Дем алдыргыч аппарат – сыркоолорго, дем берген сөз – элге керек

Жугуштуу илдет дүйнөнү түгөл каптап, илдеттен арылган мамлекеттер жай турмушка акырындап кайтууда. Өзгөрүп кайтканы бар, ал тургай бир топ проблемаларын чечип алганы да аз эмес, кыйналганы көп.

Айрым аймактар жана өлкөлөрдө, анын ичинде Борбордук Азияда жана бизде эми күчөп, элдин үрөйү учуп, абал оорлоп, көпчүлүктүн айласы кетип туру, кашайып. Илдет биздин өлкөнүн проблемаларын жылаңачтады, мамлекеттин чабалдыгын, жалаң алып-сатар соода, тейлөө жана тамак-ашка негизделген экономиканын алсыздыгын көрсөттү. Илдетке таажыны өзүбүз кийгизип алдык деп Түркиядагы журтташ жигит таамай жазгандай, оору айылыбызды аралай чаап, кылычын туш келди шилтеп, төрдөн орун алышына өзүбүз да айыптуубуз көрүнөт.

Айласы кеткен калың журт, алапайын таппай кыйналган эл ачуулуу, ызалуу, муңдуу. Дал ушундай кырдаалда өпкөсүнөн кагынып ооруп жаткандарга дем алдыргыч аппарат жетишпей, өксүп турган атпай журтка дем берген кишинин карааны көрүнбөй, "өчкөн отту жандырган, өлгөн жанды тирилткен" аракет байкалбай, селт эттире кайрат берген кеп-сөз айтылбай да угулбай турат.

Президенттин элге соңку кайрылуусу азыр кызуу талкууланып, талашка түшүп, сынга тушукту. Социалдык психологиянын мыйзамченениме ылайык, кыйналган элдин сиркеси суу көтөрбөй турган чакта, кырдаалдан чыгуунун жолу так айтылбай, көрүлө турган аракеттер баяндалбай, эл ишенимин бекемдеген ойлор кемирээк айтылганына капшыты толбой калган коомчулуктун сыны түшүнүктүү көрүнүш.

Президент өз кайрылуусунда 30 жыл бою топтолгон проблемаларды тизмектегиси келбегенин айтты. Биз да пандемия учурундагы тиешелүү кызматтардын алешем кадамдарын, кемчиликтерин кеп кылбайлы. Сындаш оңой, бирок ишке тике аралашпаган соң сындаш натуура, иштин башында турмак маңдайга жазылбаган соң, тыштан айтканыбыз бекер. Жерге-Тал кыргыздары айткандай, укпаганга кеп айтпагын, сөзүң кейип калбасын.

Экинчиден, өзү да кыйналып, улам кычаган илдеттен, зор күчтү жана терең интеллекти, бай тажрыйбаны талап кылган проблемалар менен алышып жаткан өкмөттү "начар элең, начарсың" деп жүдөткөндүн ордуна колдош керек, айтканын аткаруу абзел. Андан тышкары, бул өкмөттү дайындалып жатканда эле техникалык деп баалап, басыгын ченеп, тушамыш салып, жоопкерчилигин азайтып да салдык көрүнөт. Өкмөт деген өкмөт. Керек болсо куугунтукта, сыртта жүрсө да өкмөт тагдыр чечет, кызмат кылат. Аз убакыт туруп, бирок кылымдык эмгек өтөгөн өкмөттөр тарыхта итапкан кездешет. Күлүктү "намыска жарай көр, жаныбарым" деп сүрөш керек. Жарышка салчу атты камчы менен башка чаап туруп, аламанга кошсоң эзели чыкпайт, мөрөй алып бербейт.

Ошентсе да бир жагдайды кеп кылалы. Дем алдыргыч, кычкылтек берген аппарат абдан керек, бирок кимге да болсо дем, күч, элге кайрат берген кадам, таасирдүү сөз андан кымбат. Лондондогу Арслан досум Англиянын баш министри Борис Жонсон ар бир үйгө салам жолдоп, ахыбалын сурап, илдеттен аман айыгып, эсен чыгабыз маанисинде көңүлүн көтөрүп кат жазды дейт кыска. Анысы ар бир адамга даректелүү экен. Мамлекет башчысынын элге кайрылуусуна ичи чыкпай, элге күчтүү дем жетпей калганын сезген соң, айтчы кепти айталы. Балким кийин сабак алышаар, кийинкилер сабак алаар.

Сөз менен айыктырса да болот, өлтүрсө да болот. Шыктандырган сөз энергетикага ээ, дем берет, жеңишке жеткирет. Же тескерисинче, элдин ындынын өчүрүп, эркин майтарып коюуга да болот. Тарых жана турмуш бул чындыкты тынбай далилдеп, бизге какшап келет.

Биз адамзатты алдыга сүрөгөн, көп өлкө ийгиликтүү ишке ашырган саясий системалардын, моралдык идеалдардын жана экономикалык эрежелердин бир тобун болушунча бурмаладык. Саясий партияны шайлоодон утуп, мандат алыш үчүн гана керектүү убактылуу фирма, уюшма топ деп түшүндүк, ошентип келе жатабыз, эми да кашайып ушул бузук жолго түшкүдөйбүз, бу кейпибиз менен.

Билимдүү акылгөйлөр айткандай партиялык тизме менен шайлоо дегенди саясий коррупцияга, парламенттик башкаруу системасын олигархияга айланттык. Биздин заманга чейинки 431-жылы, биз оголе көп кеп кылган, бирок маанисин бурмалап салган демократиянын алтын бешиги Афина мамлекетинин башчысы Перикл катылган спарталыктардын мизин кайтарып, жеңишке жетишкен. Ал коргонбостон, деңиз аркылуу душмандын аймагына кирип барып салгылашкан.

Ошол салгылашта курман болгондордун сөөгүн бирин калтырбастан алып келип, жерге берүү аземинде элге кайрылып, намыс, эрдик, мекен тууралуу даңазалуу сөзүн айткан. Илдет учурунда биздин тыштагы мандикерлер кыйналып, мекенине келе албай зарлап турганда мен бийликтеги бирөөгө айтып, бирок жерде калган кеп, Периклдин атактуу сөзү бул: "Афина өзүнүн ар бир жаранын барктайт, баалайт, тирүүсүнө кам көрөт, өлсө сөөгүн талаага таштабайт, кор кылбайт".

Чачыранды, ырксыз немистерди бириктирип, Германия империясын түзгөн Отто фон Бисмарк ар бир немис жери өзүнчө да жашай бериши ыктымал, бирок эч качан кубаттуу болбойт, эли бактыга жетпейт. Сөз менен да, кан-жаныбызды аябай, кылычтын мизинде кармашып, Германияны бириктиребиз деп саясий элитаны ынандырган, элди шыктандырган. Акыры максатына жеткен. Ошол күндөн ушул күн Германия дүйнөдөгү ири держава бойдон келе жатат.

Уинстон Черчилль Экинчи дүйнөлүк согуш башталган кыйчалыш мезгилде Британия өкмөтүн жетектегенде элге кайрылып, программасын жарыялап, Германия менен согуш сөзсүз болот, Гитлер Англияга кол салбай койбойт, кыйын болот, каныбыз төгүлөт, жашыбыз агат, бел чечпей иштейбиз, бирок жеңебиз. Жерде да, сууда да, үйдө да, тышта да, мектепте да, заводдо, айтор Англия үчүн баардык жерде кармашабыз деген мотивациялык сөзүн жугумдуу айткан. Эл ошого ынанган, эрки чыңалган.

Албетте, анын сөзү кылган иши менен айкалышкан. Эгер Черчилль согуш болорун ал башталаардан алда канча мурда, тээ Гитлер жаңы бийликкке келгенде эле айтпаганда, баш министрликке чейинки кылган ишин, баскан жолун эл билбегенде, калың журттун ага ишениши кыйын эле.

Германия Советтер Союзуна кол салганда Совет өкмөтү "Биздин ишибиз ак. Душман талкаланат. Жеңиш биздики болот" деп элге кайрылат.

Бешинчи Республиканы түзгөн, Франциянын Каршылык кыймылынын жетекчилеринин бири Шарль де Голль Лондондон оккупацияланган Франциянын элине күн сайын ВВС аркылуу кайрылып, элди багыттап, шыктандырып турган.

Ал эми Жон Кеннединин президент болгондогу алгачкы сөзүн ким билбейт: "Америка мага эмне кылды дебей, мен өлкөмө эмне кылдым деп адегенде өзүңөн сура".

Айтылган мисалдар персоналдык мүнөзгө ээ, алар чыгааандар дечүлөр да бар. Анда жалпы мисал келтирели. Баардык кол башчылар, аскер башчылар салгылаштын алдындай буйрук берет. Ал тиги калааны, чепти ээлеп ал же бул кыштыкта корго, чегинбегиле деген аягындагы гана кыска ар бир буйруктун башында мотивациялык мааниге ээ, согуш аракетин негиздөөчү, шыктандыруучу кеп айтылат.

Наполеон Бонапарт Египет жүрүшүндө чарчап-чаалыккан, безгек жана башка жугуштуу ооруларга чалдыккан аскерлерин тизип, "Жоокерлер, силерди 40 кылым карап турат, келечектеги улуу Франция силерди жеңиш менен кайтышыңарды күтүп турат!" деп кайрылган. Наполеондун армиясы жеңиш менен кайткан, Египеттен башталган жүрүш Францияны кубаттуу империяга айланткан. Давид Бен-Гуриондун Израиль мамлекетинин суверенитети жарыялангандагы, Жузеппе Гарибальдинин, Нельсон Манделанын, Фидель Кастронун ж.б. улуу инсандардын сөздөрү хрестоматиялык үлгүлөр.

Чаалыккан элди сергиткен, жүдөңкү тарткан кезде чымырканткан, агыны катуу суу кечирген, ашуусу бийик жол бастырган, не бир жеңиштерге сүрөгөн сөздөр жана кадамдар тарыхта абдан көп.

Айтмакчы, дүйнөдөгү мыкты саясатчылар, өлкө башчылары сыяктуу эле биз мисалга тарткан Бисмарк, Черчилль, Кеннеди ошол атактуу кайрылууларына чейин, кайрылууларды айттырган кызматтарга чейин далай жол баскан. Өлкө башына келе калганда эле азыркы учурдагы модага айланган спчирайтерлердин жазганын эжелеп окуй салган эмас. Мисалы, Бисмарк ондогон жылдар бою Германияны бириктирүү боюнча идеяларын макалаларында, каттарында айтып, жазып келген, премьер-министр болгонго чейин төрт жыл мурда немис жерлерин бириктирүү программасын (тарыхта "Фон Бисмарктын чакан китеби" деген ат менен белгилүү) король Вильгельм I сунуштаган. Черчилль болочок согуш, Германияны союздаштар менен биригип гана жеңүүгө боло турганын, Англиянын өнүгүшү боюнча ырааттуу, системалуу көз караштарын алда канча мурун жазып, китептерин жарыялап келген. Кеннеди президент тууралуу идеалдарын сенатор кезинде "Эрдиктин жүзү" деген китебинде жазган, президент кезинде ошого бекем турду. Демек бул инсандар бийликке чейин мамлекеттик жана саясий иште тажрыйба топтогон, зор интеллектуалдык даярдыктан, эл-журттун сынынан өткөн.

Экинчиден, алар бийликке өз идеялары, өлкөнү өнүктүрүү тууралуу ойлору, идеалдары жана бекем ишеними менен келген. Ошондуктан алардын сөзү жугумдуу, ынанымдуу жана мотивациялык күчкө ээ. Сөзү легитимдүү жана сиңимдүү. Аракети майнаптуу, иши оң. Элдин деми комуз күүсүндөй, жоргонун жүрүшүндөй, ыргагынан жанса күү бузулат, жорго коюу чаңда артта калат, шагы сынат.

Ушундай шарттан биз далай сабак алууга тийишпиз. Биринчиден, баса турган жолду да, жол баштай турган парламентти да тандай турган кезде эстей турган нерселер арбын. Элибиз асыл сапаттарын көрсөтүүдө, баардык кымбат баалуулуктарыбызды базардагы кайнаган соодада таман астында тепсетип албаптырбыз, барктап жүргөн моралдык эреже-салттарыбыз бар, барктагандарыбыз да арбын экен. Кыргыз баласы үзөнгүлөшүн ээн талаага таштап кеткен эмес, жоодо салгылашта да атына ок жаңылган жолдошун учкара кеткен, өлсө сөөгүн ала келген. Азыр да бири бирине жардам кылып, колунан келгенин кылып жатат. Бирок Иисус айткандай, кенедей жардамын жар салгандар да болду. Тилекке каршы, аны айрым маалымат каражаттары айда даңазалады.

Жардамга берилген акчанын булагы күмөндүү болсо да айрым расмий бийлик өкүлдөрү ким берсе да алабыз деп өлөрманды. Көөнө орус жазуучулары шылдыңдагандай "кайрымдуулуктун акробаттары" не бир өнөрлөрүн көрсөттү. Кудайга шүгүр, бирөөнүн кылган жамандыгын унут, бирөөгө кылган жакшылыгыңды унут деген кыргыз осуятына, накыл кебине ылайык элге жардам кылган көп адамдар кылганын айтып мактанбады. Жакшылыгын унчукпай жасады.

Эл буга чейин деле өз оокатын өзү кылып келген. Карапайым эл чыдамкайлыгын, биримдигин көрсөттү. Эл-журт ичинде далай ойлор айтылды. Бийликтегилер да, бийликте жоктор да - баары тең эл, журт, адамдар, өлкөнүн жарандары, атуулдары. Илдетке байланышпаса да, буга чейин эле жаралган, ушул илдет курчуткан же бет кабын сыйрыган проблемаларды чечүү боюнча коомчулук ой-санаасын, көзү жеткен кеңешин, билген сунуштарын айтып жатат. Айтып келген. Арасында ачуусу да бар. Бийлик айрым ачуу кептерге көтөрүмдүүлүк кылып, сунуш-пикирлерди тыңдап, кепке кулак төшөп, кайдыгер калтырбай, эмитен эске алып, жасаганын азыр жасап, кийин кереги тийчүлөрүн топтоп, талдап, ылайыктуусун ырааттуу ишке ашырганы эп. Сыноо мунун менен токтобойт, турмуш мыйзамы ушундай.

Алмаз КУЛМАТОВ, коомдук ишмер

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз