О`Шакир: Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырайт

Атпай журтка аттын кашкасындай таанымал динаятчыбыз Чубак ажы күтүүсүздөн арабыздан кете бергени – далайыбызды жер муштатып отургузуп койду. Өмүрүмдө динге баш урбаган мен да, Чубак ажы жөнүндө суук кабар эшиткени – күрсүнүп отурам...

Бу жашоо ак-карадан, жакшы-жамандан, ысык-суук – карама-каршылыктан тургандай эле, Чубак ажы экөөбүздүн дүйнө таанымыбыз канчалык карама-каршы болуп келгени менен, ал экөөбүз карпа-күрп кезигишкен жерден бири-бирибиздин амандыгыбызды сурашып, саламыбыз шар эле. Жылмайышып, кол силкише амандашып, боорубузду тийиштире тамаша кепке өтүп кетчүбүз тез эле.

“Олжоке, баландай чыгармаларыңызды окуп чыктым, жакшы жазылыптыр”, – деп калды эң биринчи жолу таанышканыбызда. Мен да тамашага чалып: “Мендей атеисттин чыгармасын окусаңыз, анда чын эле билимдүү экенсиз” – дегениме чын дилинен борсулдап каткырып, ошондон бери кезиккен жерден тамаша кептен бирибизди бирибиз куру калтырчу эмес элек...

“Йе, ажыке, – дедим бир курдай, – келиңиз, мен элди мечитке үндөйүн, а сиз театрга үндөңүз элди. Китеп окууга үндөңүз. Кыргыз эли ар тараптуу дүйнө таанымды кабыл алган улут болсун”, – дегенимди Чубак ажы чын жүрөгүнөн кубаттады. Экөөбүз орток пикир табышкансып жүрдүк... Ал тургай ошондон көп өтпөй “РухЭш” сайты үчүн макала жазып, элди китеп окууга үндөгөнү бар маминтип... Чубак Жалилов: Эмне үчүн китеп окууга милдеттүүбүз?

О.э. “Чеч-Дөбө” кеңеши уюштурган “РухЭш” сайтынын иш-чараларынын бирине ардактуу мейман катары чакырдык эле, анда да Чубак ажы жүйөлүү себеп менен келалбай калганын түшүндүрүп, мага аманатын тапшырганы бар: “Мурдатан белгиленген олуттуу иш-чарам бар болуп, аны өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк таба албай калгандыгымдан улам, айтар биртике сөзүмдү Олжобай Шакир мырзага аманат катары таштап кетем. Жаза тайып мага кеп кезеги келип калса менин үзүрүмдү жеткирип, сөзүмдү окуп коюусун үмүт кылам”. Мага тапшырылган аманаттын толук текстти мында>>> «Чеч-Дөбө» кеңешинин чечимине Чубак ажы Жалилов өз тилектештигин билдирди

Тирүүлүктө пендечилик баарыбызда бар. Өйдө-ылдый кептер болуп келген, боло да бермекчи. Чубак ажы менен Абдышүкүр ажынын диний ишмердигин сындаган учурларым болду, бирок эч качан жеке инсандык сапатыбызды келекелешкенибиз жок. Эки жээктин полемикасын ар ким өз деңгээлине жараша кабыл алды.

Арийне, кимибиз кайсы ишенимде болбойлу: эң башкысы – ар кимибиз өз дүйнө таанымыбыз менен элге кыянаттык ойлогонубуз жок. Чубак ажы диний багытта өнүгүп-өсүүбүзгө жол жүлгө издесе, башкаларыбыз диний тескөөдөн тышкы таасирде коом агартууну көздөгөнүбүздү – келишкис душманчылык санагандар да жок эмес. Аныгында, коомдун ар тараптуу өнүгүүсүндө Чубак ажы Жалиловдун орду бош калышы баарыбызга эле чоң жоготуу экенин эч кимибиз тана албайбыз!

Ташты ташка сүрсөң, ортосунан жалт-жулт эте жалын чыгат, андан оттук тамызгы алса болот. Анын сыңары Чубак ажыдай динаятчы менен карама-каршылыктуу пикирдегилерди сөзсүз эле эки жээктин келишкис душмандары саноого болбостугун бүгүн аңдоого тийишпиз, бурадар!

Бир уйдун мүйүзү сынса, миң уйдун мүйүзү зыркырагандай эле, Чубак ажы бул өмүрдөн өтө күтүүсүз эрте өтүп кеткени, мага окшоп динге баш урбагандар үчүн да орду толгус чоң жоготуу... Чубак ажы акка моюн сунуптур деген суук кабар бир гана диний жамааттагыларга оор болуп турган жок! Аны менен каршы пикирде келген жеке мен үчүн да Чубак ажы кыргыздын чолпондой жанган асыл урпактарынын бири эле, аттиң!

Азыр болсо, ажыкебиздин жаны жаннаттан болсун дегенден башка не аргабыз бар?! Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун... Үй-бүлөсүнө, жакындарына жана жалпы эле аны сүйгөн мусулман пенделерине азадар кайгыбызды билдиребиз.

Комментарийлер (2)

  • - Капаров Нуралы

    Чубак ажы менен 2007-жылы Меккеде таанышкам. "Жакында Бишкекке кочом. 3,5 тонна китебим бар. Бул жакка каттаган сиздей акелер аркылуу чет четинен жонотуп жатам" деп колума 25кг китебин карматты эле.Кийин достошуп кеттик. Чубак ажынын 3,5 тонна китеби эле эмес, 3,5 тонна билими бар экенине кубо болдум. Диний китептерди мындай кой адабий, маданий, саясий ж.б. багыттагы китептердин бирин калтырбай окуур эле.Диндеги Чубак Жалилов адабияттагы Салижан Жигитов сыяктуу эркин суйлогон, эркин ой жугурткон ото терен аалым эле. Чубак ажыдай залкар адам мин жылда бир туулат, аттин арман! Кыргыз эли учун орду толгус чон жоготуу болду...

  • - Бекташ Шамшиев

    Мындан эки жыл илгери бир тууган бөлөм каза болуп, боз үй алдында өкүрүп турсак "Сабыр кылыныздар, сабыр кылыныздар" деп Чубак ажы менен Абдышүкүр ажылар келип калышты. Бөлөм ажылыкка барган, анан да балдары Мисирден жогорку билим алган жигиттер. Ошол балдары менен тааныш үчүн келишкен го деп ойлодум. Тигилер келип ал-акыбалды сурап отуруп калышты. Чубак ажыны биринчи ирет жанынан көрүп, учурашканым ошол болду. Сөз арасында айрым жерлерде спирт ичимдиктерин саттырбай, бөтөлкөлөрүн сындырып талкалап салуу аз-аздан чыга баштаган. Ошол жөнүндө сөз болуп кетти. Мен мындай иш жарабастыгын өз акчасына ичимдиктерин сатып келген айылдык дүкөнчүлөр жөн эле чыгаша учурап жатышканын айтсам Абдышүкүр сөздү аягына жеткирбей: "Туура кылышат, спирт ичимдиктерин саткан макүрөө, андайларды ошентип тарбиялаш керек" деп калды. Мен "Тиги дүкөнчүнүн кеткен чыгымын ким төлөйт?" десем "андай кылбаш керек болчу" дейт. Чубак ажы негедир ал кепке кошулбады. Жанында келген шакиртине да болушпады, мага да каршы айтпады. Кийин Улан Эгизбаевдин Чубак ажынын китепканасы тууралуу видеону көрүп, элден угуп, Олжобайга окшоп, көз карашыбыз келишпегени менен терең билимдүү, интеллектуалдык деңгээли бийик экенин, татаал маселелерди жөнөкөй чечмелеп берген, анан да жайдары юмору бар жигит экенин көрүп урматтап калгам. Өмүрү минтип капыс үзүлүп кеткени аябай өкүнүчтүү, эми андай терең билимдүү, кыргыз маданиятын, тарыхын, каада-салтын сүйгөн диний ишмер эми чыгабы-жокпу - айтыш кыйын. Негедир биздеги дин ишмерлери тиги дүйнө менен коркуткандан башка жүйөөсү жок, өздөрү мыкты билбеген маселеге баш-оту менен берилип кеткен фанаттардай таасир калтырышат. Ыгы келген-келбеген жерде арабча сөздөрдү кошуп сүйлөөнү өнөр көрүшөт. Аудитория ал билген тилди билбешине карабай, өзүн көкөлөткөндү жактырышат. Чубак ажы баарын жеткиликтүү, элестүү, жылаңач төөнү бучкакка чапкандай таамай туюнтуп салчу. Эми аны көп эстейбиз.

Комментарий калтырыңыз