Сулайман Рысбаев: Белимчи кемпир

АӉГЕМЕ

Биздин айылда Жүрсүн деген эки аял бар эле. Биринчисин «сөгөөнөк» Жүрсүн дешсе, экинчисин «белимчи» Жүрсүн деп коюшчу. Анткени алардын мындай атка конушунун жөнү бар. «Сөгөөнөк» Жүрсүн басса-турса, эркекче сөгүнсө, «белимчи» Жүрсүн ар кимди туурап, ар ким эмне десе ошонун айтканын кылып, турган элди аргасыз күлкүгө салчу.

«Сөгөнөк» Жүрсүн балабы, чоӊбу, көпчүлүк ичинде болсун, үйүндө отурбасын, «атаӊдын оозун урайын» же «энеӊди урайын» деген сөзүн оозунан түшүрчү эмес. Аны эл эрөөн албай деле калган, керек болсо «Ай Жүрсүн, тетигини бир жакшылап сөгүп таштачы» десе, ал кабагын бүркөп, эркектин кашындай болгон үрпөк каштарын ого бетер үрпөйтүп, оозун чормойто, бөйрөгүн таянып туруп, чын эле кимди болсо да  «жакшылап» сөгүп коёр эле. Элге ал эрмек, ансайын кыраан-каткы күлкү чыгып, тиги аял анысына маашырлана басып кетчү.

Ал эми «белимчи» Жүрсүндүкү андан да ашып түшчү. Бир ирет айылда бирөөнүн чакан бала тойчугу болуп калды. Биз анда бала кезибиз. Чогулган элдин четинде минип келген тайларыбызды суулуктай кармап, ар бирибиз сулуу тайларыбыз менен мактанабыз. Ошентсе да аталарыбыздын аймагынан алыстабай, бирдеме десе тыӊшап, алыс кетпейбиз. Ошол маалда кыркалекей отургандарга фляга менен бозо апкелип, керден чыныларга куюп, жигиттер кыдырата сунуп калышты. Жаш келиндер жана да улуурактары  бири чай сунса, бири боорсок-таттууларын жаӊыртып, аяктары тынбайт.

Мындайда көпчүлүккө бозо салуу оӊой иш эмес, ал тургай аны сүзгөн киши да устат болгону жакшы. Антпесе, кээде сууну шылдырата көбүрөк кошуп коюп, кээ бирде былтыйта коюу сүзүп, элге жакпай калган учурлар болот. Бул ирет бозокор Эсенге бүгүнкү бозо айрыкча жакты белем:

- Айланайын келиндер, бул бозону ким сүздү эле…- деп калды бак-бак этип.

Той ээси «эмне болуп кетти, Эсен акенин көөнүнө жакпай калдыбы… Суюк болуп же тобу аралашып кеткен жокпу» дегендей, тынып калды. Эл дагы сөз тыӊшагандай, карап калышты. Ошондо келиндердин ичинен боорсоктой кызыл жүздүү, толмочунан келген, ойноок байталдай жылтылдаган баягы «Белимчи» Жүрсүн жарк эте:

- Ой, Эсен аке, эмне, менин сүзгөн бозом сизге жакпай калдыбы? – деп жаркылдап алды.

- Аа, айтам да… Бозону көркүнө чыгара сүзүпсүӊ… Келчи, Жүрсүн келиним, менин колумдагы чыныны тартып жиберчи… Эрдимди эле тийгиздим…- деп чынысын сунду.

Анда бери жактан той ээси, эс ала түшкөнсүп:

- Эсен аке, өз ырыскыӊызды иче бериӊиз. Жүрсүндүн ырыскысы биякта….

Анда Жүрсүн:

- Эсен акемдикин эле ичем…- деп күлдү купшуӊдап.

- Ооба, ошент..- дешип, башкалар да күлүп калышты.

Жүрсүн ошентет. Бирөө айттыбы, ошону жасайт. Ал Эсендин колунан бир керден бозону алып туруп, тартып жиберди.

- Бозо эмес эле, өрүктүн ширесиндей болуптур…- деп кошумчалап койду Жүрсүн, чыныны узатып жатып. Ал сөз той ээсине жагып калды белем:

- Жүрсүнгө дагы бир чыны куйгула… - деп калды.

Жүрсүн дагы бир чыны бозону тартып жибергиси деле келип турганы менен, жанындагы шаӊкылдаган келин:

- Койгула, Жүрсүн эмне бозо ичип тойлош үчүн келди беле, ичпейт, болду,  эми тойдун аягында ичет, - деди эле, Жүрсүн  да анын айтканын илип алып,  кайталап калды:

- Кой, мен эмне, бозо ичип тойлош үчүн  келдим беле… кызмат кылышым керек, эми ушул боюнча тойдун аягында ичем…- деп шаӊк этип басып кетти. Эми аны кыйнасаӊ да, сыйласаӊ да ичпейт. Эл анын ушундай адатын билет. «Жүрсүн ушундай» дешип, жапырт күлүп калышты.

Чын эле, Жүрсүн ушундай. Кээде бирөө эл ичиндеби, же үйүндө отурабы: «Иий башым, башым ооруп, шакыйым кармап атат» десе, эсине түшө калгансып, Жүрсүн дагы: «Иий башым, менин да шакыйым кармап атат» деп калат. Анын чын эле «шакыйы кармап атабы» – ким билсин. Кээде бирөө: «Белим иий, белим, белим үзүлүп түшүп калгансыйт» десе, аны угуп, «Белим иий…» деп жиберет. Ушунусунан улам аны эл «белимчи Жүрсүн» деп ат коюп алса керек дейсиӊ.

Бир ирет мындай кызык окуя болгону эсимде. Жүрсүн апалар бизге кошуна болуп жайлоого чыгып калышты.  Биз анда он бир-он экидеги жеткинчек курактабыз. Кыштоодо  чөп чабык башталып, бышып калган жашаӊ чөптөрдү убагында чаап, боолап жыюу, бала кучактаган жүгөрүлөрдү өксүтпөй сугаруу» деген айыл жумуштары кычап турган маал болчу. Атам, чоң атамдар ошол иштер менен кыштоого кетишкен. Ошол күндөрдө шаардан Букарбай деген акебиз капыстан келип калды. Ал киши башына апаппак чий калпак кийген, ак көгүш костюмчан, ак көйнөкчөн, арыкчырай болсо да, сымбаттуу, эч жерине чаӊ эмес, чымын кондурбаган, ушунчалык таза адам экен. Мурда-кийин көрсөм да, ошондогусу айрыкча эсимде. Келери менен боз үйдүн салкын төрүнө отургузуп, апам Букар акеге бал кымыздан сунуп отурду. Анан бөбөктөрүмдү жумшап, Жүрсүн апаны чакыртты. Биз анда балабыз да, апабыз менен теӊ курдуу эркек адамды ата деп, зайып зат болсо, апа деп өскөнбүз.

Аӊгыча Жүрсүн апа да келип калды. Ал Букар акени бир карап тааныды да:

- Аа, шаардык бала, келип калдыӊарбы…- деп баш ийкеп учурашып, бутунан башына чейин көз жүгүртүп алды, - кандай, жолдо кыйналбай  келдиӊерби?

- Жүрсүн, кел,- деп апам кымыз куйган кострюлду алдына жылдырды, - эки чыны кымыз ич, эшикке чыгып, коноктун камын көрөлү…

Жүрсүн айткандай эки чыны кымызды эс албай биринин артынан экинчисин тартып ийди да, чыныны жерге коюп, эрдин жоолугунун учу менен басып койду. Аны көргөн Букар аке таӊ калып жылмая карады.

- Жеӊемдин кымызы сонун экен, бал кымыз кези тура, жарыктык… Мынча болу, дагы бирди куюп ич, - деди эле, Жүрсүн апа:

- Жок, экини эле ичем, - деп кострюлду өзүнөн ары жылдырып койду.

Биз аны карап жылмая күлүп койдук. Анда апам дагы:

- Жок, Жүрсүн эки чыны эле ичет, - деп койду эле, Жүрсүн дагы апамдын айтканын бекемдеп:

- Жок, мен эки чыны эле ичем, - деди. Бул сөздөр Букар акеге бир сонун тамаша болуп туюлду.

Тамаша эшикке чыкканда уланды. Апам Букар акеге карап:

- Букар, жайлоого келген соӊ, бир козунун этин жебесеӊ болбос. Анын үстүнө аз күнгө эле келипсиӊ. Өргүп кетсеӊ болмок. Акеӊдер кыштоодо. Ошентсе да кур казан менен коноктобой, бир аксарыбашылга бата кылып коёлу, - деп көгөнгө байлануу турган кызыл күрпөӊдү апкелдиртти.- Эми конок болсоӊ да, өзүӊө мууздаталы… Капа болбо…

Букар аке кыбыла тарапка карап бата кылган соӊ, боз үйдүн капталындагы арча  дөӊгөчкө отурмакка ары бурулду:

- Кой, жеӊе, мен мал мууздап көргөн эмесмин… Мууздай албайм… Анын үстүнө кан чачыраса, кийимим булганат…- деп чыпалагын чычайта, кан азыр эле чачырай тургансып, эки колун апама жаӊсап, кетенчиктеди. Баарыбыз күлүп жибердик. Айыл жеринде  мал мууздагандан качкан эркек деги эле болбойт ко… Бул окуя Жүрсүн апага жага бербей калды белем, күлкүсү айрыкча шаӊкылдап чыкты.

-  Жүрсүн, ишке жара, өзүӊ эле муузда… Кудай өзү кечирсин…- деди апам анда. Жүрсүн жылмая карап минтти:

- Аял мууздаган мал арам болуп калат дейт… Анда кантебиз… Аял мууздаган малдын башын эркек жебейт имиш… Анда кантебиз?..

Апам сөзүнө турду. Бычакты Жүрсүнгө сунду.

- Кудай өзү кечирсин… Жүрсүн, эми балдар жаш… Мал мууздаганга жарай элек… Бата кылган малды коё беребизби…

Анда:

- Эй, шаардык бала…- деди Жүрсүн апа, Букар акеге буйрук кыла сүйлөп,- келе чий калпагыӊды… Сен эркек болуп туруп, мал мууздаганды билбесеӊ,  аял болуп мен мууздайын… Мындайда шариятта аял киши эркектин баш кийимин кийип мууздаса, кудай кечирет экен… А сен, ме,  менин жоолугумду мойнуӊа илип ал…

Букар аке аргасыз чий калпагын сунду. Баарыбыз үчүн бул өзгөчө күлкүлүү окуя болду. Жүрсүн апа Букар акенин шляпасын атайын эле тамаша үчүн кийип жатканын биз деле билип турдук. Апам да күлкүсүн тыя албай, жөн койду белем. Букар аке унчукпай ызаланса да, аргасыз чыдап берди. Козу мууздалган соӊ:

- Ай, шаардык бала, жок дегенде терини муштаган колуӊдан келеби? - деди эле, Букар аке «терини муштаганы эмнеси» дегендей, апамды карады. Апам, Жүрсүн апа, биз оого бетер күлө бердик. Бирок Букар аке ыза болуп калды деп, ал үчүн биз уялдык, а Жүрсүн апа үчүн үч уктаса табылбаган тамаша болду да калды…

«Белимчи» аталса дагы Жүрсүн апанын ушундай эрдик иштерди жасаган жайы бар болчу… Оо, андан бери канча жылдар өттү, канча кар жаады, канча ирет гүл чыкты… Биз деле алардын курагын эчак артка калтырдык. Апам, Жүрсүн апалар эчак сексенден ашып кетишти.

Мен андан бери мектепти бүткөн соӊ, шаарда окуп, иштеп-жашап, биротоло шаардык болуп калдым. Балдар адам болуп, үй-жай күтүп, ал тургай неберелер чоӊоюп калышкан. Ошол күндөрдө биз бала-чакабыз менен айылга барып калдык…

Барган күндүн эртеси шашке ченде байкасам, үй жымжырт, инимдин балдары деле, биздин балдар деле үйдө же короодо көрүнбөйт. Кечээтен берки «балдардын базары» тыйылгандай, бака-шака түшкөн сөздөрү, ызы-чуу күлкүлөрү угулбайт. Ары-бери карап таппадым. Ойноп кеттиби деп, кыштактын ийри жолдорун, тамдардын, бактардын көлөкөсүн карадым. Жок. Анан апамдан сурадым. Ал «балдар бакчада жүрүшөт» деп койду иш менен алаксып отуруп.

- Бакчада?.. Бакчаӊар барбы?- деп сурадым кызыгып.- Качан ачылган…

- Көптөн бери эле бар…

- Жакшы болгон турбайбы…

Анда апам мени жылмая карап,  мындай деди:

- Ал - Жүрсүн апаӊдын бакчасы… Жүрсүн апаӊдын үйү – айылдын бала бакчасы болуп калган…

- Койчу… Жүрсүн апа өзү барбы? - дедим, ал апа көзү өтүп кетип, үйүн бала бакча кылып койгонбу деп ойлоп.

- Жүрсүн апаӊ бир керемет киши да… Абышкасы үч-төрт жыл болду,  көзү өтүп кеткен. Жалгыз баласы, өзүӊ билесиӊ, шаарга кеткен боюнча кайрылып келген жок. Бир жылда бир же эки ирет келип кетет да, ошол боюнча апасынын дайын дарегин деле билип койбойт. Бечара Жүрсүн жалгыз жашайт. Ошол жалгыздыгынан ага кудай ниетин буруп койгонбу, айылдын балдарынын баары эле ошонун үйүндө… Бакчага алпаргынсып, балдарын эртеӊ менен алпарып, кечинде алып кетишет. Жүрсүн апаӊ да ага кабагым-кашым дебей, балдарды алып калып, чычса-сийсе жууп, ыйласа-сыктаса  сооротуп, карды ачса, тамак берип, уктаса уктатып, ошону менен алек… Балдардын баары аны өз энесинде көрүшкөнүчү… Кудай берген бир киши болду…

- Укмуш го…- дедим таӊ калып, - «белимчи» Жүрсүн апа» деп тамашалачу элек…

- Ооба, элдин баары азыр деле «белимчи Жүрсүн» деп калат, кээ бир теӊкурдуулары - «Белимчи кемпир» деп чакырышат. Ошол белимчилигинен улам ушинтип «Жүрсүн апанын бала бакчасы» аталып калды да…

Мен апамдын сөзүнө ого бетер кызыгып калдым.

- Бир жерде отурушса, бирөө айылда той боло  турган болуп, баласын  карааар киши жок, эмне кыларын билбейт. Ошондо бирөө айтып калат:

- Жүрсүн апа, эртеӊ тойго барбай эле коюӊузчу. Күн ысыкта төбөӊүздү күнгө кактап эмне азап... Мен сиздин устуканыӊызды да, өзүмдүн устуканымды да кошуп ала келем, кечке баламды карап бериӊиз. Үйдө жалгыз элесиз да… - десе, анын жанындагы бирөө:

- Эмне? Жүрсүн апа, жетимиштен ашканда сенин балаӊа «нянька» болмок беле… Эл менен бирга аксакал киши тойго барат, кары кишини бала бактырып… Тамаша  кылба да…- десе, мурда айткан адамдын сөзүн туурап:

- Мен тойго барганымда эмне тапмак элем, күн ысыкта төбөмдү ысыкка кактап эмне азап…- дей салат Жүрсүн апа. Эл күлүп калышат. Ошондон кийин тиги кошуна-колоӊдор да: «Жүрсүн апа, баланы карап туруӊузчу», «Жүрсүн апа, мен баланча жакка  барып келе коёюн, кызымды карар киши жок, таштай кетейинчи» деп жатып, ал үй кудайымдын бала бакчасына айланган… Эми азыр кудайдын куттуу күнүндө жети-сегиз бала келип, кечке же түшкө чейин Жүрсүн апанын үйүндө…

Анан да баарынан кызыгы: Жүрсүн апа өз балдары келе тургансып «балдарым келет» деп күтүп, келгенде жалгыздыгын унутуп, айыл балдарын бүтүндөй өз балдары катары сүйүп, келбей калса, эшик алдында алардын келишин күтүп соксоюп отурат экен… Эртеӊ менен эрте туруп, сарайдан тооктордун жумурткасын чогултуп келип, чайнекке салып бышырып, сыр чаканын капталынан жарма жасап, ачытып максым кылып даярдап коёт. Баарыдан да, очокко от жагып, бир күнү катырма, бир күнү эринбей калама жасайт… Картошканы очокко бышырып койгону да сонун… Күзүндө балдарга кызыл чокко дүмбүл бышырып бергеничи…

Апамдан уккан бул сөздөр мага илгерки бала кезимде уккан  жомокторумдан ашса ашып түшөт, ашпаса кем болгон жок. Капырай, бүгүнкү заманда бир үйдө эки-үч киши иштеп акча тапса да, өз бүлөсүнөн артпай жаткан чакта, карып сексенден ашкан жалгыз кемпир, арзыбаган пенсиясы менен бүткүл айылдын балдарын жалгыз карап, анан да  бекер багып  жатканы таӊ калтырды…

Эртеси да биздин балдар Жүрсүн апанын бакчасына барып келишти. Түштөн кийин келгенде, неберелеримден сурады:

- Кана,  Жүрсүн апанын бакчасы кандай экен?

Балдар жомоктотуп биринин оозунан бири сөздү жулуп алып, айтып жатышты.

- Жүрсүн апа бизге жарма берди…

- Жүрсүн апа мага жумуртка берди…

- Жүрсүн апа мага калама берди…

- Мага катырма берди…

- Мага картошка берди…

- Жүрсүн апа менен топташ ойнодук…

Мен эртеси атайын кызыгып, Жүрсүн апа менен учурашмак үчүн да шылтоолоп үйүнө бардым. Эски тамда жалгыз жашап жатыптыр… Жалгыз дегеним туура болбос, аӊгыча ар кимдин балдары келип, өз үйлөрүндөй эле короодо ойноп, бири үйгө кирип чакадагы жармадан ичип, бири тасмалды ачып, оролгон катырма менен каламадан жеп, бири бурчка отуруп топ таш ойноп, үйдө кыбыраган жашоо тынбады…

- Канчага келдиӊиз, Жүрсүн апа..- деп сурадым, абышкасына куран окуп, акыбал сурашып, чай ичип болгон соӊ... Жүрсүн апа ойлонуп туруп эсинде сактаган бул окуяларды  айтты.

- Сен дагы ал кезде баласыӊ… Назар атаӊ жалгыз уулу Токтобекти армиядан алып калыш үчүн сельсеветке жыл сайын бирден кой бере берип, экөөбүздун теӊ жашыбызды өйдөлөтүп жаздыра бериптир.

- Анан…

- Анан менин чын жашым канчада экени ошондон улам билинбей калды… Аны мен деле убагында элес албапмын… Ансыз деле апам менин туулган жылымды так билбей, «Өзүбектин ую Аӊ-Жолдон учуп өлгөн жазда туулгансыӊ» деп койчу… Өзбектин ую кайсы жылы учуп өлгөнүн бир кудай эле билбесе…

Мен күлдүм.

- Ошондо болжол менен канча кайсы жылда туулган болосуз?..

-Аны бала билет чыгар…

«Кайдан деп ойлодум, баласы апасын эмес, өз жанын багып талаада жүрсө, апасынын кайсы жылы туулганын деле билбесе керек…»

Жүрсүн апа ойлонуп туруп, жанагы баштаган сөзүн улантты:

-… Ошентип кошуп жаза берип, азыр менин жашым-жүз жыйырма тогузга барып калыптыр…- деди. Мен күлүп жибердим…

- Ой, Жүрсүн апа, сонун болгон турбайбы…

- Кайдан сонун болмок эле… Өз жашым канчада экенин өзүм билбесем, анан өлүп калсам, апаӊ канчада эле десе, шаардык балам «билбейм» деп желкесин кашып отурса, кудай шылдыӊ ошондо мен болбодумбу…

Мен ого бетер күлө бердим, анан күлкүмдү тыйып минттим…

- Ой, апа, мактанар нерсени кудай өзү эле ушинтип берип коёт. Абдан жакшы болуптур. Мен мактанып, «биздин Жүрсүн деген апабыз жүз жыйырма тогузга чыкты» деп аӊыз кылып шаарга чейин айтып барам да.

- А! - деп койду менин сөзүмө алаканын шак чаап, - калп мактангандан эмне чыгат…

Эски баркыт чыптамасын жонунан түшүрбөй, Жүрсүн апа бели бөкчөйгөн калыбында мага сыр чакадагы максымдан чоӊ чыныга куюп келди. Биз бала кезде иччү айылдын жыты буруксуган жүгөрү максымы! Эх десеӊ! Арык кара колдорунун күрөө тамырлары сөөлжандай сойлогон, ээк тиштери эчак түшүп, ысык сууга чылаган каламаны эзип оозуна салганда алдыӊкы эски жомоктогу  абышканын кемпиринин ээгинде өйдө-ылдый болуп, ары жакта томолонуп уктап жаткан балага карап койду. Анан бери бурулуп, өӊү өчүп калган жылтыргүлдүү ак жоолугунун четинен чыккан күмүш чачтарын сылап коюп, мага узакка бата берди…

… Кийинки жылы келсем, Жүрсүн апанын көзү өтүп кетиптир. Жалгыз уулу келип, энесин жайына коюп, үйүнүн эшигине кулпу салып кеткен боюнча дайыны жок экен. Аны угуп, жок дегенде «өгүздүн өлгөн жерине өкүр» демекчи, куран окуп коёюн деп, үйүнө атайын басып келдим. Бозоргон короо тынч, жетимсиреп туруптур. Үйдүн эшигине туура жыгач кагылып, терезелери картон кагаздар менен калкаланган.

Эшик алдына отуруп куран окудум да, бата кылып өйдө турдум. Ээн калган короо ичине көз жүгүрттүм. Жүрсүн апанын карааны басып жүргөнсүп, шамалдан учкан чөптүн кыпындарынын үнү  шытырап угулуп жатты...

«Акчам болсо, ушул короого «Жүрсүн апанын бала бакчасы» деп, бир имарат курсам ээ» деп ойлоп койдум…

8-август, 2020-ж. Ак-Өргө

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз