
Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев КР экс-Президенти Роза Исаковна Отунбаевага энеси Салийка Даниярованын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу көңүл айтты.
Жети кыз, бир уулду тарбиялап өстүргөн Салийка Даниярова 1925-жылы 1-январда Талас облусунун Манас районуна караштуу Кеңеш айылында туулган. Ал 40 жыл мугалимдик кесипти аркалап жүрүп, ардактуу эс алууга чыкканы маалым.
Маркумдун жасаты 30-июнда Аламүдүн районунун Байтик айылындагы көрүстөнгө жашырылды.