Калейдоскоп коронавирус: homo sapiens кечээ,  бүгүн жана эртең

«Канткенде адам уулу адам болот?»
Чыңгыз Айтматов

(коронавирус-cv-19)

Азыркы биз-Homo sapiens (аң-сезимдүү адам) менимче Homo humanum (гумандуу адам) адамы болуубузга мезгил келип жетти.  Nomo humanum деп,  өз алдымча шарттуу түрдө атап алган жаңы адамдын тибине табигый жол аркылуу,  өз эрки менен аң-сезимдүү Homo sapiens эми Homo humanum адамына айлануубуз керек менимче. Бир адамдын,  бир элдин масштабында болсо да өзүбүздөн баштайт белек деген изги тилек гана бул...

Анткени аң-сезимдүү адам бардык учурда эле гумандуу боло албайт экен. Аң-сезимдүү түрдө жаратылышты талкалап,  мамлекеттер тишине чейин куралданган милитаристтик жолго өткөнүбүздөн баштап,  жөнөкөй жашообузда тамак-ашты, таза сууну үнөмдөөнү,  айлананы тазалыкта кармаганыбызды билбегенибиз эле гумандуулуктан канчалык алыс экенибизди айгинелеп турат. Гумандуу адам – өзү үчүн,  жакындары үчүн,  урпактар үчүн жана жалпы адамзат үчүн жоопкерчиликти сезет.   

Менимче, cv-19 биздин тайпа талкууга алган «Уйкудагы улут» темасынын канчалык актуалдуу экенин айгинеледи. Уйкуда бир эле биздин улут эмес, жер шарынын калкы экенин тастыктап, cv-19 адамзатты бир катуу силкип ойготуп койду.  Дүйнөнү дүрбөлөң кылган cv-19 кайдан чыкты? Буга үч себеп бар менимче.

1. Демографиялык себеп

 1970-жылдары ООНдун эксперттери 2000-жылы калктын саны 6, 35 миллиардга жетет деген прогнозу дал келди. Муну атайы мисал келтирдим,  илимпоздор канчалык так прогноз бере турганын көрсөтүү үчүн. Илимпоздордун изилдөөлөрү, божомолдору, эскертүүлөрү, прогноздору жашообузда канчалык маанилүү экенин эске ала жүргөнүбүз оң.  Азыр калктын саны 7, 3 миллиардга жетти жана калктын табигый көбөйүүсү 90% өнүгүп келе жаткан жана артта калган өлкөлөрдүн үлүшүнө туура келет.  Өнүккөн өлкөлөрдө калк санынын өсүүсү араң 10% түзөт.  

1994-2000ж. ж. эсептөөлөр боюнча Жер шарындагы 65 беш жаштагы  адамдардын саны 5 (беш) жашка чейинки балдардын санынан эки эсе ашып түшкөн. Бул деген  жашоо-шарты жакшырып, жаш курагы улам өсүп, төрөлүүнүн санынан карыган адамдардын саны ашып түшүп,  адамзат «картайып» баратат деген кеп.  Учурда эмгекке жарамдуу бир адамдын мойнунда эки-үч картаң адам «отурат» аныгында.

 Адамзаттын саны көбөйүп, азык-түлүк жетишсиздиги келип чыкты.  Азыр тамак-аш азыктары жалаң  химиялык консерванттардын кошулмалары менен жасалып атканы эч кимге жашыруун эмес жана андай ыкма менен азык-түлүк өндүрүү жолу калыптанып калды.  Ден соолукка зыян экенин билип туруп колдонобуз айрым азыктарды, анткени көнүп калганбыз.  

Учурда 1 млрд адам ачарчылыктан жана 1 млрд. адам тоёр-тойбос азыктанып, эптеп күн кечирери ойлонто турган факт.

Келечекте калктын өсүүсү азайып, 2100-жылы 11 млрд болорун эксперттер прогноздоп атышат. Анткени цивилизациянын жетишкендиктери аялзатынын коомдук активдүүлүгүн арттырып, аз төрөгөнгө түртүүдө. Көп балалуу болууга ыктаган бүлөлөр бара-бара азайып баратат.

2. Экологиялык себеби

Өткөн 20-к. башында 1920-жылы  Жер шарында калктын саны 2 млрд болчу. Жүз жыл ичинде адамзат 5 млрд көбөйгөн.  Эмненин натыйжасында? Албетте, 19-к.  ортосу 20-к.  башындагы илимий ачылыштар илимий-техникалык революцияга алып келди.  Адамзат 5-6 миң жылдан жай өнүгүп келе жатып,  20-к. миң жылдарга алдыга секирик жасады. Азыркы цивилизациянын ордосу болгон Европадан баштап бүткүл Жер жүзүндө адамдардын жашоо образы болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Илимий-техникалык прогресстин натыйжасында жашоо-шарты күндөн-күнгө жакшырган адамдар миңдеген жылдар бою жаратылыштын баласы болсо, 20-кылымдан баштап жаратылышты кыйраткан монстрга айланды.

Жеке керектөөсүн канааттандыруу үчүн адамзат Жер шарындагы кен байлыктарды казып, кыйратып атып,  экологиялык проблема келип чыкты. Бул жерде коргонуу үчүн аскердик курал-жарактын атомдук,  ядролук бомбага жеткен түрүн ойлоп тапкан адамдар,  жер шарындагы бардык куралдардын санын жана ага корогон ресурстарды эсептеп чыккандан корксо керек? Адамзат жеке жашоосунда өз кызыкчылыгын барынан жогору койгон эгоист-монстрга айланды. Жөнөкөй мисалдар.

Коомдук өндүрүш үчүн адам жаратылыштан 100 бирдик алса, ошонун 3-4 бирдигин гана продукцияга айланта алат,  пайдаланат. Ал эми 97 бирдик өндүрүш ишканаларынан чыккан уулу зат, калдык түрүндө жаратылышка кайра төгүлөт.  Бул көрсөткүч эгоист-монстрдын кайдыгерлигинин жеткен чеги эмей эмине? А пайдалангандан кийинки акыр-чикирди айткан да жокмун, ага күндө күбөбүз.

Азыркы учурда 3, 4 млрд эл шаардын тургундары. Орточо шаардын 1 (бир) тургунун бир жылдык керектөөсүн жылуулук,  өндүрүш жана тамак-аш ишканалары камсыз кылыш үчүн көмүр кычкыл газы СО2ни 1 тонна бөлүп чыгарат (!). А чоң мегаполисттерде бул көрсөткүч 6 тоннадан 30 тоннага жетет. (!)

Энергия керектөө жылдан-жылга өсүүдө, 1950-жылдары бир жылга бул көрсөткүч 2, 7 млрд тонна жылуулук керектелсе,  2000-жылы бул көрсөткүч 20-25 млрд тоннага жеткен.  Токойдун3/2 бөлүгү кыйылып бүткөн.

Жыйынтыгында адамдардын ашыкча аксым керектөөсүнөн биосфера, атмосфера, гидросфера дээрлик катастрофалык кыйроонун чегине жетип,  климаттын глобалдык масштабда өзгөрүүсүнө алып келди: жылдан-жылга климаттын жылууланып баратканынан мөңгүлөр жана Түндүк, Түштүк уюлда муздар эрип баштады.

3. Экономикалык себеби албетте белгилүү: доллар өсүүдө, Кытай менен АКШнын экономикалык гегемония үчүн тирешүүсү, Кытай триллиондорду утканы тууралуу маалыматтар жетиштүү жана бул макалада аларды кайталап айтуунун кереги жок.

Жогорудагы экологиялык жана демографиялык маселелер болуп көрбөгөндөй курчуган үчүн дүйнө аалымдары бул суроонун тегерегинде тынымсыз дискуссия уюштуруп келишет. Мисалы үчүн америкалык генетик Р.Кук «Людская плодовитость-современная дилемма» (1968) деген китебинде «медицина жана илимдин өнүгүүсү адамзаттын табигый өсүүсүндөгү табигый тандоону бузуп,  генетикалык жактан оорукчан жана чабал адамдар да жашап жана тукум калтырып,  «генетикалык эрозия» жаралды дейт. Ал эми П. Эрлих «Демографическая бомба» (1968) деген китебинде адамдардын санын 1-2 млрд эмес,  керек болсо 500 млн... түшүрүш керек деген.

Бул эки окумуштуу тең неомальтуисттер. Англиялык дин аалымы Т. Малтьтус 1798-жылы «Опыт о законе народонаселения» деген  китебинде «калк санын интимдик мамилеге тыюу салып азайтып турбаса катастрофага алып келет» деген көз карашты айткан.  Башкача айтканда, Жер шарындагы калктын демографиялык өсүүсү жана адам,  адамзат проблемасы байыркы философтордон баштап, мисал үчүн айтылган Мальтустун заманынан бери карай азыркы биолог, генетик, философ, анатом, социолог ж. б. түрдүү тармактагы аалымдардын изилдөө объектисине айланган.

4. Дүйнөнү дүрбөлөң кылган cv-19 кайсы бир жашыруун лабороторияда жасалып чыкканы айдан ачык жана ким ойлоп тапса да гений экен. Бир гана гений генетик кары-картаң жана ден соолугу чабал орто курактагыларды,  жаштарды алып кете ала турган вирусту ойлоп таап жарата алмак. Табигый түрүндө мындай вирус мал-жандан чыкканда качан эле 2017-жылдан бери вирусту алып жүргөндү изилдөөчүлөр таап чыгып,  жок кылмак. Эки жылдан бери дүйнөлүк медицина чөйрөсү бул ылаңга каршы вакцина,  антивирус ойлоп тапмак.  Демек, бул вирус өтө жашыруун лабораторияда катылган жана керегине жараша колдонулат.

5. Эмне үчүн вирус жалаң экономикасы өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан б. а. жер шарынын «мүштөгү» болгон индустриялдуу өлкөлөрдө чыгууда? Анткени дүйнөдөгү индустрия өнөр-жай ишканаларынын эң орчундуулары жана 3/2 бөлүгү ушул аймактарда жайгашкан.

Дүйнө аалымдары эмне үчүн бул пандемияга карата унчукпай отурушат? Менимче экологиялык коопсуздук кайсы бир кооптуу чекке жеткен жана ал глобалдуу катастрофаны жакындаткан. Ошондуктан cv-19 ар кайсы аймакта эпизод түрүндө чыгарып,  өнүккөн өнөр-жайлуу аймактарды карантинге алдырыш керек болгон. Эгерде ушул максатта cv-19  жайылтылса анда айласыз макул болосуң адам,  карантинди баарыбыз колдошубуз керек.  Планетабызды масштабдуу экологиялык катастрофадан сактоо үчүн 10 миңдей кары-картаңдын өмүрүн тобокелге салганга менимче окумуштуулар да аргасыз. А бирок экономикалык кызыкчылыктан же демогрфиялык санды кыскартуу ниетинде жайылтылган болсо, анда дүйнө коомчулугу кине койгонго акылуу – дүйнөнү башкарган төбөлдөргө.  Кары-картаңдарга пенсия,  оорукчандарга пособие төлөгөндөн аз да болсо арылууну көздөгөн максат болсо,  анда эртели-кеч бул кылмыш билинет коомчулукка.

 Ал эми артта калган Африка,  Азия өлкөлөрү ансыз да антисанитардык кооптуу абалда,  cv-19 кесепеттерин көтөрө алышпайт деген чечимдин негизинде ал тарапка эксперимент талаасына айланбай тынч го дейм.

6. Деги cv-19 коркунучтуубу же жокпу? Албетте коркунучтуу.

Анткени Кытай биринчи экспериментке тушукту жана кийинки учурда жанталашып күрөшүп атышты. Кылым кытай ошончо паникага барган соң албетте, бул вирус кооптуу эле.  Эмнеси менен кооптуу?

Адам адамга ҮНСҮЗ ОК болуусу коркунучу бар менимче. Ден соолугу чың адам вирусту кенебей көтөрүп жүрө берет,  бирок ден соолугу чабал адамдар үчүн жана дарманы жок кары-картаңдар үчүн вирусту тараткан үнсүз окко айланат.  

Ден соолугу чың адамдар үчүн да коркунучу барбы? Менимче бар. Анткени адамдын организми мыкты кезинде cv-19ду көтөрүп жүрө берет да,  кайсы бир күнү ооруга чалдыкса cv-19 катализатор катары кызмат өтөп, негизги ылаңды күчөтүшү мүмкүн.

6. Эмне кылуу керек?

Бизге дүйнө аалымдары канчалык адамдык сапатыбыздан алыстаганыбызды бир cv-19 менен көзгө сайып көрсөтүп койду. Эгерде эксперимент болсо. Жашоо образыбызды оң жагына өзгөртүп, табиятка астейдил мамиле жасоого өтөлү. Конкреттүү колубуздан келе турган нерселер:

  • Бишкектен баштап бардык шаар жана шаарчалардын күзгүдөй тазалыгын биринчи орунга коёлу. Керек болсо бийликтен талап кылып.
  • Жашылдандыруу иштерине жапырт көңүл буралы.
  • Шаарларда машиналардын санына чектөө коюш керек.
  • Ар бирибиз ден соолугубузду чыңдайлы.  Сергек жашоо образына өтөлү.
  • Балдарыбыз менен жайындасы жайлоого чыкканды адатка айлантсак.
  • Көчмөн жашоо образыбызды заманбап жашообуз менен айкалыштырып жашоого өтөлү.
  • Ашыкча керектөөгө өзүбүз чек коёлу.

Азырынча ушул нерселерди колго алсак да гумандуу жашоо образына өткөнүбүзгө кадам болмок.

Рахат АМАНОВА

Комментарий калтырыңыз