Ризван Исмаилова: Улуу сынчы одүйнө кетти

Таажывирусунун апаатынан үйдөн чыга албай,  Фейсбуктан көөдөндү куушурулткан суук кабар уктум...   Ишене албадым дебейм,  Садык Алахан агайдын “актыкка моюн сунду...  ” деген сөзү кулагымда жаңырып турду.   Бир топко нес болуп,  колу-бутумдан жан кеткендей шалдырып баратканымды сезип,  өзүмдү кармандым.   “Өлбөгөн адам барбы?..   Артыңан бирдеме калсын десең,  кармаган ишиңе баш-отуң менен киришкин” деп,  бир мезгилде өктөм сүйлөгөн үнү кулагыма шак дей түштү.   

Биз көп эле жолу сүйлөштүк.   “Жакын элем,  шакирти болчумун, чыгармаларыма ак жол каалап,  жакшы сүйлөшөт элек,  чай ичишкенбиз,  каттоом бар” дегендерден эмесмин.   Чынымы айтсам,  ар бир сөзүмдү ойлонуп сүйлөп,  суроо берерде коркуп,  чочуп турчумун.   Ар бир жолу жолуккан сайын эмне окуп,  эмнелерди иштеп жатканымды сурагандан кийин  адатынча урушуп калчу.  Эмнеге уруша берерин мындан жашыраак  кезимде  түшүнө бербей, кыйтыйып,  кабагыма кар жаап калчу.   Азыр ойлосом,  миң жолку көңүлдү жибектей сылап-сыйпап өткөндөн көрө,  октой айтылганы он эсе пайдалуу,  жүз эсе жөндүү сөз экен.   Жөн эле ал-жай сурап,  тил эмизмей, көңүл үчүн жайгармай, салт үчүн адатка айланган кыялын сезбедим.  Учурдун көйгөйлөрүнө тил,  адабият,  маданият,  окутуу маселеси,  китеп эмнеге окулбай калды дегенге мага окшогон мен сыяктуулардай карабай,  башка өңүттөн түпкү себептерин иргеп-чубап,  даанышмандык менен карарын асиреттешкенден кийин мээме түйүп алат элем. 

Эч бир жолу  мамыр-жумур болуп,  бирин-бирин ырастаган,  алымча-кошумчасы менен ойлору дал келген аңгемелешүүбүз болгон эмес.   Көңүл кушу келип калганда, көкүрөк дартындай айтып-деп,  мен угуучунун ролунан ашыкча  көтөрүлө алчу эмесмин.   Акыркы жолугуп сүйлөшкөн күнүм 2018-жылдын 9-январында КУУнин үчүнчү кабатындагы филфактын адабият кафедрасынын жанында болду. 

Агайдын чыгармалар, кол жазмалар,  китепке сын жазган учурларында  ручканын бир гана максрайтер түрүн колдонуп,  анын көк сыясында жазып,  көгү менен шилтемелерди бөлүп,  кызыл түстүүсү менен кызыл-жаян кылып чийип-оңдоп отурганын көп көрдүм.   Иштеп отурганда барып калсаң,  китеп, кагаздарын чогултуп,  иреттеп бир чекеге жылдырып коюп,  сени  менен сүйлөшөт,  ынтаа менен угат.  Карышкырдыкындай айбат менен сес бергендей өткүр,  сынай тиктеген  көз карашынан мен эмес, башкалардын да жалтаңдай түшөрүн байкадым...  Көздөрүнөн ички эмоциясын байкоого такыр болбойт эле,  кубанганда гана карегинен үрөң-бараң учкундар “жылт” дей түшөт.   Мурда такыр өзү жөнүндө айтчу эмес,  кийинки кезде өзүнүн Москвада  окуган жылдарын ичинен тамшанып,  сагынып,  “саргая жортсоң,  кызара бөртөсүн” дегендей,  илим-билимди казып окуганынын пайдасын канчалык көргөнүнө канааттануу сезимин байкадым.   Анысын башкаларга да жугузгусу келген каалоосу  өмүрү өткөнчө жашады. 

“Мыслящий человек”

Москвага барып, адабият институнун аспирантурасына тапшырдым.   Оюмда бир гана тилек, бир гана максат.   Окууга кабыл алууга экзамен тапшырып жатканымда,  бир орус аял менен эркек агай кунт коюп угушту.   Аалы Токомбаев менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын сындап, терең анализдеп,  талкуулап бердим,  аябай өзүмдү эркин сездим.  Экзаменден “төрт” алдым.  Сынак алган профессор аял менен А.  Токомбаевдердин  үй-бүлөлүк катышы бар экенин кийин билдим. 

- КМУнин филфагындагы  студент кезимде бир орус эжекем менен Москвада    аспирантурада  окуп  жүргөнүмдө орус агайым экөө сүйлөшүп алгандай,  мени “мыслящий человек” деп айтышкан. 

Аспирантурага тапшырып коюп,  алты айга чейин эч жакка чыкпай,  жатаканада жатып алып китеп окудум.  Бир багытым – институттун китепканасы,  тамак-аш сатып алганы дүкөнгө барам,  калган убактымды  тырышып,  күндүр-түндүр китеп менен өткөрдүм.  Гегель, Фейербахтан тартып,  орус адабиятынын классиктерин бүт окуп чыктым.  Карамзин,  Державин,  Достоё  вский,  Гоголь,  Толстойдун чыгармаларын эт-бетимен түшүп,  кызыгып окудум.   Орус тилин үйрөнгө чоң жардам болду,  сабаттуу жазууга көнүктүм.  Бир гана немис тили боюнча курска барат элем.   Кийин сүйлөшкөнгө чөйрө болбоду,  болбосом немис адабиятын оргиналында окуйм деген тилегим бар эле.  Орустун улуу сынчысы В.Г.Белинский: “Батыштын адабиятын окуп өздөштүрмөйүн, орус адабиятын өнүктүрө албайбыз” деген. Шекпир,  Гете,  Данте,  Петрарка Батыш адабиятынын негиздөөчүлөрүнүн шедеврлери менен таанышпай туруп,  орус классиктерин түшүнүш кыйын. Орустар Батыштан көп нерселерди алган,  окуп үйрөнгөн,  өз чыгармаларын өнүктүрүшкөн,  адабий  байланыштын кылымдардан берки келаткан сабактарын,  салттык  карым-катнашынын мааниси чоң.   Акын же жазуучунун көп тилди билүүсүнүн  пайдасы эбегейсиз,  Батыштын акындарында  бир нече тилди үйрөнүү  мурдатан  калыптанган.   Азыр деле өсөм деген  чыгармачыл  адам көп тил билсе,  ошол тилдерде  чыгарманын түп нускасын окуйт. 

Оштон адабий чөйрөнү таппадым... 

Аспирантурада үч жыл окуп, “Кыргыз  совет поэмасындагы (1920–1950-жж) салттык жана жаңычылдык маселелери” деген темада кандидаттык диссертациямды орусча жаздым,  коргоп келгенден кийин,  Оштогу пединституттун ректору  Ж.  Бешимов  ишке чакырды.  Ошко бардым.   Бир саат чайканада чай ичкенче сүйлөшөт экенсиң... Сүйлөшкөнгө киши жок, адабий чөйрөнүн жоктугу кыжаалат кылды.   Адабият,  маданият жана искусство  темасында ойлоруңду бөлүшкөнгө киши таппасымды сезип,  артыма кайттым. 

Билбейм, агайдын оштук акын-жазуучуларга,  адабиятчыларга дегеле адабий чөйрөгө  ичи чыкчу эмес. Муну оштуктар угушса,  таарынса керек,  мен деле ошентчүмүн... Мезгил көрсөтөт деген ак сөз,  сөз чынынан бузулбайт  деген чын.   Бир гана  биздин  сүйүктүү агайыбыз,  илимий ишиме жетекчи болгон устатым  Жээналы Шериевди көп сурап калар эле. 

Ошто бирөө-жарым барбы окуй турган?  Жакын арада жакшы акынды окудуңбу? Бир мезгилде чымыны бар кишилердин көпчүлүгү борборго кетишкенин баары билет.   Тынч мезгил,  азыркыдай базар экономикасы араанын ачпайт,  материалдык атаандаштык шаштыңы албайт,  кененчилик,  беймарал айлыкка  күн кечирген убактарда адабий  чөйрөдө да жандуу, кызуу талаш-тартыштын аягы тыйылбаган кездер өткөн.  Ошондон уткандар болду.   Азыр кайда?

Көрсө, агай оштуктарды намыстанткысы,  арданткысы  келген экен.   Оокат-ашка,  кийим-кечеге, көр дүйнөгө эмес,  окууга,  билим алууга,  адабиятчы болобу,  акын-жазуучу болобу,  катардагы киши болобу – көп окуса деген  изги тилек  дилинде жашаган. 

Менин жеке баамымда,  Ош тараптан барып,  илимий иш жазгандарды кайсы бир жогорку окуу жайдын адабият  кафедрасында талкуу болуп жатканда  “Кимдин  стили жыттанат? Кимдин почерки экен?” деген күңк-мыңк ич ара шыбырашкандарга күбө  болгондур?..  Мен өзүм профессор К.Артыкбаевдин кафедрасында талкуудан өтөөргө жакын,   кимдердин илимий даражасы,  наамы кимдин калеминен чыгып,  сөзү, ою,  бүтүмү менен  “илимий жаңылык” ачканын айтып беришкен. Советтик мезгилде, эгемендик жылдарындагы ошол илдет  азаймак түгүл,  сары чырмооктой жайылып  кеткенин ким танат?

Адабиятка аралашуунун башкы максаты эмне?

Агай саналуу кишилерге,  акын-жазуучулардын чыгармаларына адабий  талдоо, сын макалаларды жазды.  Муну элдин баары билет.   Ал эч качан көңүлүнө туура келбеген,  же адабий процесстин талабына шайкешпеген өзү айтмакчы “колго урунаар бирдемеси болбосо же  жылт эткен жаңылыгы,  солк эттирген ой чабыты кыскасы,  изденүүнүн  илебин,  чыгармачылык түйшүктүн тери сезилбесе,  колуна калемин албаган.  Биз жаңыдан жазып келаткандардын бешенесинен сылап,  көптү үмүттөндүрөт деген ойго көп азгырылабыз,  агайда  андай “көңүлчөөктүк”, тил эмизмей кыялдар жок эле.  “Бар” же “жок” деген эки принцип,  эки  колдун муштумундай түйүлгөн көктүк,  көздөгөнүн бербеген көкжалдык касиеттер бар эле.   Анын  ушул сыяктуу  “аристократтык” (ак сөөктүк) кыялы да көп кишилер менен мамиле түздүргөн эмес.    Менимче, өмүрү өткөнчө “кыргызчылык” деген оорудан өзүн алыс кармап жүрүп кетти...

“Ырдын өмүрү” деген китебинде: “Албетте, акындын баары эле сөзсүз түрдө  гений,  же улуу боло бербейт. Бирок ар кандай ыр жазууну кесип туткан адам  искусство деңгээлинде  поэзия жаратууга сөзсүз милдеттүү,  адабиятка аралашуудан башка максаты жок” деп таамай айткан.   Бул сөзү жаңыдан жазып жүргөн,  атактуу,  аттуу-баштуу чыгармачыл адамдардын баарына коюлган талап эмеспи.   Талапты коё   билген адамдын деңгээли  десениз,  айрыкча  адабий сын жаатында Кадыркул Даутовдон ашып түшкөнүн учурата элекпиз!

Сүйүнбай Эралиев чоң акын,  чоң сүрөткер.   Аны менен көп жолу жолугуп сүйлөштүм.   Москвада Горький атындагы адабият институтунда окуп жүргөндө,  өзү  кызыгып,  сонуркап  жүрүп которгон  “Василий Тёркиндин” автору менен кездешип,  көзмө-көз маектешет.   Адабият,  поэзия,  саясат,  коммунисттик партия темасын,  ыр жазуунун машакаты жөнүндө  сүйлөшүп  келатып,  кыргыз акынын кунт коюп уккан улуу акын  А.  Твардовский; “же саясатты,  же  адабиятты тандагын” деп кесе айтыптыр. 

Акынга биринчи чөйрө керек.   Акын болуп туулбайт.   Ыр жазууга кичине эле жөндөмү болсо,  көп окуса,  көптү билсе,  башка чоң акындарды таанып-талдай алса,  өзүнүн стилине ээ акындар гана назарга илинет,  талдоого алынат.   Акындын интеллекти канчалык бийик болсо, ошончолук  руханий азыктын ширесин,  уюткусун берет.   

Агай жалпак тил менен айтканда,   кыргыз, орус жана дүйнөлүк  адабиятты “ичип-жегендердин”  башындагысы болчу.   Кайсы доор, мезгил,  кайсы учур кандай дареметтүү,  чыныгы акындарды берди,  кимдерди алдыга чыгарды деген суроону беш колундай билип,  таптак  санап  айтчу.   Тилекке каршы,  алар көп эмес эле... 

Түбөлүктүүлүккө чабак урду

Агай көзү өткөнчө бийликтин,  бийлик төбөлдөрүнүн камчысын чапкан жок.   Бийликке карата каяшасын  бетке айтып,  карама-каршы  мамилесин билдирбегени менен адабияттагы,  искусстводогу,  маданияттагы жана педагогикадагы жасалмалуулук,  алешемдик, эки жүздүүлүк,  анткорлук,  жанкечтилик,  жердешчилик,  кыргызчылык дагы башка   ушул  сыяктуу  чындыктын,  фактынын белин сындырган,  бурмалаган көрүнүштөр,  окуялар,  мамилелер  менен келише албады.   

Ал  улуттук адабияттын  өсүп-өнүгүшү үчүн чегара кайтарган жоокер  сымал түн уйкусун,  күн тынымын билдирбей, болгон күч-аракетин,  билимин жумшады.   Добулга сынгысы келбеген жаңгактын дарагындай көкжалданып,  мезгилден,  тагдырдан,  жазмыштан өчү бар кишидей тытынып,  кажынып иштеди... Көпчүлүк  дүркүрөтө кол чаап,  мактаган-жактаган  чыгармаларды,  эринбей-муюбай отуруп,  “Миң бир  түндү” айткан жомокчудай сөзүнө, сюжетине азгырып-кызыктырып коюп,  таптуу,  уюткулуу,  ачуу,  маңыздуу,  ишенимдүү  даутовдук стили менен ак-карасын ажыратып,  көзүбүздү умачтай ачып койду. 

Чындык деген улуу сөздүн  турган турпаты,  лексикалык-лингивистикалык жана семантикалык түпкү маани-маңызы Кадыркул агайдын ар бир китебинде,  ар бир макаласында,  ар бир сынында же адабий талдоосунда  өзү көп колдонгон,  жакшы көргөн  лексиконун бириндей “жандуу,  кызыл сызыктай” башынан аягына чейин Кызыр жылоологондой так ачылат,  таамай таасындалат,  таптак такталат,  терең талданат.   Чындык канчалык тебеленип-тепселбесин,  канчалык тапталып-талкаланбасын,  жеңишке жеткенде,  жеңип чыкканда,  ошончолук оттуу,  ошончолук таттуу,  ошончолук  энергиялуу, кадырлуу,  барктуу,  байманалуу, өмүрлүү... 

Кыргыз адабиятында совет мезгилинде  Октябрь революциясын,  Ленинди,  партияны,  саясатты,  бийликти,  бийлик төбөлдөрүн ашыра  мактап-даңктап,  айга-күнгө теңеп,   чаң жугузбай жазган акын-жазуучулар көп болду.   Союз кезинде  компартиянын колдоосу,  дымагы  менен 250дөн ашык китептин автору болгон Муса Жангазев Кыргызстан  КП  биринчи  катчысы Турдакун Усубалиев менен бажа болушкан.  Мезгил деген өктөм,  өжөр,  кайтпас,  кылыч миздүү сыноодон өтпөй,  канчалагандарынын аты-жыты белгисиз болуп кетти... Октябрды,  Ленинди,  саясатты  ырдаган акындар,  ошол саясат менен өздөрү жок болушту. 

Адабиятта түбөлүктүү темалар аз эмес.   Кандай тема болбосун ажарын ачкан,  маңызын чаккан,  түс-боёгун ажарланткан-түрлөнткөн, окуган сайын мазмунун тереңдеткен  талант болот.   

Болгону тогуз адам... 

Бизде,  кыргызда той-аштын түрү көп.   Акын-жазуучулардын жаңы китебинин тушоосун кесмей,  сыйлык жуумай,  тууган-туушкандарынын аш-тою,  чыгармачылыгынын отуз,  кырк,  элүү, алтымыш,  жетимиш,  сексен жылдык мааракеси,  чыгармачылык кечеси  бүтпөйт же түгөнбөйт. Сынчыларды сыйга чакырса, төрдө Кадыркул агай отурса жарашмак.   Бирок чакырган жерге барбаган  адам аз же жок.   Болбосо,  К.  Даутов агай болду...

Сексен  жылдык өмүрүндө болгону тогуз адамдын чыгармачылык кечесине бардым деп айтканын өз оозунан уктум.   Салттык формада жазган таланттуу акын Байдылда Сарногоевдин поэзиясын иликтеп-изилдеп,  чыгармачылык кечесин өзү уюштурган.   Өзү тамада болуп,  тойду башкарган экен.   Кыргыздын таанымал акындары: С.  Эралиев,  С.   Жусуев,  А.  Өмүрканов жана башка болгону тогуз  акын-жазуучунун чыгармачылык  кечелерине барганын  канааттануу менен эскерген. 

Мүрзөгүл... 

Кыргыз адабиятынын жылдыздуу асманында кыргыз адабий сынынын Чолпондой жанган жарык  жылдызы түбөлүк жанып турарына ишенимим чоң.   

Урматтуу Кадыркул агай,  кыргыз эли сиздин улуттук адабияттагы  ат көтөргүс эмгегиңизди эч качан унутпайт.   Жаткан  жериңиз  жайлуу болсун,  жараткан  Алла-таала бейиштен орун берсин!

Ризван ИСМАИЛОВА,  Филолгия илимдеринин кандидаты,  ОМЮИ доценти. 

29-июль.   2020-жыл. 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз