербедиби.

Майрык-Чаар-Жезкемпирдин Адам концепциясы, Адам философиясы адамзаттын тарыхында эчен курдай далилденбедиби, адам баласы жалаң кыргын, сүргүн, согуш, террорчулук менен өз тарыхын толтуруп салды. Эне-Сайдагы Майрык-Чаар-Жезкемпир өзү күбө болгон жана адам тукумунун келечегине прогноз берген нравалык негизи жер талаш, байлык талаш менен байланышып калган социалдык-адептик драма мында XXI кылым ичинде да токтоп калган жок, кайра-кайра жаңыча өңүттө, жалпы ааламдык масштабда улам кайталанып көрүнө калууда. Анын бир сабагын сабатсыз Момун чал өз небересине санаттап, кулагына кумдай куюп отурат, жок дегенде ушул бала туура өсүп, туура жүрсө экен деп эңсеп турат. Чыгарманын мааниси да ошондо жатпайбы, жазуучунун: «…ар бир чыгармасында миф карандай эле миф бойдон калбайт, булар жазуучунун көркөм ой аң-сезиминде өзүнчө бир бүтүн параболалык системаны түзөт. Аз сандуу элдин, аз сандуу улуттун турмуш чындыгын сүрөттөө негизинде Чыңгыз Айтматов азыркы замандагы, XX кылымдагы адамзат баласы келип капталган эң түйүндүү проблемаларды көтөрөт. Дал ушул көркөмдүк максатты иш жүзүнө ашырууда параболалык образ системасы, мифологизм жазуучунун көп тараптуу сүрөттөө мүмкүнчүлүктөрүнүн орчундуу бөлүгүн түзөт. Миф өзүнүн байыркы дүйнөдөн бери келаткан касиет-сапаттарын сактоо менен бирге, ал азыркы реализмдин эң бийик үлгүлөрү менен бирдиктүү, гармониялуу эстетикалык асылнарк жаратууга жөндөмдүү экени талашсыз чындыкка айланды» [6]. Ушундан улам мынабул көркөм параллелдерге көңүл буруңуз: биринчиси, Адамзаттын башаты – мифологиялык доор болсо; экинчиси, дагы эң алгачкы жолу Адам-Ата менен Обо-Энеден адам жаралган жер – Алтай; үчүнчүсү, Эне-Сайдын башаты – Алтай; төртүнчүсү, кыргыздардын бугу уруусунун түпкү Мекени ошол Алтай жана Эне-Сай; төртүнчүсү, «Ак кеменин» башкы каарманы баланын башкы жомогунун башаты да Эне-Сай, Алтай тараптар. Караңыз: периште, таза бала жана адамзаттын балалык доору. Бул жазуучунун этикалык-педагогикалык идеяларынын бийиктиги, салыштырууларынын масштабдуулугу, ассоциацияларынын философиялык жактан тереңдиги. Ошентип, жер бетинен кыргыз уулу менен кыргыз кызы жок болордо Мүйүздүү Марал-Эне келе калат. Анын биринчи эле оозун ачкандагы айткан сөзү: «Ашыкпа, акылман эне, күнөөсүз балдарды жайлаба». Муну караңыз, Майрык-Чаар-Жезкемпирди «акылман эне» деп отурат. Ошол акылман эне балдарды периште бойдон, күнөөгө малына элек кезиңерде бул дүйнөдөн кеткиле деп атпайбы. Көптү көрүп, көп билген Майрык-Чаар-Жезкемпирдин ою боюнча адам туулдубу, жашайбы, демек, ал бузулат, ал булганат, ал күнөөгө батат. Куду эле Эне-Сайга секирип өлчү бала жана кыз менен кийин-кийин эчен кылым өткөн соң өзүн сууга таштап ийип, физический өлүмгө өзүн кыйган «Ак кеменин» баласынын ортосунда көрүнбөс жиптер байланыштырып, туташтырып турат. Биринчи учурда Эне-Сай боюнда бала менен кыз аргасыздан өлүмгө буйрулса, экинчисинде Ысык-Көл боюнда бала өзүнө өзү башка жол таппай, ыймансыздыктан көңүлү кайт болуп, анан жанын кыйды. Эгерде биринчи учурда наристелерди өлүмдөн куткаруучу күч (Мүйүздүү Марал-Эне) келип, ажал оозунан адам балдарын сууруп чыкса, адамзаттын балалык доорунда куткаруучу күч бар болсо, биздин доорго келип наристени өлүмдөн куткарып алар күч табылбай, ажалдын оозунан адам баласын эч ким сууруп чыгып кете албай калды, а түгүл буга элдик тарбиянын эчен-эчен ууз сүтүн ичирип, эмчегин эмизген Момун таятасы да жараган жок.

Байыркы уламыштагы баянда Марал-Эне менен Майрык-Чаар-Жезкемпирдин диалогу накта элдик педагогикалык негизге таянылган жана повесттин финалына чейин чыгарманын кан тамырында кагып барган сүйлөшүү деп атоого анын көркөм-эстетикалык, тарбиялык күчү негиз берет.

Майрык-Чаар-Жезкемпир менен Марал-Энени сөзү мындай жүрөт:

« – Каалагының эмне, Марал-Эне?

- Балдарды коё бер, акылман эне. Сенден сураганым, ушул эки чүрпөнү мага бер?

- Буларды эмне кыласың?

- Адамдар эгиз музоомду атып өлтүрүштү. Балдарымдын ордуна бала издеп жүрөм.

- Ушу балдарды эмизип багып алам дейсиңби?

- Ошентем, акылман чоң эне.

- Жакшылап ойлондуңбу, Марал-Эне? – деп күлдү Майрык-Чаар-Жезкемпир. – Булар деген адам баласы! Чоңоюп алып, өзүңдүн бугучаларыңа ок атат, ошону ойлодуңбу?

- Чоңойгондо булар бугучаларыма кол көтөрбөйт, - деди маралдын умай энеси. – Мен буларга эне болом, булар мага бала болуп калат. Анан кантип өз ага-карындаштарына жамандык санасын?

- О, кең пейил Марал-Эне, адам деген кандай экенин али билбейт турбайсыңбы! – деп башын чайкады Майрык-Чаар-Жезкемпир. – Адамдар кайберен эмес, бирин бири аябайт. Сөзүмдүн актыгын өз көзүң менен көрөрсүң, өз мойнуң менен тартарсың деп, бул эки жетимди сага берип деле коёр элем, бирок башка адамдар көрөр замат бул эки кичинекей адамды өлтүрүп салат. Анда булардын да азабын тартып, сага эмне күч келди?

- Эч ким таппас алыс жактарга алып кетем бу балдарды. Аясаң, акылман чоң эне, коё берсең. Өз балдарыман кем көрбөй асырайын, жетимдерге эне болоюн... Желиним сүткө толуп ооруп турат. Бала деп сыздап турат ак сүтүм. Бала деп ийип турат ак сүтүм...

- Кантейин, болуптур, - деди ойлонуп туруп Майрык-Чаар-Жезкемпир. – Сурап калдың, бирок тез кет буердин. Жетимдерди алыс жерине аман жеткир. Жок, эгер аякка жетпей жолдо өлсө, же каракчылар жайласа, же өздөрү чоңоюп алып, ак сүтүңү унутуп, адамдык арамдыгына кетсе, өзүңөн көр!

Марал-Эне Майрык-Чаар-Жезкемпирди алкап узатты да, анан уул бала менен кыз балага айтты:

- Балдарым, мына эми мен силердин энеңермин. Мен силерди ак кардуу алкак Ала-Тоосу бар, күмүштөй Теңир-Тоосу бар, боордо токой-чери бар, ортосунда Ысык-Көлү бар жерге алпарам. Кыргыз тукуму курут болуп кетерде экөөң элдин атын өчүрбөй кайра тукум улансын, укум-тукумуна мекен болсун деп мен ал жерди теңирден сурап алдым» [5:311].

Чыгармадагы бүтүндөй идеянын жүрөгү жайгашкан бул баарлашууда адамзаттын тарыхына сарсанаа болуу да, энелик мээримдүүлүк да, адамга ишеним да, ишенбөөчүлүк да болгон менен барып келип кыргыз тукумун сактап калуу маселеси оң жагына чечилет. Аны үчүн Майрык-Чаар-Жезкемпирдин эскертүүлөрү: «чоңоюп алып, өзүңдүн бугучаларыңа ок атат»; «адамдар кайберен эмес, бирин бири аябайт»; «башка адамдар көрөр замат бул эки кичинекей адамды өлтүрүп салат»; «булардын да азабын тартып, сага эмне күч келди»; «жолдо өлсө, же каракчылар жайласа, же өздөрү чоңоюп алып, ак сүтүңү унутуп, адамдык арамдыгына кетсе, өзүңөн көр».

Майрык-Чаар-Жезкемпирдин койгон шарттары: «тез кет буерден»; «жетимдерди алыс жерине аман жеткир».

Ал эми Марал-Эненин суранычы: «балдарды коё бер»; «ушул эки чүрпөнү мага бер».

Марал-Эненин максаты: «балдарымдын ордуна бала издеп жүрөм»; «мен буларга эне болом, булар мага бала болуп калат»; «кыргыз тукуму курут болуп кетерде экөөң элдин атын өчүрбөй кайра тукум улансын» деп аман алып калуу; «укум-тукумуна мекен болсун» деп жерди теңирден сурап алуу.

Марал-Эненин ишеними: «кантип өз ага-карындаштарына жамандык санасын».

Марал-Эненин Майрык-Чаар-Жезкемпирге берген убадасы: «эч ким таппас алыс жактарга алып кетем бу балдарды»; «өз балдарыман кем көрбөй асырайын, жетимдерге эне болоюн».

Демек, Марал-Эне жөн гана табийгый эне, ак сүтүн эмизип, ак бешикке салып, белине көтөрүп алыс жерге алып келген физический күч, кадыресе эне гана эмес, ал Ыйык Эне, бүтүндөй бир урууну сактап калып, аларды жер талаштын, байлык талаштын чеңгээлинен куткарап калып, руханий жактан да, дене жактан да, табият жактан таза жерге алып келген, жок жерден пайда болуп калган касиеттүү эне. Анын энелик кудурет-күчүн карабайсызбы, адамдар эгиз музоосун атып өлтүрсө, бул болсо ошол адамдардын эки баласын багып алайын, ак сүтүмдү берип асырайын, атылган балдарымдын ордуна бала кылып алайын деп атпайбы. Кыргыздардын «атаңды өлтүргөнгө энеңди бер» философиясы ушундайдан келип чыгып атат. Марал-Эне адам менен табиятты, асыресе адам менен өзүн, өзү аркылуу бүтүндөй айлана-чөйрөнү бир тууган кылып койсом дейт. Ошон үчүн өз бугучалары менен адам баласы эмчектеш болуп калсын дейт. Марал-Эненин «Желиним сүткө толуп ооруп турат. Бала деп сыздап турат ак сүтүм. Бала деп ийип турат ак сүтүм» деген сөзү жөндөн жөн чыккан жок. Ал эң оор кылмыш кылган душманы адам менен энелик келишим түзгөнгө, контактка чыкканга даяр. Даяр гана эмес, биринчи сунушту адамга өзү айтып жатат. Аны үчүн кыргыз элдик педагогикасында «эмчектеш» деген түшүнүк бар, жазуучу ошону алып келди. «Манас» дастанынын «Семетей» бөлүмүндө эл-жеринен куулуп баратканда Чыйырды, Каныкей кичинекей Семетей менен Байтеректин түбүнө жатып калат. «Түн ичинде атасынан баласына чейин колдоп жүргөн пир – он эки айры ак марал келип, кундактагы баланы туягы менен чапкылап ойготуп эмизет. Семетей кундагынан суурулуп эмгектеп кетет. Аны туйбай калган Каныкей, баланы кундагынан таппай, кайгысынан өз жанын өзү кыймак болот. Чыйырды: - Манас дагы бала кезинде кээ бир түнү ушинтип кайып болуп кетүүчү, изде дейт. Аңгыча таң атып жерге жарык түшүп, Семетей кеткен жактан изи көрүнөт. Анын эки колу тийген жер коломто сындуу оюлуп, эки тизе тийген жер кол арык болуп бөлүнүп калган экен. Изди кубалап чуркап барган Каныкей Семетейди ак марал эмизип турганын көрөт, ошол учурда ак марал кайып болуп кайда кеткени билинбейт. Семетейге арбак конуп, алты миң эрдин сүрү пайда болуп калган экен» [7].

Элдик эпостогу баатырлар тукумун атасынан баласына чейин колдоп, пир болуп жүргөн он эки айры Ак марал бул жөн эле табияттын бир макулугу, жөнжай тиричилик кылып жүргөн жапайы жандык эмес, ал мифологиялык күч, аны менен кошо ачкалыктан өлүм алдында жаткан наристе балага аталардын арбагы келет, алты эмес, алтымыш эмес, алты миң эрдин сүрү кошо келет. Аны бала маралдын эмчегиндеги ак сүтү аркылуу өзүнө сиңирет, дарыланат. «Эмчектеш» деген сөздүн түбү «эмчек», андан да уңгусу «эм». «Эм» деген кыймыл-аракетти билдирген сөз менен «эм болуу», «эмдөө», «эм-дом» дегендей «дарылоо», «айыктыруу», «сакайтуу» деген сөздөрдүн түп жагы бирдей сыяктанат. Эпосто да, айтматовдук уламышта да адам баласы менен марал баласы эмчектеш. Эмчектештер кандай гана шартта болбосун бир туугандар болот, алардын биринен бирине нике буйрубайт, бирине бири акаарат сөз айтпайт, бир эненин эмчегин эмген балдар ушул бүгүнкү күнгө чейин бир тууган статусуна ээ болот. Ал эми бөтөн бирөө ар кандай шарт-жагдайга ылайык өз энесинен башка эненин эмчегин эмсе, ал ага акыретке чейин эне болот, эне-балалык милдеттерин алар ар дайым сактоого милдеттүү болот.

Ч.Айтматовдун Марал-Энеси да ошентип адам балдарын өз балдары менен эмчектеш кылып, анан өз балдарынын ордун бастырып, ал балдарды эчен азап-тозоктор менен Теңирден сурап алган жерине – жапан, таза жаратылышка, адам буту баса элек, демек, булгана элек жерге алып келет. Жолду катар ак сүтү менен багып, жакшылыгы жок адамдардан алып качып отурду. Ошентип Марал-Эне энелик да, пир-колдоочулук да кызматын аткарды, кыргыздын бир уурусуна жер бетинде жашоого укук алып берди, ал гана эмес, аларга ыйык эне болду, жаңы мекен – жайлуу жер таап берди, «жер тилип, эгин эккиле, мал багып, балык уулагыла» деп аларга шарт түзүп берди. Булар эски мекенинен жаңы мекенине эне тилин алып келишти, Марал-Эне болсо «эне тилиңерди укум-тукумуңар унутпасын, эне тилинде эл-жерин даңазалап ырдап жүрсүн» деген суранычын кулактарына куйду.

Марал-Эненин кызматы ошону менен эле бүтүп калбады. Эне-Сайдан келген эки бала эр жетип, үйлөнүп балалуу болгон кезде, алар жардам сурашты, мындай коркунучтуу да, кубанычтуу да күнү булардын энеси кайрадан келди: «Ошондо алыстан-алыстан жылаажын үн угулду. Шыңгыраган таттуу үн жакындагандан жакындады. Анан маңкаңдай чуркаган Мүйүздүү Марал-Эне жетип келди. Куру келбей, он сегиз айры мүйүзүнө бешик илип келди. Ак кайыңдан жасалган ак бешиктин туткасында күмүш жылаажын шыңгырайт» [5:313]. Бешик алып келүү – бул эненин биринчи милдети. Ушул бүгүнкү күнгө чейин эне балдары биринчи балалуу болгондо бешик алып келет. Марал-Эне балдарын сактап, жайлап, үйлөнтүп коюп, парызын бүтүргөн жок, ал энелик милдетин андан ары улантты. Бешик – бул улануунун символу. Жазуучу айткандай Марал-Эненин жылаажыны азыр да көлдүктөрдүн бешигинде илинүү, мукам үн чыгарып шыңгырап турат. Салт сактагандар азыр да баланы бешикке бөлөп жатканда «Марал-Энеңдин бешиги, жатагой, балам, жатагой» дешет.

Эгерде элдик турмушта бешик ушундай ыйык буюм, бабалардан калган табарик болсо, «Ак кеме» повестиндеги бешик биринчи учурда – мифологиялык притчада кайберен эне өз демилгеси менен алып келген жана адамдар андай болушун биринчи көргөн предмет болсо, экинчи учурда азыркы турмушта – ал башкы каарман бала үчүн качандыр бир кезде Орозкул менен Бекей таежесине кайберен алып келип берүүчү үмүт-тилек. Бешик баланын түшүнүгүндө өзү эле келбейт, аны үчүн Марал-Энеден сурануу керек, жалынуу керек, баарынын да таза жүрүү керек. Ошол таза жүрүү, ыймандуу болуу гана – Марал-Эненин бешигине жетүүнүн бирден бир жолу. Мифологиялык сюжет бул жерден адамдарды тарбиялоонун атрибутуна айланды.

«Ак кемеде» дал ошол мифологияны иштетүүнүн бир нече зарыл принциптери аткарылган. Алар жогоруда автор өзү белгилеген: байыркы мифологиялык катмар менен азыркы цивилизация жолундагы байланышты табуу билүү; улуттук салттардан жана улуттук эстетикалык-этикалык эрежелерден чыгуу жана аларга жалпы адамзаттык гуманисттик баалуулуктар менен мамиле кылуу; болумуш, уламыш, жомок дегендердин жүрөккө жакын идеяларын алып чыгуу; мифологияга кылдатчылык жана диалектикалык жол менен сүрөткерче жана педагог катары кароо; «уламышты текстке айкаша тургандай кылып кайра түзүү». Мына ушундай чыгармачылык иштөөлөрдөн өтүп, философиялык, этикалык функцияга ээ болгондо гана мифология атом сыяктуу күчкө ээ болот, «Ак кеме» повестинде Марал-Эне тууралуу аңыз мына ошондой чоң кудурет-күчкө жетишкен. Бугу уруусунун келип чыгышы тууралуу этиологиялык миф ошол эле чыгармадагы эки эненин – Майрык-Чаар-Жезкемпир менен Марал-Эненин ошол эле уруунун келечеги тууралуу эсхатологиялык ой жүгүртүүсүн кийинки турмуш, адамзаттын соңку жүрүм-туруму далилдеп таштабадыбы, жомоктун моралы окурмандар үчүн ошол эки көрүнүштү – байыркы менен азыркы учурду ыймандык аспектиден салыштырууда жатпайбы.

Мындай караганда баары нормалдуу, баары өз жолу менен, өз-өз сый-урматы менен келе жатат. Байыркы жомоктун моралы кыйшаюусуз аткарылууда да, Майрык-Чаар-Жезкемпир айткан адам азырынча чыга элек. Анан бузулуу кайдан келди да, ким баштады?

Айтматов көркөм адабияттын традициясынан бир топ бурулуп, атайын, накта дидактикалык маанидеги төрт насаатты айтып кетет жана аны китепте полиграфиялык ыкма менен кашаанын ичинде, тексттен бөлүп туруп, курсив менен терип көрсөтүшөт. Алар карыялардан калкка насаат катары ибаратталып келаткан мындай моралдар:

●     «Адам акылынын жаркыны өчүп, дүнүйө тепкен кесири башынан ашса, арты жаман, кесепети калайман журтка тийет».

●     «Ырчылар ой-маңызын унутуп, карандай сөз кубалап калганда ыйык ырдын кусуру урат».

●     «Байлык адамды эсиртет, эсирген адамдын кесири көпкө тиет».

●     «Акчанын арааны жүргөн кезде адалдык орун таппай чыркырап калат».

Мына ушул төрт сөз повестте ким тарабынан айтылып жаткандыгы, мисалы, Момун небересине айтып жатабы, карылар жаштарга айтып атабы, жомокто ушундай нерсе барбы, же «Ак кемени» жазып жаткан автордун кошумча кыстырмасыбы, ар кандай түшүнүп, ар кандай кабыл алууга болот. Башкысы – мунун ыймандык тазалыкка чакырып жаткан күчүндө, атайын мурдагы муундун кылымдар бою топтогон тажрыйбасын кийинки муунга нускалап бергендигинде.

Марал-Эненин адамдарды сактап калган айкөлдүгү, энелиги, ыйыктыгы ошол өз балдарынын байлыкка, бийликке жеткендигинен чыкпадыбы. Эне салтын ыйык тутуп келген бугулуктардын биринчи бузулуусу – жылкысы сан, кою түмөн, бугулук бай кишинин каза болгон күнү расмий катталат. Балдары ат жеткен жердин баарынан эл чакырып, миң бир жүз бой үй тигилет, сандаган желе бээ байланып, союлган малга эсеп жетпейт, Кашкардан мейис, Ташкенден күрүч алып келишип чоң аш берет. Алардын максаты бирөө гана – даңкын чыгаруу. Ошентип баягы Эне-Сайда өлбөй тирүү калган жаш бала менен жаш кыздын Марал-Эне алып келген тукуму мал-мүлккө манчыркап, кесири башынан ашат. Кыргыз элдик педагогикасында кесир кылсаң кусуру урат деген түшүнүк бар. Бул адамдарды сарамжал, үнөмдүү болууга тарбиялаган этнопедагогикалык каражат болгон. Нанды кесир кылбагыла, тоону кесир кылбагыла, сууну кесир кылбагыла, бей-бечараларды кесир кылбагыла дешет, б.а. бир нерсени көп көрүп, кор тутсаң, ошонун эми азабын тартасың дегендик. «Кесирдүү башка келген бактыны кетирет», «Кесирдүүдөн кез бою кач, жалакордон жаа бою кач», «Чөптү кор кылсаң көзгө зыян», «Тамакты кесир кылсаң ачкадан өлөсүң», «Кесирдүүдөн келте оорудай кеп чыгат», «Кесирлүү ооздон кесепеттүү сөз чыгат» деген сыяктуу макалдар чыгарылган. Кесирдүү адамды бүт элди кырып салар келте оору менен салыштыруу, андайлардан алыс жүрүүгө жаштарды чакыруу кыргыз элдик тарбиясынын бир бөлүгү болгон. «Манаста» жамандык кылсам жашымда, жаныма тиер кусуру» деген саптар айтылат. Мына ошол адамдын кесири эң биринчи болуп Марал-Эненин ишенимин өлтүрүп, Майрык-Чаар-Жезкемпирдин адам тууралуу жаман оюн ырастады.

Экинчи учурда адамдарды ыйык ырдын кусуру урду. Жогорудагы ашта элдин эрмеги болгон, элдин этнопедагог-тарбиячылары болгон ырчылар «аш берген уулдар мингизген аттарды алчыланта минип, кийгизген бейкасам чапан, суусар тебетейлерин жасана кийип», парага сатылып, күн-түн дебей сөздөн сөз ылгап, тигилерди мактап, калп айтып, даңазалап ырдайт, демек, алар дүйнө-мүлккө алданып, ой маңызын унутуп, карандай сөз кубалап, калпты ырдап калат да, аларды ыйык ырдын кусуру урат.

Буга да ыраазы болбой аш берген балдар атабыз бугунун тукумунан эле, анын күмбөзүнө бугунун мүйүзүн белги кылып коёбуз деп чыгат. Демек булар байлыкка эсирет. Эсирүү акыр түбү кусур алып келерин алар ойлоп да койбойт, кайдан ойлосун, байлык десе байлыгы, бийлик десе бийлиги бар. Анан калса Адам-Ата менен Обо-Энеден бери мындай аш бербегенин тиги маңдайындагы ырчылар айтып отурбайбы, миң бир жүз өргөгө батпаган калайык калк айтып отурбайбы. Ошон үчүн булар эң биринчи өз энесине кол көтөрдү – он сегиз асый бугуну өлтүрүп, анын мүйүзүн бейит башына койду. Булар эсиргенден, кесирлүү ишти баштап бугудан ким өлсө, бир бугуну кошо өлтүрүп, анын мүйүзүн күмбөзүнө коюу ырасымын практикага киргизип, бугу аттуунун жана анын мүйүзүн өлүк адамдын көрүстөнүнө коюунун эстефетасын баштап, старт берди. Аксакалдардын айтканына көнбөй бай атасына кесирлүү урмат көрсөткөн көпкөн балдар: «Атылган бугу биздин жердин бугусу. Биз ээлеген жердеги кыбыраган жандыктын баары биздики. Өз жерибиздин макулугун эмне кылсак, өз ишибиз, силердин тиешеңер жок! Жоголгула!» - деп, өз билгенин кылышат. Алар үчүн Марал-Эненин ыйыктыгы да, пирлиги да, кайберендиги да, жок болор кезде тукумун сактап калган кызматы да жоголду. Алар үчүн Марал-Эне тууралуу уламыш эски жомок, кийинки орозкулчулуктун башаты ошол байдын балдарында жатат. Орозкул айтып атпайбы: «кайдагы кудайым тааныбаган маралды кеп кылышат. Илгерки эл ишенчү экен маралдын жомогуна. Ошончолук кем акыл, караңгы болгон экен да илгерки эл, арга жок күлөсүң! Азыр болсо баары маданияттуу, баары билимдүү! Баланын жомогуна азыр ким муктаж». Ал эми ошол жомоктун алып жүрүүчүсү Момунду Орозкул тилдегини, коркутканы: «баягы жомогуңду дагы баштадыңбы», «өз жомогуна өзү ишенген санда жок чал», «бай-манаптын жомогу... илгери элди эзген бай-манаптар караңгы кедейлерди коркутуш үчүн ойлоп тапкан», «муну үчүн жазчу жерге жазып жиберсем, сөөгүң түрмөдө чирийт». Демек Момундун идеалы, аруу туткан ишеними, көкүрөгүндө сактап келген ыйык сөзү Орозкул жана орозкулчулук үчүн кайра Момундун өзүнө муш, өзүнө компромат, бумеранг. Бул идея, уламыш, жомокторду жыйнап жүргөн үчүн түрмөгө түшүп, өмүрү трагедияга айланган тагдыр кийин Абуталиптин тагдыры аркылуу Ч.Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романында, ага кошулган «Чыңгыз хандын ак булутунда» андан ары тереңдетилет.

Ошол эсирген эки баладан башталган энеге кол салуу күчөп отуруп, Ысык-Көл айланасынан бугу-маралдарды кырып жок кылуу менен аяктайт, «кайран бугу-маралдардын мүйүзү кагжырап, ураган күмбөздөрдүн маңдайында гана калат». Момундун бабалардан уккан жомогунун финалы трагедиялуу аяктайт: «Марал-Эне адамдардын арамдыгына нараазы болот. Ит агытып, ок аткан адамдардын колунан тукуму бүт кырылып кетер болуп, саналуу гана бугу-маралы калганда Марал-Эне аларды касиетинен калкалай качат, Ала-Тоонун аскасынан Теңир-Тоонун чокусуна бир аттап чыгат да, кылчайып Ысык-Көл менен коштошот. Ошо бойдон калган тукумун сактап, кулак укпаган, көз көрбөгөн бир жерлерге кетип калган экен...

...Марал-Эне алигидей болуп коштошуп турганда көзүнөн жаш төгүп, арамдыкты каргап, адалдыкты зарлап кеткен экен дешет...» [5:316].

Суроо туулат: Эмне үчүн Марал-Эне өз тукуму көбөйүп турган кезде эле, адам баласы биринчи кол көтөргөндө эле касиеттүүлүгүн көрсөтүп, бугу жаныбарларын алып кетип калбады? Ооба, ошентсе болмок, бирок ал марал – жаныбарларына эмчектеш марал – адамдарынан үмүтүн үзбөй, оңолор, ката жолунан кайра кайтар деп ишенип келди. Андай болбоду, момундар азайып, бара-бара орозкулдар көбөйө берди да, бугу уруусунун арасында бугу-маралдар жашоого мүмкүн болбой, ордуларын таппай калды.

Арамдыкты каргап, адалдык деп зарлаган Марал-Эне баяны элдик педагогиканын туу чокусу катары өз вазийпасын ушундай аткарды да, ал Момун аркылуу балага өттү. Кийин-кийин жомокто гана калган Марал-Эне тукуму Ысык-Көлдүн токойлоруна – кардонго бугу уруусундагылардын арасына кайрадан келди. Реалдуу бугу-маралдар менен жомоктогу Марал-Эне аралашып кетет. Баланын кыялындагы романтикалык Ыйык жаныбар реалдуу жандык катары алдына келгенде ал аны жомок дүйнөсү менен кабылдап, башкача сезим менен туят, таятасы кайра-кайра айтып аткан нерсе уламыш эмес экендигине, ал чыныгы болгон окуя экендигине эми биротоло көзү жетип, ишенет.

Чыгарманын этнопедагогикалык идеясы да ушунда: эски жомок менен тарбияланган бала жаңы цивилизацияга ылайык келбей калды, адамдар өз башатын унутуп, ааламдашуу жолунда адептик нормалардан чыгып кетти, акыры түбү анын кусуру ошол адамзаттын өзүн урат, ошол трагедияга кабылбоо үчүн адам баласы тазалануунун, рухий башаттарга кайрылуунун жолдорун издеши жана табышы керек болду. А кантип табышы керек, бул суроонун жообун жазуучу окурманынын ой жүгүртүүсүнө – Сизге жана Бизге калтырды.

Адабияттар:

[1]Айтматов Ч. В соавторстве… – Ф.: 1978. – 326-б.

[2]Кыргыздар: 10 томдук. түз: К.Жусупов, К.Иманалиев. 3-т. – Б.: 2004. – 439-б.

[3]Н.В.Кюнер. Китайские известия о народах Южной Сибири, Центральной Азии и Дальнего Востока. – М.: 1961. – 40-б.

[4]Боргояков М.И. Гуннско-тюркский сюжет о прародителе-олене (быке). Интернет материалы.

[5]Айтматов Ч. 5 томдон турган чыгармаларынын жыйнагы: А.Акматалиевдин жалпы редакциясы астында. 2-т. – Б.: Шам, 1999.

[6]Кыдырбаева Р.З., Асаналиев К. Кыргыз адабий илиминин терминдер сөздүгү. – Б.: 2004. – 328-329-бб.

[7]Сарыпбеков Р. «Семетейдин» сюжети. //«Манас»: энциклопедия. 2 томдук, 2-т. – Б.: 1995. – 216-б.

Абдыкерим МУРАТОВ, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору, профессор

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз