Экс-президент Роза Отунбаеванын энеси дүйнө салды

"Энеден өткөн эне жок".
Расул ГАМЗАТОВ

Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаеванын 95 жаштагы энеси Салийка Даниярова 28-июнда акка моюн сунду.

Жети кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн Салийка Даниярова 1925-жылы 1-январда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кеңеш айылында туулган. Ал 40 жыл мугалимдик кесипти аркалап жүрүп, ардактуу эс алууга чыккан маалым.

Маркумдун сөөгү 30-июнда Аламүдүн районунун Байтик айылындагы көрүстөнгө коюлат.

“РухЭш” сайтынын чыгармачыл жамааты экс-президент Роза Отунбаевага жана Салийка Даниярованын жакын бир туугандарына азадар кайгысын билдирет.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз