«XXI кылымдагы кыргыз адабияты» конкурсунун жеңүүчүлөрү аныкталды

“РухЭш” сайты «XXI кылымдагы кыргыз адабияты» аталышындагы конкурс жыйынтыгын чыгарды. Аталган конкурс жыйынтыгы боюнча береги шилтемеден>>>>>> толук маалымат аласыздар...

Калыстар курамы:

Садык Алахан, Амирбек Азам уулу, Нурзат Казакова, Жолдош Турдубаев, Айсулуу Көкөева.

Поэзия боюнча:

1-орунга 50 000 (элүү миң) сом – №114 “Туманга тоо оронот, чүмбөттөлүп” – Алтынай Темирова татыктуу болду.

2-орунга 30 000 (отуз миң) сом – №61 “Жалган ырдын катарын жайнаткандар...” – Салтанат Орозобекова татыктуу болду.

3-орунга 20 000 (жыйырма миң) сом – №17 “Бийиктиктин кадырын – урайлекте тааныгын” – Динара Бейшеналиева татыктуу болду.

Проза боюнча:

1-орунга 50 000 (элүү миң) сом – №51 “Жайчылар” аңгемеси менен А.Муратов татыктуу болду.

2-орунга 30 000 (отуз миң) сом – №53 “Чөндөлөй” аңгемеси менен Сүйүн Курманова татыктуу болду.

3-орунга 20 000 (жыйырма миң) сом – №24 “Каар огу” аңгемеси менен Аскарали Ражабалиев татыктуу болду.

Эскерте кетсек, аталган конкурстун максаты – поэзия, проза (аңгеме, эссе) жаатында эмгектенип жүргөн кыргыз тилдүү авторлор үчүн чыгармачылык атаандаштыкты күчөтүү. Ким эмне айткысы келсе – көркөм адабияттын туюнтмалары аркылуу айтууга шарт түзүү эле.

Эскертүү: Жалпысынан 140 чыгарма катышып, аталган конкурстун байге фонду конкурска катышуучулардын взнос эсебинен топтолду. О.э. конкурстун шарты боюнча жалпы байге фондубузда 200 000 миң сом көрсөтүлгөндүктөн, байге фонддун жетпей калган эсеби “РухЭш” сайты тарабынан толукталат.

Байге тапшыруу аземи кайсы мөөнөткө белгиленери боюнча кошумча маалымат жакынкы күндөрү жарыяланат.

Ал эми «XXI кылымдагы кыргыз адабияты» конкурсунун жалпы катышуучуларынын аты-жөнү, чыгармалары менен береги шилтемеден>>>>> тааныша аласыздар!

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Андрей

    Жаштар менен тажрыйбалуу калемгерлерди бөлүш керек болчу. Жыйынтык объективдүү болбой калгандай.

Комментарий калтырыңыз