Таасын таржымалчы, таланттуу калемгер эле

Устаттын улуулугу тууралуу учкай кеп

“Улук болсоң кичик бол” – деп улуу элибиз урпактарына осуят кебин айтып келиптир. “Улуулук – жөнөкөйлүктө” – деп дагы бир ой артынан кубалаган ойчул орошон кебин калтырыптыр. Анын баарын турмуш ыргагында, мезгил сынамында көрүп билип, түшүнөт экенбиз. Болгондо да капилет мээңе кадамактай кадай коёт экен, күтпөгөн жерден. “Аалы Молдоканов акка моюн сунуптур” деген азалуу кабардан кийин, ансыз да атпай журт мукурап турган, каардуу казаттан кара кагаз келгендей, ар тараптан аянычтуу айыңдар айланабызды аралап жүргөн аффект абалда, айласыздан жогорудагы ой жүлүндөн жүгүрүп, мээге такалды.

Качан көрсөң кайратынан жазбаган, мырзалык парасатынан тайбаган кайран киши, айланасындагыларга атадай болуп акылын айтып, жардамын аябаган агайым... Жетимишти жетелеп, сексенди оңой эле серпий тургандай сергек жүрчү эле. Жараткан жазмышынан жан соога алып, жашынып калган жан болбойт экен го.

2006-жылы Мамлекеттик тил комиссиянын Аалы агай башчылык кылган котормо жана жарнама секторуна ишке кирдим. Эр ортону элүүдөн эңкейип, аксакалдардын айылы болгон алтымышка жүз бурганы менен кара  мурутун  боз  чала элек,  буудай жүздүү,  “жаштыктын арты, карылыктын алды” деп турган учуру экен. Кабинетке кирген киши менен да, телефон чалган адам менен да тамаша чалып сүйлөгөн сөздөрү, анан да бир көргөн адамына эле эски таанышындай мамиле кылганы көкүрөктөгү кооптонуу сезиминен арылтып, комиссиянын ишине батыл аралашууга түрткү берди. “Аалы, бөлүмүңө жаңы бала алдыңбы?” – деп аңгыча, ошол кездеги Тил комиссиянын аксакалы Түгөлбай Мамбетжунушов агай кабинетке калдайып кирип келди. “Бул эски эле бала экен, аке, мурдатан эле котормо менен иштеп жүргөн турбайбы, кебетесин карап, биз курактуу неме экен десек, 25 эле жашта экен. Ташбоо Рахманбердиевич өзү мактап сунуштады” – деп көндүм тамашасына сала жооп узатты. Ошентип иштешип калдык.

Жаңы жыл алдында жетекчиликтин кызматкерлерге арнап шарж жазгыла деген тапшырмасын аткарайын деп Аалы агайдын адресине жамак токудум:

Такмаза, чымчып сүйлөгөн,
Таржымалды ийлеген.
“Тазадан” согуп алганда,
Таптакыр элди бийлеген.
Котормодо бирден-бир,
Аалыке алп, чебердир,
Айтышып адам жеңе албайт,
Алдынча чыкса бирме-бир!

Окуп алып чын ниетинен жыргап күлдү. Бу чычымга мага тийишкенди ким коюптур дедиби:

Жаш туруп улуу көрүнгөн,
Жакшы окуп элден бөлүнгөн.
Үйлөнбөй коё турбай деп,
Үшкүрүп ичтен сөгүнгөн! – деп дароо жооп кайтарды. Жаңы эле үйлөнгөн кезим эле.

2011-жылы “Аалы агай алтымышта” деген куттуктоо макаламды жаздым. Чү дегенде эле “Кар жатпас кара Кочкордун кадырман кулуну, кадимки кан Ормондун оң колу жана акылчысы Шамендин баласы, кыргыздын нарк-насилин даңазалап, журналистикада жаңы бурулуш жасаган Назира Аалы кызынын атасы”, – деп Сизди тааныгандар тамшана кеп кылат. Андан да жакшы тааныгандар коомдук-саясий котормо өнөрканасында өжөрлүк менен мээнет кылып, расмий документтерди кыргызчалоодо өзүнчө стиль, мамлекеттик тилдин машыккан жоокерлерин даярдаган “Аалы Молдоканов атындагы котормо мектебин” түптөгөнүңүздү узун сабак кеп кылат.

Бирок Сиздин СССР Журналисттер Союзунун анык мүчөсү, публицистика менен пародияны, ырды да катыра жазарыңызды көптөр биле бербейт. Бул балким, котормодон кол бошобой, чыгармачылык экинчи планга сүрүлүп калгандын белгисидир. Кандай болгон күндө да жогорудагы таасын таржымалыңыз Сиздин өтөлгөлүү өмүрүңүздүн үзүрлүү жемиши, адамдык озуйпаңызды аныктап турган зор сыймык. Анткени Сиз котормо өнөрүндөгү улуу муун менен кичүү муунду байланыштырган көпүрө болуп, залкарлардан алган тажрыйбаңызды шакирттериңиз менен бөлүшүп, аларды такшалтууда таалим-тарбияңызды талыкпай берип келесиз”  деп салттуу одага оро-пара жүрүш менен баштаган экенмин, аным агайыма анча жакпай калыптыр. “Сен ушинтип калп эле мактай бересиңби, окуган эл агайына айдаа кошомат кылыптыр деп ойлобойбу” – деп койду. Кошоматчылыкты жек көрчү.

Өзү беттегенин бербей, бектерден кайра тартпай, айтам дегенин ачык айтып салар эле. Анан да мага окшоп айрымдардын мааракелерине арналган маектеринин, бейнесине берилген пикирлеринин бир жактуу эле мактап-жактала бергенин жактырчу эмес. Атын айтпай эле коёлу, атактуу эле акын агабыздын алтымыш жылдык мааракесинде маалымат айдыңында арноолор менен каалоолор жаандан кийинки козу карындай жамырады. Агай аларды карап отуруп, “бири дагы чын ниеттен пикирин билдирбептир, анын чынында коёндой коркок, кези келгенде көк эшектей кежир экенин көпчүлүгү билет”, – деп жакындан билген досу катары өз кыстырмасын кобуранып калды.

Ал тургай 2018-жылы 90 жылдыгын жалпы түрк дүйнөсүндө чоң даңаза менен белгиленген Чыңгыз Айтматов тууралуу дагы “баары эле бир өңчөй мактоо, сөз таппай калып, баскан изи дагы башкача болчу дей беришет. Жарыктык киши “Манас” тууралуу С.Орозбаковдун вариантына кириш сөз жазгандан башка көрүнүктүү иш кылбаптыр, “Манасты” башка тилдерге которттуруп, кыргыздын талаш тарыхын да дүйнөлүк тарыхчылардын башын кошуп ордуна коюп кетер аброю бар эле” – деп айтып калганын кулагым көп чалды.

Буларды эскергеним, агай бирөө тууралуу пикирин билдиргенде, жакшы жагын айтуу менен, кемчилигин кошо көзгө сая көрсөтүп, өзүнө гана таандык өзгөчөлүгү менен белгилеп кетер эле. Агайды эскерип жатып, эсил кайран агайымдын элден өзгөчө ушул сапаттары да эске келбей койбойт экен.

Агайдын ага дос, ини достору көп болчу. Ал кезде Ата Мекендик согуштун ардагери Акун Алсеитов, жазуучу Сейит Жетимишов, тарыхчы Баяс Турал, “кыргыз компьютеринин атасы” (Аалы агайдын айтымы боюнча) Эмил Асанов, кийин Эл акыны Рамис Рыскулов, Эл мугалими Кусеин Исаев, Эл жазуучусу Мэлис Абакиров, профессор К.Саматов, тарыхчы Асыкбек Оморов, шумеролог Сабыр Абдыраманэр, профессор Аттокур Жапанов ж.б. байма-бай каттачу. Ара-чолодо келип кеткендер да көп болор эле. Бул кишилер келгенде кабинет өзүнчө бир талкуу борборуна айланып, бакылдагандарын байкаган кишиге өзүнчө эле “Аалы ордо” болуп калар эле.

Шапкени чечип ыргытып, шахмат чабышчу. Кайсы темада сөз козголбосун, кыргыздын улуттук баалуулуктарын, нарк-насилин, каадасын, тарыхын кыйгап өтчү эмес. Анткени Аалы агай өзү жаратылышында кыргыздын касиеттерин кастарлаган, баалуулуктарын барктаган адам эмес беле. “Манасты” жакшы окумайын, аны жакшы түшүнмөйүн өз жолубузду таба албасыбызды, көчмөн кыргыздын көөнө нарктары көздөгөн максаттарга жетелей турган жол экенин айта берер эле. Кыргыз баласы адегенде билимди жакшылап алыш керектигин, спорт менен машыгып, өзүнө тың болушу зарылдыгын кошумчалачу. Анткени айрымдар акыл, билимиңди сыйласа, кээ бирлер кара күчүңдү сыйлайт деп айтчу. Айтса, айтпаса төгүнбү, алардын туура экенин турмушта көп эле көрүп жүрөбүз.

Аалы агай КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия түзүлгөндөн бери эле пайдубалын түптөп, түндүгүн көтөргөн ардагерлердин бири экени жалпыга маалым. “Мен И.Абдразаков, Н.Касиев, О.Ибраимов, Д.Сарыгулов, А.Мадумаров, Т.Жумагулов, А.Ибраимов, Р.Момбеков, Э.Эрматов өңдүү 9 төрага менен иштештим” – деп айтып калганын чогулуштардан көп эшиттик. “Кыргызча сүйлѳгүлѳ!” деп “легендарлуу” депутаттарга тынымсыз кыйкырган маркум К.Бобуловду, “Тил кербенинин” демилгечиси Дастан Сарыгуловду, аны жетектеп түпкүлүктүү элди түрө кыдырып келген Т.Жумагуловдун эмгектерин кѳбүрѳк эстечү. Ташбоо агай да түбөлүк жайга кеткенине 3 айча эле убакыт болуп, эки ай мурун эле ушул гезитте Аалы агай баш болуп Ташбоо агабызды эскергенбиз. Эскерүүсүндө: “Кыргыз деп күйгөндөр кетип, кыргызды күйгүзгөндөр жүрөт”, – деп жазды эле. Кыргыз деп күйгөндөрдүн артынан Аалы агай өзү да кетти. Кайран агайларым, карааныңарды калың журт мамлекеттик тилдин символундай эле кабыл алышчу эмес беле...

Аалы агай өзү турмушта жупуну жүргөндү жактырчу. Илимий, мамлекеттик наамдарга ийин, төшүн толтуруп, башкалардан өзүн өйдөрөк сезип, каада күткөндөрдү жактырчу эмес. “Бул турмушта жаратылышан акылгөй, тубаса тунук эске ээ, парасаттуу адамдар көп, мүмкүн болсо ошолор менен пикирлешип, акылдашкан алда канча дурус” – деген сөздү кайталагандан тажачу эмес. Академик К.К.Юдахиндин колунан окубаса да, 5-курсту бүтүп жатып, анын атактуу “Кыргызча-орусча сөздүгү” боюнча дипломдук ишин жазгандан бери, Константин Кузмичти өз устатындай көрчү. Ар бир сөз боюнча талаш болгондо “Кыргызча-орусча сөздүк” менен “кеңешээр” эле. 2015-жылы К.Юдахиндин  125 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча өзү демилге көтөрүп, ошол кездеги социалдык маселелерди тейлеген вице-премьер министр Д.Ниязалиеваны көндүрүп, ал тургай филармонияда өтчү мааракеде коюлган сахналаштырылган көрсөтмөнүн сценарийин дагы өзү жазып, айтор, баштан аяк өзү туруп берген. Кийин “Академик К.Юдахин атындагы котормо борборун ачалы” деп аракет кылып жүрүп, ачканга жетишпей калды.

Аалы агай өзүнүн айтымында 5 жашында эле кат таанып, “Манасты” окуй баштаган экен. Жаштайынан “Манаска” сугарылып, ага бөтөнчө ышкыбоздугу өмүр бою коштоп жүрдү. Эпосту улуу жомокчудан кагаз бетине түшүрүп, биздин күнгө калтырып кеткен белгилүү "Манас" жыйноочу жана фольклорчу, агартуучу Ыбырай Абдыракман уулун дагы өзгөчө аздек тутар эле. Ал кезде элдик оозеки чыгарманы кагаз бетине түшүрүп жыйнап алуу иши өтө ыңгайсыз татаал шартта өткөнүн, "Манасты" кагаз бетине түшүрүү ишинин алгач демилгечиси Түркстан илим комиссиясы кийинчерээк иштин жүрүшүнө салкын мамиле жасап, аны унуткарып кетишкендиктен, тийиштүү жардам ала алышпай Манасчы Сагымбай менен Ыбырай Абдыракман уулу көп кыйынчылыктарга дуушар болушканын, эч жактан тыңгылыктуу жардам албай, Кочкор менен Ат-Башыда көчүп-конуп жүрүп, төрт жылдын ичинде "Манастын" көлөмдүү биринчи бөлүмүн жазып бүтүрүшкөндүгү чындыгында чыгармачылык эрдик болгонун көп айтчу. Ал тургай Улуттук филармониянын алдына коюлган төрт манасчынын катарына так ушул Ыбырай Абдыракман уулунун эстелигин тургузуу тарыхый калыстык болорун айтып, жазып жүрдү.

Эстелик демекчи, борбор калаабызга коюлган эстеликтер боюнча да өз пикири бар эле. Ала-Тоо аянтына коюлган айкөл атабыздын эстелигин “Ушул кантип Манас ата болсун, селпейтип Сейтектин эстелигин коюп коюшту, Манас дегенде элүү жаштын тегерегиндеги эрендин образы эпостордон көз алдыбызга тартылып жүрөт эмеспи. Андан көрө Таластагы “Манас ордого” коюлган Манастын эстелиги аты жок болсо да жакшы тургузулган, баатырдын образы бар” – деп айтар эле. Агропром имаратынын алдына коюлган Ч.Айтматовдун эстелиги да ал адамдын образын ачып бере албай калганын айтчу.

Дагы бир катуу баалап, кастарлап дос болгон адамы – орус мектепти алтын медаль менен бүтүп, алган билими экономист экенине карабай элдин, тилдин тарыхын иликтеп, кыргыз тили тээ байыркы адамзаттын алгачкы цивилизациясы эсептелген шумерлерге барып такаларын айтып, китебин жазган, бирок турмуш жолу жакшы болбой, көп абигер чегип, акыры а дүйнө аттанып кеткен Сабыр Абдраманэр эле. Кийин Эл акыны Р.Рыскулов, Эл мугалими, мударис К.Исаевдер менен ини-дос катары ынак мамиледе жүрдү.

Акыркы учурларда улуттук календарларды чыгарууда айлардын аталышы түрдүү айтылып, баш аламандыктар көп болгондуктан, аларды бир калыпка салып, жыл санактагы (календарь) ай аттарын бирдиктүү системага салуу замандын талабы экенин белгилеп жүрдү. "Азыр чыккан календарларда айлардын кыргызча жазылышы баш аламан. Мисалы январды "үчтүн айы" дегендер бар. Ошол эле учурда Дастан Сарыгулов, Төрөн Жумаев деген жыл санакчылардын календарларында январь "бирдин айы" деп жүрөт. Мындай эки ача жазуулар баш аламандыкты жаратууда",— дечү. Буларды жоюу үчүн 15 адамдан турган атайын комиссия түзүлүп, алар дагы иликтеп, кыргыздын бир калыптагы жыл санагын иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке сунуштамай да болушкан. Ошондой эле ар кимдин башын айлантпай айларды биринчи, экинчи, үчүнчү деп эле атоону сунуштап да жүрдү. Жогорку Кеңеште ушул маселеге арналган илимий-практикалык конференцияда атайын баяндама менен чыгып да сүйлөгөн.

Тил комиссия түптөлгөндөн бери келаткан ардагер катары комиссиянын ишине, айрыкча кызматкерлердин айлык акылары төмөн экенине күйүп-бышып жүрдү. “Мындай айлыкка жакшы кызматкер келбейт, келсе да кайра кеткенче шашат, айлыкты көтөрбөсөк болбойт, комиссия жаңы түзүлгөндө кызматкерлердин айлыгы Өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери менен тең болчу, ошондой документ да бар, кийин комиссияны улам жоюп, кайра түзүп, бирде Билим берүү, бирде Маданият министрлигинин астына департамент кылып киргизип отуруп, айлык акылар да департаменттин деңгээлине түшүп кеткен, муну баштапкы калыбына келтириш керек”, – деп ар бир келген жетекчинин кулагынын кужурун алчу эле. Акыры 2015-жылы Э.Эрматов төрага болуп келгенде аталган маселеге көңүлдөнүп киришип, айлык акыларды “нормадан тышкары да иштейт” деген жүйөө менен көтөрүшкөн.

2006-жылы жети дубан элди аралаган “Тил кербенин” көп эскерип, ушундай кампаниянын зарылдыгын, кызматкерлер офисте отура бербей эл аралап, тил бюнча элдин пикирин билүүсү керектигин айтып жүрдү. Эмгек жамаатынын ынтымагын чыңдаш үчүн атайын бир маданий иш-чараларды уюштуруп, сапарларга чыгууну да көп демилгеледи.  2016-жылы өз учурунда төкмөлөрдүн төрөсү Токтогул ырчы менен үзөңгүлөш жүрүп, айтыштарга катышкан Туяк ырчынын 160 жылдыгын өткөрүүгө да көңүлдөнүп киришип, эмгек жамаатын Туяк ырчынын мекени Кадамжай районунун Пум айылына барып келүүсүн кайра-кайра жетекчиликке айтып отуруп чечкен. Баткенден келгенден кийин эмгек жамаатын эс алдырып келели деп Соң-Көлгө алып барып, өзү 1 кой союп берген. 

Ушул өңдүү жамаатына жан тарткан иштерди көп кылды. Кызматкерлер кандай жардам сурап кайрылбасын аны чечип берип, ажаатын ачканга аракет кылчу.

Аалы агай а дүйнө сапар тартканда некрологго “Кыргыз эли, маданияты, кыргыз тили оор жоготууга учурады. 69 жаш курагында капилет келген оорунун айынан белгилүү котормочу, акын-пародист, журналист-публицист, СССР Журналисттер Союзунун анык мүчөсү Аалы Молдоканов дүйнөдөн мезгилсиз кайтты” – деп жазылды. Белгилүү котормочу экенин билчү элек, акын-пародист экенин жакшы билбептирбиз дегендер болсо керек. Аалы агайдын:

Тарыхын ташка каттаган,
Тартышкан жоодон качпаган.
Жазуусун, тилин, “Манасын”,
Жазбастан башка сактаган!
Кыргызды Кудай колдой көр,
Кыянат жолго баспаган,
Теңирим колдо кыргызды
Тетири жолго баспаган... – деген кыргыз касиетин бир куплетке сыйдырган керемет ыр сабы бар. Акыркы саптарын карап отуруп, ата-журттун эле эмес, ааламдын башын кара булут каптаган азыркыдай капсалаңдан “Теңирим колдо кыргызды, тетири жолго баспаган” деп жазса керек деген ойго аргасыз жетеленесиң.

Айтмакчы, агайдын теңирчилик боюнча да пикири өзгөчө эле, улуттун улуулугун аздектегендердин катарында жүрүп, эртедеги тутунган теңирчилик ишениминин баалуулуктарын карманып жүргөндөй болчу. Бир күнү эле чогуу иштешкен, Аалы агай өзү кызматка алып келип, “менин бир эле кадрым бар, ал – Айтиев” деп айтып, айтканына жараша ар кандай учурларда коргоп, орун басарым деп ээрчитип жүргөн Бакыт Айтиев байкебиздин “мен да теңирчимин” – деген сөзүн угуп, “бу теңирчимин деп койгон экөөбүзгө окшогон жалкоолордун шылтоосу окшойт, мусулманчылыкка окшоп, беш маал даарат алып, намаз окуу, бир ай напсиңди тыйып орозо кармоо деген сыноолор жок экен да” – деп күлгөнү эсимде.

Агайдын бул сөзүндө да чоң маани жаткансыйт. Агай жөнүндө айтып келатып ар кандай ойлорго ала качтырбай коё албайсың ушинтип. Жогорудагы мисал сыяктуу мыкты ырларынан кийин акын деп кантип айтпай коё аласың. Негизги кесиби болгон котормочулугун айтпаганда да, кайсы жанрда иштебесин чыныгы талант, калеми төшөлгөн жазмакер экени байкалып турчу. Хан Ормондун 220 жылдык мааракесине арналган иш-чарага карата жазылган поэма түрүндөгү көлөмдүү ыры дагы элдин назарын көп бурбай жүрөт. Андан элдик баатырларга арналган салттуу жамак менен чыныгы поэтикалык табылгаларга карк саптарды кездештиресиң.

Пародияны дагы катыра жазчу. Белгилүү адабиятчы-окумуштуу С.Байгазиевдин “Көк бука” деген ырына жазган пародиясынан кийин, ал киши көпкө таарынып, учурушпай жүргөнүн айтып калчу. Жазган пародияларын байкаган, ушул жаатта эмгектенген Эл акыны Т.Самудинов, сүйлөгөн сөзү эле пародия сымал күлкү жаратып турган Эл акыны О.Султанов дагы “Аалы, сен мыкты пародиячы турбайсыңбы, азыркы ишиңди жыйыштырып, ушул жаатта эмгектенсең, кыргыз адабиятынын бөксөсүн толуктай тургандай түрүң бар” – деген чакырыктарына болбой койгон экен. Чын эле ыр, пародия жазууну хоббиси катары кабылдап, көп тереңдетпеди. “Он сегиз миң ааламдан, өлбөй тирүү ким калган?” – деген авторлошкон ырлар циклине дагы кошумча кошуу иретинде эки досуна ыр жазган. Бири Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү тележурналист Б.Боркеев.

“Манастап” ураан чакырган,
Акчаң болсо, калайык,
Аянба – деп бакырган.
Тердеп көп жыл жем жеген,
Теле деген акырдан.
Кара далы калтырбай,
Соопчулук көп кылып,
Сокур айгыр атанган.
Бөлө куйбай жүрбөгөн,
Бөлөктү сүйрөп, “жүр” деген,
Бөркү дайым табында,
Бөтөлкө көркүн чыгарып,
Бөкөнбай өтөр дүйнөдөн! – деген ырын Бөкөнбай агай өзү көзү тирүүсүндө окуп, “жууп берем, мыкты жазыпсың” деп ыраазы болгон экен.

Экинчиси Эл акыны Ш.Дүйшеевге.

Акындыгы – Ат-Башы,
Адамдыгы кичине.
Таланты Талас, а бирок,
Таруу батпайт ичине.
Жазганын пулдап, кудуңдап,
Жарыгы тийбейт кишиге... - деп жазганын кайсы бир гезиттен окуп, акын агабыз катуу таарынган экен.

Аалы агай бул жалганда чыныгы мырзалык каадасы, адамдык парасаты менен ак сөөктүк салабатынан жазбай татыктуу өмүр сүрдү. Артында биз жогоруда азыноолак айтып үлгүргөн жана айтылбай калган эмгектери, ошондой эле “агайлаган” шакирттери калды. Агайдын өзүндөй өзгөчө курч тили, стили, саясаттан качып, маданиятка ыктаган бүгүнкү журналистиканын мыктысы Назира Аалы кызы, бала-чака, неберелери калды.

Агай өзү акылгөйлүгүн аңыз кылып оозунан түшүрбөй айтып жүргөн бабасы Шамендин, ак жүрөк эмгекчилдиги менен сыймыктанган атасы Молдокандын артынан кетти. Агайы катары аздектеген З.Бектеновдун, К.Юдахиндин, устаты катары баалаган Т.Орозалиевдин соңунан узады. Чогуу иштешип, алардын жасаган эмгектерин элдин эсине салып жүргөн, Камбар акеси менен Казат авасынын, кесиптеш-пикирлеши Ташбоо агайдын  артынан кетти.

“Эл артисти Элмирбек Иманалиев бир курдай казактарга барып калсак “Кыргыз барда казак бар, \ Камбар өлсө Казат бар!” деп жубаткан эле” – деп айтып калчу. Мамлекеттик тилдин дөө-шааларынын катары ушинтип улам суюлуп баратат. Түбөлүк жайда, балким, ата-бала, устат-шакирт, кесиптеш-пикирлештер кайра табышкандыр. Табышып өткөн-кеткен турмуштары тууралуу кенен кеп кылышар. Же кесиптештери менен эне тилинин эмки абалына баягыдай эле туталанып, кейип-кепчип жаткандыр...

Мундузбек уАБДЫЖАПАР уулу

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз