Жетиген Асанбек: Жээнбековго менден да бир дизлайк

Элдин башына жамандык түшүп турганда дем берсем деген ниети үчүн, Президентке бир чети рахмат.

Бирок мен деле дизлайк басмакмын.

Көптүн үмүт отун жандырган баягы, иш башындагы коопсуздук кеңешинин жыйынынан бери тил эмизген сөздөрү иш жүзүндө илең-салаң гана көрүнгөнү болбосо, куру гана кооз сөз экени бир нече жолу үмүттү суу сепкендей өчүрдү.

Дастан Жумабековдун эле көчөсүндө болуп атпаса коррупция менен "эбегейсиз" күрөш жүрмөк тургай, коррупция өзү эбегейсиз эле килейип баратат. "Илдет табылган бир бейтапка 3000 $ кетип атат" дегендин өзү аттиш 600 $ доллар болгону кеп болбой калган, андан бери коррупция ээ-жаа бербей дүркүрөп өнүгүүнүн үстүндө дегенди ачык маалымдады.

Башка учур болсо бир жөн эле го, маселе өмүр менен өлүмгө байланыштуу болуп тургандагы бул жагдай биротоло түңүлтүп дендароо кылды.

Мамлекетте бийлик барбы деген суроо жаралат эрксизден. Анткени мындай көрүнүштү көзөмөлгө ала турган атайын мамлекеттик органдар болгону менен, алар ың-жыңсыз. ЖМК өкүлдөрү иликтеп, талдап элге жарыялап атат.

Ал эми атайын органдар эмне кылып атат? Алар "күчтүү ууруларга" мүлк ээлерин "доого жыгып" беришүүдө.

Өлкөдөгү ири коррупциялык схеманын бетин ачып келаткан «Азаттык» радиосу жана анын баатыр журналисти Али Токтакуновго бийликтин рахматы ушул болду – кылмышка шектүүлөрдүн Али Токтакуновго эч бир далили жок жалаасын жарыялап коюшту. Ал эми бажыда иштеп млн атка конуп, ысмы коррупция менен кошо саналып калгандар Али Токтакуновдой чындыктын жоокерлерин жөөлөп сотко берип, шайлоого шымалана аттанып турушат.

Ушундай соо акылга сыйбаган иштер Президенттин үнсүз макулдугу менен ишке ашууда. Ал укмаксан, көрмөксөн, билмексен. Анан анын "Казынага кол салгандар жазасыз калбайт" таризиндеги куру сөздөрүнө ким кол чабат?

Ишинде маани болбосо, сөзүнө маани береби адам, уккан да эмес элем. Соцтармактардагы талкуудан улам угуп калдым, сонун сөздөр, а бирок биз сонун ишке чаңкап, алсырап калдык. Куру сөз дизлайкка гана татыйт.

Дизлайкты атайын фейктер жасап атышат дешти. Мүмкүн. Андайды жок деп болбойт. Бирок Президентти чындыктан адаштырбаш үчүн, дизлайк баскандардын баары эле фейк эмес экенин, дизлайк басканга толук негиз бар экенин билдирип коюу жөн. Рахматын тим эле коюшсун)))))).

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз