О`Шакир: Лукашенконун жалган жеңишин куттуктаган кимдер?

Белоруссиядагы президенттик шайлоодо өтө ыплас, өтө жийиркеничтүү аракеттер менен бийликте калуу аракетин колдонгон Александр Лукашенконун “жеңишин” расмий түрдө Кытай, Россия, Казакстандын өлкө жетекчилери расмий түрдө куттуктагандан көп өтпөй эле Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков куттуктоого ашыкты.

Ал эми Белоруссияда тарыхтын жаңы барагы эми гана жаңы ачылчудай болуп туру. Айыгышкан күрөштөр али алдыда. Себеби өз элин бүгүнкүдөй шылдыңдап, бүгүнкүдөй жырткычтык менен ур-токмокко алган бийлик өзүн өзү туңгуюкка кептеп алды. Дүйнө коомчулугу да бул жараянга кайдыгер карап отурган жери жок.

Арийне, С.Жээнбековдун бул кадамы саясый-моралдык жактан канчалык деңгээлде туура эместигин ашкерелеген экс-Президент Роза Отунбаеванын “Азаттыкка” курган маегинен кийин коомчулукта экс-Президенттин адилеттүү пикирин сынга алгандар да чыкты. Соцтармактагы заар тилдүү комментарийлерге көз жүгүртүп отуруп, биз алигиче тоталитардык, авторитардык идеологияга аң-сезими уугуп калган коомдо жашап жатканыбызды гана баамдоого болот.

Аныгында Александр Лукашенконун убактылуу “жеңишин” адилеттик сезими уктап жаткан КМШ курамындагы өлкө жетекчилери гана куттуктоого ашыкканы болбосо, демократия баалуулугу эбак орногон өлкө жетекчилеринин биринен да расмий куттуктоо болмок тургай, алар Лукашенконун бул жолку ыплас күрөшүн орто кылымдардагы деспоттук көрүнүш катары гана баалашты. Ал эми анын 26 жылдан берки Белоруссиядагы диктаторлук мүнөздөгү саясатына алгачкылардан болуп тилектештигин билдирип куттуктагандар Кытай, Россия, Казакстан жана Кыргызстан болду...

Башкасынан да бу жерде Кыргызстандын Президенти Лукашенкону куттуктай турган жерде беле? Мына ушул суроого келгенде Кыргызстандын экс-Президенти Роза Отунбаеванын эрки жетип, С.Жээнбековдун куттуктоосун батыл сынга алуусун тарыхый адилеттик үчүн оң жагына баалагандар да арбын.

Ал эми соцтармакта Р.Отунбаеванын өз убагында айтылган ачык пикирине каршы сын айткандарга баам салып отуруп, залкар жазуучубуз Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” романындагы төмөндөгү тамсил аргасыздан эске келет...

Илгери бир оронун түбүндө жаткан курбака менен бир бүркүт ашына болуп калган экен. Бүркүт көктү жарып чабыттап жүрүп, бир күнү курбака ашынасына кайрылып, оронун жээгине конуптур. Оронун караңгы, сыз түбүн эңкейип карайт. Курбака «Э, бүркүт ашына, кайларда убара болуп жүрдүң?» деп сурайт. «О, булуттардан нары чыктым, кең ааламды кыдырдым, күнгө жакын бардым, айды бир айланып келдим!» деп шаңшыйт бүркүт. «Э, мен муну сынайынчы!» деп ойлонот курбака, суроо берет: «А түзүк, күнгө жакын барсаң, айды бир айланып келсең, күн канчоо экен?». «Күн бирөө» дейт бүркүт. Курбака «Ай канчоо экен?» деп сурайт. «Ай бирөө» дейт бүркүт. «И, так айтты, көргөнү чын экен» деп ойлонот да курбака: «А жылдыз канчоо экен?» деп сурайт. Бүркүт ашынасына чынын айтат: «Эсептей албадым. Өтө көп экен!» дейт.

Ошондо курбака көпкө бакырып, шылдыңдап: «Уа-а! Жалганчы! Алдамчы! Уа-а... Жылдыз бирөө эле! Уа-а!» деп күлүптүр. Кыраан бүркүт бир шаңшып: «Жаткан жериң оронун түбү болсо, сага эки жылдыз көрүнмөк беле?» деп, кайра көккө атылып чыгып кеткен экен...

Бул тамсилди окурман эсине кайрадан салып отурганыбыздын себеби: биз чыныгы эркиндиктин баасын али биле электигибиз. Биз үйбүлөлүк-авторитардык, кландык бийликтин башкаруусундагы Кыргызстандын өз алдынча эгемендигин коргоого келгенде да ариет, намыска аң-сезимдүү жете электигибизден кабар берет! Болбосо он жылдан бери Курманбек Бакиев менен Данияр Үсөновду колтугуна калкалап, Кыргызстандын расмий өтүнүчүнө тоң моюндук кылып келген Лукашенконун жалган жеңишине куттуктоо жолдой турган жерде беле Сооронбай Шарипович?! Анын расмий куттуктоосун ачуу сынга алгандыгы үчүн экс-Президент Роза Отунбаеваны жемелегенибиз адилеттүүбү эми?!

Буга дейре А.Лукашенко качкын президентти колубузга салып бермек тургай, тескерисинче, Кыргызстандан уурдап кеткен анын байлыгы Белоруссиянын чарбасы үчүн ири өлчөмдөгү инвестиция экендигин дамамат жар салып келгени – Кыргызстандын элин шылдыңдоо эмеспи?!

Бирок ага болбой биз өзүбүздү өзүбүз шылдыңга алганыбыз да курусун... Кудум ородон чыкпаган куру бака ааламды кыдырган алгыр бүркүттү шылдыңдаганга окшоп: дүйнөлүк дипломатияда өз орду бар Р.Отунбаеванын С.Жээнбековго болгон адилеттүү сынына эмнеге териге турган жердебиз, бурадар?!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз