Балдар адабияты боюнча конкурска: Жалкоо кумурска (№18)

ТАМСИЛ

Балдар, силер билесиңер,
Кумурскалар иштерман.
Жан болушат бир тынбастан
Жайы бою иш кылган.

Алда кайдан, алыстардан
Уюгуна ташыйт дан.
Ала чуркап ар нерсени
Ашыкканы ашыккан...

А бирок да бир кумурска,
Жалкоо чыгат негедир.
Жыргал жашоо азгырыгы,
Балким аны жеңгендир.

Байкап көрсөң башкалардай,
Болчу жөн жай кумурска.
Кайсалактап туруп калчу,
Келгенде эле жумушка.

Бара-бара иштегенден
Баш тартыптыр таптакыр.
Үйгө кайтпай, жашыл бакта
Жер-жемиш жеп жашаптыр.

“Жанды кыйнап жан талашпайм,
Миллиондордон бир өзүм.
Башкаларга окшобоймун,
Бактым - жалкоо мүнөзүм.

Энөө, байоо кумурскалар,
Куулугумду аңдабайт.
Анткени алар бири-бирин
Эч, эч качан алдабайт.

Окшоштугум аларга,
Пайдалана аламын:
Күздө элге билинбестен,
Мен кошула каламын.

Жайлай жатам, күз келгенде
Кайтып барам уюкка.
Кыйын кыштан чыгыш үчүн,
Баруу керек куулукка.

Буттан мурда башты иштетсең,
Кыйын жашоо оңойлойт.
Жатыш керек көрүнбөстөн”,-
деп жалкообуз ой ойлойт.

Күндөр өтүп шашкан сымал,
Күз да келет жолтоосуз.
Кыш камын жеп, уюгуна
Кайтып барат жалкообуз.

Бирок дагы эшик тоскон
Мындай дешет сакчылар:
- Дениң көпшөк, жытың бөлөк,
Чоочунсуң сен, нары бар!

Биздикилер тер жыттанат,
Чор бут, колу кабарган.
Ак кол, ак чүч жан экенсиң,
Айырмаң чоң алардан.

- Мен да ушул уюктанмын,
Өзмүн!.. – деп ал жалынат.
А сакчылар угушпастан
Алыс айдап салышат...

Кыйытылган акыл уктуң,
Жомокко окшош тамсилден.
Унутпастан эске туткун,
Өмүрлүккө таасирлен.

Байкалбасын жалкоолугуң,
Бошоң тарткан дениңден.
Күжүрмөнү бол коомуңдун
Нан бышсын нак демиңден.

Жыргалыңа мактанбагын,
Бекериңе сүйүнбө.
Жылы бою жыргаганың,
Чыгып кетет бир күндө.

Жалкоолукка ардангының,
Эртеңиңе эринбе.
Эмгекчилге окшой алгын,
Үлгүсү бар элинде.

«РухЭш» сайты келечекте ою жатык, тили жетик муунду тарбиялоо максатында аталган конкурска демөөрчүлүк көрсөткөндүгү үчүн Кыргызстандын JIA Бизнес-ассоциациясына терең ыраазычылык билдирет! О.э. өлкөбүздүн экономикалык өсүшүнө гана басым жасабастан, келечек муунга көркөм-мураска калар улуттук адабиятыбыздын бүгүнкү абалына кайдыгер карабаган бизнес чөйрөсүндөгү мекенчил ишкерлерге жана өндүрүшчүлөргө жалпы улуттук адабияттын өкүлдөрүнүн атынан терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз