Мамбетасан Ибраев: Уккандарым, көргөндөрүм, билгендерим

  • 29.06.2020
  • 5819

МАЛЯР ӨСПҮРҮМ

94-жылдардын акырында Египетте окуп жүргөн кезим. Чет жерде жүргөндө эл-жерге болгон кусалыгың артып, жаның сыгылып, өзүңө-өзүң батпай бук болгон күндөр болот. Чоочун жердин жашоо таризи, салт-санаасы, жөрөлгөлөрү Ала-Тоомдун салкын төрүндө калыптанган тоолук мүнөзүмө эч коошпойт.

Ошентип, ар кандай чаржайыт ойлорго жетеленип, бир чети үйдү ойлоп сагынсам, бир чети баштаган окуумдун өтөөсүнө чыгышым керек деген мүдөөм илгери үмүткө канат байлайт. Ошондой күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыздын небереси азрети Хусейиндин атынан коюлган мечиттен намаз окуп, бата кылып бир топ отургандан кийин бара турган жериме жөнөдүм.

Жолдун аркы өйүзүнө өтүш үчүн жер алдынан жасалган өтмөктөн өтүүм керек эле. Ары-бери агылган эл суюлган сыяктуу. Бирок алды жагымда эрбеңдеп жашы 11-12лер чамасындагы өспүрүм ишинен кайтып, үйүнө бараткандай. Кийген кийимине караганда маляр окшойт. Шымынан баштап, үстүндөгү көйнөгүнө чейин боёктун, шпатлевканын шыбалган, майланып ала-була болгон сүртүмдөрү чын эле анын кабыргасы ката элек кезинен эле көр тирликтин түйшүгүнө баш-оту менен малынгандыгынан кабар берет.

Египетте жашоо абдан оор. Жашоо үчүн күрөшүү бул мамлекетте ушунчалык кыйын болгондуктан, көпчүлүк караламан карапайым калктын жашоо деңгээлин өтө кейиштүү абалда десем да болот. Кайда барба, кедейлик туташ тамырынан бери тушап алгандай. Жадагалса, ушундай жаш балдардын оор жумуштарды жасап жүргөнү кадыресе көрүнүш. Ушул баланы утур-утуру карап коюп, анын балалыгына карабай иштеп жүргөн жүдөңкү кебетесине боорум ооруп келаттым.

Бир маалда эле алдыда үч баласы менен колун сунуп кайыр сурап отурган орто жашап калган зайып көзүмө чалдыкты. Мен жанагы алдымдагы балага ушунчалык чукулдап калган экем. Бала кайырчы аялга жакындаганда эле жан-жагын сыйпалап, чөнтөгүнөн беш-бештен он жунай акча сууруп чыкты. Менин баамымда, бул акча анын бир күндүк тапкан кирешеси болсо керек... Ал эч ойлонбой туруп жанагы акчанын беш жунайын кайырчы аялдын колуна карматып, жер алдындагы өтмөктөн өйдө көтөрүлүп, артын бир кылчайып карап да койбой чыгып кете берди.

Баланын соңунан байкоо салып келаткан мен үчүн ушул кичинекей окуя жан дүйнөмө ушунчалык бурулуш жасады... Аны сөз менен айтуу кыйын. Баланын курбанчылыгын чоң эрдикке салыштырдым. Ушундай ысыкта азап менен тапкан тыйынын бөлүшүп аткан кембагал баланын тарбиясына, адебине таң берип, мен да өтмөктөн жан дүйнөмдү эзип аткан депрессияны артка калтырып, духум оболоп, таш тепкичтер менен көтөрүлүп өйдө чыга келдим.

Ушул кичинекей көз ирмемде болуп өткөн окуядан чоң руханий сабак алып, оюмду бир жерге чогултуп, мага акысыз сабак берген өспүрүмгө ичимен баа берип, жолумду уланттым.

Чынында, адамдардын өзгөрүүсүнө биз капарыбызга албаган жагдайлардын таасир этерин көп учурда баамдай бербейбиз. Ошондон кийин жан-жагымды карап кылчактаганымды коюп, келечекке ишенимдүү кадам шилтеп, алектенип жүргөн ишиме аң-сезимдүү, максатыма ылайык мамиле кыла баштадым.

Жон терибиз менен сезген, көзүбүз менен көргөн ар бир турмуштук чындыктан эртеңки жашообузда жол көрсөтүп берер сабак ала алганыбыз – биздин адамдык өнүгүүбүздөгү эң чоң жетишкендик экенин түшүндүм.

Эми эстесем, андан бери 25 жыл өтүптүр...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз