Курманбек Абакиров: «Акыркы алптардын» бири же талантка таазим…

Бул макала Кадыркул Даутовдун 75 жылдыгына арналып, 2015-жылы жазылган эле. Ал убагында «Искра» газетасына, «Ала-Тоо» журналына жарыяланып, кыргыз адабиятынын тарыхы боюнча 10 томдуктун 9-томуна жана «Сынчынын сынын ким баалайт» аттуу жыйнакка киргизилген. Залкар сынчы-адабиятчыны эскерүү иретинде макаланы өзгөртпөй сунуш кылдым.

Көркөм адабият менен искусствонун тигил же бул жанр-тармагында ташка тамга баскандай из калтырып, ага кызыкдар адистердин бири да айланып өтө албаган, анын кайсы бир сапаттык деңгээлин, өз мезгили үчүн жеткен чегин аныктап койгон эмгектер болот. Биз ошол «жанр-тармак» деп бүдөмүктөнтүп отурган көркөм-адабий, маданий мейкиндикте биринен-бири кем калбаган, биринен-бири өткөн эмгектерди жарата келген сүрөткерлер менен илимпоздорду биз адатта «улуу, залкар» деген эпитеттер менен коштоп жиберебиз да, кимиси залкар, кимиси «гений» экенин аныктап алышты келечек муундардын энчисине калтырабыз.

Ушул сыңары кыргыз адабияты менен искусствосунун ар бир тармагы сыяктуу эле улуттук адабияттагы илимпоздук жана сынчылык өнөрлөрдүн да элге төбөсү көрүнгөн албан өкүлдөрү боло келгендигин жана азыр да бар экендигин көрмөксөн болуу мүмкүн эмес. Алардын бири Кадыркул Даутов кайсы бирөөлөр сыңары адабий сын айдыңына элдир-селдир көркөм-эстетикалык дарамети менен адегенде үйрөнчүк шакирттей там-туң кадам шилтеп, бара-бара тыңыган, же тескерисинче, «болгон» чарк-чамасын өзү, же бирөөнүн түртмөгү менен түшүнүп, андан четтеп, «кой, кокуй, колумдан келгенин кылайын» деп башка ишке өтүп кеткен калемгерлердей болбой, так ушул адабий-сын жана адабият изилдөөчүлүк үчүн жаралгансып, адепки басыгынан бир саам жазбай, күчөгөндөн күчөп, тереңдеп да, бийиктеп да келаткан, болгондо да кечээ-бүгүн катары сээлдеп кеткен сынчы-адабиятчылардын бакандай өкүлү десек аша чапкандык болбойт.

Ким болбосун, аны жактырабы-жокпу – көз көрүнөө бул фактыга көз жума албас. Факты дегенибиз өжөр нерсе экен, ал бул жерде К.Даутов жараткан, бир чети нукура илимий-философиялык чыгармадай, бир чети кызыктуу көркөм адабияттай окулган, ынтызар адистердин «көзүн ачып, көпкө үйрөткөн» эмгектери таризинде кол алдыбызда турат. Аларга таяна келсек, К.Даутов «могикандардын акыркысы» (ылайым, андай болбой эле койсун), тиги Виссарион Белинский менен Аполлон Григорьевдин, Юрий Борев менен Георгий Гачевдин, Кымбатбек Укаев менен Кеңешбек Асаналиевдин салттарын төкпөй-чачпай улап келе жаткан күжүрмөн илимпоз-сынчы катары карааны алыстан көрүнөт да, аны көрмөксөн, билмексен болуу мүмкүн эмес болуп чыгат.

Адабият сынчысы, адабият изилдөөчү-илимпозу деле даяр асмандан түшпөсү кандай белгилүү болсо, ага көмөк, түрткү болгону болбосо, аны жогорку окуу жайы деле телегейин тегиз кылып даярдап бере койбосу ошондой эле айдан ачык нерсе. Элде айтылгандай, ошол өнөргө дээринде эчтемеси жок адамды бир эмес, беш окуу жайы да адабиятчы-сынчы кылып жибербеси да анык. Демек, мында деле ошол өнөргө болгон тубаса талант, табият берген шык-жөндөм менен туруктуу ыклас болушу негизги шарт болсо, аны андан ары өнүктүрүп, тереңдетип, бапестеп тарбиялап, үзбөй-качпай мээнет кылуу, изденүү да айныгыс талап катары чыгат.

Булар болбогон жана айкаша келбеген жерде таланттуу делген акын-жазуучудай, сүрөтчү менен композитордой эле нукура адбият сынчысы, адабият илимпозу жаралбасы бышык. Кыргыз улуттук университетинин бүтүрүп, андан кийин Москвада аспирантурада окуган (демек, кантсе да ырааттуу билим алуунун мааниси зор экенин танбайлы) К.Даутов жетишкен бийиктиктерге көз чаптыра келип, аталган талаптардын, сапаттардын баарын жараткан ага жоомарттык менен тартуу эткенине ынанбай коё албайсың. Буга анда чыныгы өнөр ээлеринде гана кездешчү дагы бир сапатты – өз өнөр, адистигинин жооптуулугун, айныгыс маанилүүлүгүн дайыма сезип, кармай билүүсүн, майдачылыктан, эптеп-септеп бирдеме жазып, элге «көрүнүп коюу» илдетинен алыстыгын кошо кетсек, анын аброю ого бетер бекемделе түшөт. Булардын баарын кошо келгенде К.Даутовдой адабият сынчысы менен аалымдары кыргыз адабиятынын жүз жыл чамалуу тарыхында саналуу эле экендигин да моюнга алууга туура келет. Кеп чынынан бузулбасы анык болсо, бүгүн 75 жаш куракты багынтып, 25-30 жашындагыдай эле дем-күч менен иштеп, илимпоз-сынчы катары канат-кулачы канчалык кенен экендигин далилдеп отурган К.Даутов тууралуу «чү» дегенде эле ушундай көтөрүңкү сөздөрдү айта кетүүнү эп көрүп, мындай сөздөр ага жараша турганына да шек кылган жокмун.

*     *     *

Тигил же бул акын-жазуучу жараткан, калтырып кеткен чыгармачылык мурасын көлөмүнөн тарта санына дейре санактан өткөрүп, жанрларга, темаларга ажырата салмай адатыбызга салсак, К.Даутовдун калеминен агылып түшкөн, адабий коомчулукта дамамат чоң резонанс жарата келген түрдүү көлөмдөгү адабий-сын макалалар, рецензиялар, атайын адабий иликтөөлөр, маектер, заметка-байкоолор дегенден баштап күндөлүктөрүнө чейин жөнсалды жазылбай, алардын ар бирине белгилүү бир социалдык-маданий, көркөм-адабий, тарыхий-философиялык, таанып-билүүчүлүк, тарбиячыл дегендей функция жүктөлгөнүн көрөбүз. Демек, алар жазуучу өз романы менен повестин, акын өз ыры менен поэмасын канча түйшөлүп, күндүр-түндүр ой элегинен өткөрүп, изденип отуруп жазгандай эле процесстен өткөрүлгөн, далай күндөр менен түндөрдүн түшүмү десек болот. Бул жагынан К.Даутовду чакан рецензия болобу же көлөмдүү изилдөөбү – ар бирине чебер уздай мамиле жасаган нукура сүрөткер-художник дегенибиз жөндүү. Адабий сын менен изилдөөчүлүк ишке болгон мына ушундай жоопкер жана кастарлуу мамиле, адабий-маданий, тарыхий, философиялык-эстетикалык билим менен кругозордун, ой чабыттын кеңдиги жана тереңдиги, көп кырдуулугу анын адепки «Ырдын өмүрү» (1977) аттуу кенедей китепчесинен эле ачык байкалды да, кийинки «Жаңы чектерге» (1980), «Главное – поиск» (1982), «Сөз өнөрүнүн эстетикасы» (1984), «Таланттар жана тагдырлар» (1988), «Тереңдиктер жана бийиктиктер» (1991), «Адабий сын кантип жаралган» (2002), «Албан кырдуу алп акындын дүйнөсү» (2003), «Түркүн дүйнө элестеринен» (2004), «Мезгил сыны жана мен» (2004), «Элдик сынчыл ойлордон эстетикага» (2015, I том) аттуу изилдөөлөрүндө, жыйнактарында аталган сапаттар оргуштаган булак түспөлүндө көрүнүп, К.Даутовду ХХ кылымдын акыркы, XXI кылымдын биринчи чейрегиндеги кыргыз адабий сыны менен илиминин көрүнүктүү өкүлүнө айланты.

К.Даутов адабий сын менен илимпоздук иште жалгыз эмес, бул тармактарда андан мурда-кийин, үзөнгүлөш да далай сынчы-адабиятчылар эмгектенип келишти. ХХ кылымдын 20-30-40-жылдарын айтпаган күндө да 50-жылдары ыкчам өнүгүү жолуна түшкөн бул тармакта Ш.Үмөталиев, Б.Маленов, Б.Керимжанова, К.Асаналиев, К.Артыкбаев, М.Борбугулов, С.Жигитов, К.Укаев, Р.Кыдырбаева, Т.Аскаров, Е.Озмитель, А.Токтогулов, Ж.Абдраимов, К.Бобулов, Ч.Жолдошева, М.Рудов, А.Садыков, А.Акматалиев, К.Ботояров, А.Эркебаев, В.Шаповалов, С.Карымшаков, Д.Туратов, Ж.Шериев, О.Сооронов, С.Байгазиев, О.Ибраимов, А.Абдразаков, Л.Үкүбаева, С.Искендерова, К.Эдилбаев, К.Ибраимов, А.Мусаев, К.Байжигитов, М.Жумаев, С.Тиллебаев, И.Лайлиева, Ү.Култаева, К.Мамбеталиев, Г.Мурзахмедова, А.Кадырмамбетова, К.Исаков, Б.Шамшиев, А.Эшиев, А.Турдугулов, М.Мукасов, Г.Орозова, Д.Асакеева, Б.Баймырзаев, Н.Турдубаева, С.Исаева, Б.Акматов, А.Медетов (ж.б.) сындуу кызыкчылык чөйрөсү жана илимий-теориялык дарамети ар түркүн сынчы-адабиятчылар калем сынай келишип, көптөгөн бараандуу эмгектерди жаратышса да, К.Даутовдун эмгектери алардын эч кимисине окшобойт, эч кимисин кайталабайт.

Кызык жери, К.Даутов деле жогорку сынчы-адабиятчылар бир эмес далай жолу жазышкан көркөм-адабий, көркөм-тарыхий материалдарга, көрүнүштөргө кайрылат, аларды кайра текшерип, талдоодон өткөрөт. Бирок айтылгандай, ал бирөөнүн жетегинде жүргөн сынчы-илимпоз эмес. Майда көрүнөбү же чоңбу – ар бир проблемага анда өздүк, «даутовдук» мамиле, көз караш бар. Анын оригиналдуулугу да, таланттуулугу да мына ушул жерде айрыкча таасын көрүнөт. Акын-жазуучунун жаш курагынан тарта атак-даңкына, кызмат даражасына чейинки башка айрым сынчы-адабиятчыларга көрүнө басым-кысым көрсөткөн жагдайларды четке кагып, ошол акын-жазуучуунун кол алдындагы чыгармасы, адабий-көркөм, тарыхий факты менен гана иш жүргүзгөн К.Даутов өзүн алымсындырбаган учурларда ашкере катаал болсо, ыраазы болгудай чыгармага келгенде эргип кеткенге чейин барат. Эмнеси болсо да, ага өзү кумир туткан В.Белинский, Н.Чернышевский, Н.Добролюбов, Г.Плеханов сындуу залкарлардын таалими сиңип, табиятына төп келип, ошол эле табият берген шык-жөндөмү жана үзбөй толукталып келген билими, кругозору менен жуурулушуп кеткен өңдөнөт.

Дээринде болгон илимпоздук-сынчылыкка жана терең аналитикалык ойлоо жөндөмүнө көркөм чыгарманын күрөө тамырын кармай билип, анын тулкусуна сиңирилген ой сезимдерди, идеяларды, мотивдерди, образдардын табиятын илгиртпей түшүнүү таланты, ошол «көргөн-билгендерин, туйгандарын» ырааттуу жана нагыз илимий стиль менен баяндай билүү жөндөмү кошул-ташыл болуп, жогоркудай салмактуу эмгектер жаралса керек.

К.Даутовду көп жагынан реформатор адабиятчы-сынчы десек, аны бул тармактарда төңкөрүш жасап жиберген адис катары эмес, ар бир маселе-проблемага үңүлө карап, иликтенип, сындалып, талданып келген көркөм адабий көрүнүштүн жаңы кырлары менен сырларын өз көзү, өз сөзү менен ар тараптуу жана өтө жеткилең ача билген адис иретинде түшүнгөнүбүз туура. Барпы менен Алыкул, Мидин менен Байдылда, Т.Касымбеков менен О.Султанов (ж.б.) тууралуу кимдер гана жазышпады. К.Даутов болсо алардын эмгектеринин сындачусун сындап, мактачусун мактап, бирок ээлигип, ошол мактоо-сындоолорго берилип кетпей, аны кыйтыр максат кылбай, Барпы менен Алыкулдун поэзиясы тууралуу терең жана жаңычыл ойлорун ортого салып, аларды конкреттүү мисалдар менен бекемдеп, окурмандарды ошого ынандырууга жетишти. Көп илимпоз-сынчылар Байдылданын чыгармаларын элдик поэзия менен төкмөлүктүн профессионал поэзияда кайра жаңырышы, ушулардын чегинен чыга албаган, демек, кыргыз поэзиясын кайсы бир деңгээлде артка тарткан акын катары мүнөздөшүп, бирок анын «элдик акын» болуп калган феноменин кандай өңүттөн жана кантип түшүндүрүү керектигин толук баамдай албай турушканда, К.Даутов анын жандырмагын ачып берип, Байдылданы «Байдылда» деген сереге чыгарып, Т.Касымбековдун «Келкели» эмнеси менен керемет экендигин, О.Султановдун поэзиясы окурманды кантип түйшөлтүп, жаркылдап турарын түшүндүрдү. Ал эмгектердин ар бири өз кезинде улуттук адабият таануу менен сындагы жаңы сөз, өзүнчө эле бир кичинекей, бирок маанилүү ачылыш болуп калды. «Пушкинди Пушкин кылган Белинский» демекчи, кайсы бир акын-жазуучунун бүтүндөй көркөм өнөрканасынын же кайсы бир чыгарманын көрүнө жана көмүскө көркөм-эстетикалык дүйнөсүн, саясий-маданий тек-жайын кайра ачып, тарыхий-адабий процесстеги ордун талашсыз кылып аныктап коюу ар кимдин эле колунан келе бербеси белгилүү. Бул үчүн сынчы-адабиятчы ошол акын-жазуучудан кем эмес талантка эгедер болуп, атүгүл алар билбегенди билип, көрбөгөндү көрө билиши да керек.

Жогортодо аталган эмгектер К.Даутовдун өздүк көркөм-эстетикалык табити жана дарамети дүйнөлүк жана бир кезде «советтик» аталган сынчылык-илимпоздук өнөр-адистиктердин бийик даражасына шайкеш гана келбестен, алардын алдыңкы сабында болууга жарамдуу, адабий чыгармаларды талдоо чеберчилиги жогору жана дээрлик кынтыксыз экендигин айгинелеп турса да, ал «акыркы чындыкты» айтып, ага биротоло чекит коюп салган дегендикке жатпайт. Адабиятта андай болбойт. Ал – көп кырдуу, көп сырдуу, тынымсыз толкуп турган, чалкыган көркөм-руханий дүйнө. Ошондуктан, К.Даутов өзүнчө тыянактаган маселелер ошол боюнча иликтенбейт, алар аягына чыгарылды деп эч ким кепилдик бере албайт. Ал иликтеген проблемалар дагы да изилдөө объектиси боло берери мыйзамченемдүү көрүнүш.

*     *     *

Жарым кылымдан ашык сынчылык, илимпоздук жолунда ал жазган, иликтеген, сындап-талдаган адабий-теориялык, адабий-тарыхий проблемалардын мезгилдик, мейкиндик чен-өлчөмү, тематикалык алкагы да өтө кеңири, тыянакталган же учкай кеп кылынган маселелердин да учугу узун. К.Даутов мыкты полемист катары өзүнүн сынчыл ойлорун окурманга кызыктуу формада тартуулай билет, маселенин чоо-жайын ачып берүүдө бирде анын кечээгисине же тарыхына, бирде философиясы менен эстетикасына кирип кеткендей көрүнүп, бирок аларды чачыратпай, башын бириктирип, айкын бүтүмдөр чыгарат, окурманды тажатпай мурунку жана кийинки аалымдар, сынчылар менен талашка түшөт да, ар бир бүтүм-жобосун таасын мисалдар менен бекемдейт.

Логикалык бүтүндүк жана ырааттуулук анын эмгектерине баштатан мүнөздүү сапат. Кыскасы, кайсы маселе болбосун ал комплексттүү мамиле жасайт, б.а., анын чар тарабын караштырып, урунтуу учурлардын бирин да көз жаздымда калтырбай, аларды жөнсалды санактан өткөрө бербей ошол эмгегинде коюлган максатка ылайык анын генезиси менен маани-маңызынан тарта социалдык-маданий, көркөм-эстетикалык, поэтикалык функцияларына, каражаттарына дейре сыдыргыга салгандай сыпаттап, «ичтейин» аңтарып, башкалар баам сала бербеген жагдайлардын канчалык олуттуу экендигин кашкайта көрсөтүп салат. Ошол эле учурда көп сөздүүлүктөн, эзмелеп түшүндүрүүдөн качат.

К.Даутовдун чоң сөз кылууга татырлык жоон топ эмгектерине көз жума туруп, биз муну илимий адабий сындын элдик башаттарына үңүлө карап, 20-30-жылдардан берки анын телчигүү, калыптануу жолуна саресеп салган «Элдик сынчыл ойлордон эстетикага» (2015) аттуу фундаменталдуу эмгегинен эле көрсөк болот. Мазмундук жактан өтө олуттуу жана салмактуу мындай эмгекти жаратууга К.Даутов далай убактысын сарптап, көз майын коротуп, мурда «Сөз өнөрүнүн эстетикасы» (1984), «Адабий сын кантип жаралган» (2002) сындуу эмгектерин жазган эле. Эми аларды конкреттүү бир проблеманын тегерегине топтоштуруп, алдаганча терең жана ар тараптуу ыңгайда сыпаттап, элдик сынчыл ойлор менен эстетиканын тамырлаштыгын, «кыймылдагы эстетиканын» тээ байыркылыктан бери келаткан элдеги издерин, доошторун иликтеп, улуттук адабият кыртышындагы кыйчалыш тагдырын, эволюциясын ачыктап берүүнү максат кылса да, К.Даутов аларды толук кайталап отурбай иш жүзүндө жаңы эмгек жараткан десек болот.

Бардык көркөм-руханий кубулуштардын, көрүнүштөрдүн башаты болот. Жоктон бар жаралбайт. Ушундан улам К.Даутов: «Генде, урукта жашап турган бардык жөндөмдүүлүктөр сыяктуу эле сынчыл ойлордун көрүнүп-көрүнбөгөн уюткулары, эмбрионал элементтери элдик аң-сезимде болору, жанрдын кадимкидей предысториясы бар экендиги оюбузга келбептир», - дей келип (17-18-б.), буларды жазат: «... эң абалкы жөрөлгөнүн жышаандары элдин жалпы эстетикалык түшүнүк-элестетүүлөрүнөн бөлүнбөгөн түрдө жашайт. Мында маданий асылдык көрүнүштөрдүн сан-сапатына баа берүүдө эки башталманын сынчыл жана эстетикалык элементтери бапбарабар катышат, аларды бири-биринен конкрет айырмалоого, кайсынысы көбүрөк үстөмдүк кыларын дааналап айтууга эч мүмкүн эмес. Синкреттик ойлоонун айныбас закону ушундай. Бул өзгөчөлүк, мындай кубулуш коомдук аң-сезимдин жаңы баскычында, профессионал жазма адабият пайда болгондо гана толук дифференцияцияга өтөт, ар бири өз табиятын, жекече өң-түсүн ачык айырмалап таап алат» (22-б.).

Ошентип, сынчы-илимпоз адегенде өз иликтөөсүнүн методологиялык базасын түзүп алууга кам көрүп, максат-мүдөөсүн жүзөгө ашыруунун жол-жобосун айкындап алып ишке киришет да, жогортодогу тезистик формада берилген тыянактарын «жиликтеп» түшүндүрүүгө өтөт. Түйшүгү арбын мындай ишти ойдогудай аткаруу үчүн олуттуу фактылык маалымат же автор өзү таап, ылгап, иретке салган фактылардын бири-бирин толуктаган, улаган ырааттуу система-тобу болушу биринчи шарт болсо, экинчиден аларды теориялык «кайра иштетүүнүн» ошондой эле ырааттуу ыргагы, ошончолук ишти биргеликте аткарууга зор дарамет, шык-жөндөм болушу керек.

Тилекке жараша, аталган эмгек айгинелеп тургандай бул эки талап, сапат К.Даутовдо табигый айкалышта келгени ачык көрүнүп турат. Ал өз алдындагы биринчи маселени, б. а., эстетикалык сынчыл ойломдун элдик же оозеки башаттарын сыпаттоодо «алар болгон» деген кур сөз менен кутулуп кетпей, орундуу мисалдар менен алардын үлгүлөрүн далил тартып, функцияларын аныктап, эволюциясына сереп салат, анын да табигый өсүп-өнүгүү жолдору жана акырындап ажырымдалуу процесси бар экендигин айгинелеп берет. Анын бул көрүнүш тууралуу төмөнкү пикири маселеге так ушул ыңгайдан караганда эч талаш туудурбасы анык. «Элдин аң-сезимде уюткулап, өзөк байлай баштаган салаа, эстетикалык-сынчыл ой жүгүртүүгө болгон жөндөмдүүлүк, өзүнүн миң-миң жылдап жашаган тарыхында, макал-лакаптардын калыптаныш мезгилинен тартып акындар поэзиясына чейинки жолдо эч убакта бир нокотто токтоп калган эмес, ал эң эле акырындык менен, бирок тынымсыз дамамат кыймылда, дамамат алга жылууда болгон. Дагы тагыраак айтканда, анын кадимкидей эволюциясы бар. Муну баарыдан мурда фактылардын өзү жакшы далилдешет. Мисалы, кыргыздардын рухий-практикалык турмушунда Тил менен Сөз кандай мааниге ээ болгон, баары ошолордон келет эмеспи, алар бүткүл башталмалардын башталышы» (23-б.). Андан ары автор өзү сөз кылган көрүнүштөрдүн ичине сүңгүп кирип, арбын мисалдарды келтирип, алардын тегерегинде терең байкоолорун ортого салуу менен тиешелүү бүтүмдөрүн чыгарат.

Мындан кийинки кардиналдуу маселе – элдик башталмалардан азыктанган, «көркөм чыгармага жөнөкөй, ашкере карапайым түшүнүк, артыкча примитив чен-өлчөмдөр менен мамиле жасоодон эстетикалык категориялар аркылуу карап баалоого чейин өсүп жеткен» кыргыз адабий сынынын эволюциясы, б.а., «кантип айрым-айрым чакан жана көлөмдүү эмгектерден келип өзгөчө бир бүтүнгө бириккен сынчыл ойлордун туташ системасы түзүлдү деген маселе» (13-б.). Мына ушул проблема К.Даутовдун биз сөз кылып жаткан изилдөөсүнүн басымдуу бөлүгүн түзөт жана мунун объективдүү, субъективдүү себептери бар. Анын объективдүү жагын кыргыз адабий сынынын жаралган мезгилинен тарта эволюциясы аныгында эле алиге дейре жетишсиз иликтениши түзсө, субъективдүүсүнө К.Даутовдун ошого да канааттанбоосу же аны кайра карап, толуктап, түзөп, дээрлик жаңылап чыгуу зарылдыгын сезүүсү, натыйжада ошол зор ишти өз мойнуна илүүгө чечим байлашы түзөт. Бирок бул ишти аткарууда автор өз алдына койгон айныгыс бир шарт бар эле. Ал – «болгонун болгондой» айтуу же маселеге калыс, акыйкат мамиле жасоо. Аны илимпоз кандай аткарды, эми ушуга келели.

К.Даутовдун терең ишениминде Кыргызстанда адабий сын «тамыр сая баштаган келечек адабияттын керектүү салаалары көзөмөлгө салынып, оң-терс жактары көрсөтүлүп, беттеген багыты аныкталып, сан-сапаты белгилүү чен-өлчөмгө түшүп, өз баасын берип» (52-б.) туруу зарылчылыгынан улам аны менен кошо, удаалаш эле жаралат. Коомдук өнүгүүнүн мындай мыйзамченемин К.Даутов бир даары мурда үстүрт айтыла келген, көбүн эми өзү ачыктаган фактылар, маалыматтар менен Белек Солтоноевден тарта 20-жылдары жазылган Базаркул Данияровдун, Токчоро Жолдошевдин, Айткулу Убукеевдин, Жума Жамгырчиевдин, Сатыбалды Нааматовдун (ж.б.) китепчелерге баш сөз, рецензия, макалаларынын, тагдыр чечерлик кайым айтышууларынын мисалында далилдеп берет. Ал бул мезгилдин – кыргыз адабияты менен сыны жарала баштаган кыйын кезең учурдун майда-баратына дейре бир фактысын да көз жаздымында калтырбай ар бир сүйлөмгө текстологиялык-семантикалык талдоо жүргүзүүгө чейин барат. Себеби илимпоз үчүн бул мезгил өтө маанилүү. Аны окуган адамдар бул бекеринен эместигин, ушундай кыйкымчыл жана кылдат мамиле автордун өздүк концепциясына, ал аркылуу ошол учурдун саясий-маданий, көркөм-адабий коомдук атмосферасынын түзүлүшүн ичкертеден жана объективдүү ачып берүүгө керек болуп, өзүн-өзү актагандыгын түшүнөт.

Бир караганда К.Даутов көбүнесе 20-30-жылдардагы адабий сын маселелерин майда-баратына дейре талдоо менен чектелгендей көрүнөт. Бирок иш жүзүндө анда саясат менен чырмалышкан бүтүндөй кыргыз адабияты менен искусствосунун оош-кыйыш абалы, жеңиш менен жеңилүүлөргө, триумф менен трагедияга толгон картинасы, акын-жазуучулар менен бийликтин ачуу-таттуу мамилеси, карым-катнашы, адамдардын залкарлыгы жана көрпенделиги, бири-бирине кастыгы жана достугу, же кайдыгерлиги, билимдүүлүгү жана сабатсыздыгы сыдыргыга салгандай көз алдыга тартылат. Адис окурмандар үчүн бул эмгекте кейиштүү жана көңүл жубатарлык, ойго салчу жана кызыктуу жаңылык-маалыматтар арбын. Эмгек мурда белгисиз маалыматтар, фактылар менен бирге адабий-маданий коомчулуктун ой-сезимине сиңип бүткөн жагдайларды да кайра аңтарып, кайра ой элегинен өткөрүп, көнүмүш көз караш менен эмес, күтүлбөгөн, жаңычыл тыянак-бүтүмдөрдүн чыгарылышы менен да баалуу, кызыктуу.

Калыс окурман Т.Жолдош уулу, К.Тыныстанов, С.Карачев, Ы.Тойчу уулу, М.Дөгдүров, А.Убукеев, Ж.Жамгырчиев, К.Рахматуллин, С.Нааматов, А.Токомбаев, А.Идирис уулу, Ш.Көкөнов, К.Маликов, М.Абдыкеримов, М.Элебаев, М.Токобаев, К.Баялинов, А.Мыктыбек уулу, Ө.Жакишов сыяктуу алгачкы кыргыз акын-жазуучулары менен адабиятчы-сынчыларынын ортосундагы жекече турмуштук симпатия-антипатияларга, жердешчиликке, уруучулдукка, тууган-туушкандыкка байланышкан мамилелер көркөм адабият, сын иштерине таасир бербей койбосо да, үстөмчүл совет бийлигинин идеологиялык көрсөтмөлөрүнүн кысымы баарын өзүнө баш ийдирип, ал мамилелерди ошого жараша жөнгө салып, жолго койгондугун, ушундай коомдук-саясий кырдаал, илимпоз өзү айткандай «адабият да саясат, саясат да адабият» болгон мезгилдин өзү жаңыны жаратуучу да, талкалоочу да күч болгондугун К.Даутов дааналап ачып бергендигин көрбөй койбойт. Ошол заман эле эмес, бүгүнкү күн үчүн да маанисин жоготпогон, коомдук-саясий гана эмес маданий-адабий кырдаалдын, адамдык мамилелердин мурда маалым болбогон сырларын жана көмүскө жактарын, бүтүндөй ажатын ачып берүүдө К.Даутов 20-30-жылдар менен чектелбей ал мезгилдин ар кандай жагдайларын, тарыхын изилдешкен К.Рысалиев, К.Байжигитов, С.Жигитов, К.Эдилбаев сындуу адабиятчы-сынчыларынын эмгектерин да сөзгө алып, жөндүүсүн жөндүү деп, бирок көбүнчө өз көз карашына, концепциясына дал келбегендерин улуу-кичүүсүнө карабай катуу сынга алып, кескин жыйынтыктарга да келет. Бир эле маселеге ар башка мамиле менен түркүн көз караштардын объективдүү жана субъективдүү жагдайлары болгон өңдүү эле К.Даутовдун да мындай укугун жокко чыгарууга болбос. Себеби оош-кыйыш тагдырларга жык толгон, буркан-шаркан түшүп, «кимди ким көрдү» болгон ошол замандын нукура чындыгын айтып, биротоло чекит коюп салуу кандан-бектен кайра тартпаган К.Даутовдун да колунан келе койчудай эмес. Бирок анын калыстыгынан тайбай, ыйманын бийик кармап, ыр-чыры толтура ошол учурдун объективдүү картинасын тартып берүү аракети көп жагынан ийгиликтүү ишке ашкандыгына да көз жумууга болбойт.

«Сынчынын сыңар өтүгү майрык» дегендей ошол 20-30-жылдардагы залкар инсандарыбыз пенделикке салып каражандын амандыгы үчүн бири-бирине жок айыптарды таккан өңдүү жолго салсак, «бөйрөктөн шыйрак чыгарсак», К.Даутовдун бул эмгегинен деле жоон топ «кемчиликтерди» сууруп чыксак болот. Бирок андагы ичи толо маалымат-фактыларды, аларды талдоодогу кылдаттыкты, ырааттуулукту, кынтыксыз көркөм табитти, эстетикалык-философиялык ойломдун, дүйнөтаанымдын кунарлуу тереңдигин, чыгарылган тыянактардын бекемдиги менен ынанымдуулугун көрүп туруп, мындайга дитиң барбайт, ыйманың да жол бербейт. Кеп мына ушунда турат. Болбосо, К.Даутов деле айрым жерлерде аша чаап, ашкере кескин бүтүм чыгара койгондой көрүнөт. Талашчу учурлар да, «ушундай болсо керек» дегендей божомолдор, чукул ой жоруулар да бар. Алар, айтылгандай, иштин жалпы тулкусуна келгенде анчейин эле бирдемелер болуп калат.

Ошентип, К.Даутовдун биринчи жана негизги таянычы – факт, документ, тарых. Ал ошолор менен иш жүргүзөт, ошолордун тегерегинде кеңири ой жүгүртүп, аргументтерин тууралайт, «имиштерге» ишенип, аларга берилип кетпейт. Теориялык билим-даярдыктын тереңдиги жана кеңдиги, көркөм-адабий көрүнүштөрдү талдоодогу көркөм табиттин жеткилеңдиги, жана да изилденчү объекти менен субъектиге «ыймандуу бийде тууган жок» деген принциптеги мамиле болбосо, мындай фундаменталдуу изилдөө жаралмак эмес. Айтар сөзүбүздүн ток этер жери ушунда десем болот.

Кошо кетчү нерсе – бул жазгандарым К.Даутов тууралуу портреттик макала же мааракелик мактоо сөз эмес. Анын адабий сынчылык, илимпоздук дараметин кең-кесири ачып берүү үчүн белгилүү сынчы-адабиятчы Санарбек Карымшаков айткандай, атайын даярданып кайра бир чоң эмгек (китеп) жазуу керек. Болгону, чыгармачылыгына илгертеден назар салып келсем да, Кадыркул Даутовдун соңку бир эмгегинен келип чыккан ойлорумдун бир азын ортого салып, анын «башкаларда жок артыкчылыктары арбын», эрудициясы күчтүү, албан илимпоз-сынчы экендигин айта кетүүнүн маалы келип, балким, өтүп да баратканын белгилей кетейин дедим.

Абакиров КУРМАНБЕК, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору, ф.и.д., Кыргыз адабияты кафедрасынын башчысы

Окшош материалдар

Комментарийлер (1)

  • - Кыргыз атуулу.

    Улуту буруулар биринерди биринер коколотуп мактай бергиле. Бирок Манас атабыздын каргышына калганынарды билесинерби? Манасты соттотуп жыргайбыз дединерби? Эч качан андай болбойт. Урпактарынардын убалына калганынарды эсинерге салам. Силердин тилге билип-билбей кирем деп Атамбаев азабын тартып жатат. Силер четте калам деп жатасынарбы? Убакыт коргозот улут бузарлар. Ар бир кунунор азап менен отот.

Комментарий калтырыңыз