Жетиген Асанбек: «Айтматовдон алган сабагым» дилбаян сынагы үчүн ыраазычылык

Өспүрүм курак өз алдынча турмушка калыптануунун, багытталуунун маанилүү учуру эмеспи. Ушул убакта жаштарга багыт көрсөтүү, шыгына шык, демине дем кошуу – өз убагында эгилген үрөндөй, өз убагындагы сугаттай. Маалы келгенде не бир ширелүү, даамдуу жемишин бербей койбойт.

Муну жакшы түшүнгөн, эл өкүлү деген наамды татыктуу да, ардактуу да алып жүргөн Жогорку Кеңеш депутаты Абдывахап Нурбаев жаш чырпыктарды өз убагында сугарууну колго алып келет. Ушул максатта жаштардын дүйнө таанымын туура нукка буруп тарбиялоо үчүн аларды адабиятка, Айтматов ааламына сүңгүтүүнүн жакшы жолун ачты. Өспүрүмдөр арасында республикалык дилбаян сынагын демилгелеп, сынак “РухЭш” сайтында быйыл экинчи жолу өткөрүлдү.

Натыйжасы жакшы болору алдын ала белгилүү болгон иш-аракеттер болот. Бул дилбаян сынагы мына ошондой аракеттердин бири экени талашсыз. Дароо эле колго алынып, калыстар курамын элге белгилүү тилчи-окумуштуу, адабиятчыларыбыз: Сулайман Рыспаев, Садык Алахан, Жолдош Турдубаев, Бакыт Абдуллаев түздү.

Абдывахап Нурбаев республикалык деңгээлдеги алгачкы жолку сынактын уюштуруу, тейлөө иштеринен сырткары байге фондуна 50 миң сом бөлгөн болсо, быйылкы өткөн экинчи жолкусунда байге фондуна 100 миң сом бөлүп, калган уюштуруу иштеринин чыгымдарын да толук камсыздап келет.

Он байгелүү орундун үчөөнө экиден катышуучу туш келип, 13 байгелүү орунга ээ болгон катышуучуларга 3000 сомдон 12 000 сомго чейинки акчалай сыйлык тапшырылды.

Байге ээлерин атай кетели:

Мунарбек уулу Айтбек. Нарын, М. Субакожоев ат. Лицей
Кожоева Ырысгүл. Бишкек ш.
Карагулов Акылбек. Ысык-Көл, Балыкчы, №4 гимназия
Тилебалдыева Бермет. Кемин, №3 Насыр Давлесов ат. орто мектеп
Нурдинова Диора. Ош, №21 Пушкин атындагы мектеп-гимназия
Акималиев Бекзат. Нарын, Ак талаа, Кош дөбө
Нурланбек кызы Гаухар. Жалал-Абад, Чаткал, Курулуш
Жекшалиев Тагай. Ысык-Көл, Тамчы
Жаныш уулу Каныбек. Ош, №35 Ж. Атабаев ат. мектеп-гимназия
Ракматуллаев Абдурашит. Ош, №50 П. Ж. Нышанов ат. мектеп-гимназия
Нурбекова Гүлдана. Жалал-Абад, Аксы, Кум
Нурланбекова Дилшат. Талас, Кара буура, Шекер
Шукурбек кызы Саипжамал. Баткен, Кадамжай, Кереге таш.

Албетте, сынактын негизги максатына ылайык, катышуучулар ээ болгон көөнөрбөс байлыктар – Айтматовдон алган сабактары. Дилбаяндардын четинен эле ачып, айрымдарынан бул үзүмдөрдү сиздерге сунуп турабыз, катышуучулар эмнени алышканын өзүңүздөр окуп, сынак максатына жеткенине ынанасыздар.

♦ ♦ ♦

«Чындыкка кызмат кылбаган байлыктын, бийликтин жана күчтүн дагы өтүмсүз экендигин билдим».

♦ ♦ ♦

«...жакын адамдарсыз бул жашоо – жашоо эмес. Анткени, деги эле жашоонун маңызы – аны сизге кымбат адамдар менен кошо сүрүп өтүү».

♦ ♦ ♦

«Сабыр, күтүү – бул сапаттар менде көп өнүккөн эмес. Бирок окуган китептеримдин  маңызы дал ошондо болсо керек. Жакшы сапаттарды кеңейтүү, жамандарды жоюу».

♦ ♦ ♦

«Фудзиямадагы кадыр түн» драмасында өзүнүн керт башынан коркушуп, чындыкты бурмалашкандыгы кыжырымды кайнатып, чындыкты сүйлөгөн адамды качан колдоого алууну үйрөнөбүз деп, ар дайым ак сүйлөөгө өзүмдү тарбиялап келем».

♦ ♦ ♦

«…Ал табияттын абалын …жүрөгү менен туюп, жан дүйнөсү менен ага күйдү. Күйүтү ушунчалык жалындаган экен дейсиз, бөрүнүн ыйлаганын көрдү, жердин туйлаганын сезди, Жаабарстын кыйналганын, бугулардын сыздаганын билди. Ким күнөөлүү? Мунун баарына ким себепчи? Албетте, сиз, мен жана жалпы адамзат».

♦ ♦ ♦

«Ар бирибизде Чыңгыз атабыздын гени бар деп ишенем, изденип таап, пайдалуу иштерге жумшасак, баардыгы ойдогудай болот деп терең ишенем».

♦ ♦ ♦

«Биздин бардык аракетибиздин аягы барып бактылуулукка такалат тура. Муну көпчүлүгүбүз биле бербейт экенбиз... Бакыт – бул сүйүктүү инсаның менен ынтымакта өмүр сүрүү гана эмес, иш-аракетиңдин ийгиликтүү аяктаганы, жакындарыңдын, өзүңдүн амандыгың жана коомго өз пайдаңдын тийгендиги дагы болот эмеспи».

♦ ♦ ♦

«Мен чыныгы патриоттук мекенге болгон сүйүү кандай болорун түшүндүм, жана менин өзүм менен тең, мен менен катарлаш замандаштарыма айтаарым: патриоттук бул сенин Кыргызстан деген жазуусу бар кийим кийип коюуң эмес, же патриоттук бул Кыргызстанды түндүк-түштүк кылып бөлүп коюу эмес. Чыныгы патриоттук бул Кыргызстанды бир бүтүмдүк кылып, ушул Кыргызстаныбыздын өнүгүүсү, өсүүсү үчүн кылып жаткан тырмактай болсо дагы эмгегибиз. Ошондуктан мекенди Айтматов сүйгөндөй сүйөлү».

♦ ♦ ♦

«Чынында жашоону жакшы жакка өзгөртүп, андан соң жапа чектире турган жалганды айткандан көрө, алгач оор боло турган, бирок убакыттын өтүшү менен ооруң басыла турган ачуу чындыкты айткан жакшы эмеспи»

♦ ♦ ♦

«Көрсө, дүйнөнү бешик терметкен колдор башкарат экен. Мен калган өмүрүмдү, бар аракетимди апамдын ыраазычылыгы үчүн, апамдын тилегин аткарууга жумшайм. Саамайынан өөп, жакшы көрөөрүмдү айтып, күтүлбөгөн белек жасап күн сайын кубантып турууга өзүмө сөз бердим!»

♦ ♦ ♦

«Айтматовдун гений экенин билдим», «Айтматовдун кең ааламынын эшигин эми гана ачтым» деген өңдүү пикирлер болду. Катышуучулар ушундай табылгага ээ болушуна себепчи болгон эл өкүлү, албетте алкышка татыйт.

♦ ♦ ♦

Абдывахап Нурбаев бул жакшы иш-чараны жыл сайын өткөрүп турууга ниеттенип келгенине байсал. Адамга мүнөздүү бир терс адат бар. Кимдир-бирөө жакшы иш кылса, аны милдеттүү көрүп, ага док арта баштайбыз. Эртеңки күнү Абдывахап Нурбаевге да сынак тууралуу ар кандай доомат айтылышы ыктымал. Адам акысыз, өз эсебинен жакшылык кылууга өзүнүн инсандык абийиринин алдында гана милдеттүү болбосо, эч кимдин алдында милдеттүү эмес. Ушуну акылына түйүп, терс көрүнүштөрдөн оолак болушу үчүн, жаштарды өздөрүнө көрсөтүлгөн камкордукка ыраазы болууга үйрөтүү абзел. Ушул максатта катышуучуларга Абдывахап агайга ыраазычылык билдирүүнү сунуш кылганымда, ыр менен да, кара сөз менен да бир топ жылуу сөздөрүн жиберишти.

Сынакта үчүнчү орунду алган Карагулов Акылбектин ыры менен, чакчелекей түшүп турган коомго өрнөктүү иштери менен шоола төгүп турган чыныгы эл өкүлү Абдывахап Нурбаевге ыраазычылык билдиребиз.

Келечегин ойлоп элдин, мекендин,
Эмгегиңиз менен өрнөк болдуңуз.
Алга сүрөп бизди өргө жетелеп,
Айтматовдун ааламына коштуңуз.

Бар болуңуз, Абдывахап агайым,
Биздин муун жолдойт сиздин жолуңуз!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз