Садык Алахан: Устатты жоктоо

Солдон оңго: Кадыркул Даутов, Омор Сооронов, Садык Алахан

Арман дүйнө... Залкар адабиятчы менен акыркы жолу жолугушканыбызда көп маселелердин арасында (орус тилинде даяр болуп калган дагы бир жыйнагын чыгаруу, адабий сын боюнча монографиянын 2-томун чыгаруу, жалпы эмгектеринин 10 тамдугун басмага даярдоо ж.б.) 10-сентябрь туулган күнү экендиги да айтылып, ушул датага карата куттуу уябыз Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде чоң иш чара өткөрүүнү мерчемдедик эле.

“Шайлоо өтсүн, бирок суукка да калтырбайлы. Октябрдын аяк ченинде оң болот ко” деген болчу. Анан “буклетти өзүң даярда” деген эле. Аттиң ай, октябдын аяк ченинде болчу 80 жылдык маарекеңизге карата кубанычтуу иш чараларыңызды уюштурууга чуркабай, минтип июлдун аягындагы тажияңызга байланыштуу иш чараларды уюштуруу менен алектенип калганым жүрөк-жүлүндү өрттөйт... Буклетте берилүүчү маалымдаманы даярдап койдум эле. Ошол маалымдаманы “РухЭш” аркылуу атпай журтка тартуулап коёюнчу. Кыргыз адабияттаануусу менен адабий-көркөм сынынын классиги жараткан эмгектер менен тагы бир жолу таанышып коюшсун.

Кадыркул Даутов

Бүгүнкү кырыгыз адабияттаануу илими менен адабий-көркөм сынынын көрүнүктүү өкүлү Кадыркул Даутов 1940-жылы ак төөнүнүн карды жарылган күрдөөлдүү күздө атактуу Алай тоолорунун койнундагы Үч-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келип, балалыгы менен тестиер курагы берекеси ашкан Кара-Суу районунда өткөн. Ушул жерде орто мектепти бүткөн боз улан 1958–1961-жылдары Токмоктогу маданий-агартуу техникумунан билим алып, анан Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп келген соң Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Ж.Баласагын атындагы КУУнун) филология факультетин эң мыкты аяктайт.

Эмгек жолун алгач “Кыргызстан пионери” гезитинде баштап, андан соң Москвадагы А.М.Горький атындагы Дүйнөлүк адабият институтунун аспирантурасынан окуп, 1973-жылы “Кыргыз поэмаларындагы салт жана жаңычылдыктын проблемасы” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду. Илимпоздун ошондон берки жарым кылымга жакындап калган эмгек жолу Улуттук илимдер академиясы менен Республикабыздын жогорку окуу жайларында өтүп келет.

Атактуу адабиятчы, эл оозунан түшпөгөн эстетик сынчы, тажрыйбалуу педагог Кадыркул Даутов бүгүнкү кутман курагына кырманы кырдана кызылга толгон мээнеткеч баба дыйкандай чыгармачылыктын асилдүү түшүмү менен келип олтурат. Элүү жылга аяк басып келаткан чыгармачылык өмүрүндө Кадыркул Даутов улуттук адабий-көркөм сыныбызды тунук ойлорго бай рецензиялары, аргументтүү талдоолорго ширелген макалалары жана сөзгө алынчу объектиси менен предметин жаңыча өңүттөн талдап берген фундаменталдуу изилдөөлөрү аркылуу улуттук адабияттаануу илимибизди сөздүн чыныгы маанисиндеги жаңы бийиктикке көтөрдү.

Ооматтуу окумуштуунун калеминен жаралган:

1. Ырдын өмүрү. – Ф.: Кыргызстан, 1977;

2. Жаңы чектерге. – Ф.: Кыргызстан, 1980;

3. Главное – поиск. – Ф.: Кыргызстан, 1982;

4. Сөз өнөрүнүн эстетикасы. – Ф.: Кыргызстан, 1984;

5. Таланттар жана тагдырлар. – Ф.: Адабият, 1988;

6.Тереңдиктер жана бийиктиктер. – Ф.: Адабият, 1991;

7. Адабий сын кантип жаралган? (Монография) – Б.:  Алтын калем, 2002;

8. Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү. (Монография) – Б.:  Басма-тамга, 2003;

9. Мезгил сыны жана мен. (Тандалмалар) – Б.: Бийиктик, 2004;

10. Түркүн дүйнө элестеринен. – Б.:  Бийиктик, 2005; 

11. Издегеним тубаса акын, тунук поэзия. – Б.: Бийиктик, 2008;

12. Адабияттаанууга киришүү (КР ЖОЖдорундагы филология факультеттеринин студенттери үчүн типтүү окуу программасы) – Б.: Бийиктик, 2011 (Авторлош);

13. Кыргыз адабий сыны (тарыхы жана теориясы) (КР ЖОЖдорундагы филология факультеттеринин студенттери үчүн типтүү окуу программасы). – Б.: Бийиктик,  2011. (Авторлош);

14. Элдик сынчыл ойлордон эстетикага. (1-том) – Б.: Улуу тоолор, 2015;

15. Доорлор чындыгы көркөм адабиятта (Адабий-көркөм сын макалалар). – Улуу тоолор, 2016;

16. Формирование жанра поэмы и художественного мышления (монография). – Б.: Улуу тоолор, 2018 деген эмгектер – аталыштары эле айтып тургандай – залкар адабиятчынын улуттук адабияттаануу илимибизге сиңирген баа жеткис зор салымы болуп эсептелет. (“Салым” демекчи, 600 беттен турган 37,5 басма табак көлөмүндөгү “Сынчынын сынын ким баалайт?..” (Бишкек, “Улуу тоолор”, 2017) деп аталган К.Даутовдун өмүрү, чыгармачылыгы тууралуу жазылган макалалар жыйнагында окумуштуунун адабиятка кошокон салымы ар тараптуу көрсөтүлдү...).

Ал эми жогоруда көрсөтүлгөн 16 (он алты) китебинде залкар адабиятчы Кадыркул Даутов кыргыз адабиятынын тигил же бул калемгерлеринин, айталы, Мидин Алыбаев, Төлөгөн Касымбеков, Байдылда Сарногоев,  Аман Саспаев, Табылды Муканов ж.б. советтик жана дүйнөлүк адабияттын улуу өкүлдөрү Садриддин Айни, Мухтар Ауэзов, Расул Гамзатовдордун жеке өмүр-тагдырларынан тартып, өлбөс-өчпөс чыгармаларын; айрым жанрлардын, айталы, поэма, роман ж.б. калыптануусу менен өнүгүүсүн жана азыркы ал-абалына чейинки толгон-токой проблемаларды эң сонун изилдеп берген.

Албетте, ар кандай калемгердин – окумуштуунун да – чыгармачылык баскан жолу менен өтөлгөлүү өмүрүндө ак карлуу тоодой алыстан көзгө көрүнүп турган бийиктиктери болот. Кадыркул Даутовдун ооматтуу окумуштуулук жолунда мындай бийиктиктер, албетте, бир топ, бирок алардын экөөнү өзгөчө баса  белгилеп кетүүбүз зарыл.

Биринчиден, жогоруда айтылып өткөндөй, залкар адабиятчы улуттук адабиятыбыздын тигил же бул өкүлдөрүнүн чыгармачылыгы тууралуу эң сонун эмгектерди жаратты. Бирок окумуштуунун улуу ырчы Барпы жөнүндөгү изилдөөсү жеке эле илимпоздун  өмүр жолунда эмес бүтүндөй кыргыз адабияттаануусунун контекстинен алганда да өзгөчө терең жана бөтөнчө бийик деңгээлде жазылган эмгек болуп эсептелери алда качан эле атпай журт тарабынан тастыкталган факт болуп эсептелет.

Экинчиден, Кадыркул Даутов элдик сынчыл ойлор жөнүндөгү түшүнүктү адабияттаануу илиминин активине кошуу менен анын кандай эстетикалык кубулуш экендигин жана бүгүнкү адабият жөнүндөгү илимге өсүп жетүү жолун ар тараптуу ачып берүү менен адабият теориясын жаңы бийиктикке көтөрдү.

Жогоруда биз Кадыркул Даутовду тажрыйбалуу педагог да дедик. Ооба, жарым кылымга созулган эмгек жолунун басымдуу бөлүгү студенттер чөйрөсүндө өттү. Окуу процессине ар качан активдүү аралашуу менен бир нече типтүү программаларды жазды, негизги курстарды окуп келет. К.Даутовдун терең маанилүү фундаменталдуу эмгектери теориялык билим алууда студенттер үчүн көөнөргүс күлазык болуп эсептелет.

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн К.Даутовго “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” (2000), “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” (2016)  деген ардактуу наамдар берилип, ТҮРКСОЙдун эл аралык Ж.Баласагын атындагы медалы (2016), КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси (2008), “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги” төш белгиси, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамотасы менен сыйланган.

Улуттук адабияттаануубуз менен адабий-көркөм сыныбыздын тирүү классиги Кадыркул Даутов агайыбыз азыр да күүсүнөн жазбай күрдөөлдүү эмгектин үстүндө. Атактуу алым, камкор педагог устатыбызга узун өмүр, илимий жана чыгармачылык жактан дагы да албан-албан ийгиликтерди каалайбыз.

Мына ушинтип жазып, агайдын 80 жылдыгына карата өтүүчү чоң жыйыныбызга утурлай буклетине (чакыруу кагазына) маалымдама-макалачаны мына ушинтип даярдап койдум эле... Арман дүйнө.

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Тайир Аширбай

    Оо , Кадыркул Даутов абдан катуу иштеген экен . 10(он) томдук чыгармалар жыйнагын жаратуу -- сынчылар үчүн , адабият таануучулар үчүн эң чоң жетишкендик !

Комментарий калтырыңыз