Садык Шер-Ниязды «Казына» агенттигине президент болуусун сурандык (1-макала)

Жазуучу-акындар журту бир бүтүндүккө, бир чечимге келе албай жүрү. Өз ара ыркы жок. Отуз жылдан бери өз ара бөлүнүп-жарылып келген калемгерлерибиздин шору эмнеде – ар кимиси өзүнчө гений! Жүргөн-турганы кудум эле классиктердин позасы.

Ар кимиси өзүмчүл. Ар кимиси чычайып текеберсинген, корсойгон мүнөзү менен жаңы доорго – рынок заманына ийкем боло албай коюшту. Көбүнүн капитализмдин заң-закүндөрүнө жүгүнгүсү жок. Дагы эле кол карагысы бар, дагы эле бийликтен үмүт эткиси бар. Дагы эле өткөн заманына өксүгөн ностальгия күч. Совет доорунун багуусунан ажырап калганына муңканышат. Алардын авангарддык топко айлана албай атышканынын башкы себеби эле ушул.

Ушундай чечкинсиз дуңку сезим менен жашаган жазуучулар журтун ордунан копшой турган күч керек болуп, аз күн мурун белгилүү меценат, коомдук ишмер, кинорежиссёр, парламенттин 6-чакырыктагы депутаты Садык Шер-Нияз менен учурдагы активдүү калемгерлердин үркөрдөй тобу менен маңдай-тескей талкуу уюшулду. Коронавирус илдетинен кооптонгондун көбү жыйынга келе алышпаса да, башкаларыбыз кеп-келең курдук. Чала-чарпыт болсо да талаштык-тартыштык. Эң негизги көйгөйлөргө анализ кылуу үчүн айрым проблемаларды кагазга чиймеледик. Тизмектелген проблемаларды чечүүнүн механизмдерин табалы дедик.

Аныкталбаган дартка дабаа издөөнүн убарасы көп эмеспи, мындан ары ошол дартыбыздан айыгар амал тапсак дедик. Тек, анүчүн ушул жолу чогулган үркөрдөй топ мүчөлөрү мобилдүү иш жүргүзүү үчүн Садык Шер-Ниязга чоң милдет жүктөөнү жабыла колдошту. Буга дейре “РухЭш” сайтынын адабий платформасынын негизин түптөгөн “Нуска” котормочулар тобу, “Казына” адабий эксперттер тобу өз мүмкүнчүлүгүнө жараша улуттук адабиятыбыздын чоң аянтчасын түзүү ниетинде иш жүргүзүп келсек, мындан ары “Казына” адабий агенттигине Садык мырзанын жетекчи болуп берүүсүн жалпы акын-жазуучулардын атынан сурандык...

Андыктан улуттук адабияттын базарын кайнатмакка мындан ары аталган агенттик мүчөлөрү айына эки жолудан бетме-бет жолугушуп турмай болдук. Канткен менен иштин көзүн таба билген Садык Шер-Нияз негиздеген төкмө ырчылар мектеби – “Айтыш” фондунун ийлигилиги, чыгармачылык өсүш жолу жамы журтка дайын. Ага улай кыргыз кино өнөрү да Садык мырзанын арты менен эларалык бийиктиктеги ийгиликтерге жетишип, кино өндүрүшү сан жагынан да, сапат жагынан да кыйла алдыга озуп чыга келгени жалпы коомчулуктун таразасында.

Арийне, буга дейре улуттук адабиятыбыздын жүгүн көтөрөр меценат издөөдө да чыгармачыл чөйрөгө күйсө, бир ушул Садык досум күйөрүн далай көрдүм. Анан ушундай демөөрчүнүн этегин кармабаганда кимдин этегине жабышалы, калемгерлер? Жазуучу-акындар тагдырдын өгөй балдары бекенбиз эмне? Калемгерлер журтунун базары кайнаса, ошонун өзү улуттук адабиятыбыздын олжосу. Улуттук адабиятыбыздын зоболо зоосу болгону турбайбы эй!

Ымандай сырымды айта турган болсом: Сакем мындан эки жыл мурда тамырына суу жетпеген дарактай соолуп калар кезде Жогорку Кеңештин депутаттарын “РухЭш” сайтын колдоого чакырган демилгеси менен да коломтобуздун отун өчүрбөй; чоң колдоо көрсөткөнүн окурман журтунан жашырат белем. Ошондогу эл өкүлдөрү арасында эстафета түрүндө баштап берген демилгесинин аркасы менен “тойдум байдын кызына” деген чөгүңкү маанайым кайрадан көтөрүлүп, баш көтөрүп, “РухЭш” сайтын улуттук адабияттын аянтчасына айлантам деген дымагыма кайрадан келип чыйралган элем...

Ажаатым ачыла түштү анан эле. Анан эле парламент өкүлү Абдывахап Нурбаев досум ошондон бериге карай ай сайын мага туруктуу стипендия бөлүп берип келатканы үчүн “РухЭш” сайтынын арабасын кылдыратып сүйрөп келатканымды окурман журтунан эмнеге жашырайын. Себеби мен эки чөнтөгүмдүн тешигинен уялгым жок, уялганым, намыстанганым – көөнө кыргыздын рухий көрөңгөсү бөксөргөндөн бөксөрүп барат. Эне тилибиздин көрбөгөн кордугу калган жок. Өз тилин өзү өгөйлөгөн маңкурт калк болуп баратабыз биз даа!!!

Агер бүгүн алыска мелжебесек, бүгүнкү эң алдыңкы бала бакча, эң алдыңкы мектептерде билим алып жаткан көчөт муундарыбыз өңчөй орус тилинде билим-тарбия алууда. Алар дагы 10-15 жылдан кийин эле коом мүчөсү болуп бой сунуп чыга келишет, өз эне тилинде сүйлөй албаган, түшүнбөгөн! Атургай бүгүнкү күндө шаар жеринде эле эмес, айыл жергесинде да балдары сапаттуу билим алуусун каалаган ата-энелердин көбү балдарын орус тилдүү мектепке берүүсү кадыресе адетке айланды. Мейли, келечек муундун ээлери орус, англис, кытай, түрк, немис, араб ж.б... тилдерди билсин, дүйнөнү ар тараптуу тааныйлы.

А бирок өзүн Эне тили аркылуу тааныбаган улут өкүлү өз улутун кантип тааныйт?! Себеби кыргыз тилинде сүйлөгөндөр коомдун билимсиз катмарына айланып баратат билинбей. Билинбей коомдук класска бөлүнүүчүлүк башталат минтип отурсак. Кыргыз тили ушактын, кошоматтын, имиш-имиш кептин, божомол-дөдөмөл ой ташынгандардын гана тилине айланат да, кыргыз тили дипломатиянын тили болуудан, илимдин, прогресстин, саясаттын тили болуудан калат. Ансыз да калып баратат! Кыргыз тилин прогресстин тилине айланта албай келебиз! Улуттук адабияттын жүгүн көтөрөр авангарддык топ түзүү максатын көздөгөнүбүз ушул, бурадар!

Албетте, дүйнөлүк интеграция агымынан калышпайлы биз дагы. Биз дагы дүйнө тилдерин өздөштүрүп, ошол дүйнө тили аркылуу эне тилибиздин казынасын арттырып, дөөлөтүн сактайлы. Тек, анын жолу кандай? Анын жолу Кыргызстандын “Казына” адабий агенттигин түптөп, агенттик аркылуу таланттуу калемгерлердин чыгармаларын сын аркылуу талдоо, ылгоо менен аларды рекламалоо жараянын жүргүзсөк эле, өрнөктүү адабияттын казанын кайнатабыз.

Ушул жерден Садык досум экөөбүз келише албай аткан гана эки багыт туру: ал айтат: “Бул ишти жалпы Жазуучулар союзу менен бирге жүргүзүүбүз керек. Ансыз көп акын-жазуучуну таарынтып алабыз!”

А мен мындай пикирге дегеле кошулгум жок. Анда эле Садык экөөбүздүн жолубуз ачакей! Образдуу айтканда: Жазуучулар союзу жээкке келип тумшугу менен сайылып кыйраган кемеден эмне айырмасы бар? Эми аны кайра калыбына келтирүүгө биздин өмүрүбүз да жетпейт.

СССРден калган мурастын эркин Кыргызстанга сокур тыйындай пайдасы барбы эми?! Андай кол карап көнгөн багуудагы чыгармачыл союздарды түп тамырынан өзгөртүү дегеле мүмкүн эмес. Себеби ошол кыйраган кеменин ичи толо халтурщиктер менен кайра сапар улоонун канчалык мааниси бар? Алардын далайы адабият менен чайкоочулук жүргүзгөн эле жижиң калемгерлердин курамынан топтолгон уюм экенин реалдуу турмуш көрсөткөн жокпу?! Жазуучулар союзунун мүчөлүгүндө кимдер гана жок бүгүн?!

Андыктан биз “Казына” деген чакан кайыкты келиштире бышыктап жасап, ошол чакан кайыктын калагын шилегенибиз алыс-алыс сапарларга жеткирбейби! Адабият, маданияты эбак өнүгүп, алдыга кеткен Батыштын тажырыйбасы бул. Кийин Жапония менен Россиянын адабий коомчулугу да ишти адабий агенттиктер аркылуу гана жүргүзүп келишет. Сөз учугу макалабыздын кийинки бөлүгүндө уланмакчы...

О`Шакир

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Абийрбек Абыкаев

    Садык Шер Нияздай адам бир агенттиктин эле президенти эмес, өлкөнүн президентине татыктуу адам, анткени маданияты өнүкпөгөн эл өнүкпөсүн андан мыкты түшүнгөн адам жоктур. Айткан сөзү менен кылган иши эки ача чыкпаган азамат! Кудайым ден-соолук берип, ишин алга сүрөсүн. Оомийн!

Комментарий калтырыңыз