Айдарбек Максүтов: Сабыр, ыйман болсун бизге сапарлаш

ӨТКӨН КҮНДӨР…

Унутпадым... эсте баары… ууз сезим…
Ууланбаган таза дүйнө жаш кезим…
Учкан куштай алыстаган жылдарды
Уурдаткандай азыр кайра эстедим…

Учурады  жаштыгымда сулуулар,
Ак куу моюн, өзгө асыл сыны бар...
Убайымсыз сак-саламат жүргүлө,
Убакытка уурдалбасын сыныңар…

Билим алдык, аралашып, дос таптык,
Максат коюп, аздан алга умтулдук.
Татаал жолдо жөө да бастык, ат чаптык,
Байкалбастан убакытка тутулдук…

Жүрдүк көпкө бул турмушту үйрөнүп,
Жылдар өтүп, достор көбү үйлөнүп…
Жаштык  менен жеңдик кээ бир тоскоолду,
Кээ бир иштер ойдогудай болбоду…

Карууң да бар, акылың бар, жалын жок,
Кайран жаштык сездим алыс калганын…
Кээ бир достор кете берди чок бойдон,
Кимдер көрбөйт тагдыр башка салганын…

Жалын кечкен жаштыгыма, досторго
Ыраазымын, баркын билем, баалаймын…
Жаштык кетсе, достук калаар ортодо,
Кемибесин катарыбыз ылайым!

ОЙ САНАА…

Жашоо эмне – наристенин күлкүсү,
Кооз балалык, ар бир күнү  керемет!
Балмуздагын жеп түгөткөн баладай
Кетет бир күн турмуш ары жетелеп…

Жаштык эмне – жалын күндөр, азгырык.
Жасап калчу күчүң барда жакшылык!..
Сүйүү эмне – жүрөгүңдү сооротуу,
Нике кайып турса сенден жашынып...

Бакыт эмне – өткөн күндөн бир элес,
Ата-энең түгөл турган кашыңда.
Арман эмне – жылып келген карылык,
Таң бербейсиң тагдырыңа жашыңда…

Тагдыр эмне – жаратканга жалынуу,
Тынчыталбай алып учкан санааңды…
Өксүк эмне – өткөн күндү сагынуу,
Кусаланып, оңдой албай катаңды…

Өмүр деген Эгем берген аманат,
Кайгы, күлкү, ысык суугу катарлаш.
Өлчөп берген оома-төкмө дүйнөдө
Сабыр, ыйман болсун бизге сапарлаш.

УУРДАЛГАН ЖАЗ…

Уурдалган жаз… баары үйдө, карантин!
Базарлар ээн, бака-шака кетпеген,
Келген сымал адамзатка карантүн,
Шаң жашоонун кадырына жетпеген.

Уурдалган жаз… уурталган чай… карантүн…
Суук кабар… кете берди акындар…
Капасталган жаздан кайра чыкканча,
Чексиз көккө чебелектеп шаштыңар…

Уурдалган жаз ууртуңда күлкү жок…
Камалган эл… көчөлөр да ээнсирейт…
Тек табигат сулууланат өзүнчө,
Адамдарды бир өзүнө теңсинбей.

Уурдалган жаз жамгырлуу да, ак карлуу.
Сабыр менен эркти чырмап таштады.
Дараметин жараткандын сездиртип
Жай жашоонун баркын бил деп баштагы…

Акыл калчап балким ушул жазында,
Текеберлик адамзаттан калабы?..
Бөксөрсө да түбү тешик казына,
Кемибесин айдын жарык тарабы.

МУНАРЫК

Эгемендик жылдар өтүп бир далай,
Күч-кубаты бараткансыйт суюлуп.
Кыргыз көчү даңктуу жолун табалбай,
Туңгуюкта турган өңдүү туюлуп…

Булбул учкан, карга калган каркылдап.
Билген айтпайт, билбегендер аңкылдап,
Чарчагансың калптан көзүң тунарып.
Тарыхың бай, келечегиң мунарык…

Күнөөлөйсүң өнтөлөгөн өкмөттү,
Кошуналар өрттөп кетсе үйүңдү.
Боло албай тең атаандаш, өктөмдүү,
Бөлөк элге жоготконсуң сыйыңды…

Чачылгансың миллиондоп ааламга,
Майдаландың урууларга, колотко.
Шайлап алып шумпайларды акчага,
Ушунчалык уурдатканың болот ко…

Карыздарың тапканыңа барабар,
Калп күлөсүң, жүрөгүңдө жараң бар…
Кур намысың батпай жыртык чөнтөккө,
Карыз алып той өткөрмөй санааң бар…

Ойлон, элим, дүйнө барат өзгөрүп,
Корголбостон жериң турат бөксөрүп…
Бүлүнтпөстөн күчтөндүрүп мекенди,
Берүү милдет урпактарга өткөрүп…

Окшош материалдар

Комментарийлер (4)

  • - Наралиев Кубатбек

    соонун ыр саптары чыгармачылык ийгилик каалайбыз

  • - Кушубак Мыктыбеков

    Эң мыкты деңгелде жазыпсыз! Азаматсыз! Дагы көп-көп ыр-саптарды жазышыңызга тилектешмин!

  • - Саламат

    Азаматсыз !!! Жакшы ыр саптарын тартуулап журо бериниз агай.

  • - Эльмира Максутовна

    Азаматсын,Айдар.Жакшы атанын уулусун.Сени менен сыймыктана турган жигит болуп осуптурсун.Онорун оркундой берсин.

Комментарий калтырыңыз