РАНдын академиги Вячеслав Иванов акыр заман жөнүндө

Лингвист жана антрополог окумуштуу В.В.Иванов (1929-2017-ж.ж.) чет өлкөдө эмгектери талашсыз таанылган көп эмес орус илимпоздорунун бири. Эгер илимдин жаркын жана эч кимге окшобогон философторун тизмелей турган болсок, анын аты алгачкылардан болуп жазылышы мүмкүн. Вячеслав Всеволодовичтин 2013-2015-жылдары Арнис Ритупка жана Улдис Тиронсеого курган маектеринен үзүндү беребиз. Маек менен Rigas Laiks сайтынан толук таанышууга болот.

Белгилүү окумуштуу В.В.Ивановдун ырастоосунда: адамзаттын акыркы күндөрүнө 50 жылдан да аз убакыт калды.

– Сиз өзүңүздүн Кудайга жасаган мамилеңизди кандай сүрөттөйсүз?

– Мен Кудайга ааламдын баштапкы биологиялык табигый өнүгүшүн уюштурган жана андагы кандайдыр жогорку деңгээлдеги башталышка шарт түзгөн күч катары карайм. Мен Кудай адамды өз колу менен же өзүнүн түздөн-түз катышуусу менен жаратты дебейм. “Кудай” деген сөз менен аталган улуулук бүткүл ааламдын жаралышын жана анын табигый өнүгүүсүн акыры бул тирилик жана адамзаты пайда болгудай кылып уюштурган деп билем.

Кудай менен байланышса болобу? Эгер Кудайга кайрылсам ал мага жооп береби? Бул суроолорго эч ким так жооп таба албайт. Анткен менен илимий божомолдор бар. Менин жоромолум боюнча жогорку асыл-эс кээ бир кишилердин кандайдыр аракеттенүүсүнө атайын таасир этет же багыт берет. Бул толугу менен мүмкүн.

Жараткан мындай таасир этүүгө башынан эле кызыкчылык жаратып келгенби? Менин оюмча: ооба. Мисалы, ааламдын түзүлүшү боюнча Эйнштейнге жогортон кандайдыр билдирилген. Болбосо кара башыл пендеге салыштырмалуулук теориясын түзүү мүмкүн эмес. Ошентсе да Эйнштейндин ушундай ачылыш жасоосуна кызыкдар болуп, ага билдирүү жиберген кандайдыр булактын болгону мага анча түшүнүктүү эмес.  Эйнштейн Кошмо Штаттардын президентине кат жазып, мындан улам атом бомбасын жаргандардын жоругу кандайдыр Кудай тарабынан көзөмөлдө турганы арсар. Ал эми салыштырмалуулук теориясы далилденип жаткан учур менимче көзөмөлдөнгөнү анык.  Кудай менен болгон байланыштын жоктугунан улам жер жүзүндөгү адам эркиндиги жеткиликтүү өлчөмдөн да жогору. Кудайга болгон сыйынуу менин илимий изилдөөмө сыйбайт, муну мен элестете да алам. Мен Жогорку акыл-эс же Кудай дегенде бизден алда канча бийик деңгээлде өнүккөн, таптакыр башкача түзүлгөн дүйнөдө жашаган улуулукту түшүнөрүмдү танбайм.

Илимий-фантастикалык романдын термини менен айтсак, Кудайдын дүйнөсү – бул башка ааламдагы бөлөк цивилизация. Ал эми ааламдар заманбап физика илими боюнча абдан көп. Алардын бири биздин ааламда биологиялык табигый өнүгүүнү уюштурушу мүмкүн. Бирок бул цивилизация биздин ар бирибиздин кылган-эткенибизге, түшүнүгүбүз менен ишенимибизге кызыга тургандыгы менимче өтө чоң аша чапкандык. Мына мен бала чагымдан бери кумурскалар дүйнөсүнө кызыгып келем, алар бизге абдан окшош! Булардын кээ бир материалдык маданияты биздикине караганда жогору. Алардын үй жандыктарынын жана өстүргөн өсүмдүктөрүнүн түрлөрү биздикинен да көп. Кумурскалардын уюктары биздин шаарларга караганда зирек акылдын арты менен курулган. Алардын табигый өнүгүүсү абдан узун. Эгер биз жер жүзүндө башка цивилизация катары жашап жаткан кумурскалардын, аарылардын, термиттердин жашоосу менен эң эле аз алектенсек, анда эмнеге ааламдагы бизден көлөмү алда канча чоң башка жандар бизге үзүлүп түшө кызыгышы керек? Мен эми эң негизги күч же жогорку акыл-эс жөнүндө айтпай эле койоюн. Бирок жогорку акыл-эсти сыйлаш керек.

– А сизге ошол жогорку акыл-эс эмненидир билдирди беле?

– Өмүрүмдө бир нече жолу, бирок тез-тезден эмес.

– Аларды биз менен бөлүшө аласызбы?

– Менин оюмча мындайга адам баласы көп эле учурайт. Байкашымча, ар кандай муундагы жана ар түрдүү өлкөлөрдө жашаган көп эле адамдар ааламдан маанилүү маалыматтарды алышат, бирок алар пенделик кылып анын абдан аз бөлүгүн гана түшүнөт. Көпчүлүк адамдар мындайды жөн гана түшүмө кирди, көзүмө тим эле көрүнүп кетти деп коюшат.  Кимдир-бирөө мындайды эсинен чыгарууга шашат, башкасы түшүнүксүз кубулуш деп ойлойт. Мени отуз жылдан бери адамзаттын тыптыйпыл жок болуусу толук мүмкүн экени түйшөлтүп келет. Пятигорски менен биз муну талкуулаганга жетишкенбиз, ал мага караганда буга карата абдан эле жакшы ойдо болчу. Мен болсо өтө жогорку деңгээлдеги ааламдык коркунучту тез-тез көрчү болдум, бирок аягын көрө албай жүрөм, түшүнүктүү айтсам кыямат кайым көрүнбөй атат. Балким аны мен көрбөшүм керектир. Бирок мен ага карай жылууну көрүп турам, кайсы бир аралыкта желмогуздун оп тарткан оозундай болгон коркунуч барын сезип жүрөм.

– Мындай ой эмнеден улам чыгат?

– Мындай пикирге мен дароо эле бир нече булактан алынган маалыматтан улам келип отурам. Биологиялык жана геологиялык изилдөөлөрдөн чыгарылган бүтүмдөр боюнча Жерге болгон космостук терс таасир болжолдуу түрдө беш жолу болгон. Муну мага илим билдирди. Акыркы, бешинчи жолкуда динозаврлар жок болгон. Ар бир жолку биологиялык табигый өнүгүүдө кеминде 90 пайыз жандуу жексенделген. Ал эми калган он пайыз башка тарапты карай өнүгө баштаган. Динозаврлар жок болгондон кийин чоң кескелдириктердин жашоосу уланган эмес, бирок өзгөчө көрсөткүч катары сүт эмүүчүлөр пайда болгон, андан соң адамдар жаралган. Ушул ойдун өңүтүнөн алып караганда илим менен дин карама-каршы дегендердики туура эмес.

Иш жүзүндө илим адамдын жаралышы боюнча эч кандай далилге ээ эмес. Заманбап генетика да эч нерсе бере албайт. Мен муну менен өтө эле көп алектенем, бирок эч нерсе түшүнүктүү эмес. Сырткы коркунучка келсек, жок болуубузга кичинекей метеорит сыяктуу болбогон эле бир таасир жетиштүү болушу мүмкүн. Жердин өзүндөгү эле коркучтар жетиштүү. Алардын ичинен атомдук согуш эң жөнөкөйү болуп саналат. Керек болсо бир нече Чернобылдар эле ошол коркунучтуу жыйынтыкты берип коюшу мүмкүн. Африкадан башталган ачарчылыкка байланыштуу бир катар жамандыктар күтүлөт. Алардын ар бирин мүмкүн болушунча азыртадан алдын алып, күрөш жүргүзүш керек.

Мен БУУнун 1994-жылдан берки эксперти катары бир топтун иштерине катышам. Мүмкүн болгон ядролук коркунучту, бүткүл дүйнөлүк ачарчылыкты, калктын санынын өсүүсүн, энергетикалык байлыктардын түгөнүүсүн алдын алыш үчүн кандайдыр кошумча жолдорду издеген мындай топтор абдан көп. 60-жылдары түзүлгөн “Рим клубу” болжолдуу түрдө ушундай иштерди аткарган. Бул тема боюнча Капица абдан тынчсыздангандыктан өкмөткө кат жазган. Ага болгону бул боюнча макала жазганга гана уруксат беришкен. Ал эми азыр италиялыктар “Рим клубуна” эч кимдин көңүлү бурулбаганын таң калуу менен сөз кылышууда. Баса, алар жер тарыхынын бүтүшү боюнча маалыматты илимден алышкан эмес, жөн гана компьютерден эсептеп чыгышкан.

Мени азыр эң эле тынчсыздандырганы – чогултулган маалыматтарыбызды акыр заман келгенде кийинки дүйнөгө өткөрүп бере албаганыбыз. Анткени биздин компьютердик цивилизациябыз абдан морт. Биздин курган пирамидаларыбыз, ташка чеккен каттарыбыз жок. Эмне калат бизден? Мүрзөгө коюлган таштарга чегилген ысымдарыбызбы?  

– Мен математик Миша Громов менен маектешкенимди эстедим. Ал мындай деген: “Сиз түшүнүп атасызбы, биздин цивилизациянын бүтүшүнө болжолдуу эсептегенде 50 жыл калганын?”

– Бул эми көбөйтүп айтканда. Менин оюмча мындан да аз калды.

– Мен дагы андан мындай деп сурагам: «А сиз бул туңгуюктан чыгууну көрүп турасызбы?» Ал эгер адамзат пайда издөөдөн башка кызыкчылыкка өтчү болсо, сакталып калууга кичинекей бир мүмкүнчүлүк бар экенин айткан.

– Мени эмне коркутат. Адамзаттын кайсы бир кичинекей бөлүгү сакталып калышы мүмкүн. Эгер алар таптакыр адамдыктан кетпесе, зыяндуу нурлардан жабыркабаса, анда кайра калыбына келет жана жашоосун улантат. Менин оюмча, бул адамзаттын башынан бир же бир нече жолу өткөн. Азыр бул боюнча көптөгөн маалыматтар чогултулууда, алардын баары чынында эле багытты өзгөртүүгө бир нече жолу аракет жасалганын көрсөтүүдө. Орой айтсак, энергияга багытталган коомдон (анын эң акыркы формасы жалаң гана нефть жана газ менен жашаган азыркы орус коому болуп саналат) маалыматка умтулган коомго өтүү жана ошого жараша өзгөрүү зарылдыгы жаралууда. Анткени болор коркунучтардан маалымат алынууда, бул деген биз коркунучту түшүнүп, ага жараша аракет кыла баштаганыбызды түшүндүрөт. Мунун баарына убакыт керек. Ушул эле учурда биздин техникалык өнүгүүбүздүн ыргагы абдан тез, ал эми өнүгүүнү уюштуруу ыргагы өтө жай.

– А сиз дегеле адамзат жашоосунун уланышынан кандайдыр маанини көрүп турасызбы?

– Көрүп турам! Менимче, эгер адамзаты азыркы болбогон нерселер менен алектенгенин коюп, олуттуу иштерди жасоого умтулса, анда бир нерсеге ээ болгонго же бирдемеге жеткенге мүмкүнчүлүгү бар.

– Адамзатта төрөлүп-өлүүдөн, тукум улоодон жана жогорку өнүгүүгө жетишүүдөн башка да кандай максат болушу керек? Мунун баары эмне үчүн?

– Физика илими аныктагандай (дин эмес физика ырастагандай!) аалам адам жашашы мүмкүн болгондой кылып жаратылган (же жаралган). Мындан улам менде суроо жаралат: ааламга адам эмне үчүн керек? Мен адам ааламга өзүн байкоого алышы үчүн керек деген ойго көбүрөк ынанып жүрөм. Эгер биз же башка акыл-эстүү жандар (дегеле бүткүл жандуу жаратылыш) жок болсок, аалам өзүнүн бир маанилүү бөлүгүнөн айрылмак. Ааламга өзүнө көңүл бурган, кандайдыр бир образда кабыл алган тирүү жандар керек. Өтө көп сандагы планета, жылдыз жана башкача аталган жансыз заттардын эч өзгөрүүсүз бири-бирин айланып жүрүүсү кызыксыз жана абдан тажатма көрүнүш. Эрик Адамсонс жазгандай адам баласы ааламдын бир бөлүгү болсо да акыл-эстүү ой жүгүртөт, сезет, туят, кабыл алат, жыт алат. Ал ушунусу менен ааламга кымбат. Бирок биз адамдар бул мүмкүнчүлүктөрүбүздү абдан аз колдонобуз! Булар баарынан мурда поэзия менен философия үчүн негиз болуп беришет.

– А сиз ааламдын маанилүү бир бөлүгү болуп саналган адамзаттын алектенүүсүнө татыктуу делген бир нече ишти мисал келтире аласызбы?  

– Сиз билесизби, кээ бир элдер негизги кесип катары акындыкты санаганы өз учурунда мени абдан таң калтырган. Чынында эле сулуулукту кабыл ала билүү маданиятты өнүктүрүүдөгү негизги максаттардын бири болуп бере алат. Бул боюнча Достоевскийдин “Дүйнөнү сулуулук сактап калат”, - деген айтылуу сөзү бар. Сулуулукту кабыл ала билүү, аны менен шайкештикте жана бир түзүмдө болуу – бул адамдын өзгөчө жөндөмү болуп саналат. Менин маркум досум Саша кандай ойлобосун, бул дүйнөдө көзгө көрүнбөгөн бир түзүлүш бар. Бир эле аң-сезими эмес адамдын психикасы да көпкө жөндөмдүү.  Эмне үчүн биздин мээбиздин бир бөлүгү тилди жөндөөгө ылайыкталган да, башка бөлүгү музыка менен живопис жаратууга жөндөмдүү? Менин оюмча, бул өткөндүн гана изи эмес келечекке да болгон үмүт. Биздин мээбиз гениалдуу нерселерди жаратууга жөндөмдүү, бирок азыр биз буга олуттуу карабайбыз.

– Демек адам баласы күнүмдүк ыпыр-сыпыр көр оокат менен эле алектенбей, гениалдуу нерселерди жартууга умтулуп, жок эле дегенде бул жөнүндө ойлонуп жүрүшү, кызыгышы керек экен да.

– Ар бир адамдын мээсинде улуу жөндөм катылып жатат. Биз аны пайдаланбайбыз. Эгер жөнөкөй эле адам мээсинин бул жөндөмү ачылса, ал гениалдуу ырларды жазып, гениалдуу сүрөттөрдү тартмак. Мисалы, ата-бабаларыбыз үңкүрдө жашап жүргөндө эле аска бетине укмуштай сүрөттөрдү тартышкан. Бул адамзаттын жашоосундагы эң бактылуу учур болсо керек. Анан да биздин алдыбыздагы эң чоң милдет – бул аалам менен бир бүтүндүккө келүү. Биз ааламда атаандаштарыбыз бар экенин билбейбиз. Бул абдан чоң суроо. Эгер ааламда адамзаты сыяктуу акыл-эстүү жандуулар жок болсо, анда жогорку башталыш бизге дагы бир куткарылуу мүмкүнчүлүгүн берет. А эгерде башкалар бар болсо, атаандаштык жаралып, бул мелдештен утулуп, жок болуп кетишибиз мүмкүн.

– Жашоодогу эң маанилүү нерсе деп эмнени түшүндүңүз?

– Мен башка адамдар өзүмдөн да маанилүү экенин түшүндүм. Өмүрдү да ушуга жараша сүрүш керек экен. Турмуш өзүңө карап курулбай, башкаларды эске алуу менен курулушу кажет. 

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Булак: Rigas Laiks

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз